# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июндагы №306 "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июндагы №306 "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 306
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/59196/edition/469560/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июндагы №306 "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому (04.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59196

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2008-жылдын 17-июну № 306

Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.

2. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүү жөнүндө маселени кароо компетенциясына кирген тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар ушул Жобонун талаптарын катуу сакташсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматына жүктөлсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

| Премьер-министри | И.Чудинов |
