# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы №314 "Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Исламдык өнүктүрүү банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо долбоорун каржылоого катышуу боюнча 2003-жылдын 27-апрелиндеги кредиттик макулдашууга Толуктоону ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы №314 "Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Исламдык өнүктүрүү банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо долбоорун каржылоого катышуу боюнча 2003-жылдын 27-апрелиндеги кредиттик макулдашууга Толуктоону ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 314
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12846/edition/328380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы №314 "Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Исламдык өнүктүрүү банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо долбоорун каржылоого катышуу боюнча 2003-жылдын 27-апрелиндеги кредиттик макулдашууга Толуктоону ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому (19.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59207

---

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 19-июну № 314

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-июнунда кол коюлган,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Исламдык өнүктүрүү

банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун

реабилитациялоо долбоорун каржылоого катышуу боюнча

2003-жылдын 27-апрелиндеги кредиттик макулдашууга

Толуктоону ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү менен Исламдык өнүктүрүү банкынын ортосундагы Та-

раз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо долбоорун каржылоого каты-

шуу боюнча 2003-жылдын 27-апрелиндеги кредиттик макулдашууга Толуктоону

ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатын-

да, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз

Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. "Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү менен Исламдык өнүктүрүү банкынын ортосундагы Та-

раз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо долбоорун каржылоого каты-

шуу боюнча 2003-жылдын 27-апрелиндеги кредиттик макулдашууга Толуктоону

ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жакты-

рылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын

65-статьясынын 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нен мыйзам долбоорду кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо су-

ралсын.

3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри

ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган

учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-июнунда кол коюлган,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Исламдык өнүктүрүү

банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун

реабилитациялоо долбоорун каржылоого катышуу боюнча

2003-жылдын 27-апрелиндеги кредиттик макулдашууга

Толуктоону ратификациялоо жөнүндө

1-статья.

Бишкек шаарында 2008-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү менен Исламдык өнүктүрүү банкынын ортосундагы Та-

раз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо долбоорун каржылоого каты-

шуу боюнча 2003-жылдын 27-апрелиндеги кредиттик макулдашууга Толуктоо

ратификациялансын.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган

Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жо-

болорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартип-

те Ислам өнүктүрүү банкына билдирсин.

3-статья.

Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
