# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы №270 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоорлору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы №270 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоорлору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 270
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12805/edition/328324/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы №270 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоорлору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59151

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 6-июну № 270

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга

киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин

долбоорлору жөнүндө

Кыргыз Республикасында экономиканы өнүктүрүү үчүн укуктук, эконо-

микалык жана уюштуруу шарттарын түзүү, ишкердикти өнүктүрүү жана инвес-

тицияларды тартуу үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын

Салык кодексинин долбоорлоруна макулдук берилсин.

2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-

тик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзам долбоорлору Кыр-

гыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-мартындагы №

212 "Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө кодексин

(Салык кодексин) колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар жөнүндө

кодексинин (Салык кодексинин) долбоорлору тууралуу" токтомуна ылайык

жиберилген "Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө ко-

дексин (Салык кодексин) колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар

жөнүндө кодексинин (Салык кодексинин) долбоорлору Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењешинен кайра алынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-мартындагы №

212 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар жөнүндө кодексин

(Салык кодексин) колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар жөнүндө

кодексинин (Салык кодексинин) долбоорлору тууралуу" токтому күчүн жо-

готту деп эсептелсин.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Салык кодексин

колдонууга киргизүү жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси ушул Мыйзамда башкача карал-

баса 2009-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболору ал колдонууга

киргизилгенден кийин пайда болгон салыктык укук мамилелерине жайылты-

лат.

3-статья.

Жер салыгы жана мейманкана салыгы 2009-жылдын 1-январынан

2010-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына

киргизилсин. 2011-жылдын 1-январынан тартып аталган салыктарды киргизүү

жергиликтүү кењештер тарабынан жүргүзүлөт.

4-статья.

Мүлккө салыкты киргизүү жана мүлк объектисинин салык салынуучу

наркын аныктоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары та-

рабынан 2008-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө зоналык К2 коэффициентинин маанисинин өлчөмдөрү жана калктуу

конуштардын нарктык зоналарынын чегаралары боюнча сунуштар киргизилсин.

5-статья.

Жер салыгын жана мүлккө салыкты эсептөө максатында белгиленүүчү

инфляция коэффициенти 2009-2010-жылдарда 1,0гө барабар деп кабыл алы-

нат.

6-статья.

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-статьясынын 4-пунк-

ту пайдаланылбаган жер участкалары бөлүгүндө 2010-жылдын 1-январынан

тартып колдонууга киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 360-статьясынын 1-пунк-

тундагы "Эгер ушул статьяда башкача каралбаса" деген сөздөр жана Кыргыз

Республикасынын Салык кодексинин 360-статьясынын 4-пунктунун 2) пунк-

тчасы 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 167-статьясынын биринчи

бөлүгүнүн 34-пунктчасы 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп

табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-статьясынын 1-пунк-

тунун 6-пунктчасы жана 239-статьясынын 2-пункту 2016-жылдын 1-январынан

тартып күчүн жоготту деп табылсын.

7-статья.

1. Жер казынасын пайдаланууга салыктар колдонулуудагы минерал-

дык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жана кайра чыгарууга чегерүүлөрдүн ор-

дуна киргизилээри белгиленсин.

2. Салык төлөөчүлөр минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жана

кайра чыгарууга чегерүүлөрдүн ордуна жер казынасын пайдалангандыгы үчүн

салыктарды төлөөгө милдеттүү.

8-статья.

Төмөнкүлөр белгиленсин:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилгенге

чейин классификацияланган, амортизацияланууга тийиш негизги каражаттар-

дын топторунун курамы өзгөрүүсүз калат. 2009-жылдын 1-январынан тартып

алынган негизги каражаттар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин та-

лаптарына ылайык классификацияланат.

2. 2008-жыл үчүн салык отчеттору жана декларациялар 2008-жылдын

31-декабрына карата белгиленген талаптарга ылайык берилет.

3. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен белгиленген пайыз-

дар, туумдар жана салык санкциялары 2009-жылдын 1-январынан тартып кол-

донулат.

