Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө» токтому
Бишкек ш,Өкмөт Үйү
2008-жылдын 1-июлундагы №354
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек
районундагы Жањы-Жер айылдык округунун калктуу конуштарынын
аймактарын кењейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Ляйлек районундагы
Жањы-Жер айылдык округунун аймагында жайгашкан айылдардын
тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз
Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына,
"Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн
башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын № 19 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик
администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер
боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз
Республикасынын Баткен облусунун Лейлек облусундагы Жањы-Жер
айылдык округунун аймагында жайгашкан 119,8 га жерди, анын
ичинде 83,8 га сугат айдоону жана 36,0 га көп жылдык өсүмдөктөр
баскан жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан
"Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик
администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү
киргизсин;
- бөлүнгөн участоктор үчүн шаар куруу документтерин иштеп
чыгууну каржылоо маселесин чечсин;
- жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен
сыртта зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар
менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин
иштеп чыгууну камсыз кылсын.
3. Бул токтом аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты
пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби…Постановление · 22.01.2008 · № 19 · Күчүн жоготкон