# "Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мораторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоочу органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын кыскартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 145 Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008-жылдын 27-июну № 350 Токтому

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мораторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоочу органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын кыскартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 145 Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008-жылдын 27-июну № 350 Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 350
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59245>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12879/edition/1142341/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мораторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоочу органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын кыскартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 145 Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008-жылдын 27-июну № 350 Токтому (12.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59245

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 27-июну № 350

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн

текшерүүлөргө мораторий жана Кыргыз Республикасынын

ыйгарым укуктуу башка контролдоочу органдары жүзөгө

ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын

кыскартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 145

Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу

(КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 12-ноябрындагы № 625 токтомунун

редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мо-

раторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоочу

органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын кыс-

картуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-ап-

релиндеги № 145 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-

тик комитети 2008-жылдын 25-апрелинен 2008-жылдын 31-декабрына чейинки

мезгилде:

- ыктыярдуу негизде салыктарды төлөө менен байланышкан, ишкерлик

субъекттеринин арыздары боюнча, башка өлкөлөрдүн салык органдарынын су-

роо-талаптары боюнча, козголгон кылмыш иштери боюнча, салыктарды жашы-

руунун документ менен ырасталган фактылары боюнча текшерүүлөрдү кошпо-

гондо ишкерлик субъекттерин салыктык (документтик) текшерүүлөрдү, кайра

текшерүүлөрдү жана утурлама текшерүүлөрдү жүргүзүү токтотулсун;

- ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзгөн подразделениелердин

штаттык санын оптималдаштырсын. Бул подразделениелердин кызматкерлерин

салыктык администрациялоонун башка участокторуна ишке тартсын;

- бул токтомдун аткарылышы тууралуу ай сайын 10уна чейинки мөөнөт-

тө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берип турсун.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-ноябрындагы № 625 токтомунун редакци-

ясына ылайык)

2. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-ноябрындагы № 625 токтомуна ылайык

күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-

трлиги:

- ишкердик субъекттеринин ишмердигин текшерүүгө көрсөтмөлөрдү ый-

гарым укуктуу контролдоочу органдарга берүүнү 70 процентке кыскартсын;

- мораторийди бузуу жана башка текшерүүлөрдүн санын көбөйтүү фак-

тылары жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу үчүн "түз байланышты" уюштур-

сун;

- ишкердик субъекттерине жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн саны жөнүндө

ай сайын 25ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалы-

мат берип турсун.

4. "Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө

мораторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоо-

чу органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын

кыскартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын

22-апрелиндеги № 145 Жарлыгын жана ушул токтомду аткаруу үчүн жеке

жоопкерчилик мамлекеттик контролдоочу органдарынын жетекчилерине жүк-

төлсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-

трлиги тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте биз-

нес-ассоциациялардын катышуусунда ишкердик субъекттеринин ишмердигин

мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан текшерүү жүргүзүү тартибин

жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны төмөнкүдөй бөлүгүндө оптимал-

даштыруу боюнча белгиленген тартипте сунуш киргизсин:

- "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү;

- "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик

субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын

тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын

6-ноябрындагы № 533 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттерине

текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону "Ишкердик субъекттерине

текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-

на ылайык келтирүү.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин кү-

чүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана экономи-

ка, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Салык-

тар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республика-

сынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
