Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 20 апреля 2026 года № 266 "О вопросах порядка реализации транспортных средств, находящихся в государственной собственности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-20.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 2-июлу № 357
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо
боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатууда рынок конъ-
юнктурасын эске алуу менен аларды калыс баалоо наркын аныктоо максатын-
да Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
"Менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча мето-
дикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтому менен бекитилген Мамлекеттик
менчикте турган транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатуу
тартиби жана алардын наркын баалоо методикасы жөнүндө жобого төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 7-пункттун экинчи абзацында "13 жана 14-пункттар" деген сөздөр
жана сандар "13-пункт" деген сөз жана сан менен алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"9. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) тыкыр карап
чыккандан кийин комиссия транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды)
баалоо протоколун түзөт, анда алардын рыноктук наркы көрсөтүлөт.";
- 10-пунктта:
биринчи абзацтагы "Актыны бекиткенден кийин" деген сөздөр "Прото-
кол түзгөндөн кийин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толук-
талсын:
"Аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү аны өткөргөн күнгө чейин он күн
мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
Жарыяланган старттык баа боюнча транспорт каражатын сатып алууга
кызыккан катышуучулар болбосо, комиссия аукциондун жүрүшүндө старттык
бааны 25тен ашпаган процентке төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүм-
күн. Кайтадан өткөн аукционго катышууга билдирүүлөр түшпөсө мамлекеттик
юридикалык жак транспорт каражатын баасын белгилебестен аукционго коюу-
га укуктуу.";
- үчүнчү абзац бешинчи абзац деп эсептелсин;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"13. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) баалоо прото-
колунда комиссия аны баалаган учурдагы рынок конъюнктурасын эске алуу
менен транспорт каражаттарынын (номердик агрегаттардын) рыноктук наркын
көрсөтөт.
Транспорт каражаттардын (номердик агрегаттардын) баалоо наркын
аныктоо үчүн комиссия эксперттердин корутундусун, маалымкаттарды, маа-
лыматтык, статистикалык жана башка маалыматтарды колдонууга укуктуу.";
- 14-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 15-пункттун экинчи абзацындагы "13 жана 14-пункттар" деген
сөздөр жана сандар "13-пункт" деген сөзгө жана санга алмаштырылсын;
көрсөтүлгөн Жобого N 4 тиркеме күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 "Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартибинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2026 · № 266
- "Мамлекеттин менчигинде турган транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатуунун тартиби жана алардын наркын баалоонун методикасы жөнүндө Жобо" Кыргыз Республикасынын…Положение · 19.03.2003 · № 143 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 "Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартибинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2026 · № 266
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.03.2003 · № 143 · Күчүн жоготкон
- "Мамлекеттин менчигинде турган транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатуунун тартиби жана алардын наркын баалоонун методикасы жөнүндө Жобо" Кыргыз Республикасынын…Положение · 19.03.2003 · № 143 · Күчүн жоготкон