Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
« Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм жөнүндө типтүүЖобо» (Кыргыз Республикасынын Окмотунун Токтому менен бекитилген).
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 апреля 2011 года №169 "О вопросах Министерства Кыргызской Республики по социальной защите населения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-04-19.
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 10-июнундагы
№ 285 токтому менен
бекитилген
Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо
боюнча бөлүм жөнүндө типтүү
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомунун
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм (мындан ары Бө-
лүм) ыйгарым укугуна аны түзүү кирген тийиштүү органдын түзүмдүк под-
разделениеси болуп эсептелет.
1.2. Бөлүм балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кор-
гоо боюнча адистештирилген орган болуп эсептелет жана балдардын укукта-
рын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча кызмат көрсөтүүчү кыз-
маттардын системасын түзгөн органдардын тизмесине кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомунун редакци-
ясына ылайык)
1.3. Бөлүм укуктарды, балдардын эркиндиктерин жана мыйзамдуу кы-
зыкчылыктарын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча
өзүнүн ишмердигин жүргүзөт.
1.4. Бөлүм өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясы-
на, "Балдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республи-
касынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Типтүү жобого
ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракетте жүргү-
зөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомунун редакци-
ясына ылайык)
1.5. Бөлүмдү каржылоо жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен
жүргүзүлөт.
1.6. Типтүү жобо Бөлүмдүн ишмердигинин негизги багыттарын аныктайт
жана балдар укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо маселеле-
ринде аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен райондук жана шаардык бө-
лүмдөрдүн жоболорун иштеп чыгуу үчүн негиз болот.
II. Бөлүмдүн негизги максаттары жана милдеттери
2.1. Тиешелүү администрациялык аймактарда балдардын жарандык, эко-
номикалык, социалдык жана маданий укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын
жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу.
2.2. Балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылык-
тарын сактоо жаатында жергиликтүү дењгээлде мамлекеттик саясатты иштеп
чыгууга жана ишке ашырууга катышуу; үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бо-
юнча аймактык стратегияларды, пландарды жана өнүктүрүү программаларын
иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
2.3. Балдарды дене тарбиялык, интеллектуалдык, психикалык, рухий
жана адеп-ахлактык өнүктүрүүгө, аларда патриоттукту жана жарандыкты
тарбиялоого көмөктөшүү.
2.4. Региондордо үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча кызмат көр-
сөтүү системаларын координациялоо жана өнүктүрүү жана аларды жергилик-
түү дењгээлде киргизүүгө көмөктөшүү.
2.5. Үй-бүлө жана бала маселелери менен иштешкен мамлекеттик меке-
мелер жана уюмдардын ишмердигин координациялоо.
2.6. Бөлүмдүн милдеттери:
- балдар арасында укук бузууларды эскертүү жана алдын алуу жана
үй-бүлөдө жана балдар мекемелеринде балдарга зомбулуктун алдын алуу
боюнча чараларды киргизүү;
- ата-эненин камкордугусуз калган балдарды жана ата-энелери аларды
талаптагыдай тарбиялоону жана багууну камсыз кылбаган балдарды табуу;
- кризистик кырдаалдарда болушкан балдардын укуктарын жана мыйзам-
дуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча, анын ичинде алдын алуучу кызматтар,
реабилитациялоо жана коомго реинтеграциялоо боюнча кызматтарды көрсө-
түү;
- эгерде анын эки ата-энеси тењ белгисиз болсо, балага фамилия, ат
жана атасынын атын ыйгаруу;
- баланын муктаждыктарын баалоонун натыйжасы боюнча ата-энесинин
камкордугусуз калган балдарды жайгаштыруунун формаларын тандоо;
- камкорчуларды, багып алуучуларды, фостердик жана кабыл алуучу
үй-бүлөлөрдү тандоону жүргүзүү;
- балдар эмгегин пайдалануунун уруксат берилген формалары жөнүндө
балдарга, иш берүүчүлөргө, ата-энелерге жана аларды алмаштыруучу адам-
дарга маалымдоо;
- тарбия берүүчү мекемелерде, дарылоочу мекемелерде, калкты соци-
алдык коргоо мекемелеринде жана башка ушуга окшош мекемелерде толук
мамлекеттик камсыздоодо турган балдарды багуу, тарбиялоо жана билим бе-
рүү шарттарын контролдоо;
- балдардын, ошондой эле баланын укугунун жана мыйзамдуу кызыкчы-
лыктарынын бузулушуна тиешеси бар кызмат адамдарынын, уюмдардын жана
жарандын кайрылууларын кароо;
- тергөө, прокуратура жана сот органдарында балдардын кызыкчылык-
тарын көрсөтүү;
- ата-энелерди ата-энелик укугунан ажыратуу үчүн же ата-энелик
укуктарынан ажыратпастан балдарды алардан алуу жөнүндө сотко кайрылуу;
- багып алуу жөнүндө корутунду берүү жолу менен балдарды багып
алуу жол жобосуна катышуу.
