# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-июнундагы №289 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-июнундагы №289 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 289
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12824/edition/328350/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-июнундагы №289 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59176

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 12-июну № 289

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик

жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 11-апрелиндеги №

131 "Экономикалык кылмыштын түрлөрүнө каршы күрөштү жүзөгө ашыруучу

мамлекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын иретке кел-

тирүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык, кылмыштын экономикалык түрлөрүнө каршы

күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ушул чөйрөдө иш жүргүзгөн мам-

лекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын иретке кел-

тирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө

кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын

директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп

дайындалсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик

жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-

дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,

1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизил-

син:

1. 340-статьяда:

- статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"340-статья. Чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын даярдоо,

сатуу, прокатка берүү, сатып алуу, сактоо, жасоо же коммерциялык мак-

саттарда башкача түрдө мыйзамсыз пайдалануу";

- биринчи бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндал-

сын:

"Чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын даярдоо, сатуу, про-

катка берүү, сатып алуу, сактоо, жасоо же коммерциялык максаттарда баш-

кача түрдө мыйзамсыз пайдалануу, төмөндөгү учурларда:";

- 3-пунктчада:

биринчи абзац ", эгерде ал аракеттер жазыктык жазалоо жосунунун

белгилерик камтыбаса" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 594-статьяда:

- 1-пункт "администрациялык-укук бузуу жөнүндө" деген сөздөрдөн

кийин ", администрациялык укук бузуу менен дене боюнча, мүлктүк же мо-

ралдык зыян келтирилген жапа чегүүчү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-пункт "иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун чаралары колдонул-

ган адамдын" деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле жапа чеккен тараптын

кызыкчылыгында" деген сөздөр менен толукталсын.

2-статья.

1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өз ченемдик

укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
