# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы №358 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы №358 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 358
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12886/edition/328425/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы №358 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59253

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-июлу № 358

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке

ашыруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна толуктоолорду

жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актысын Кыргыз Респуб-

ликасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык келтирүү максатында Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу

чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мар-

тындагы № 142 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактардан

бюджетке пайдага салыкты эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускамада

31-пункттун экинчи абзацындагы "баалуу кагаздарга" деген сөздөрдөн

кийин ", ошондой эле лизинг берүүчү-резиденттер алган проценттерге ка-

рата" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык алынуучу берүүлөр

боюнча кошумча нарк салыгын эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускама-

да:

28-пунктунун "д)" пунктчасынын онунчу абзацы алып салынсын;

28-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "у)" пунктчасы менен толукталсын:

"у) финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды

өткөрүп берүү жана төлөмдөрдү жүргүзүү төмөнкү шарттардын бири сактал-

ган учурда лизинг берүүчү алууга тийиш болгон проценттердин суммасы жа-

гында бошотулган берүү болуп саналат:

- эгерде өткөрүп берилген негизги каражаттардын импорту Кыргыз

Республикасынын Салык кодексинин 148-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык ко-

шумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулса;

- эгерде лизинг берүүчү аталган негизги каражаттарды Кыргыз Рес-

публикасынын Салык кодексинин 127-статьясына ылайык салык алынуучу

субъект болуп саналбаган сатуучудан сатып алса.";

28-1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- айыл чарба өндүрүүчүлөрү түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максатта-

ры үчүн жана/же чарба жүргүзүүчү субъекттер финансылык ижара (лизинг)

келишими боюнча жүргүзгөн негизги каражаттарды ташып келүүдө ошол чарба

жүргүзүүчү субъекттин КНС төлөөчү катары катталгандыгынын фактысына ка-

рабастан КНС төлөөдөн бошотулат.";

төмөнкүдөй мазмундагы 28-3-пункт менен толукталсын:

"28-3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 140-1-статьясын

колдонуу максатында финансылык ижара (лизинг) - негизги каражаттарды

өткөрүп берүү жагындагы ижаралык мамилелердин "Финансылык ижара (ли-

зинг) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган бир же ан-

дан ашык белгилерди камтуучу финансылык ижара (лизинг) келишиминин не-

гизинде ишке ашырылуучу өзгөчө түрү.".

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
