# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 1-июлундагы №354 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 1-июлундагы №354 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 354
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12882/edition/328421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 1-июлундагы №354 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө" токтому (01.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59249

---

Бишкек ш,Өкмөт Үйү

2008-жылдын 1-июлундагы №354

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек

районундагы Жањы-Жер айылдык округунун калктуу конуштарынын

аймактарын кењейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Ляйлек районундагы

Жањы-Жер айылдык округунун аймагында жайгашкан айылдардын

тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз

Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына,

"Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн

башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын № 19 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик

администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер

боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз

Республикасынын Баткен облусунун Лейлек облусундагы Жањы-Жер

айылдык округунун аймагында жайгашкан 119,8 га жерди, анын

ичинде 83,8 га сугат айдоону жана 36,0 га көп жылдык өсүмдөктөр

баскан жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан

"Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө

сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик

администрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү

киргизсин;

- бөлүнгөн участоктор үчүн шаар куруу документтерин иштеп

чыгууну каржылоо маселесин чечсин;

- жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен

сыртта зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар

менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин

иштеп чыгууну камсыз кылсын.

3. Бул токтом аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты

пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
