# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 297 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө Жобо

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 297 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө Жобо
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 297
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59219>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12857/edition/328391/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59219.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 297 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө Жобо (13.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59219

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 13-июнундагы

№ 297 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик

администрация башчыларынын - облустардын

губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө

ЖОБО

I. Жалпы жоболор

1.1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация

башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө

бул Жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укук-

тун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ыла-

йык иштелип чыккан.

1.2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облус-

тардын губернаторлорунун резервдик фонду (мындан ары - резервдик фонд)

боюнча сарптоолор жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюдже-

тинде каралат.

II. Резервдик фонддордун акча каражаттарын

пайдалануу тартиби

2.1. Резервдик фонддордон бөлүнгөн бюджеттик каражаттар ушул Жобо-

до каралган максаттарга, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы-

нын - облустун губернаторунун буйругуна ылайык пайдаланылууга тийиш.

2.2. Резервдик фонддун каражаттарынын тескөөчүсү жергиликтүү мам-

лекеттик администрация башчысы - облустун губернатору болот.

2.3. Республикалык бюджетте турган мекемелер да, жергиликтүү бюд-

жеттерден каржыланчу мекемелер да резервдик фонддун каражаттарын алуу-

чулар боло алышат.

2.4. Резервдик фонддор облуста жүргүзүлчү, Кыргыз Республикасынын

республикалык бюджетин түзүүдө жана бекитүүдө эске алынбаган экономика-

лык, социалдык-маданий жана башка иш-чараларга болжолдонбогон чыгымдар-

ды жабуу үчүн түзүлөт жана төмөнкүдөй максаттарга пайдаланылат:

- майрам күндөрдө расмий иш-чараларды өткөрүүгө;

- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына,

эмгек ардагерлерине жана облустагы калктын жакыр катмарларына бир жолку

материалдык жардам көрсөтүүгө;

- облустун аймагындагы социалдык-маданий объекттерди курууга,

оњдоого жана материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын жак-

шыртууга финансылык жардам көрсөтүүгө;

- облустун масштабында расмий даталарга арналган иш-чараларды

өткөрүүгө;

- эмгек сињирген кызматкерлерди кесиптик майрамдарга байланыштуу

сыйлоого;

- табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана

кесепеттерин жоюу боюнча маселелерди ыкчам чечүүгө;

- облустагы калктын аз камсыз катмарларына финансылык жардам

көрсөтүү үчүн кайрымдуулук марафондорду өткөрүүгө;

- спорттук иш-чаралардын катышуучуларына, ошондой эле илимдин жана

маданияттын ишмерлерине финансылык колдоо көрсөтүүгө;

- Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон,

ошол облустун аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын чыгаан инсанда-

рына бир жолку финансылык жардам көрсөтүүгө.

2.5. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүдөй пайдаланууга тыюу

салынат:

- коммерциялык максатка же киреше алып келүүчү ишмердикке;

- коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдарды кармоого жана иштерин кам-

сыздоого;

- бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акыларын

көбөйтүүгө;

- облуста болуучу мааракелерди, тойлорду жана облуста башка

оюн-зоок иш-чараларды уюштурууга.

III. Кредиттердин тескөөчүсүнүн жоопкерчилиги жана

резервдик фонддордун каражаттары боюнча

отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби

3.1. Каражаттардын тескөөчүлөрү жана каражаттарды алуучулар ре-

зервдик фонддун каражаттарынын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу

пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жо-

опкерчиликте болушат.

3.2. Резервдик фонддор боюнча акча каражаттардын эсеби каражаттар-

дын башкы тескөөчүсүнүн жана алуучусунун өзүнчө казыналык эсебинде

(бюджеттик каражаттар боюнча негизги сметадан бөлөк) жүргүзүлөт.

3.3. Резервдик фонддордун каражаттарын алуучулар ай сайын респуб-

ликалык бюджетте турган мекемелердин сарптоолор сметасынын аткарылганы

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2002-жылдын

19-августундагы № 245/п "Бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын жылдык,

кварталдык жана айлык бухгалтердик отчетторун түзүү боюнча нускаманы

бекитүү жөнүндө" приказы менен бекитилген № 2 форма боюнча жалпылоочу

отчет түзүшөт жана тескөөчүлөргө беришет.

3.4. Каражаттардын тескөөчүсү резервдик фонддордун каражаттарынын

пайдаланылышы жөнүндө облус боюнча № 2 формада отчет түзөт жана Кыргыз

Республикасынын Финансы министрлигине берет.

3.5. № 2 форма боюнча отчет ушул Жобонун 3.3-пунктуна ылайык ре-

зервдик фонддордон алынган каражаттар боюнча өз-өзүнчө түзүлөт жана бе-

рилет.

3.6. Резервдик фонддордун каражаттарын эсепке алуунун,

бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун жол-жоболору өзгөргөн учурда Кыргыз

Республикасынын Финансы министрлиги бул Жобого тийиштүү толуктоолорду

жана өзгөртүүлөрдү киргизет.

3.7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары - об-

лустардын губернаторлору зарыл болсо резервдик фонддордун акча каражат-

тарынын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө квартал

сайын (жылдык) отчетторду беришет.
