# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы №348 "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы №348 "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 348
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12877/edition/328415/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы №348 "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59243

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 27-июну № 348

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-

зам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-

нистри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун

караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-

йындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду

киргизүү тууралуу

1-статья.

"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-

замына ("Эркин Тоо" газетасы, 2001-жылдын 9-февралы, N 11) төмөнкүдөй

толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац

менен толукталсын:

"- ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуучу принциптерди мыйзам-

дуу бекитүү;".

2. Төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын:

"2-1-статья. Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун

негизги принциптери

Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптери

болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- ишкердиктин субъекттеринин ак ниеттүүлүк презумпциясы;

- Кыргыз Республикасынын милдеттүү талаптарды белгилөөчү мыйзамда-

рындагы карама-каршылыктарды, өксүктөрдү жана так эместиктерди мамле-

кеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

ишкердиктин субъекттерине каршы пайдаланышпайт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда

ишкердик субъекттеринин иштерине мамлекеттик органдардын жана жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишпестиги, анын ичинде

аларды токтотууга жол бербөө;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-

гандарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген

төлөмдөрдү белгилөөлөрүнө жана алууларына жол бербөө;

- ишкердикке тийиштүү лицензияларды, уруксаттарды жана башка акты-

ларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген до-

кументтерди белгилөө жана талап кылууга жол бербөө;

- ишкердикти жөнгө салуучу иштелип жаткан ченемдик укуктук актылар

жөнүндө ишкердиктин субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

белгиленген тартипте милдеттүү маалымдоо.".

2. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
