# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлунун №360 "Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясатынын негизги параметрлерин бекитүү жөнүндө"токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлунун №360 "Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясатынын негизги параметрлерин бекитүү жөнүндө"токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 360
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59256>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12888/edition/1142362/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59256.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлунун №360 "Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясатынын негизги параметрлерин бекитүү жөнүндө"токтом (02.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59256

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-июлу № 360

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык

саясатынын негизги параметрлерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-январындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жана Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнө кайрылган кайрылуусунда коюлган маселелерди чечүү максатында,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-январындагы № 15

"2007-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн

жыйынтыктары жөнүндө" токтомунун 8-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясатынын

негизги параметрлеринин тиркелген тизмеси (мындан ары - тизме) бекитил-

син.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине "Кыргыз

Республикасынын социалдык-экономикалык абалы" деген жарыялоодо Кыргыз

Республикасынын экономикалык жана социалдык саясатынын негизги парамет-

рлери боюнча такталган маалыматтарды жарыялоо сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-

трлиги аталган параметрлерди Кыргыз Республикасынын социалдык-экономи-

калык өнүгүүсүнө мониторинг, талдоо жана божомол жүргүзүүдө пайдалан-

сын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө,

социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, өнөржай бөлүмүнө, энергетика жана мине-

ралдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 2-июлундагы

№ 360 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын экономикалык жана

социалдык саясатынын негизги параметрлеринин

ТИЗМЕСИ

| № | Индикатор (статистикалык | Ченөө | Эсептөөлөрдүн | Жооптуу |
| --- | --- | --- | --- | --- |
|  | көрсөткүч) | бирдиги | мезгилдүүлүгү | аткаруучулар |
| 1 | ИДПнын өсүшү | Пайыз | Ай сайын | Улутстатком |
|  |  |  |  | (макулдашуу |
|  |  |  |  | боюнча) |
| 2 | Инфляциянын дењгээли | Пайыз | Ай сайсын | Улутстатком |
|  |  |  |  | (макулдашуу |
|  |  |  |  | боюнча) |
| 3 | Жалпысынан экономика | Пайыз | Жылдык | Улутстатком |
|  | жана экономикалык |  |  | (макулдашуу |
|  | иштердин түрлөрү боюнча |  |  | боюнча) |
|  | эмгек өндүрүмдүүлүгү |  |  |  |
| 4 | Калктын акчалай | Млн. сом | Квартал сайын, | Улутстатком |
|  | кирешелери | пайыз | өсүү жыйынтыгы | (макулдашуу |
|  |  |  | менен (отчеттук | боюнча) |
|  |  |  | мезгилден |  |
|  |  |  | кийинки 6 |  |
|  |  |  | айдан кийин) |  |
| 5 | Калк өмүрүнүн күтүлүүчү | Жылдар | Жылдык | Улутстатком |
|  | узактыгы |  |  | (макулдашуу |
|  |  |  |  | боюнча) |
| 6 | Экономиканын энергия |  |  |  |
|  | сарптоосу: |  |  |  |
|  | - энергия | Коэффи- | Жылдык | Улутстатком |
|  | сыйымдуулугу; | циент |  | (макулдашуу |
|  |  |  |  | боюнча) |
|  | - электр сыйымдуулугу; | Коэффи- | Жылдык | Улутстатком |
|  |  | циент |  | (макулдашуу |
|  |  |  |  | боюнча) |
