Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Окмотунун токтому Кыргыз Респцубликасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана озгортуулорду киргизуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жонундо. Кыргыз Респцубликасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жонундо» КЫргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана озгортуулорду киргизуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жонундо.
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 19-июну № 321
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги
принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Өлкөдө орто мөөнөттүк финансылык пландоо элементтерин киргизүү
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү-
лөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги
принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-статья. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги
принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 10, 374-ст.)
төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы биринчи бөлүк менен толукталсын:
"Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору
үч жылдык мөөнөткө - кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки план-
далуучу эки жылга түзүлөт жана бекитилет";
2. 3-статьянын биринчи бөлүгүндө "алдыдагы жыл" деген сөздөр "ке-
зектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки пландалуучу эки жылга" деген
сөздөргө алмаштырылсын;
3. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
- ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ал-
дындагы Экономикалык саясат боюнча кењеш" деген сөздөр "Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык сая-
сат боюнча координациялык кењеш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кењеш" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү
"Координациялык кењеш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 12-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "тийиштүү жыл" деген сөздөр
"кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки пландалуучу эки жыл" де-
ген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 13-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "учурдагы жыл" деген сөздөр
"жана андан кийинки пландалуучу эки жыл" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү бөлүк менен толук-
талсын:
"Бекитилген бюджетке өзгөртүүлөр жана толуктоолор учурдагы жылдын
бюджеттик көрсөткүчтөрүнө, кийинки пландалуучу жылдардын бюджетинин па-
раметрлерин өзгөртпөстөн киргизилет".
7. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгер бюджеттин долбоору учурдагы жылдын аягына чейин бекитилбесе,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары ал бекитилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна, жергиликтүү өз алдынча башка-
руунун аткаруучу-тескөөчү органдары - айылдык, поселкалык жана шаардык
кењештердин кароосуна киргизген бюджет долбоорунда каралган сарптоолор-
дун жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чегинде ай сайын сарптоо
жүргүзүүгө укуктуу.".
8. 24-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Мыйзам чыгаруу жыйынына жана
Эл өкүлдөр жыйынына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 39-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "кийинки жылга" деген сөздөр
"кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки пландалуучу эки жылга"
деген сөздөргө алмаштырылсын;
11. 42-статьяда:
- биринчи бөлүгүндөгү "тийиштүү жыл" деген сөздөр "кезектеги бюд-
жеттик жылга жана андан кийинки пландалуучу эки жылга" деген сөздөргө
алмаштырылсын;
- төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана андан кий-
инки пландалуучу эки жылга республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамына кол коюлгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер контингентин жергилик-
түү бюджеттер боюнча бөлүштүрүүнү, ошондой эле республикалык бюджет жө-
нүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген жалпы сарптоолордун
чегинде аткаруу бийлигинин борбордук органдары боюнча сарптоолорду да-
ректүү бөлүштүрүүнү караган кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийин-
ки пландалуучу эки жылга республикалык бюджет жөнүндө токтомун кабыл
алат.".
12. 45-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны" деген ар
түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењеши" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 48-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "алдыдагы жыл" деген сөздөр
"кезектеги бюджеттик жыл жана андан кийинки пландалуучу эки жыл" деген
сөздөргө алмаштырылсын.
2-статья
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон