Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик транспорт инспекциясы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Окмотунун Токтому менен бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 18-июнундагы
№ 312 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин алдындагы Мамлекеттик транспорт
инспекциясы жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик транспорт инспекция (мындан ары - Инспекция) Кыргыз
Республикасында транспорттук процессти камсыздоого багытталган, Кыргыз
Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдүк
ведомстволук подразделениеси болуп эсептелет.
2. Инспекция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Транспорт
жана коммуникациялар Министрлигинин ченемдик укуктук актыларын, ошондой
эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Инспекция юридикалык жак болуп саналат, өзүнө бекитилген мамле-
кеттик мүлктү оперативдүү башкарууну ишке ашырат, Кыргыз Республикасы-
нын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик, расмий тилдер-
де өз аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында эсеп-чоту
болот.
4. Инспекцияны кармоого финансылык чыгымдар республикалык бюджет-
тен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түзүү
каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
5. Инспекция Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар
министрлигине отчет берет.
6. Инспекциянын толук аталышы:
Мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комму-
никациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик транспорт инспекциясы";
Расмий тилде - "Государственная транспортная инспекция при Минис-
терстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде - "Мамлекеттик транспорт инспекциясы";
Расмий тилде - "Государственная транспортная инспекция".
7. Инспекциянын жобосу жана башкаруу схемасы Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
8. Инспекциянын юридикалык дареги: Бишкек шаары, Горький көч., 1.
2. Инспекциянын негизги милдеттери жана функциялары
9. Негизги милдеттери болуп:
- өз компетенциясынын чегинде транспорт ишмердиги жагында мамле-
кеттик саясатты өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга, транспорт комплексинин
мамлекеттер аралык жана тышкы экономикалык байланыштарына көмөктөшүү;
- автомобиль жана суу транспортунда Кыргыз Республикасынын транс-
порттук жана лицензиялык мыйзамдарын сактоого мамлекеттик контроль
жүргүзүү;
- автомобиль жана суу транспорту менен иштөөгө байланыштуу транс-
порттук жана башка кызмат көрсөтүүлөр базарынын кадимкидей иш милдетин
аткарышы үчүн шарттарды түзүү.
10. Инспекция өзүнө тагылган негизги милдеттерге ылайык төмөнкүдөй
функцияларды аткарат:
а) тармактык саясат чөйрөсүндө:
- автомобиль жана суу транспортунда бирдиктүү мамлекеттик саясатты
иштеп чыгууга катышуу;
- автомобиль жана суу транспорту боюнча эл аралык макулдашуулардын
долбоорлорун, транспорттук тармакты өнүктүрүүнүн концепцияларын, ченем-
дик-укуктук актыларды, тармактык ченемдик-техникалык актыларды, эреже-
лерди, нускамаларды, автомобиль жана суу транспорту тармагында кызмат
көрсөтүүлөргө сертификаттык талаптар менен тарифтерди даярдоого каты-
шуу;
- транспорт тармагында мобилизациялык пландарды иштеп чыгууга жана
жарандык коргонуу боюнча тийиштүү органдар менен биргеликте иш-чаралар-
ды жүргүзүүгө катышуу;
- жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташууларды жөнгө салуу
жана уюштуруу боюнча маселелерди мамлекеттик органдар, жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
ры менен макулдашуу.
б) автомобиль жана суу транспортун лицензиялоо чөйрөсүндө:
- автомобиль жана суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү
ташууларды (атайын жана технологиялыкты кошпогондо), автобекеттердин,
автостанциялардын жана автокассалардын иштерин лицензиялоо;
- транспорттук процессти жөнгө салуу маселеси боюнча мамлекеттик
органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өз алдынча башкаруу
органдары менен бирдиктүү иштөө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына
ылайык лицензиатты квалификациялык жана техникалык стандарттар менен
нормаларга шайкештигин экспертиза жүргүзүү (өндүрүштүк базалар, ИТК жа-
на айдоочулар курамы, транспорт каражаттарынын, жабдуулардын жана баш-
калардын болушу жана ылайык келиши);
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик ав-
томобиль инспекциясынын башкармалыгы менен макулдашуу боюнча (областтар
аралык жана ички областтык) автобустук маршруттарды ачуу, өзгөртүүлөрдү