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү

товарларга карата Кыргыз Республикасынын ушундай өткөрүү жүргүзүлгөн

күнгө карата салык мыйзамдарында каралган салыктардын ставкалары колдо-

нулат.

5. 2009-жылдын 1-январынан тартып салык салынуучу субъект тарабы-

нан жүргүзүлүүчү салык салынуучу берүүлөр төмөнкүлөргө карата 20 пайыз

ставкасы боюнча кошумча наркка салык салынууга жатат:

- кошумча наркка салык төлөөчү катары ушул субъектти каттоо колдо-

нууга киргизилген күндөн тартып жана 2008-жылдын 31-декабрында аяктоо

менен ушул мезгилдин ичинде сатып алынган жана өндүрүлгөн материалдык

ресурстардын калдыктары 2009-жылдын 1-январына карата;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу 2009-жылдын

1-январына чейин өткөрүлгөн товарлар.

6. Эгерде берүү 2009-жылдын 1-январына чейин салык алынуучу болуп

эсептелген жана 2009-жылдын 1-январынан тартып бошотулган берүүлөр ста-

тусуна ээ болгон учурда мурда кириштөөгө кабыл алынган, сатып алынган

материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы 2009-жылдын январы үчүн ко-

шумча наркка салык боюнча отчетто чагылдыруу менен Кыргыз Республикасы-

нын Салык кодексинин 266-статьясынын 6-пунктунун 3-пунктчасына ылайык

оњдоо киргизилүүгө тийиш.

9-статья.

1. "Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведо-

мосттору, 1991-жыл, № 22, 667-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 11-статьянын бешинчи бөлүгү алып салынсын;

- 13-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "коомдук уюмдар ишканалары үчүн

белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө" деген сөздөр алып салынсын;

- 17-статьянын үчүнчү бөлүгү алып салынсын;

- 20-статьянын экинчи бөлүгү алып салынсын.

2. "Кыргызстан Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун,

приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Сове-

тинин ведомосттору, 1991-жыл, № 22, 694-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-

зилсин:

- 61-статьянын экинчи бөлүгү алып салынсын.

3. "Кыргызстан Республикасындагы концессиялар жана концессиялык

ишканалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Респуб-

ликаеынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1992-жыл, № 3, 128-ст.)

төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 18-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"18-статья. Салык салуу

Концессиялык ишканага салык салуу Кыргыз Республикасынын салык

мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.".

4. "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан

Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1992-жыл, № 4/2,

175-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 31-статьянын үчүнчү бөлүгү алып салынсын;

- 46-статьянын экинчи бөлүгү алып салынсын.

5. "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына ("Свободные горы" гезитине тиркеме, № 1, 1992-жылдын августу)

төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 12-статьянын он үчүнчү бөлүгүндөгү "жер салыгын төлөө жана" де-

ген сөздөр алып салынсын.

6. "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку

Советинин ведомосттору, 1993-жыл, № 3, 90-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр

киргизилсин:

- 5-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "ушул Мыйзам" деген сөздөр ",

салык мыйзамдары" деген сөздөр толукталсын;

- 6-статьянын биринчи бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редак-

цияда берилсин:

"Эркин экономикалык зоналардын аймагынан Кыргыз Республикасынын

бажы аймагына ташылып чыгуучу товарларга карата:

1) салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык

жүргүзүлөт;

2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Респуб-

ликасынын бажы мыйзамына ылайык колдонулат.";

- 8-статьяда:

биринчи бөлүк алып салынсын;

бешинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Эркин экономикалык зоналардын субъекттеринде жалданып иштеген же-

ке адамдардан социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу

взностору "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзамына ылайык алынат.";

- 12-статьяда:

биринчи бөлүгүндөгү "Жењилдетилген салык салуу жана" деген сөздөр

"Өзгөчө" деген сөз менен алмаштырылсын;

экинчи бөлүгү алып салынсын.

7. "Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгындагы асыл-тукум иши

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын

Жогорку Советинин ведомосттору, 1993-жыл, № 3, 99-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүү киргизилсин:

- 4-статьянын биринчи бөлүгү алып салынсын.

8. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-

домосттору, 1993-жыл, № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 8-статьяда:

статьянын аталышында ". Пенсияларды салыктардан бошотуу" деген

сөздөр алып салынсын;

экинчи бөлүгү алып салынсын.

9. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-

домосттору, 1994-жыл, № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 16-статьянын бешинчи бөлүгү алып салынсын.

10. "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын не-

гиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1994-жыл, № 5, 161-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 9-статьянын бешинчи бөлүгүндө "жана салык салынбайт" деген

сөздөр алып салынсын;

- 42-статьяда:

статьянын аталышында жана биринчи абзацындагы "жана салыктык" де-

ген сөздөр алып салынсын;

үчүнчү абзацындагы "салык салуу жана" деген сөздөр алып салынсын;

төртүнчү абзацтын экинчи сүйлөмү алып салынсын;

- 45-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;

- 47-статьянын экинчи бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "салык салыну-

уга жатпайт," деген сөздөр алып салынсын.

11. "Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ички аскер-

лери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1994-жыл, № 6, 184-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 40-статьяда:

биринчи бөлүгү алып салынсын;

төртүнчү бөлүгүндөгү "салык салынбоочу" деген сөздөр алып салын-

сын.

12. "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгек-

чилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1996-жыл, № 5, 79-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 11-статьянын үчүнчү бөлүгү алып салынсын;

- 14-статьянын 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

- 15-статьянын 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

- 25-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

- 29-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "экономикалык иштен алынган

пайдадан жењилдетилген салык алуу түрүндөгү финансылык жардам" деген

сөздөр "финансылык" деген сөз менен алмаштырылсын.

13. "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иш-

теген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин ведомосттору, 1996-жыл, №

7, 100-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү

киргизилсин:

- 5-статья күчүн жоготту деп табылсын.

14. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр-

гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1997-жыл, № 8,

377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- VI бөлүм күчүн жоготту деп табылсын.

15. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомост-

тору, 1997-жыл, № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 53-статьяда:

статьянын аталышындагы "Салыктык" деген сөз алып салынсын;

1-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

2-пунктундагы "салыктардын," деген сөз алып салынсын.

16. "Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жа-

на жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-жылдын 17-июлу, № 52 (1661)

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 12-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"12-статья. Алкоголдук продукцияларга салык салуу

Алкоголдук продукцияларды чыгарууга, импорттоого жана сатууга са-

лык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык

жүргүзүлөт.";

- 16-статьянын 2-пунктунун алтынчы абзацындагы, 19-статьянын

3-пунктунун бешинчи абзацындагы, 22-статьянын 1-пунктунун төртүнчү аб-

зацындагы жана 23-статьянын 1-пунктунун жетинчи абзацындагы "ушул Мый-

замдын 12-статьясына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;

17. "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2002-жыл, № 6,

273-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"4. Салыктык эсепке алуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына

ылайык жүргүзүлөт.".

18. "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведо-

мосттору, 2003-жыл, № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-статьянын 2-пунктунда:

"салыктык жана" деген сөздөр алып салынсын;

"курчап турган чөйрөнү," деген сөздөрдөн кийин "салык салуу" деген

сөздөр менен толукталсын.

19. "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана меке-

мелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2003-жыл, № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүү киргизилсин:

- 36-статьянын сегизинчи бөлүгү алып салынсын.

20. "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эр-

кинтоо" гезити, 2002-жылдын 2-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-

зилсин:

- 10-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Банктар банк сырын түзүүчү маалыматтарды ыйгарым укуктуу мам-

лекеттик органга төмөнкү максатта беришет:

1) ушул укук мамилелерин жөнгө салуучу атайын мыйзамдын негизинде

гана, мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (изин

жашырууга) каршы аракеттенүү;

2) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктарды

эсептөө жана төлөө үчүн контролду камсыз кылуу.".

21. "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-жылдын 12-июну, № 42)

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "салыктарга жана башка" деген

сөздөр алып салынсын;

- 8-статьянын онунчу бөлүгүндөгү "салык салынууга жатпайт" деген

сөздөр алып салынсын;

- 9-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү алып салынсын.

22. "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1994-жыл, № 5,

157-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- II бөлүм төмөнкү мазмундагы 12-1 жана 12-2-статьялар менен то-

лукталсын:

"12-1-статья. Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып

чыгууга жыйым

1. Жыйымдын төлөөчүлөрү юридикалык жана жеке жактар (курулуштардын

ээлери) болот.

2. Жыйым ставкасынын өлчөмү шаарларда жана райондордо жергиликтүү

кењештердин чечимдери, поселкаларда, кыштактарда жана айылдарда - жа-

рандардын жыйналыштарында жана чогулуштарында бекитип берилген аянтка

жана ишканада иштегендердин санына (юридикалык жактар үчүн), курулуштун

өлчөмүнө, үйдүн тургундарынын санына (жеке адамдар үчүн) жараша, бирок

эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн 50 пайыздан ашык эмес өлчөмдө аныкталат

жана тиешелүү жергиликтүү бюджетке жылына бир жолу учурдагы жылдын

1-апрелине чейин төлөнөт.

12-2-статья. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым

1. Жыйымдын төлөөчүлөрү ушул максаттар үчүн жергиликтүү мамлекет-

тик администрациялар тарабынан атайын жабдылган же бөлүнгөн жерлерге

автомашиналарды парковкалоону ишке ашыруучу юридикалык жана жеке жактар

болуп саналат.

Жыйым айдоочулардын белгиленген үлгүдөгү квитанцияларды сатып алу-

усу жолу менен жүргүзүлөт.

2. Жыйымдын ставкасы орундун жайлуулук дењгээлине жана токтотуу

узактыгына жараша, бирок эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн 5 пайыздан аш-

паган өлчөмдө райондук, шаардык кењештин чечими менен белгиленет.

3. Жыйымды тиешелүү жергиликтүү бюджетке төлөө ай сайын отчеттук

мезгилден кийинки айдын 20сына чейин жүргүзүлөт.".

23. "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-

тоо", 1998-жылдын 5-июну, № 69-70) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-статьянын төртүнчү жана бешинчи абзацтары алып салынсын.

24. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1999-жыл, № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 8-статьяда:

статьянын аталышындагы "Кыймылсыз мүлккө салык." деген сөздөр алып

салынсын;

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Жер үчүн акы төлөө жерди пайдалангандык үчүн ижаралык акы

түрүндө төлөнөт. Жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына

ылайык төлөнөт.".

25. Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ("Эркинтоо" гезити,

2004-жылдын 23-июлу, № 56-59) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 260-статьянын 1-пунктундагы "0,1" деген цифра "0,09" деген цифра

менен алмаштырылсын.

26. "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-жыл-

дын 8-июну, № 41) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча ишкердик субъектте-

рине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодек-

си менен жөнгө салынат.";

- 2-статьянын бешинчи абзацы алып салынсын;

- 8-статья күчүн жоготту деп табылсын.

27. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө

кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,

1999-жыл, № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 393-статьяда:

биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "бирден үчкө чейин" деген

сөздөр "он" деген сөз менен жана "үчтөн бешке чейин" деген сөздөр

"элүү" деген сөз менен алмаштырылсын;

экинчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "үчтөн бешке чейин" деген

сөздөр "жыйырма" деген сөз менен жана "ондон жыйырмага чейин" деген

сөздөр "жүз" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 300-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"300-статья. Алкоголдук продукция үчүн акциздик маркаларды,

этикеткаларды, термокапкактарды, тыгындарды, мюзлени

жана башка комплекттөөчү материалдарды жасалмалоо же

болбосо кайтадан пайдалануу, сактоо,таратуу, сатуу

Алкоголдук продукция үчүн акциздик маркаларды, этикеткаларды, тер-

мокапкактарды, тыгындарды, мюзлени жана башка комплекттөөчү материал-

дарды жасалмалоо же болбосо пайдалануудан чыккандарын кайтадан пайдала-

нуу, ошондой эле аларды сактоо, таратуу жана сатуу, -

жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз, юридикалык жактарга

- элүү, эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алкоголдук продукция үчүн акциз-

дик маркалары, этикеткалары, термокапкактары, тыгындары, мюзлеси жана

башка комплекттөөчү материалдары жасалмаланган же кайталап пайдаланыл-

ган товарын конфискациялоо менен администрациялык айып салууга алып ке-

лет";

- 301-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик

көрсөткүчтүн өлчөмүндө тамеки буюмдарын жана алкоголдук ичимдиктерин

конфискациялоо менен администрациялык айып салууга алып келет";

- 310-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"310-статья. Документтерди алмаштыруу, өзгөртүү, кайра жасоо,

жасалмалоо, так отчеттуулук бланкаларын сакталышын

камсыз кылбоо жана жоголгон учурлары жөнүндө маалымат

бербөө

Документтерди алмаштыруу, өзгөртүү, кайра жасоо, жасалмалоо же

алардын сакталышын камсыз кылбоо, ошондой эле так отчеттуулуктагы

бланктардын (КНС боюнча эсептик фактуралардын, накладнойлордун ж.б.)

жоголгон же уурдалган учурлары жөнүндө өз учурунда маалымат бербөө,-

жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүчтүн

өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

- 346-статьяда:

биринчи бөлүктүн экинчи абзацында "үчкө чейин" деген сөздөр "жы-

йырма" деген сөздөргө жана "бештен онго чейин" деген сөздөр "жүз" деген

сөздөргө алмаштырылсын;

экинчи бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Бухгалтердик эсептин жоктугу, бухгалтердик эсепти бурмалоо, бух-

галтердик отчетторду, баланстарды, эсептөөлөрдү жана бюджетке салыктар-

ды эсептөө жана төлөө менен байланышкан башка документтерди бербөө, -";

экинчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейин" деген

сөздөр "жыйырма өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 348-статьяда:

аталышында жана биринчи бөлүктүн биринчи абзацында "мамлекеттик

салык инспекциясы" деген сөздөр "салык кызматы" деген сөздөр менен ал-

маштырылсын;

биринчи бөлүктүн экинчи абзацында "ондон жыйырмага чейин" деген

сөздөр "жарандарга - он, кызмат адамдарына - элүү" деген сөздөр менен

алмаштырылсын;

экинчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "жыйырмадан элүүгө чейин" деген

сөздөр "жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз" деген сөздөр ме-

нен алмаштырылсын;

- 351-статьяда:

статьянын аталышындагы жана биринчи бөлүктүн биринчи абзацындагы

"декларациялар жана төлөмдөр" деген сөздөр "бирдиктүү салык декларация-

лары жана салыктарды төлөбөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

биринчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "бирден экиге чейин" деген

сөздөр "жыйырма" деген сөзгө жана "ондон жыйырмага чейин" деген сөздөр

"элүү" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 352-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"352-статья. Салыктын суммасын азайтуу

Бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын

суммасын азайтуу, -

1) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жыйынды жылдык кирешеге 2 па-

йызга чейинки өлчөмдө - администрациялык жаза салууга алып келбейт;

2) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жыйынды жылдык кирешеге 2ден

5 пайызга чейинки өлчөмдө -

жарандарга - он, кызмат адамдарына - элүү эсептик көрсөткүч

өлчөмүндө администрациялык жаза салууга алып келет;

3) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жыйынды жылдык кирешеге 5 па-

йыздан ашкан салыктын суммасын азайтууда -

жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүч

өлчөмүндө администрациялык жаза салууга алып келет;

Билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө салык карыздарын төлөө жөнүндө

билдирүүнүн талаптарын аткарбоо, төмөнкү учурларда:

- ушул статьянын 1) пунктчасында көрсөтүлгөн учурда, жарандарга -

он, кызмат адамдарына - жыйырма беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө адми-

нистрациялык жаза салууга алып келет;

- ушул статьянын 2) пунктчасында көрсөтүлгөн учурда, жарандарга -

он беш, кызмат адамдарына - элүү эсептик көрсөткүч өлчөмүндө админист-

рациялык жаза салууга алып келет;

