Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Республикалык бюджеттен каржылануучу кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу каржылоого которуу жөнүндө»токтом
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 27-июну № 344
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Республикалык бюджеттен каржылануучу кесиптик-техникалык
билим берүүчү окуу жайларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик
агенттик аркылуу каржылоого которуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 671 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жети-
шүү, жаштардын башталгыч кесиптик билим алуусуна бирдей шарттарды түзүү
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жергиликтүү жана республикалык бюджеттерден каржылануучу кесип-
тик-техникалык билим берүүчү окуу жайлар жана региондор аралык башкар-
малыктар 2009-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик
аркылуу каржыланууга которулсун.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 671 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мам-
лекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пункттун жүзөгө ашыруу боюнча чара-
ларды көрүшсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 671 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-
сүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабры № 671 "Республикалык бюджеттен каржылануучу кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө…Постановление · 05.12.2008 · № 671 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 1997 годЗакон · 04.01.1997 · № 2