киргизүү, бул маршруттар боюнча жүрүү маршруттарынын схемасын бекитүү;
- шаардык автобустук маршруттарды ачуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү жа-
на бул маршруттар боюнча жүрүү схемасын бекитүүнү, Кыргыз Республикасы-
нын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясы менен
макулдашуу боюнча шаарлардын мэриялары ишке ашырат;
- шаарлар аралык жана республиканын ичинде (облустар аралык жана
облустун ичинде) автобустук маршруттардын жүрүү расписаниелерин облус-
тардын мамлекеттик администрациялары менен макулдашуу боюнча иштеп чы-
гуу;
- эл аралык жана шаардын чет жакасындагы каттамдагы автобустардын
жүрүү кыймылынын расписаниесин иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде бекитүүгө берүү автобус-
тук каттам аймагынан өткөн тиешелүү органдар менен макулдашуу;
- областтык жана ички областтык каттамдагы шаар чет жакасындагы
жана эл аралык автобустардын маршруттарынын жүрүү расписаниесин жана
схемасын бекитүү;
- конкурстарды өткөрүү жыйынтыктары боюнча ташуучуларды эл аралык
жана шаар чет жакасындагы автобустук маршруттарды тейлөөгө бекитүү жана
контракт түзүү;
- шаардын мэриялары тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү ша-
ардык автобус каттамдарынын жүрүү кыймылынын расписаниесин макулдашуу;
- линиядагы жүргүнчүлөр транспортунун иштөө графигин макулдашуу;
- менчигинин түрүнө карабастан жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча автос-
танциялардын жана автобекеттердин иштерине оперативдүү жетекчиликти жа-
на контролду ишке ашыруу;
- менчигинин түрүнө карабастан жањы автобекеттерди жана автостан-
цияларды курууда жана көчүрүүдө жайгаштыруу ордун макулдашуу;
- сууда сүзүп жүрүүчү каражаттар менен алардын токтоочу жайлары
үчүн базаларды (курулмаларды) каттоо жана кайрадан каттоо, алардын пай-
даланууга жарамдуулугун күбөлөндүрүү, кемелерди башкаруу укугуна
күбөлүктөрдү берүү;
- суу транспортунда мамлекеттик реестрди жүргүзүү, өзү жүрмө жана
өзү жүрбөөчү кемелердин сууда сүзүп жүрүү коопсуздугун, Кыргыз Респуб-
ликасынын көлдөрү менен сууларындагы порттордун, базалардын жана курул-
малардын коопсуз пайдаланышын камсыз кылуу үчүн каттоо жана көзөмөл
жүргүзүү;
- кемелерди жана алардын технологиялык жабдууларын, алардын токто-
очу жайлары үчүн базалар менен курулмаларды жана Кыргыз Республикасынын
көлдөрү менен сууларындагы дагы башка жээк объекттерин классификацияло-
одон жана техникалык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү;
- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын каттары, арыздары жана
даттануулары менен иштөөнү уюштуруу.
в) мамлекеттик контролдоо чөйрөсүндө:
- кеме ээлери кемелерди каттоонун, эсепке алуунун жана сууда сүзүп
жүрүүнүн колдонуудагы эрежелерин аткарылышына, кеме журналдарын алып
барышына, кемелерге, алардын токтоочу жайлары үчүн базаларга (курулма-
ларга) техникалык көзөмөлдү жүргүзүшүнө контролдук жасоо жана Кыргыз
Республикасынын аймагында кемелерди башкаруу укугуна кеме айдоочулардын
аттестациясын жүргүзүү;
- чегарага жамаатташ жана ички туруктуу посттордо транспорттук
контролду жүргүзүү боюнча Инспекциянын кызматкерлеринин күнү-түнү
нөөмөттө болушун уюштуруу жана ишке ашыруу;
- айдоочулар менен жүк ташуучулар транспорттук тартипти сакташына,
каттамдарды тейлөөгө лицензиялоо менен контрактын шартын жана
жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууларды уюштуруу эрежесин аткарууга контрол-
дук жүргүзүү;
- аныкталган тартип бузуулар боюнча протоколдорду жана актыларды
түзүү, тартип бузууларды четтетүү үчүн буйрутма берүү, ошондой эле Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартип бузуучуларды администра-
циялык жоопкерчиликке тартуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында сүзүп жүрүүчү каражаттардын,
алардын токтоочу жайлары үчүн базалардын (курулмалардын) курулушуна жа-
на пайдаланышына техникалык контролду жүргүзүү;
- транспорттук процессти жөнгө салуу маселеси боюнча мамлекеттик
органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеле-
шип аракеттенүү;
г) кызмат көрсөтүү жана ишкердикти колдоо чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү жана
акысыз кызматтарды көрсөтүү;
- жүк ташуучуларга (алардын өтүнүчү боюнча) транспорттук кызмат
көрсөтүү жана жүк ташууларды уюштуруу боюнча маселелер жагында Кыргыз
Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө зарыл маалыматтарды
берүү;
- автомобиль жана суу транспорту чөйрөсүндө иш алып барган жана
кызмат көрсөтүшкөн ишкердик субъекттердин ортосунда адилеттүү атаандаш-
тык үчүн бирдей шарт түзүү.
