# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июнундагы №278 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июнундагы №278 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 278
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12813/edition/410987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июнундагы №278 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтому (18.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59163

---

КР Өкмөтүнүн

2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 9-июну № 278

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым

чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында соттолгондорду жана камакка алынган адам-

дарды конвой менен алып жүрүүнү, ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун

органдарында жана мекемелеринде атайын жана аскердик наамдарды ыйгаруу-

ну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. "Түзөтүү мекемелерин кайтаруунун жана соттолгондорду жана кай-

тарууга алынган адамдарды конвойлук күзөтүү тартиптери жана шарттары

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-майындагы №

310 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

1-пункт "камактагы" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Ич-

ки иштер министрлигинин ички аскерлери аткарган" деген сөздөр менен то-

лукталсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы N 764 токтомуна ылайык

күчүн жоготту)

3. "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекеме-

лерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой

менен алып жүрүү боюнча департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-июлундагы № 475 токтому

менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү

мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды

конвой менен алып жүрүү боюнча департаменти жөнүндө жобого төмөнкүдөй

толуктоо киргизилсин:

- 4.2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толуктал-

сын:

"- Кыргыз Республикасынын юстиция министрине ортоњку жана улук же-

текчи курамга мурунку наамда белгиленген кызмат өтөө мөөнөтүнүн жарымы-

нан кем эмеси өткөндө, башкача айтканда кезектеги наамдар мөөнөтүнөн

мурда же мурунку наамды алгандан кийин бир жарым мөөнөтү өткөндө ээле-

ген штаттык кызматы боюнча каралгандан бир даражага жогору атайын жана

аскер наамдарын ыйгарууга сунуш киргизет;".

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Респуб-

ликасынын Ички иштер министрлиги өзүлөрүнүн чечимдерин ушул токтомго

ылайык келтиришсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-

лүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
