# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудит системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн 2008-2013-жылдарга карата программасын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдары жана мекемелери үчүн ички аудит стандарттарын бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудит системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн 2008-2013-жылдарга карата программасын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдары жана мекемелери үчүн ички аудит стандарттарын бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 341
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12871/edition/546379/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудит системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн 2008-2013-жылдарга карата программасын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдары жана мекемелери үчүн ички аудит стандарттарын бекитүү жөнүндө"токтому (03.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59237

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 27-июну № 341

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудит системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн 2008-2013-жылдарга карата программасын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдары жана мекемелери үчүн ички аудит стандарттарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-июнундагы № 337 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансынын башкаруу системасын реформалоо боюнча аракеттердин Планын бекитүү жөнүндө", 2005-жылдын 21-июнундагы № 251 "Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик стратегиясы жөнүндө" жарлыктарына ылайык, Кыргыз Республи- касында ички аудиттин иштешине негиз түзүү максатында Кыргыз Республи- касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана мекемеле-

ринин ички аудит системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн 2008-2013-жыл- дарга карата тиркелген программасы (мындан ары - Программа) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдары жана мекемелери

үчүн ички аудиттин тиркелген стандарттары (мындан ары - Стандарттар) бекитилсин.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жана алардын ведомстволук уюмдары жана мекемелери ички аудит жүргүзүүдө Стандарттарды колдонушсун жана Программаны жетекчиликке алышсын.

4. Ички аудит тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныкталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ички аудит объектте-

ринде ички аудиттин иштеши боюнча методологияны иштеп чыксын жана бе- китсин.

6. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
