# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылындагы 13-июндагы № 303 " Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, шаарларынын мэрияларынын аткаруу комитеттеринин коллегияларынын заседаниелеринде социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин кароо практикасы жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону ишке ашыруу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылындагы 13-июндагы № 303 " Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, шаарларынын мэрияларынын аткаруу комитеттеринин коллегияларынын заседаниелеринде социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин кароо практикасы жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону ишке ашыруу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 303
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12837/edition/328364/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылындагы 13-июндагы № 303 " Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, шаарларынын мэрияларынын аткаруу комитеттеринин коллегияларынын заседаниелеринде социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин кароо практикасы жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону ишке ашыруу жөнүндө"токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59190

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 13-июну № 303

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик

администрацияларынын, шаарларынын мэрияларынын

аткаруу комитеттеринин коллегияларынын

заседаниелеринде социалдык-экономикалык өнүктүрүү

маселелерин кароо практикасы жана кабыл алынган

чечимдердин аткарылышын контролдоону ишке ашыруу

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Баткен облусунун жергиликтүү мамле-

кеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарында, Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн токтомдорунда баяндалган социалдык-экономикалык милдет-

терди чечүү боюнча кыйла иштерди жүргүзгөндүгүн белгилейт.

Ушул милдеттерди аткаруу менен облустун жетекчилиги кадр иштерин

өркүндөтүү, социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү үчүн жетекчилер-

дин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чараларды көрүшкөн. Кадрлар менен

иштөөдө социалдык жана экономикалык милдеттерди чечүүгө алардын жооп-

керчилигин жогорулатуучу чыгармачыл демилгесин козгоочу жана жеке тие-

шелүүлүк сезимин тарбиялоочу методдор менен ыкмалар толук колдонула

баштаган. Кызматчылардын сапаттык курамы жакшырды - жергиликтүү мамле-

кеттик администрациялардын жана Кызылкыя, Сүлүктү шаарларынын мэрияла-

рынын аппараттарында жогорку билимдүү адистердин саны 90 проценттен

ашуунду түзөт, алардын тењинен көбү - экономикалык, техникалык, айыл

чарбалык жана юридикалык билими бар адистер. Айыл өкмөттөрүнүн аппарат-

тарында жогорку билимдүү адистердин саны аны үчтөн бирин, бүтпөгөн жо-

горку билимдүүлөр - 16 проценттен ашыкты түзөт. Гендердик саясатка кө-

бүрөөк көњүл бурула баштады, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар-

дын, шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн адистеринин арасын-

да дээрлик үчтөн бирин аялдар түзөт.

Өздөрүнүн практикалык иштеринде облустук, райондук мамлекеттик ад-

министрациялар жана шаарлардын мэриялары социалдык-экономикалык милдет-

терди чечүүгө дайыма көњүл бурушат. Бул маселелер алардын иш-планында

чагылдырылып, коллегиялардын жана аткаруу комитеттердин заседаниелерин-

де каралат.

Жыл сайын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын коллеги-

яларынын заседаниелеринде 30га чейинки ири маселелер, райондук мамле-

кеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын аткаруу коми-

теттеринде - орточо 25ке чейин маселе каралат. Облустун, шаарлардын жа-

на райондордун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары талдоого

алынып, квартал сайын коллегиялардын жана аткаруу комитеттердин заседа-

ниелеринде каралат.

Соњку эки жылда жана ушул жылдын төрт айында облуска Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн 546 токтому жана буйруктары келген. Алардан

өздүк чечимдерди кабыл алуу аркылуу 137си же 25 проценти ишке ашырыл-

ган, алардын дээрлик жарымы контролго коюлган.

"2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-мартындагы N 84 токтомун ишке

ашыруунун чектеринде жана облустун жетекчилигинин тапшырмасы боюнча

конкреттүү милдеттерди аныктоо максатында "2008-2010-жылдарга Баткен

облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы" иштелип чыккан,

анда бул Программанын иш-чараларын жүзөгө ашырууга тартылуучу каражат-

тарды баалоо наркы 8909,4 млн. сомду түзгөн.

Бул Программанын иш-чараларынын планында облусту социалдык-эконо-

микалык өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары чагылдырылган. Райондордун, ша-

арлардын аймактарынын, ошондой эле айрым поселоктук жана айылдык кењеш-

тердин дењгээлинде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн өздүк Программа-

лары иштелип чыккан.

Лейлек райондук депутаттар кењешинин 2007-жылдын 4-мартындагы №

4/1 чечими менен бекитилген, Лейлек районунун чегара жанындагы айылда-

рын 2007-2010-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы

көњүл бурууга арзыйт. Анда артыкчылыктуу багыттар: чегара жанындагы

айылдардын калкын ичүүчү таза суу жана газ менен камсыздоо, бир катар

инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарбасында - айыл чарба

продукцияларын кайра иштетүү боюнча чакан өндүрүштөрдү түзүү, сугат

системаларын реабилитациялоо, жүзүм өстүрүү боюнча кооперативдерди уюш-

туруу, жањы жумуш орундарын түзүү, калктуу конуштардын инфраструктура-

ларын өнүктүрүү жана көптөгөн башка иштер аныкталган.

Кадрлардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча облустун, райондордун

жана шаарлардын жетекчилиги кабыл алган турмуштук маанилүү милдеттер

облустун социалдык-экономикалык абалына оњ таасир тийгизүүдө.

2007-жылы облустун экономикасынын бардык негизги секторлорунда

өсүштүн дурус темптерине жетишилди. Алсак, мисалы 5648,8 млн. сомго

айыл чарба продукциясы өндүрүлдү, өндүрүш көлөмдөрүнүн өсүшү 1,9 про-

центти түздү, арпанын, жүгөрүнүн, тамекинин, картошканын, жашылчанын

дүњ жыйымы көбөйдү. Өнөр жай өндүрүш продукцияларын өндүрүү, соода жана

калкка акы төлөтүүчү кызматтарды көрсөтүүнүн көлөмүнүн өсүшү камсыздал-

ды. Облустун чакан жана орто ишканалары өндүргөн продукциялардын көлөмү

406,8 млн. сомду же облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жалпы

көлөмүнүн 28,8 процентин түздү. 2007-жылы капиталдык салымдардын көлөмү

460,5 млн. сомду түзүп, 29,0 мињ кв. метр жеке турак үй колдонууга бе-

рилди. 2007-жылы облустагы миграциялык процесстерди турукташтыруу мак-

сатында 8,2 мињ жумуш оруну түзүлдү.

Облустун экономикасындагы өзгөрүүлөр облустун бюджетинин киреше

бөлүгүн ийгиликтүү аткарууга өбөлгө болуп, 2007-жылдын жыйынтыгы боюнча

ал 2006-жылдын көрсөткүчүнөн 25 процентке ашып кетти.

Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы ишкердикти андан ары

өнүктүрүү үчүн чараларды көрүүдө, атап айтканда облустук жана Лейлек

райондук мамлекеттик администрациялардын алдында Инвестициялар боюнча

борборлор түзүлгөн, алар "бирдиктүү терезе" режиминде ишкердик иш-ара-

кеттин керектүү уруксат берүү документтерин тариздөө боюнча иштөөгө ба-

гытталган.

Мындан тышкары, соњку эки жылда облустун экономикасына 54,8 млн.

АКШ доллары өлчөмүндө чет өлкөлүк инвестициялар тартылган. Атап айткан-

да, Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу "Ички чарбалык сугат" долбоо-

рунун көмөгү менен жалпы наркы 134,9 млн. сомдук Суу пайдалануучулардын

6 ассоциациясындагы (СПА) объекттерди реабилитациялоо бүткөрүлгөн, ушул

жылдын биринчи кварталында "Кайыњды-Охна" СПАсында 14,7 млн. сом

өздөштүрүлгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары "АРИС" долбоо-

ру менен биргеликте Кызылкыя, Сүлүктү жана Баткен шаарларында суу менен

жабдуу системаларын реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча иштер-

ди жүргүзүүдө. Германия техникалык борборунун долбоорунун колдоосу ме-

нен Баткен шаарында "Мол түшүм" айыл чарба кооперативи түзүлгөн, анын

Лейлек жана Кадамжай райондорунун райондук борборлорунда филиалдары

бар. Кооперативде 80 топко бириккен 1500 мүчө бар, кооперативдин

мүчөлөрүн сапаттуу үрөн, уулуу химикаттар, ветеринардык препараттар,

чачыраткыч жана башка каражаттар менен жењилдик шарттарда камсыздоо ма-

селелери кыйла натыйжалуу чечилүүдө.

Шагыл төшөө аркылуу узундугу 49,9 км болгон Пүлгөн-Бүргөндү айлан-

ма жањы автожолун курууда 95,8 млн. ашуун сом өздөштүрүлгөн. Жолдун ай-

рым участоктору облустун жашоочуларынын активдүү катышуусу менен ашар

ыкмасында курулган, мындан тышкары калктан 3,6 млн. сом суммасында акча

каражаттары тартылган.

Жергиликтүү маанидеги иштерди чечүүдө калкты тартуу боюнча кыйла

иштер жүрүүдө. Облустун айыл өкмөттөрүндө жалпы саны 3612 адамдан тур-

ган 451 жамаат (жамааттык уюмдар) иштейт, алардын жалпы капиталы 13,3

млн. сомду түзөт. Лейлек районунда да дурус иштер жүрүүдө, мында 163

жамаат иштейт. Жамааттар айыл өкмөттөрүнө көптөгөн социалдык-экономика-

лык проблемаларды чечүүгө жардамдашат. Жамааттык уюмдар аркылуу жаран-

дар аймактардын иштерин башкарууга катышат.

Ошону менен бирге Баткен облустук, райондук мамлекеттик админист-

рациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын изилден-

ген маселе боюнча иштеринде жетишпестиктер жана кемчиликтер орун алган.

Айрым жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органдарынын уюштуруу иштеринин дењгээли учурдагы

талаптарга толук жооп бербейт. Мамлекеттик администрация башчылары, ша-

арлардын мэрлери жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары өзүнүн ишмердигин

өркүндөтүүгө тийиштүү көњүл бурулбайт, коллегиялардын жана аткаруу ко-

митеттеринин жергиликтүү ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү издеп табуу

жана пайдалануу боюнча сунуштарды жана иштеп чыгуу, социалдык-экономи-

калык милдеттерди кыйла натыйжалуу аткаруу боюнча ыйгарым укуктары алда

канча толук пайдаланылбайт. Ишти пландоодо олуттуу кемчиликтер бар.

Айыл өкмөттөрүнүн ишин пландоодо кыйла кемчиликтер орун алууда,

алардын көпчүлүгүндө социалдык-экономикалык өнүктүрүү, жогору турган

органдардын токтомдорунун жана өзүлөрүнүн чечимдеринин аткарылышын

контролдоо, иштердин абалы, аткаруучулук тартипти бекемдөө үчүн адис-

тердин жоопкерчилигин катуулатуу маселелери каралбай калууда. Иштердин

планынын мазмуну боюнча айыл өкмөттөрүнүн ишмердигинин багытын аныктоо

кыйын.

Атап айтканда Лейлек районунун Кулуњду айыл өкмөтүндө жыл ичинде

пландаштырылган 15 маселенин ичинен социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө

тиешелүү бир да маселе жок.

Коллегиялардын жана аткаруу комитеттеринин заседаниелериндеги

пландуу маселелер көп учурларда каралбай калат, ошол эле мезгилде план-

дан тышкары көптөгөн маселелер талкууга алынат.

Изилдөөгө алынган мезгилдин аралыгында жергиликтүү мамлекеттик ад-

министрациялар жана шаарлардын мэриялары пландаштырылган 271 маселенин

ичинен ар бир бешинчи маселеси каралбай калган, ар бир үчүнчүсү -

мөөнөттөрүн бузууга жол берүү менен каралган.

Ошол эле учурда коллегиянын заседаниелерине пландан тышкары 101

маселе киргизилип, 37 процентти түзгөн, анын ичинде Баткен облусунун

мамлекеттик администрациясы тарабынан - үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы, Лей-

лек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан - үчтөн эки бөлүгү.

Кызылкыя шаарынын мэриясы тарабынан жыл сайын ар бир үчүнчү маселе ка-

ралбай калат, 1.1 процентинен ашыгы - бекитилген мөөнөттөрүн бузуу ме-

нен каралат. Ишти пландоодо олуттуу кемчиликтер Баткен жана Кадамжай

райондорунун мамлекеттик администрацияларында орун алган.

Мисалы, облустук мамлекеттик администрациялардын коллегияларынын

заседаниелериндеги "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаар-

лардын мэрияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

инвестицияларды тартуу жана калкка чакан кредит берүү боюнча иштери

жөнүндө", "Ош-Баткен-Исфана автожол башкармалыгынын иши жөнүндө" сыяк-

туу пландык иштер каралбай калган. Лейлек районунун мамлекеттик адми-

нистрациясында "Социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестицияларды тартуу,

жумуш орундарын түзүү, социалдык-маданий объекттердин жана медицина

чөйрөсүндөгү Аксуу айыл өкмөтүндө өткөрүлүүчү иштер жөнүндө" пландуу

маселе каралган эмес. Кызылкыя шаарынын мэриясы тарабынан "Акбулак айыл

өкмөтүнүн жазгы-талаа иштерине даярдык көрүү боюнча жүргүзгөн иштери

жөнүндө" маселе каралбай калган.

Жогоруда турган органдардын токтомдору менен иштөөдө кемчиликтер

орун алган. Баткен районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-январындагы № 15
