# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы №339 "Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы №339 "Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 339
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12869/edition/328405/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы №339 "Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жөнүндө токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59233

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек ш., Өкмөт Үйү

2008-жылдын 27-июну №339

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен

маркиравкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 64-статьясына

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен

маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана

соода министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республика-

сынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

"Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен

маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-статья. "Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен

маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо"

газетасы, 2006-жылдын 1-декабры №89)төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-

зилсин:

1.2-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши" деген

сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө

алмаштырылсын.

2.3-статьянын биринчи бөлүгүндө:

- экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик бажы инспексиясы" деген сөздөр "бажы иштери боюнча

мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик салык инспексиясы" деген сөздөр "салык кызматынын

мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3.4-статьясынын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Товарларды сактоо, жасоо, сатып өткөрүү, эсепке алуу, контролдоо

тартиби, ошондой эле аларды контролдук (латенттик) маркалар менен

маркировкалоонун жол-жобосу, шарттары жана мөөнөтү Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн

кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
