Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө «бирдиктүү терезе» принцибин киргизүү концепциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 19-июнундагы
№ 315 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө
"бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү
КОНЦЕПЦИЯСЫ
I. Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө
"бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү концепциясында
пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Тышкы экономикалык иш - тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашы-
руунун өндүрүштүк-чарбалык, уюштуруу-экономикалык жана операциялык-ком-
мерциялык ыкмаларынын эл аралык сооданы, биргелешкен ишкердикти, эл
аралык кооперацияны, ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдү жана эл аралык кыз-
матташуунун башка түрлөрүн камтыган жыйнагы.
Тышкы экономикалык иштин (ТЭИ) катышуучусу - тышкы экономикалык иш
жүргүзүшкөн, иште тышкы рыноктун сегментин, чет өлкөлүк өнөктү, товар-
лардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын, контракттардын
баасын жана наркын, берүүлөрдүн мөөнөтүн жана көлөмүн, эсептешүүнүн
формасын, ташуу ыкмасын, берүүлөрдүн башка ыкмаларын ж.б. тандоодо то-
лук өз алдынча болгон айрым чарбакер субъекттер.
Тартылган органдар жана уюмдар - аткаруучу бийликтин тышкы соода-
лык операцияларды администрациялоого тартылган мамлекеттик органдары
жана тышкы соода тармагында сертификаттарды берүү боюнча кызматтарды
көрсөтүүчү жеке уюмдар.
Мамлекеттик эмес сектор - импортчулар, экспортчулар, бажы брокер-
лери, ташуучулар, бизнес-жамааттар жана башкалар.
"One stop shop"/"Бирдиктүү аялдама" принциби - тышкы экономикалык
иштин катышуучуларына бир жерде жана чектелген убакыттын ичинде мамле-
кеттик чек арадагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун белги-
ленген бардык жол-жоболорунан өтүүгө мүмкүн берүүчү механизм-жол-жобо.
Өткөрүү пункттары - эл аралык катнаш үчүн ачык темир жол, автомо-
биль вокзалынын, станциясынын, аэропорттун, аэродромдун чегиндеги,
ошондой эле атайын жабдылган жерлердеги мамлекеттик чек арадан өтүп
жаткан адамдарды, товарларды, транспорт каражаттарын жана башка мүлктү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чек аралык, бажылык, сани-
тардык-карантиндик, ветеринардык, фитосанитардык жана башка түрлөрдөгү
контролдон өткөрүүчү аймак.
Салттуу формат - бардык түрдөгү кагаз документтерди берүү.
Электрондук формат - документтерди атайын компьютердик файл же
сканерленген копиясы түрүндө берүү.
Концепцияны аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Респуб-
ликасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги.
Ишке ашырчу ыйгарым укуктуу орган - экспорттук-импорттук операция-
ларды жана бажылык жол-жоболорду администрациялоочу Кыргыз Республика-
сынын Мамлекеттик бажы комитети.
АИМ - автоматташтырылган иш орун.
"Бирдиктүү терезенин" маалыматтар базасы - "Бирдиктүү терезе"
принцибин киргизүүнүн чегинде пайдаланылчу бардык документтердин жана
башка маалыматтардын, аларды иштетүү, аппараттык камсыздоо үчүн прог-
раммалардын жыйнагы.
II. Концепцияны түзүү зарылдыгына негиздеме
Кыргыз Республикасында тышкы соодалык жол-жоболорду администрация-
лоодо татаал жана координацияланбаган абал түзүлдү. Ал жол-жоболордон
өтүү үчүн керектүү документтердин, процедуралардын (керектүү кол тамга-
лардын) жана күндөрдүн саны Кыргызстандын соодалык өнөктөрүндө жана со-
ода режими либералдуураак өлкөлөрдө белгиленгенден эки-үч эсе ашык.
