# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 344 " Республикалык бюджеттен каржылануучу кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу каржылоого которуу жөнүндө"токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 344 " Республикалык бюджеттен каржылануучу кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу каржылоого которуу жөнүндө"токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 344
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12887/edition/328426/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 344 " Республикалык бюджеттен каржылануучу кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу каржылоого которуу жөнүндө"токтом (05.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59254

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 27-июну № 344

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Республикалык бюджеттен каржылануучу кесиптик-техникалык

билим берүүчү окуу жайларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик

агенттик аркылуу каржылоого которуу жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 671 токтомунун редакциясына ылайык)

Мамлекеттик финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жети-

шүү, жаштардын башталгыч кесиптик билим алуусуна бирдей шарттарды түзүү

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жергиликтүү жана республикалык бюджеттерден каржылануучу кесип-

тик-техникалык билим берүүчү окуу жайлар жана региондор аралык башкар-

малыктар 2009-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик

аркылуу каржыланууга которулсун.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 671 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мам-

лекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пункттун жүзөгө ашыруу боюнча чара-

ларды көрүшсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 671 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-

сүн.

Премьер-министри И.Чудинов
