# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июлундагы № 363 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы - "Контр-Про" программасы жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июлундагы № 363 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы - "Контр-Про" программасы жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 363
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12890/edition/434563/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июлундагы № 363 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы - "Контр-Про" программасы жөнүндө"токтому (15.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59260

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 4-июлу № 363

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча

Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар

базасы - "Контр-Про" программасы жөнүндө

"Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 2-июлундагы № 330 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү

жүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык,

ишкердик субъекттеринин ишмердигине ыйгарым укуктуу органдардын негиз-

сиз жана ашыкча кийлигишүүсүн четтетүү жана ыйгарым укуктуу органдар

тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча Бирдиктүү автоматташ-

тырылган маалыматтар базасы болуп "Контр-Про" программасы (мындан ары -

"Контр-Про" программасы) аныкталсын.

2. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым

укуктуу органдар:

- ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө

"Контр-Про" мониторингинин электрондук системасын өркүндөтүү" GTZ дол-

боору менен бирдикте "Контр-Про" программасын орнотушсун;

- "Контр-Про" программасына текшерүүлөр жөнүндө маалыматты дайыма

жайгаштырышсын;

- "Контр-Про" программасын пландуу текшерүүлөрдү макулдашуу үчүн

колдонушсун;

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-

рлиги бекиткен Нускамага ылайык электрондук формада ишкердик субъектте-

ринин ишмердигине жүргүзүлгөн текшерүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасы-

нын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине квартал сайын, от-

четтук мезгилден кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө маалымат берип

турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-

трлиги:

- ишкердик субъекттерин текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдарды ыйгарым

укуктуу органдар тарабынан сактоого "Контр-Про" программасы аркылуу мо-

ниторингди ишке ашырсын;

- ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйга-

рым укуктуу органдардын жасаган иштери тууралуу квартал сайын, отчеттук

мезгилден кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратына жыйынтык отчет берсин.

4. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйга-

рым укуктуу органдардын жетекчилери ушул токтомду аткарбагандыгы үчүн

жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