3. Инспекциянын укуктары
11. Инспекция ушул Жободо аныкталган негизги милдеттерди аткаруу
үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- темир жол, суу жана автомобиль транспортунун ишин жөнгө салуу
маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу-
га катышууга;
- транспорт маселесин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды
өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдарга сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдү
жүргүзүүгө;
- шаарга жамаатташ жана шаар аралык автобус каттамдарын бе-
кемдөөгө, жол кыймылынын расписаниесин бекитүүгө, автобекеттерде жана
автостанцияларда жүргүнчүлөрдүн тейленишине жана автобустардын
жөнөтүлүп турушуна контролдук кылууга;
- автомобиль жана суу транспортунда жүк ташууларды жүргүзүү үчүн
жүк ташуучуларды үйрөтүүнү, аттестациялоону жана кайра аттестациялоону
уюштурууга;
- кеме айдоочуларды даярдоо боюнча курстарды уюштурууга, кеме до-
кументтерин жана кемелерге мамлекеттик борт номерлерин берүүгө;
- ташуучулардан, автобекеттерден жана автостанциялардан маршрут-
тарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалыматтарды
жана Инспекциянын иши менен байланышкан башка маалыматтарды алуу;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик ав-
томобиль инспекциясын кошо алганда, мамлекеттик органдардан, жерги-
ликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдарынан, ошондой эле ишканалардан жана уюмдардан керек бол-
гон учурларда темир жол өткөөлдөрүндө, көчөлөрдө жана жолдордун участ-
каларында, ремонттук иштердин ж.б. иштердин өткөрүлүшүнө байланыштуу
токтотулушу жана убактылуу чектелиши жөнүндө транспорттук ишти уюштуруу
маселелери боюнча маалыматтарды алуу;
- Кыргыз Республикасында ташуу процессин өркүндөтүү,
жүргүнчүлөрдүн жана жүк ташуулардын коопсуздугун жогорулатуу, автомо-
биль жана суу транспорту тармагында илимий изилдөөлөрдүн артыкчылык бе-
рилген темалары менен багыттарын аныктоо боюнча сунуштамаларды иштеп
чыгууга таламдаш мамлекеттик органдар, уюмдар жана илимий мекемелер ме-
нен биргеликте катышууга;
- арыздарды кароо жана автокассалардын, автостанциялардын, автобе-
кеттердин ишине, суу жана автомобиль транспорту менен жүктөрдү жана
жүргүнчүлөрдү ташууга лицензияларды берүү, эгерде лицензиялык талаптар
жана шарттар аткарылбаса (контракттар) лицензиялар кайра чакырылат же
токтотулат;
- транспорт каражаттарынын техникалык абалына жана коопсуз ташуу-
ларды жүргүзүү үчүн талаптарга карата алардын шайкештигин экспертиза
жүргүзүүгө;
- ташуу процессин уюштурууну жакшыртуу, жүргүнчүлөрдү ташуунун ко-
опсуздугун жогорулатуу маселелери боюнча эл аралык уюмдардын ишине ка-
тышууга, таламдаш мамлекеттик органдар жана уюмдар менен биргеликте ав-
томобиль жана суу транспорт жагында эл аралык келишимдер менен макулда-
шуулар боюнча милдеттенмелердин аткарылышы боюнча иш-чараларды иштеп
чыгууга жана ишке ашырууга;
- Инспекциянын компетенциясына кирген маселелер боюнча чет өлкөлүк
уюмдар менен тышкы экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыкты
жүргүзүүгө;
- мамлекеттик органдарга транспорттук окуялардан алдын алуу, авто-
мобиль жана суу транспортун пайдалануу эрежесин бузуулар боюнча чаралар
жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- жумуштарды аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө юридикалык жана жеке
жактар менен белгиленген тартипте, жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында каралган да-
гы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
12. Инспекциянын кызматкерлери аларга тагылган милдеттерди аткаруу
үчүн белгиленген формалуу кийим кийип жүрүүгө укуктуу.
13. Инспекциянын кызматкерлери төмөндөгүлөргө укуктуу:
- лицензиялоого тийиш болгон линиядагы транспорт каражатын токто-
тууга, шаардык, шаардын чет жакасында, шаар аралык жана эл аралык кат-
наштарда жүргүнчүлөрдү, эл аралык ташуудагы жүктөрдү ташууларды
жүргүзүүгө айдоочуда документтердин болушун текшерүүгө;
- ишкердик субъекттеринин жетекчилеринин ысмына (автотранспорт ка-
ражаттарынын ээлерине) алардын айдоочулары транспорт мыйзамдарын бузган
учурда протокол же буйрутма жазып тариздөөгө;
- транспорт мыйзамдарын бузган айдоочуларга, транспорт жана сууда
жүрүүчү каражаттардын ээлерине ташууларды жүргүзүүгө укук берген доку-
менттерин (жүрүү баракчасы, регулярдуу баракчалар, жүрүү расписаниелер,
маршруттун схемасы, лицензиялык карточка, кемени башкарууга укук берген
күбөлүк, сүзүүчү каражаттын жарактуулук күбөлүгү, кемени каттоо жөнүндө
күбөлүк) алуу менен протокол түзүүгө;
- транспорт мыйзамдарын бузуучуларга белгиленген тартипте адми-
нистрациялык жаза берүүгө;
- эл аралык жана ата мекендик жүк ташуулардын нормалары менен
стандарттарын, ошондой эле эл аралык келишимдердин шарттарын бузган
учурда эл аралык ташууларды жүргүзгөн жүк ташуучу автомобилдердин айдо-
очуларына карата тиешелүү чараларды көрүүгө.
