# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-июлундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-июлундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 365
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12892/edition/328435/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-июлундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59262

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 7-июлу № 365

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы

жана Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри

аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган

учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалыш-

сын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-статья.

"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзамына ("Эркинтоо" газетасы, 2006-жылдын 7-апрели, № 25)

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- № 1 тиркеменин 87 товардык тобунда:

8702101110, 8702101120, 8702101190, 8702109110, 8702109120,

8702109190, 8702901110, 8702901120, 8702901190, 8702903110, 8702903120,

8702903190, 8702909010, 8702909020, 8702909090, 8705300000, 8705901000

жана 8705909000 товардык позицияларынын "Алымдын ставкасы бажы наркынан

% менен же АКШ долл. менен" деген графасындагы "10" деген цифралар "0"

деген цифрага алмаштырылсын.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын ка-

был алынганы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Атка-

руу комитетине жана Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык

комитетинин секретариатына белгиленген тартипте билдирсин.

3-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин

күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