Бөлүмдүн милдеттеринин тизмесине конкреттүү жергиликтүү жамаатта
балдардын укуктарын ишке ашырууда региондогу кырдаалдардын абалына жа-
раша аныкталуучу кошумча милдеттер киргизилиши мүмкүн.
III. Бөлүмдүн функциялары
3.1. Бөлүмдүн функциялары:
3.1.1. Маалыматтар банкын түзүү жана дайыма жањыртуу:
- проблемалуу үй-бүлөлөр, анын ичинде мамлекеттик колдоого муктаж-
дар жөнүндө;
- ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө;
- камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө турган балдар жөнүндө;
- багып алууга, фостердик же асыроочу үй-бүлөлөргө тарбияланууга
берилген балдар жөнүндө;
- тарбия берүүчү мекемелерде, дарылоо-профилактикалык жана калкты
социалдык коргоо мекемелердеги балдар жөнүндө;
- балдарды багып алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары,
ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жөнүндө.
3.1.2. Үй-бүлө жана балдар (анын ичинде мектепке чейинки жана мек-
теп жашындагы балдар, "опурталдуу топтогу", "кризистик үй-бүлөлөрдүн"
балдары менен) менен иштери байланышкан өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө
маалымат базасын түзүү.
3.1.3. Ден-соолугунун абалы боюнча же соттун чечими боюнча көзө-
мөлчүлүккө муктаж жарандарды жана камкорчулук же көзөмөлчүлүк аныктал-
ган жарандарды эсепке алуу.
3.2. Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо чөйрөсүндө долбоорлорду
талдоо, болжолдоо, пландоо, программаларды, долбоорлорду иштеп чыгуу
функциялары:
- райондо (шаарда) үй-бүлө менен балдардын абалдарын иликтөө, тал-
доо жана баалоо, маалыматтар базасынын, социалдык паспортторунун маалы-
матынын негизинде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдө алардын муктаждыктарын
аныктоо;
- Кыргыз Республикасында балдардын укуктарын ишке ашыруу чөйрөсүн-
дө улуттук, региондук жана тармактык программалардын жоболорун ишке
ашырууга багытталган программаларды, пландарды, долбоорлорду иштеп чы-
гуу жана ишке ашыруу;
- мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар коомунда социалдык адаптация
жана интеграция үчүн шарттарды түзүү менен байланышкан иш-чараларды
пландоо жана өткөрүү;
- үй-бүлө менен балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын
коргоого багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чы-
гууга катышуу;
- райондун бюджетин түзүү баскычында сунуштарды иштеп чыгуу;
- үй-бүлөнү колдоо жана балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө мам-
лекеттик саясатты ишке ашырууга мамлекеттик заказды аткаруучу ведомст-
волук балдар мекемелерин жана коомдук уюмдарды өнүктүрүүнү кыска жана
орто мөөнөттү божомолдоо;
- көзөмөлсүз калуунун жана балдар арасында укук бузуулардын себеп-
терин алдын алуу жана четтетүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана
жүргүзүү.
3.3. Үй-бүлөнү колдоо, балдар укуктарын ишке ашыруу чөйрөсүндө иш-
мердик жүргүзүүчү субъекттердин ишмердигин координациялоо, жөнгө салуу
жана контролдоо.
3.4. Камкорчулуктун, көзөмөлчүлүктүн жана багып алуунун функцияла-
ры.
