# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №17 "Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Карабуура районундагы Чымгент айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди берүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №17 "Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Карабуура районундагы Чымгент айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди берүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 307
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59197>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12840/edition/328370/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59197.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №17 "Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Карабуура районундагы Чымгент айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди берүү жөнүндө"токтому (17.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59197

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 17-июну № 307

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Талас облусунун

Карабуура районундагы Чымгент айылдык округунун

калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн

жерлерди берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Карабуура районундагы Чым-

гент айылдык округунун аймагында жайгашкан айылдарынын тургундарынын

социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер ко-

дексинин 4, 20 жана 81-статьяларына, "Жерлерди бир категориядан башка-

сына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоо-

нун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтомуна ылайык Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администра-

циясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык

комиссия менен макулдашылган, Талас облусунун Карабуура районундагы

Чымгент айылдык округунун аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлерин кайра

бөлүштүрүү фондунун 75,0 га сугат айдоосун "Айыл чарба багытындагы жер-

лер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу

жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администра-

циясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта

зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылу-

уну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын;

- Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Карабуура районундагы

Чымгент айылдык округунун калктуу конуштарынын чегараларын белгиленген

тартипте бекитүүнү камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
