# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-июнундагы №287 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-июнундагы №287 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 287
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12822/edition/328348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-июнундагы №287 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59174

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 12-июну № 287

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 11-апрелиндеги №

131 "Экономикалык кылмыштын түрлөрүнө каршы күрөштү жүзөгө ашыруучу

мамлекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын иретке кел-

тирүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык, кылмыштын экономикалык түрлөрүнө каршы

күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ушул чөйрөдө иш жүргүзгөн мам-

лекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын иретке кел-

тирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жа-

на толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбоору жактырылсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициясы-

нын директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп

дайындалсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1998-ж.,№ 7, 229-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 150-статьяда:

- биринчи бөлүк "Автордук укуктун же чектеш укуктардын объекттерин

мыйзамсыз пайдалануу" деген сөздөрдөн кийин "сатуу максатында чыгарма-

лардын же (жана) фонограммалардын, ЭЭМ үчүн программалардын контрафакт-

тык нускаларын сатып алуу, сактоо, ордун которуу же жасоо" деген сөздөр

менен толукталсын;

- статья төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"Эскертүү. Кылмыш жасоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын мый-

замдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсе ашкан зыян ушул

статьянын ири зыяны деп табылат.".

2. 178-статьянын биринчи бөлүгү "каттоодон мыйзамга ылайыксыз баш

тартуу же аларды" деген сөздөрдөн кийин "мыйзамда белгиленген мөөнөттө"

деген сөздөр менен толукталсын.

3. 184-статьяда:

статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"184-статья. Мыйзамсыз кредит берүү жана алуу";

статья төмөнкү мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:

"(3) Менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын кызмат адамдары жеке

жана юридикалык жактарга кредитти мыйзамсыз бергенде, же болбосо аларга

кредит берүүнүн жењилдетилген шарттарын мыйзамсыз бергенде эсептик

көрсөткүчтүн беш жүздөн бир мињге чейинки өлчөмүндөгү айыпка, же болбо-

со үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза-

ланат.".

4. 186-статья алып салынсын.

5. Кыргыз тилиндеги аталган Кодекстин 22-главасынын текстинде

187-статья алып салынсын.

6. 213-статьяга эскертүү төмөнкү мазмундагы абзац менен толуктал-

сын:

"Салык карызынын бүткүл суммасы, анын ичинде айыптар жана туумдар

ыктыярдуу түрдө тындырылган учурда жакты жазыктык куугунтуктоо жазык

процессинин ар кандай стадиясында токтотулууга тийиш. Бул бөлүмдүн жо-

болору ушул Кодекстин 210, 211, 212 жана 213-статьяларына жайылтылат.".

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өз ченемдик укук-

тук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
