# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 357 "Менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 357 "Менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 357
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59252>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12885/edition/328424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59252.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 357 "Менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (20.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59252

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-июлу № 357

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо

боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатууда рынок конъ-

юнктурасын эске алуу менен аларды калыс баалоо наркын аныктоо максатын-

да Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

"Менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча мето-

дикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтому менен бекитилген Мамлекеттик

менчикте турган транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатуу

тартиби жана алардын наркын баалоо методикасы жөнүндө жобого төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 7-пункттун экинчи абзацында "13 жана 14-пункттар" деген сөздөр

жана сандар "13-пункт" деген сөз жана сан менен алмаштырылсын;

- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"9. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) тыкыр карап

чыккандан кийин комиссия транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды)

баалоо протоколун түзөт, анда алардын рыноктук наркы көрсөтүлөт.";

- 10-пунктта:

биринчи абзацтагы "Актыны бекиткенден кийин" деген сөздөр "Прото-

кол түзгөндөн кийин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толук-

талсын:

"Аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү аны өткөргөн күнгө чейин он күн

мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

Жарыяланган старттык баа боюнча транспорт каражатын сатып алууга

кызыккан катышуучулар болбосо, комиссия аукциондун жүрүшүндө старттык

бааны 25тен ашпаган процентке төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүм-

күн. Кайтадан өткөн аукционго катышууга билдирүүлөр түшпөсө мамлекеттик

юридикалык жак транспорт каражатын баасын белгилебестен аукционго коюу-

га укуктуу.";

- үчүнчү абзац бешинчи абзац деп эсептелсин;

- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"13. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) баалоо прото-

колунда комиссия аны баалаган учурдагы рынок конъюнктурасын эске алуу

менен транспорт каражаттарынын (номердик агрегаттардын) рыноктук наркын

көрсөтөт.

Транспорт каражаттардын (номердик агрегаттардын) баалоо наркын

аныктоо үчүн комиссия эксперттердин корутундусун, маалымкаттарды, маа-

лыматтык, статистикалык жана башка маалыматтарды колдонууга укуктуу.";

- 14-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 15-пункттун экинчи абзацындагы "13 жана 14-пункттар" деген

сөздөр жана сандар "13-пункт" деген сөзгө жана санга алмаштырылсын;

көрсөтүлгөн Жобого N 4 тиркеме күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
