# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы №319 "Бишкек" эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы №319 "Бишкек" эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 319
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12851/edition/339958/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы №319 "Бишкек" эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"токтому (20.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59212

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 19-июну № 319

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Бишкек" эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын эконо-

микалык потенциалын өнүктүрүү жана шаардын калкынын жашоо дењгээлин жо-

горулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. "Бишкек" эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын башкы директору аталган

мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Бишкек" эркин экономикалык зонасын

кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-статья.

"Бишкек" эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити 2006-жылдын 7-июлу, № 49

) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аймагы-

нын чыгышта - Кара-Балта суусу, батышта - Турар Кожомбердиев көчөсү,

түштүктө - Сарыбулак айылына барчу жол, түндүктө - Мичурин көчөсү менен

чектелген 100 га участогу "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын курамы-

на киргизилсин.".

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык кел-

тирсин;

- бул Мыйзамдан келип чыгуучу уюштуруу маселелерин чечсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
