# Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтому 2008-жылдын 19-июну № 318 "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө".

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтому 2008-жылдын 19-июну № 318 "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө".
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12850/edition/328384/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтому 2008-жылдын 19-июну № 318 "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө". (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59211

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 19-июну № 318

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Көрсөтүлгөн Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-

тик комитетинин төрагасынын орун басары көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

1-статья. "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., № 7, 106-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизилсин:

1. 5-статьяда:

биринчи бөлүктүн экинчи абзацында "жана Кыргыз Республикасынын ай-

магында түзүлүүчү чет өлкөлүк юридикалык жактар" деген сөздөр ", ушул

статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүктөр катышкан юридика-

лык жактарды жана алардын өкүлчүлүктөрү менен филиалдарын кошпогондо,"

деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- экинчи бөлүктүн экинчи абзацында "юридикалык жактардын тиешелүү

аймагына," деген сөздөрдөн мурда "иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык пайдалуу кендерди эксплуатациялоо (иш-

тетүүгө) багытталган чет өлкөлүктөр катышкан юридикалык жактарды жана

алардын өкүлчүлүктөрү менен филиалдарын кошо алганда," деген сөздөр ме-

нен толукталсын.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик

актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-статья.

Бул Мыйзам расмий кол коюлган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө

кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
