# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы №347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы №347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 347
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12876/edition/866047/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы №347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому (29.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59242

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 27-июну № 347

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы

№ 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана

ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым

укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533

"Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъек-

ттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тиз-

месин аныктоо жөнүндө" токтомун транспорт мыйзамына ылайык келтирүү,

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз

Республикасынын транспорт ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук ак-

тыларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы №

533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик

субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын

тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-

тоолор киргизилсин:

- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-

лигине Кыргыз Республикасынын аймагында транспорттук инспекция постто-

рун орнотууга (чегаралык жана бажылык посттордогу контролду кошпогондо)

тыюу салынсын.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

(Мамлекеттик транспорттук инспекция) ишкердик субъекттеринин иштерин

транспорт мыйзамдарын сактоо жагында, лицензиялык талаптардын аткарылы-

шы боюнча контролдойт, мыйзамда каралган тартипте жана учурларда авто-

вокзалдарда, автостанцияларда, акыркы аялдама пункттарда, жүргүнчүлүк

жана жүк транспорт чогулуп токтогон жерлерде текшерүүлөрдү жүргүзөт.";

- аталган токтомго "Кыргыз Республикасынын текшерүү боюнча норма-

тивдик укуктук актыларына инвентаризация актысы" деген № 2 тиркеменин

11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы № 217

"Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташу-

уну уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260

"Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-сентябрындагы №

655 "Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин Кыргыз транспорт-

тук инспекциясынын маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана то-

луктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1995-жылдын 28-сентябрындагы № 402 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-

гинин 2001-жылдын 19-июнундагы № 230 "Автомобиль транспортунда эмгекти

коргоо боюнча эрежени бекитүү жөнүндө" буйругу менен бекитилген, Кыргыз

Республикасынын Юстиция министрлигинде 2001-жылдын 2-августунда каттал-

ган, каттоо № 135-01, Автомобиль транспортунда эмгекти коргоо боюнча

эреже;

- Кыргыз Республикасынын транспорт ишине тиешелүү мамлекеттик

стандарты (Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология

институтунун 2001-жылдын 30-июлундагы № 83 буйругу, Кыргыз Республика-

сынын Юстиция министрлигинде 2001-жылдын 5-сентябрында катталган, кат-

тоо № 150-1).".

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
