Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мораторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоочу органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын кыскартуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 145 Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Окмотунун Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-11-12.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 27-июну № 350
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн
текшерүүлөргө мораторий жана Кыргыз Республикасынын
ыйгарым укуктуу башка контролдоочу органдары жүзөгө
ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын
кыскартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 145
Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 12-ноябрындагы № 625 токтомунун
редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мо-
раторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоочу
органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын кыс-
картуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-ап-
релиндеги № 145 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитети 2008-жылдын 25-апрелинен 2008-жылдын 31-декабрына чейинки
мезгилде:
- ыктыярдуу негизде салыктарды төлөө менен байланышкан, ишкерлик
субъекттеринин арыздары боюнча, башка өлкөлөрдүн салык органдарынын су-
роо-талаптары боюнча, козголгон кылмыш иштери боюнча, салыктарды жашы-
руунун документ менен ырасталган фактылары боюнча текшерүүлөрдү кошпо-
гондо ишкерлик субъекттерин салыктык (документтик) текшерүүлөрдү, кайра
текшерүүлөрдү жана утурлама текшерүүлөрдү жүргүзүү токтотулсун;
- ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзгөн подразделениелердин
штаттык санын оптималдаштырсын. Бул подразделениелердин кызматкерлерин
салыктык администрациялоонун башка участокторуна ишке тартсын;
- бул токтомдун аткарылышы тууралуу ай сайын 10уна чейинки мөөнөт-
тө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-ноябрындагы № 625 токтомунун редакци-
ясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-ноябрындагы № 625 токтомуна ылайык
күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлиги:
- ишкердик субъекттеринин ишмердигин текшерүүгө көрсөтмөлөрдү ый-
гарым укуктуу контролдоочу органдарга берүүнү 70 процентке кыскартсын;
- мораторийди бузуу жана башка текшерүүлөрдүн санын көбөйтүү фак-
тылары жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу үчүн "түз байланышты" уюштур-
сун;
- ишкердик субъекттерине жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн саны жөнүндө
ай сайын 25ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалы-
мат берип турсун.
4. "Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө
мораторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоо-
чу органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын
кыскартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын
22-апрелиндеги № 145 Жарлыгын жана ушул токтомду аткаруу үчүн жеке
жоопкерчилик мамлекеттик контролдоочу органдарынын жетекчилерине жүк-
төлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлиги тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте биз-
нес-ассоциациялардын катышуусунда ишкердик субъекттеринин ишмердигин
мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан текшерүү жүргүзүү тартибин
жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны төмөнкүдөй бөлүгүндө оптимал-
даштыруу боюнча белгиленген тартипте сунуш киргизсин:
- "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү;
- "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик
субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын
тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын
6-ноябрындагы № 533 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттерине
текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону "Ишкердик субъекттерине
текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-
на ылайык келтирүү.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин кү-
чүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана экономи-
ка, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Салык-
тар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республика-
сынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- "Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мораторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоочу органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик…Постановление · 12.11.2008 · № 625 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мораторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоочу органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик…Указ · 22.04.2008 · № 145
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мораторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоочу органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик…Постановление · 12.11.2008 · № 625 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтому менен бекитилген) Ишкердик субъектилерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон