Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун облустук маанидеги шаарынын статусун ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 12-июну № 290
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун
Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага Кыргыз
Республикасынын Баткен облусунун облустук маанидеги
шаарынын статусун ыйгаруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Баткен райондук кењешинин жана Баткен шаардык кењешинин сессияла-
рынын "Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен
районунун курамынан чыгаруу жана ага Кыргыз Республикасынын Баткен об-
лусунун облустук маанидеги шаарынын статусун ыйгаруу жөнүндө" чечимин,
Баткен облусунун тургундарынын кайрылууларын көњүлгө алуу менен жана
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясын жетекчиликке алып
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- Баткен райондук жана Баткен шаардык кењештеринин сессияларынын
Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун
курамынан чыгаруу жана ага Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун об-
лустук маанидеги шаарынын статусун ыйгаруу жөнүндө чечимдери;
- "Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен
районунун курамынан чыгаруу жана ага Кыргыз Республикасынын Баткен об-
лусунун облустук маанидеги шаарынын статусун ыйгаруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) аталган мый-
зам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен
облусунун Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун облустук
маанидеги шаарынын статусун ыйгаруу жөнүндө
1-статья.
Баткен шаары Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен райо-
нунун курамынан чыгарылсын жана ага Кыргыз Республикасынын Баткен облу-
сунун облустук маанидеги шаарынын статусу ыйгарылсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен районунун жана
Баткен шаарынын чегараларынын сүрөттөлүштөрү бекитилсин.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен шаардык кењешинин
жана Баткен райондук кењешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары чакыры-
лыштын мөөнөтү бүткөнгө чейин сакталсын.
4-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мурда кабыл алынган бардык норматив-
дик укуктук актыларын ушул Мыйзамга, ал күчүнө кирген күндөн тартып үч
айдын ичинде ылайык келтирсин.
5-статья.
Бул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 745-IV ""Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага областтык…Постановление · 13.11.2008 · № 745-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Баткен шаары Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага областтык маанидеги шаар статусун берүү жөнүндөЗакон · 01.12.2008 · № 247
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон