# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы №276 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө 2002-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы №276 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө 2002-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 276
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12811/edition/328334/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы №276 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө 2002-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (06.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59161

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 6-июну № 276

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения

Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашын

орнотуу жөнүндө 2002-жылдын 4-апрелинде Бишкек

шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

жөнүндө

Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Рес-

публикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасы-

нын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мый-

замдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө 2002-жылдын 4-апрелин-

де Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри

аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган

учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө

2002-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган

макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмө-

түнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө 2002-жылдын 4-апрелинде

Бишкек шаарында кол коюлган макулдашуу ратификациялансын.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги армян тарапка атал-

ган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги

жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткарганы жөнүндө билдирсин.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-

ну Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда каттоодон өткөрсүн.

4-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
