# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-июнундагы № 330 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-июнундагы № 330 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 330
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12861/edition/328395/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-июнундагы № 330 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтом (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59224

---

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 25-июну № 330

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жак-

тырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-статья.

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1994-ж., № 3,

74-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

11-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"Кош жарандыгы бар мамлекеттик кызматкер мамлекеттик бийлик орган-

дарында саясий жана атайын кызмат ордун же башка жетектөөчү кызмат ор-

дун ээлей албайт.".

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
