# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-июлундагы № 366 " Турак жай-коммуналдык чарбаны мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча чаралар жөнүндө"токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-июлундагы № 366 " Турак жай-коммуналдык чарбаны мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча чаралар жөнүндө"токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 366
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12893/edition/1142528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-июлундагы № 366 " Турак жай-коммуналдык чарбаны мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча чаралар жөнүндө"токтом (07.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59263

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 7-июлу № 366

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Турак жай-коммуналдык чарбаны мамлекеттик башкарууну

реформалоо боюнча чаралар жөнүндө

Турак жай-коммуналдык чарба тармактарын мамлекеттик башкаруунун

натыйжалуулугун жогорулатуу жана уюштуруу-укуктук формаларын Кыргыз

Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз турак жай коммуналдык чарба ишканаларынын, уюмдарынын,

бирикмелеринин жана ассоциацияларынын мамлекеттик бирлиги (Кыргызтурак-

жайкоммунсоюз) "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына

өзгөртүлүп кайра түзүлсүн.

2. "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Респуб-

ликасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин ка-

рамагына өткөрүлүп берилсин.

3. "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору

"Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин,

администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка орган-

дарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды

түзүү маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын

6-июнундагы № 211 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын өнөр жай,

энергетика жана отун ресурстары министринин сунушу боюнча Кыргыз Рес-

публикасынын Премьер-министри тарабынан, директордун орун басарлары -

директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика

жана отун ресурстары министри тарабынан кызматка дайындала тургандыгы

белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-

ры министрлиги эки айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-

кеттик комитетинин катышуусунда "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик

ишканасынын мүлкүнө инвентаризациялоо жүргүзсүн жана аны андан ары пай-

далануу боюнча сунуш киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери

боюнча улуттук агенттигинин катышуусунда "Кыргызтуракжайкоммунсоюз"

мамлекеттик ишканасынын уставынын долбоорун иштеп чыксын жана белгилен-

ген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алган чечимдерин

ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуш киргизсин;

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
