Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Карабуура районундагы Чымгент айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди берүү жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 17-июну № 307
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун
Карабуура районундагы Чымгент айылдык округунун
калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн
жерлерди берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Карабуура районундагы Чым-
гент айылдык округунун аймагында жайгашкан айылдарынын тургундарынын
социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер ко-
дексинин 4, 20 жана 81-статьяларына, "Жерлерди бир категориядан башка-
сына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоо-
нун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтомуна ылайык Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администра-
циясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык
комиссия менен макулдашылган, Талас облусунун Карабуура районундагы
Чымгент айылдык округунун аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлерин кайра
бөлүштүрүү фондунун 75,0 га сугат айдоосун "Айыл чарба багытындагы жер-
лер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу
жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администра-
циясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта
зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылу-
уну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Карабуура районундагы
Чымгент айылдык округунун калктуу конуштарынын чегараларын белгиленген
тартипте бекитүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби…Постановление · 22.01.2008 · № 19 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.