# "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2000-жылдын 2-февралында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтому 6 июнь 2008 ж. №275

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2000-жылдын 2-февралында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтому 6 июнь 2008 ж. №275
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 275
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12810/edition/328333/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2000-жылдын 2-февралында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтому 6 июнь 2008 ж. №275 (06.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59160

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 6-июну № 275

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь

Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы

жөнүндө 2000-жылдын 2-февралында Минск шаарында

кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Рес-

публикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2000-жылдын 2-февралында Минск

шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри

аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган

учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь

Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы

жөнүндө 2000-жылдын 2-февралында Минск шаарында

кол коюлган макулдашууну ратификдциялоо тууралуу

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмө-

түнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө 2000-жылдын 2-февралында Минск шаа-

рында кол коюлган макулдашуу ратификациялансын.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги беларусь тарапка

аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги

жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткарганы жөнүндө билдирсин.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-

ну Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда каттоодон өткөрсүн.

4-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
