# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 342 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 342 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 342
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12872/edition/328410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 342 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59238

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 27-июну № 342

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү-

лөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-

зам долбоору жактырылсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-

њешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Көрсөтүлгөн мыйзам дол-

боорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-статья.

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, N 9, 320-ст., 1998-ж.) тө-

мөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 4-статьяда биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Жогорку юридикалык билими, юридикалык адистик боюнча кеминде үч

жылдык стажы бар, мамлекеттик нотариалдык конторада же жеке нотариуста

алты айлык стажировкадан өткөн, квалификациялык экзамен тапшырган Кыр-

гыз Республикасынын жараны нотариус болушу мүмкүн. Жеке нотариустун

мындан тышкары жеке нотариалдык ишмердик жүргүзүү укугуна лицензиясы

болууга тийиш. Стажировкадан өтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Юсти-

ция министрлиги тарабынан белгиленет.

Мамлекеттик нотариустун милдеттерин аткаруу жүктөлгөн адам кызмат-

ка конкурстук негизде дайындалат.

Мамлекеттик нотариалдык конторада кеминде 5 беш жыл иштеген адам

квалификациялык экзамен тапшырбастан жеке нотариалдык ишмердик жүргүзүү

укугуна лицензия алат" .

2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-статья менен толукталсын:

"4-1-статья. Нотариустүн көз карандысыздыгы, кол тийгистиги жана

нотариалдык ишмердиктин кепилдиги

Нотариус нотариалдык иш жүргүзүүдө көз карандысыз жана мыйзамга

гана баш ийет.

Нотариалдык контораны тинтүү жана нотариалдык документтерди алып

коюу, нотариусту жекече текшерип кароо же жекече тинтүү, анын мүлкүн

камакка алуу, анын почталык-телеграфтык кат-кабарларын текшерип кароо

жана алуу, анын телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүн тыњшоо, нотариустук

кармоо жана камакка алуу прокурордун токтому же болбосо соттун аныкта-

масы боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

Нотариус өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда жекече тинтүүгө

же жекече текшерип кароого дуушар болууга мүмкүн эмес.

Нотариустун кесиптик укугу, абийири жана кадыр-баркы мыйзам менен

корголот.

Нотариалдык иш-аракетке кийлигишүү, нотариуска урмат көрсөтпөө,

коркутуу, маскаралоо, анын дарегине ушак айтуу, зомбулук же анын өмүрү-

нө, ден соолугуна жана мүлкүнө кыянаттык кылуу Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.

Нотариалдык ишмердикке ар кандай формада жана ар кандай органдар,

уюмдар, мекемелер, ишканалар, кызмат жана башка адамдар жагынан кийли-

гишүүгө тыюу салынат".

3. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"10-статья.

Нотариустун жеке мөөрү, штамптары жана бланктары Нотариустун Кыр-

гыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү болот, анда но-

мери, мамлекеттик нотариалдык конторанын аталышы (мамлекеттик нотариус-

тун мөөрү), фамилиясы, аты, атасынын аты, жеке нотариустун лицензиясы-

нын номери жана нотариалдык округдун аталышы (жеке нотариустун мөөрү)

көрсөтүлөт, күбөлөндүрүүчү жазуулары менен штамптары, жеке бланктар жа-

на мамлекеттик нотариалдык конторанын бланктары болот. Жеке нотариустун

мөөрү жеке коргоо каражатын камтышы мүмкүн".

4. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-статья менен толукталсын:

"12-1-статья. Жеке нотариалдык ишмердик жүргүзүүгө чектөө

Жеке нотариалдык ишмердик жүргүзүүгө төмөнкү адамдарга жол берил-

бейт:

- мыйзамда белгиленген тартипте ишке жарамсыз деп таанылган же иш-

ке жарамдуулугу чектелген;

- кесиптик ишмердик жүргүзүүдө атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн

соттолгон".

5. 13-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй абзацтар менен толуктал-

сын:

төртүнчү абзац менен - "жеке нотариалдык ишмердик жүргүзүү укугуна

лицензиясы бар адамдын кайрылуусунун негизинде";

сегизинчи абзац менен - "мыйзамдарды бир жолу одоно бузган учур-

да".

6. 17-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "же Кыргыз Республикасынын жа-

рандары нотариалдык ишмердик укугуна лицензиясы бар адамдар менен кели-

шими болгондо." деген сөздөр алып салынсын.

7. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-статьясы менен толукталсын:

"22-1-статья. Жеке нотариусту камсыздандыруу

Нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун натыйжасында зыян келтирүүдөн

улам келип чыккан милдеттенмелер боюнча жарандык-укуктук жоопкерчилик

камсыздандыруу келишимин түзүү аркылуу жеке нотариус тарабынан камсыз-

дандырылууга тийиш. Нотариус камсыздандыруу келишимин түзбөстөн өз мил-

деттерин аткарууга укуксуз.

Минималдуу камсыздандыруу суммасы эсептик көрсөткүчтүн мыйзамда

белгиленген 500 эсе өлчөмүндө белгиленет".

8. 1-статья алып салынсын.

9. 52-статьядагы "нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде."

деген сөздөр "мурастарды эсепке алуунун алфавиттик китебинде" деген

сөздөр менен алмаштырылсын.

10. 83-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"83-статья. Карызкор адамдан акча суммаларын өндүрүү же мүлкүн

талап кылуу

Карызкор адамдан акча суммаларын өндүрүү же мүлкүн талап кылуу

үчүн нотариус карызды аныктоочу документтерде жана нотариалдык жактан

күбөлөндүрүлгөн документтерде аткаруу жазууларын жүргүзөт".

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик

актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирсин.

3-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин

күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
