Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай жана Савай айылдык округдарынын калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө»токтом
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 1-июлу № 355
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы
Сарай жана Савай айылдык округдарынын калктуу конуштарынын
аймактарын кењейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай жа-
на Савай айылдык округдарынын аймактарында жайгашкан айылдардын тургун-
дарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын
Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына, "Жерлерди бир категориядан баш-
касына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформацияло-
онун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтомуна ылайык Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-
сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-
миссия менен макулдашылган, Ош облусунун Кара-Суу районунун Айыл чарба
жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 92,6 га сугат айдоосун, анын ичинде
Сарай айылдык округунун аймагында жайгашкан 40,0 га жана Савай айылдык
округундагы 52,6 га жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясы-
нан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу
кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-
сы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- бөлүнгөн участоктор үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгууну
каржылоо маселесин чечсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта за-
рыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну
эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну;
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай жа-
на Савай айылдык округдарынын аймактарында жайгашкан айылдык калктуу
конуштарынын чегараларын белгиленген тартипте бекитүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби…Постановление · 22.01.2008 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон