# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы №298 "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы №298 "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 298
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12832/edition/328359/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59185.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы №298 "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө"токтому (13.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59185

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 13-июну № 298

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан

"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери"

категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жерлерди бир

категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун

(трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтомуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-

рациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык

комиссия менен макулдашылган, Тоњ районунун Тоњ айылдык округунун айма-

гында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жараны Бейшенбаев Акматка

жеке менчик укугунда таандык 15,0 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жерди

"Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жара-

тылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл

алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-

рациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып

коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуру-

унун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белги-

ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун

толтуруунун наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын жараны А.Бейшенба-

евдин төлөшүн камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