14. Инспекциянын кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акты-
лары менен жөнгө салынат.
15. Инспекциянын мамлекеттик кызматкерлерди ишке алуу, бошотуу жа-
на кызматы өтөө тартиби "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана ушул Жо-
бонун негизинде жүргүзүлөт.
16. Инспекциянын мамлекеттик кызматкерлерине Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарына ылайык класстык чиндер ыйгарылат.
4. Инспекциянын мүлкү, каржылоо булактары,
эсеп жана отчеттуулугу
17. Инспекциянын мүлкүн негизги жана айланма каражаттар, ошондой
эле наркы баланста чагылдырылган башкаруу укугуна бекитилип берилген
башка материалдык байлыктар түзөт.
18. Инспекция өзүнө бекитилген мүлктү анын ээсинин макулдугу менен
гана ажыратууга же башкача ыкма менен тескөөгө укуктуу.
19. Инспекция мүлктүн сакталышын жана натыйжалуу колдонулушун, аны
пайдалануунун нормасын жана эрежесин сактоо менен камсыз кылат.
20. Инспекция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту, ошондой эле статисти-
калык отчеттуулукту жүргүзөт.
5. Инспекциянын ишин уюштуруу
21. Инспекцияны директору башкарат, ал Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар министринин сунуштамасы боюнча Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана
кызматтан бошотулат.
22. Инспекциянын директору:
- Инспекциянын ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана ага тагылган
милдеттер менен функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөр, филиалдар, аймактык баш-
кармалыктар, Инспекциянын Илимий-техникалык борбору жөнүндө жоболорду
бекитет;
- министрдин компетенциясына кирген кызмат ордун ээлөөгө "Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык Кыргыз
Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине сунуш кирги-
зет;
- орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт, аларга Инспекция-
нын компетенциясына кирген оперативдүү, уюштуруучулук, кадрдык, финан-
сылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча өз ыйга-
рым укуктарынын бөлүгүн аткарууну тапшырат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарына
ылайык борбордук аппараттын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кыз-
маттан бошотот;
- кызматкерлердин функционалдык милдеттерин аныктайт;
- өз компетенциясынын чегинде Инспекциянын кызматкерлери жана ай-
мактык башкармалыктар жана филиалдар үчүн милдеттүү болгон приказдарды
жана башка буйруктарды чыгарат;
- Инспекциянын аймактык башкармалыктарынын жана филиалдарынын же-
текчилеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген буйрукта-
рын жоет;
- аймактык башкармалыктардын жана филиалдардын жетекчилеринин маа-
лыматтарын жана докладдарын угат, алардын ишинин натыйжалуулугун жого-
рулатуу маселелери боюнча кењешмелерди өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамле-
кеттик кызматчыларга класстык чин ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасы-
нын транспорт жана коммуникациялар министрине сунуш киргизет;
- Инспекциянын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сый-
лыктарга жана ардак наамдарга көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын
транспорт жана коммуникациялар министрине белгиленген тартипте сунуш
киргизет;
- Инспекциянын атынан ишеним кат берет, Кыргыз Республикасынын че-
немдик-укуктук актыларына ылайык мүлк менен каражатты тескейт.
23. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар минист-
рлиги:
- Инспекциянын борбордук аппаратынын түзүмүн бекитет;
- транспорт инспекциясынын директорунун орун басарын, аймактык
башкармалыктардын жана филиалдардын начальниктерин, Илимий-техникалык
борбордун директорун Инспекциянын директорунун сунушу боюнча, кызматка
дайындайт жана бошотот.
6. Инспекцияны кайра уюштуруу жана жоюу
24. Инспекцияны кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атка-
рылат.
25. Жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рына ылайык ишке ашырылат.
26. Инспекциянын иши токтогон учурда, документтер "Кыргыз Респуб-
ликасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
ылайык сакталат жана колдонулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылындагы 18-июнундагы №312 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик транспорт…Постановление · 18.06.2008 · № 312
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 1-августагы № 418 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын…Постановление · 01.08.2008 · № 418 · Күчүн жоготкон