Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясатынын негизги параметрлерин бекитүү жөнүндө»токтом
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-07-02.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 2-июлу № 360
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык
саясатынын негизги параметрлерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-январындагы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жана Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнө кайрылган кайрылуусунда коюлган маселелерди чечүү максатында,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-январындагы № 15
"2007-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
жыйынтыктары жөнүндө" токтомунун 8-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясатынын
негизги параметрлеринин тиркелген тизмеси (мындан ары - тизме) бекитил-
син.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине "Кыргыз
Республикасынын социалдык-экономикалык абалы" деген жарыялоодо Кыргыз
Республикасынын экономикалык жана социалдык саясатынын негизги парамет-
рлери боюнча такталган маалыматтарды жарыялоо сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлиги аталган параметрлерди Кыргыз Республикасынын социалдык-экономи-
калык өнүгүүсүнө мониторинг, талдоо жана божомол жүргүзүүдө пайдалан-
сын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө,
социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, өнөржай бөлүмүнө, энергетика жана мине-
ралдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 2-июлундагы
№ 360 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын экономикалык жана
социалдык саясатынын негизги параметрлеринин
ТИЗМЕСИ
| № | Индикатор (статистикалык | Ченөө | Эсептөөлөрдүн | Жооптуу |
| көрсөткүч) | бирдиги | мезгилдүүлүгү | аткаруучулар | |
| 1 | ИДПнын өсүшү | Пайыз | Ай сайын | Улутстатком |
| (макулдашуу | ||||
| боюнча) | ||||
| 2 | Инфляциянын дењгээли | Пайыз | Ай сайсын | Улутстатком |
| (макулдашуу | ||||
| боюнча) | ||||
| 3 | Жалпысынан экономика | Пайыз | Жылдык | Улутстатком |
| жана экономикалык | (макулдашуу | |||
| иштердин түрлөрү боюнча | боюнча) | |||
| эмгек өндүрүмдүүлүгү | ||||
| 4 | Калктын акчалай | Млн. сом | Квартал сайын, | Улутстатком |
| кирешелери | пайыз | өсүү жыйынтыгы | (макулдашуу | |
| менен (отчеттук | боюнча) | |||
| мезгилден | ||||
| кийинки 6 | ||||
| айдан кийин) | ||||
| 5 | Калк өмүрүнүн күтүлүүчү | Жылдар | Жылдык | Улутстатком |
| узактыгы | (макулдашуу | |||
| боюнча) | ||||
| 6 | Экономиканын энергия | |||
| сарптоосу: | ||||
| - энергия | Коэффи- | Жылдык | Улутстатком | |
| сыйымдуулугу; | циент | (макулдашуу | ||
| боюнча) | ||||
| - электр сыйымдуулугу; | Коэффи- | Жылдык | Улутстатком | |
| циент | (макулдашуу | |||
| боюнча) |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтнүн 2007-жылдын 19-январындагы № 15 "2007-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2008 · № 15 · Күчүн жоготкон