# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы №297 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы №297 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 297
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12831/edition/394768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы №297 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому (13.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59184

---

КР Убактылуу Өкмөтүнүн

2010-жылдын 7-майындагы УӨ № 33 Декрети менен

колдонуу токтотулду

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 13-июну № 297

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик

администрация башчыларынын - облустардын

губернаторлорунун резервдик фонду

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация

башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө

тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде жыл сайын жерги-

ликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернатор-

лорунун резервдик фонддору боюнча сарптоолорду караштырсын;

- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары облустардын гу-

бернаторлору менен бирдикте Кыргыз Республикасынын республикалык бюдже-

тин жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын

губернаторлорунун резервдик фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жана пай-

далануу боюнча аткарууда ушул Жобону жетекчиликке алсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мони-

торинг бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тап-

шырылсын.

Премьер-министри И.Чудинов
