# Постановление Правительства КР от 25 июня 2008 года № 338 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "Об освобождении закупок товаров и услуг, осуществляемых хозяйствующими субъектами в рамках проекта "ВЛ 110 кВ Айгульташ-Самат и подстанция" от уплаты налогов и платежей"

- Толук аталышы: Постановление Правительства КР от 25 июня 2008 года № 338 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "Об освобождении закупок товаров и услуг, осуществляемых хозяйствующими субъектами в рамках проекта "ВЛ 110 кВ Айгульташ-Самат и подстанция" от уплаты налогов и платежей"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 338
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12868/edition/328404/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 25 июня 2008 года № 338 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "Об освобождении закупок товаров и услуг, осуществляемых хозяйствующими субъектами в рамках проекта "ВЛ 110 кВ Айгульташ-Самат и подстанция" от уплаты налогов и платежей" (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59232

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 25-июну № 338

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"ЖЛ 110 кВ Айгүлташ-Самат жана подстанция" долбоорунун

чектеринде чарбакер субъекттер тарабынан ишке ашырылуучу

товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды

салыктардан жана төлөмдөрдөн бошотуу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна

жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. "ЖЛ 110 кВ Айгүлташ-Самат жана подстанция" долбоорунун чекте-

ринде чарбакер субъекттер тарабынан ишке ашырылуучу товарларды жана

кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды салыктардан жана төлөмдөрдөн бошо-

туу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген кору-

тунду жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын -июнундагы

№ 338 токтому менен

жактырылган

"ЖЛ 110 кВ Айгүлташ-Самат жана подстанция" долбоорунун

чектеринде чарбакер субъекттер тарабынан ишке ашырылуучу

товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды

салыктардан жана төлөмдөрдөн бошотуу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна

жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин депутаттары А.А.Шадиев жана Г.Т.Дербишева тарабынан

киргизилген "ЖЛ 110 кВ Айгүлташ-Самат жана подстанция" долбоорунун чек-

теринде чарбакер субъекттер тарабынан ишке ашырылуучу товарларды жана

кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды. салыктардан жана төлөмдөрдөн бо-

шотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт.

1. Мыйзам долбоорунун 1-статьясынын экинчи абзацын төмөнкүдөй ре-

дакцияда баяндоону сунуштайбыз:

"автомобиль жолдорун пайдалануу үчүн салык жана өзгөчө кырдаалдар-

дын алдын алуу жана жоюу фондуна чегерүүлөрдү кошпогондо, жогоруда

аталган Кредиттик Макулдашуунун чектеринде ишке тартылган уюмдар товар-

лар менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча бардык салыктарды жана

пошлиналарды төлөөдөн, ошондой эле ЖЛ 110 кВ "Айгүлташ-Самат" жањы ли-

ниясын куруу жана 110 кВ "Самат" подстанциясын реконструкциялоо үчүн

алып келинүүчү жабдууларга, аларга запастык бөлүктөргө жана материал-

дарга бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулсун".

2. Бул Мыйзам долбоорун колдонуу Кыргыз Республикасынын мамлекет-

тик бюджетинин каражаттарынан каржылоону талап кылбайт.
