# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 1-июлундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай жана Савай айылдык округдарынын калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө"токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 1-июлундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай жана Савай айылдык округдарынын калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө"токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 355
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12883/edition/328422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59250.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 1-июлундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай жана Савай айылдык округдарынын калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө"токтом (01.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59250

---

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 1-июлу № 355

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы

Сарай жана Савай айылдык округдарынын калктуу конуштарынын

аймактарын кењейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай жа-

на Савай айылдык округдарынын аймактарында жайгашкан айылдардын тургун-

дарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын

Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына, "Жерлерди бир категориядан баш-

касына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформацияло-

онун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтомуна ылайык Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-

сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-

миссия менен макулдашылган, Ош облусунун Кара-Суу районунун Айыл чарба

жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 92,6 га сугат айдоосун, анын ичинде

Сарай айылдык округунун аймагында жайгашкан 40,0 га жана Савай айылдык

округундагы 52,6 га жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясы-

нан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу

кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-

сы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- бөлүнгөн участоктор үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгууну

каржылоо маселесин чечсин;

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта за-

рыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну

эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну;

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай жа-

на Савай айылдык округдарынын аймактарында жайгашкан айылдык калктуу

конуштарынын чегараларын белгиленген тартипте бекитүүнү.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