Төмөнкүдөй негизги проблемаларды бөлүп көрсөтүүгө болот:
а) ТЭИ, тышкы соода жүгүртүүнүн структурасы жана географиясы,
ошондой эле процесстин катышуучулары жөнүндө бирдиктүү маалыматтык база
жок;
б) тартылган органдарда жана уюмдарда каттоо жана алар талап кылу-
учу документтер көп учурда кайталанат;
в) уруксат документтерди алуу жана жол-жоболордун өзү ТЭИ катышуу-
чусу тартылган органдын жана уюмдун өкүлү менен тике контактка барышын
талап кылат жана натыйжада экспорттук-импорттук операциялардын жол-жо-
болорун аткаруу агенттиктин андай конкреттүү өкүлүнө көз каранды болот,
бул алдын ала белгисиз болгон кечењдөөлөргө дуушарлантат жана коррупци-
яга негиз түзөт;
г) жол-жоболордо ачык-айкындык жок. ТЭИ катышуучуларынын экспорт
жана импорт жол-жоболоруна байланыштуу маалыматтарды алышы чектелген.
Тартылган органдар жана уюмдар тарабынан болгон талаптарда жана эреже-
лерде чечмелөөдө ар башкалык бар, бул колдонуудагы нормативдик базаны
өз кызыкчылыктары үчүн чечмелөөгө мүмкүндүк берет.
"Бирдиктүү терезе" принцибин киргизүүгө негиздер төмөнкүдөй:
- Кыргыз Республикасынын Президентинде, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүндө жана тийиштүү мамлекеттик органдарда саясий эрктин болушу;
- бизнес жамааттын ынтызарлыгы жана анын соода жол-жоболорун
жөнөкөйлөтүүгө жана ачык-айкындыгын камсыздоого активдүү катышуусу,
ошондой эле мамлекет менен кызматташууга даярлыгы;
- Кыргыз Республикасынын тышкы соодасын өнүктүрүү жана көлөмүн
көбөйтүү үчүн жөнөкөй, оптималдуу жана ачык-айкын администрациялык соо-
да жол-жоболоруна муктаждык;
- электрондук өкмөттү киргизүү боюнча мамлекеттик программалардын
бар экендиги, аларды ишке ашыруу аткаруучу органдардын жана уюмдардын
ар бири үчүн артыкчылыктуу маселе болуп эсептелет;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажы систе-
масын модернизациялашы, электрондук декларацияны киргизиши жана тышкы
экономикалык иш үчүн информациялык системаны киргизиши;
- тартылган органдар жана уюмдар документтерди жана маалыматтарды
суроодо кайталоолор бар экенин моюнга алышы жана ТЭИге катышуучулар
алардан баш тартууга даярдыгы.
III. Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин
киргизүүнүн негизги максаты жана милдеттери
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүүнүн
негизги максаты - тартылган органдар менен уюмдар арасында да, ТЭИ ка-
тышуучуларынын арасында да маалымат алмашуунун натыйжалуу механизмин
түзүү аркылуу бажынын тегерегиндеги чөйрөдө администрациялык жол-жобо-
лорду оптималдаштыруу жана тоскоолдуктарды азайтуу. Тышкы соода
чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принциби документтердин жана ТЭИ катышуу-
чуларынын башка маалыматтарынын толук информациялык базасын түзөт жана
бажы жол-жоболоруна түз байланыштуу. Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү
терезе" принцибинин иштешинин максимум натыйжасына бажыда түзүлүп жат-
кан информациялык система менен толук интеграциянын эсебинен жетишилет.
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принциби - бул кызыкдар
тараптарга импортко, экспортко жана транзитке, анын ичинде "Оne stop
shор"/"Бирдиктүү аялдама" принциби менен иштеген өткөрүү пункттарына
тиешелүү стандартташтырылган (бирдей формага келтирилген) документтерди
жөнгө салуучу бардык талаптарды аткаруу максатында бир өткөрүүчү канал
аркылуу тапшырууга мүмкүндүк берүүчү механизм. Тышкы соода чөйрөсүндө
"бирдиктүү терезе" принциби информацияны бир гана жолу, бирдей формада
берүүнү белгилейт, тартылган органдар жана уюмдар копиясын электрондук
форматта алышат. Мында сакталып турган информациянын жањыланышы камсыз-
далат: маалыматтык базада документтин актуалдуу копиясы дайым сакталуу
болот.
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принциби негизги аспап
катары тартылган органдардын жана уюмдардын тышкы соодалык жол-жоболор
боюнча учурдагы талаптарга негизделген жана документтерди жана башка
маалыматтарды электрондук жана салттуу форматтарда чогултууну, сактоо-
ну, эсепке алууну жана берүүнү камсыздоочу маалыматтык базасын пайдала-
нат. Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибинде документтер
кыска убакытта берилет, бул төмөнкүлөрдү тез алууга мүмкүндүк берет:
- ТЭИ катышуучуларына - тышкы соодалык операцияларды жүргүзүү үчүн
тартылган органдардан жана уюмдардан керектүү уруксат документтерди;
- тартылган органдарга жана уюмдарга - өз функцияларын тийиштүү
түрдө аткаруу үчүн керектүү маалыматтарды.