IV. Бөлүмдүн укуктары
4.1. Бөлүм өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашы-
руу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- баланын укугун, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кор-
гоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чы-
гууга катышууга;
- билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо жаатында
балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кор-
гоо боюнча мамлекеттик, муниципалдык максаттуу программаларды даярдоого
катышууга;
- алардын ишмердигин текшерүү максатында балдардын укуктарын жана
кызыкчылыктарын коргоо жаатында иштеген уюмдарга менчигинин түрүнө ка-
рабастан эркин кирүүгө;
- менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан жана мекемелерден, ошон-
дой эле кызмат адамдарынан жана жарандардан балдар укуктарын ишке ашы-
руу жана сактоо чөйрөсүндө алардын ишмердигине тиешелүү зарыл болгон
документтерди жана башка материалдарды сурап алууга;
- баланы үй-бүлөдө калтыруу же болбосо үй-бүлөдөн аны алып коюу,
ата-энелик укугунан ажыратуу же болбосо чектөө, камкорчулукту же көзө-
мөлчүлүктү аныктоо жөнүндө маселелерди чечүү максатында баланын жаша-
ган, тарбияланган жана окуган турак жай шарттарына иликтөө жүргүзүүгө;
- балдардын денесине же психикалык ден-соолугуна коркунуч болгон
кезде ата-энелеринен же аларды алмаштыруучу адамдардан балдарды убакты-
луу алып коюуга;
- баланын ата-энесин, камкорчуларды, асыроочуларды, көзөмөлчүлөр-
дү, багып алуучуларды жана баланы багуучу башка адамдарды алардын ком-
петенциясына кирген маселелер боюнча сүйлөшүү жана түшүндүрүү үчүн ча-
кырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдардын укуктарын,
эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында ата-эне-
лерди же аларды алмаштыруучу адамдарды жөндөмсүз ден табуу жөнүндө,
ата-энелик укуктарынан ажыратуу (чектөө) жөнүндө, ата-энелерден баланы
ата-энелик укуктарын ажыратпастан алын коюу жөнүндө, ошондой эле башка
учурларда сот органдарына доо арыз берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте укук
коргоо жана сот органдарында жана юстиция органдарында балдардын кызык-
чылыктарын жактоого;
- үй-бүлө менен балдар проблемалары боюнча илимий, координациялык
жана эксперттик кењештерди түзүүгө;
- Бөлүмдүн компетенциясына караштуу маселелер боюнча конференция-
ларды, кењешмелерди, жолугушууларды жана башка иш-чараларды уюштурууга
жана өткөрүүгө; балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кор-
гоо чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу бөлүгүндө адистештирилген мекеме-
лерге, уюмдарга жана билим берүү мекемелерине методологиялык жардамды
камсыз кылууга.
V. Бөлүмдүн ишин уюштуруу
5.1. Бөлүм тиешелүү түрдө райондук мамлекеттик администрациянын же
жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын түзүмдүк
подразделениеси болуп эсептелет, түздөн-түз алардын жетекчилиги менен
өзүнүн ишмердигин жүргүзөт.
5.2. Бөлүмдүн штаттык расписаниеси жана кызматтык милдеттери рай-
ондун мамлекеттик администрациясынын токтому менен аныкталат жана беки-
тилет.
5.3. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомуна
ылайык күчүн жоготту)
5.4. Бөлүмдү башчы жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рынын талаптарына ылайык сынактан өткөн адамдардын ичинен тиешелүү түр-
дө райондун мамлекеттик администрациясынын же жергиликтүү өзалдынча
башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын жетекчиси тарабынан кызматка
дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
5.5. Бөлүмдүн башчысы:
- Бөлүмдүн ишмердигине жетекчилик жүргүзөт жана Бөлүмгө жүктөлгөн
милдеттерди жана функцияларды тиешелүү түрдө аткарууга жеке жоопкерчи-
лик тартат;
- Бөлүмдүн ишин пландайт, бюджеттин долбоорун иштеп чыгат жана
райондун мамлекеттик администрациясынын кароосуна киргизет жана Бөлүм-
дүн чечимдерди аткаруусуна контроль жүргүзөт;
- Бөлүмдүн кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт, берил-
ген ыйгарым укуктарынын чектеринде алардын кызматтык милдеттерин аткар-
багандыгы үчүн Бөлүмдүн кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын
колдонот;
- финансылык, статистикалык жана башка отчетторду даярдайт, аларды
тиешелүү органдарга белгиленген мөөнөттө жана бекитилген формада берет
жана алардын тактыгы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Бөлүмдүн адистерин жана социалдык кызматкерлеринин квалификация-
ларын жогорулатууну уюштурат;
- жарандарды кабыл алууну жүргүзөт, Бөлүмдүн
компетенциясы/юрисдикциясы жөнүндө калкка маалымдайт жана балдардын
укуктарын колдонууну илгерилетүү боюнча жарандарды мобилизациялоого
шарт түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 токтомунун редакци-
ясына ылайык)
VI. Бөлүмдүн ишмердигин контролдоо
6.1. Бөлүмдүн ишмердигин контролдоону тиешелүү райондун мамлекет-
тик администрациясынын, мэриянын Балдар иштери боюнча комиссиясы, Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу балдардын укуктарын жана мыйзам-
дуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган жүргү-
зөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.04.2011 · № 169
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2008 · № 674
- " Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо…Постановление · 10.06.2008 · № 285 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексиКодекс · 07.08.2006 · № 151 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон