# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылындагы 12-июндагы №288 "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылындагы 12-июндагы №288 "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 288
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12823/edition/328349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылындагы 12-июндагы №288 "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59175

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 12-июну № 288

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык

чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 11-апрелиндеги №

131 "Экономикалык кылмыштын түрлөрүнө каршы күрөштү жүзөгө ашыруучу

мамлекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын иретке кел-

тирүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык, кылмыштын экономикалык түрлөрүнө каршы

күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ушул чөйрөдө иш жүргүзгөн мам-

лекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын иретке кел-

тирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендер-

ди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-

замына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-

нын долбоору жактырылсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын

директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп

дайындалсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык

чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-статья.

"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди

жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-

на (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1999-ж., №

8, 396-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

"финансылык полициянын генерал-лейтенанты.".

2. Мыйзамга тиркемедеги "Жогорку аскердик наамдар, класстык чен-

дер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар" бөлүгүнүн "Финансылык

полиция кызматкерлеринин атайын наамдары" графасы төмөнкүдөй мазмундагы

позиция менен толукталсын:

"финансылык полициянын генерал-лейтенанты.".

2-статья.

1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын

кызматкерлерине мурда ыйгарылган наамдар Кыргыз Республикасынын Финан-

сылык полиция кызматынын кызматкерлерине ыйгарылган наамдар катары таа-

нылаары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өз ченемдик

укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти Б. Бакиев