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принциби төмөнкүлөргө
мүмкүндүк берет:
- бардык катышуучуларга компетенцияларынын чегинде жана өз милдет-
терин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө "бирдиктүү терезедеги" маалыматтар
базасына бир мезгилдеги жеткиликтүүлүккө;
- тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" принцибин пайдалану-
учуларга берилген уруксат документтер үчүн төлөмдөрдү жана башка
төлөмдөрдү бир жерден төлөп, акча каражаттарды кийин тийиштүү тартылган
органдарга жана уюмдарга берүүгө;
- тартылган органдардан жана уюмдардан иштерине жана тапшырылчу
информацияга мониторинг жүргүзүүгө.
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принциби Кыргыз Респуб-
ликасынын бизнестеги кызыктуулугун арттырууга шарт түзөт.
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүүнүн
милдеттери төмөнкүдөй:
- тартылган органдардын жана уюмдардын функцияларды аткаруусунун
алдын ала белгилүүлүгүн камсыздоо;
- ТЭИни жөнгө салуучу жана бардык катышуучулар үчүн ачык-айкын жа-
на борбордоштурулган жеткиликтүүлүктү камсыздоо;
- ТЭИнин катышуучуларынын документтерди тариздөөгө жана соодалык
жол-жоболорду аткарууга жумшачу убакыттарын, финансылык жана башка чы-
гымдарын азайтуу;
- жогоруда айтылган максаттарга жетүү үчүн кызыкдар катышуучулар-
дын арасында натыйжалуу өз ара иштешүүнү камсыздоо.
IV. Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин
киргизүүнүн пайдасы
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүүдө
мамлекет жана мамлекеттик эмес сектор төмөнкүдөй пайдаларды алышат:
- тышкы сооданын көлөмү жөнүндө реалдуу жана ачык-айкын маалымат
алуу жана ээлик кылуу;
- мамлекеттик башкаруунун алдын ала белгилүүлүгү жана ачык-айкын-
дыгы;
- тышкы сооданын көлөмү көбөйүшү;
- ТЭИ катышуучуларынын документтерди тариздөөгө жана соода жол-жо-
болорун аткарууга убакыт жана башка чыгымдарды жумшоосу азайышы;
- бизнес жана инвестицияларды тартуу үчүн ыњгайлуу шарт түзүлүшү.
V. Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе"
принцибин киргизүү жана ишке ашыруу боюнча механизмдер
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүүдө жа-
на ишке ашырууда Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин
ишке ашыруу жана илгерилетүү борбору негизги аткаруучу болот, ал мамле-
кеттик органдар менен мамлекеттик эмес сектордун ортосундагы өнөктүк
принцибинде иштейт.
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибинин негизги эле-
менттери төмөнкүдөй:
- ТЭИнин катышуучулары, анын ичинде "бирдиктүү терезенин" маалымат
базасына түз же тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" принцибин
киргизүүнү колдоочу аймактык кызматтар аркылуу жеткиликтүүлүк ала алыш-
чу бажы брокерлери (катталуу документи бар болсо);
- тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү
системасы менен информациялык байланышы бар тартылган органдар жана
уюмдар, анын ичинде өткөрүү пункттары, жеке компаниялар жана алардын
жамааттары;
- Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашыруу
жана илгерилетүү борбору;
- ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган.
VI. Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе"
принцибинин негизги катышуучулары
Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" принцибине тышкы соо-
далык операциялар процессине тартылган мамлекеттик органдар, уюмдар,
жеке компаниялар жана алардын жамааттары катышат.
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибине негизги каты-
шуучулардын тизмеси:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлиги;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-
ги;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;
- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча
мамлекеттик комитети;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар
жана технологиялар мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (коммерциялык банктар);
- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы;
- мамлекеттик эмес сектор.
VII. Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе"
принцибин киргизүү мүмкүндүгү
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принциби:
- Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда тышкы соодалык опе-
рацияларды жөнгө салуучу бүткүл администрациялык процессти камтыйт;
- мамлекеттик агенттиктерди техникалык жактан масштабдуу жабдууну
талап кылбастан, маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана жиберүү боюнча
автоматташтырылган иш орундарды түзүүнү гана талап кылат;
- пайдалануучулардан атайын билимди жана тажрыйбаны талап кылбайт,
тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин пайдалануу үчүн
жөнөкөй окуу курсунан өтүү жетиштүү;
- мамлекеттик структуралардан берилчү маалыматтын актуалдуулугу
жана тууралыгы үчүн жоопкерчиликти талап кылат;
- маалыматтардын туура эместиги үчүн бүткүл жоопкерчилик ТЭИнин
катышуучуларына же алардын атынан ыйгарым укуктуу жакка жүктөлүшүн бел-
гилейт.
VIII. Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин
ишке ашыруу боюнча чаралар
Бул Концепция бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
төмөнкүдөй чараларды көрөт:
- тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин каржылоо бу-
лактары аныкталат, аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы иштелип чы-
гат жана алар белгиленген тартипте бекитилет;
- тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин колдонуунун
ийгиликтүүлүгүнүн индикаторлору аныкталат, техникалык-экономикалык не-
гиздеме даярдалат жана алар белгиленген тартипте бекитилет;
- Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашыруу
жана илгерилетүү борбору түзүлөт жана ал белгиленген тартипте бекити-
лет;
- тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашыруу
анализделет, Концепциядагы кемчиликтер жоюлат жана өркүндөтүлөт.
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүүнү
долбоорлоо мөөнөтү 1 жылды түзөт, аны бажылык информация системасына
интеграциялап ишке киргизүү - 2 жыл.
IX. Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин
ишке ашыруудагы опурталдуу кризистик факторлор
Мамлекет менен мамлекеттик эмес сектордун ортосундагы өнөктөштүк.
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принциби мамлекеттик ор-
гандардын, ошондой эле мамлекеттик органдар менен бизнес жамааттын ор-
тосундагы кызматташуунун практикалык моделинен турат. Ал мамлекеттик
жана мамлекеттик эмес сектордун ортосунда системаны түзүү жана анын иш-
тешин камсыздоо ишинде өнөктүк үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
Концепцияны аткаруу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган-
дар.
Ыйгарым укуктуу органдардын Концепцияны аткаруу жана ишке ашыруу
боюнча өз ара иштешүүсүнүн болушу жана анын натыйжалуугу.
Концепцияны аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Респуб-
ликасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, ага Концепция-
ны ишке ашыруунун жүрүшүн байкоого алуу үчүн жетиштүү ресурстар жана
ыйгарым укуктар берилген.
Ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Мам-
лекеттик бажы комитети, анда ыйгарым укуктары, кадрлык жана финансылык
ресурстары бар жана бизнес жамаат менен тыгыз байланышта болот.
Пайдалануунун ыњгайлуулугу жана пайдалануучулар үчүн жетки-
ликтүүлүк.
Системага электрондук да, салттуу да жеткиликтүүлүктүн
жөнөкөйлүгүн камсыздоо.
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибинде документтер-
ди жүгүртүүнүн эл аралык стандарттарга шайкештиги.
Маалыматтарды электрондук алмашууда эл аралык стандарттарга шай-
кештикти камсыздоо үчүн маалыматтарды, документтерди жөнөкөйлөтүү, оп-
тималдаштыруу, стандартташтыруу.
Илгерилетүү.
Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин илгерилетүү
тартылган органдардын жана уюмдардын атайын билимдеринин жана
көндүмдөрүнүн дењгээлин жогорулатууга, инвестицияларды тартууга, ошон-
дой эле потенциалдуу пайдалануучуларга алардын тийиштүү операцияларын
жана инвестицияларын пландаштырууга жардам берет.
Маалыматты таратуу стратегиясы.
Кызыкдар тараптарды тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе"
принцибинин максаты, милдеттери, прогресси (жана кыйынчылыктары)
жөнүндө маалымдоо боюнча тийиштүү механизм түзүү ишеним жаратат жана
түшүнбөөлөрдү болтурбоого мүмкүндүк берет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы №315 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү концепциясы жөнүндө"токтомуПостановление · 19.06.2008 · № 315 · Күчүн жоготкон