- ушул статьянын 3) пунктчасында көрсөтүлгөн учурда, жарандарга -

жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө админист-

рациялык жаза салууга алып келет.";

- 353-статьяда:

статьянын аталышында "Экономикалык ишти" деген сөздөн кийин "са-

лыктык" деген сөз менен толукталсын;

биринчи бөлүктүн биринчи абзацында "Салыктык инспекциясында" деген

сөздөр "Салыктык" деген сөз менен алмаштырылсын;

биринчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейинки" де-

ген сөздөр "жыйырма" деген сөзгө жана "жыйырмадан отузга чейинки" деген

сөздөр "жүз" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 355-статьяда:

биринчи бөлүктүн биринчи абзацындагы "ишканалар жана башка ишкер-

дик уюмдарды" деген сөздөр "коммерциялык жана башка уюмдарды" деген

сөздөр менен алмаштырылсын;

биринчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "жыйырмадан элүү" деген сөздөр

"жүз" деген сөз алмаштырылсын;

- 356-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "бештен он

беш" деген сөздөр "он беш" деген сөзгө жана "он бештен отуз" деген

сөздөр "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 410-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "бештен жы-

йырма" деген сөздөр "жыйырма" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 535-статьяда:

статьянын аталышындагы "Мамлекеттик салык инспекциясынын" деген

сөздөр "Салык кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

биринчи бөлүктүн биринчи абзацындагы "Мамлекеттик салык инспекция-

сынын" деген сөздөр "Салык кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын

жана "ушул Кодекстин 346, 348-353, 355, 356, 357-статьянын экинчи

бөлүгү, 362-статья, 410-статьяларында, 418-статьясынын экинчи

бөлүгүндө" деген сөздөр "ушул Кодекстин 346, 348-353, 355, 356, 410,

418-статьяларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 564-статьянын 2) пунктундагы "мамлекеттик салык инспекциясынын"

деген сөздөр "салык кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

28. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1998-жыл, N 7, 229-ст.)

төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 211-статьянын эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац ме-

нен толукталсын:

"Салык санкцияларын, туумдарды, пайыздарды кошкондо салык карызда-

рынын бүткүл суммасын ыктыярдуу төлөгөн учурда кылмыш процессинин каа-

лаган стадиясында адамды кылмыштык териштирүү токтотулууга тийиш. Эс-

кертүүнүн ушул бөлүгүнүн жоболору ушул Кодекстин 212, 213-статьяларына

да жайылтылат.";

- 214-статьяда:

биринчи бөлүктүн биринчи абзацы "мыйзамдуу талаптарын аткарбоо,"

деген сөздөрдөн кийин "салык кызматтары тарабынан берилген КНС боюнча

так отчеттуулуктагы эсеп-фактуралардын бланктарынын сакталышын көп жолу

камсыз кылбоо," деген толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"Эскертүү. Ишкер же чарбакер субъекттин кызмат адамы тарабынан са-

лык кызматтары тарабынан берилген КНС боюнча так отчеттуулуктагы

эсеп-фактуралардын бланктарынын сакталышын көп жолу камсыз кылбоо деп

жоголгон бланктардын комплектисинин санына карабастан акыркы 12 кален-

дарлык ай үчүн үчүнчү жолу КНС боюнча эсеп-фактуранын жоголушу эсепте-

лет.".

29. "Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1999-жыл,

N 8, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Финансы ми-

нистрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын

ыйгарым укуктуу салык органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5-статьянын 4-пунктунда "Салык кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Рес-

публикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги" деген

сөздөр менен алмаштырылсын.

7-статья күчүн жоготту деп табылсын.

10-статья.

1. Салык кодексинин колдонууга киргизилиши менен Кыргыз Республи-

касынын төмөнкү мыйзамдары күчүн жоготту деп табылсын:

- 1991-жылдын 17-декабрындагы N 660-ХII "Ишканалардан, бирикмелер-

ден жана уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө";

- 1992-жылдын 27-февралындагы N 760-ХII "Кыргыз Республикасындагы

өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга

бөлүнүүчү каражаттарды чегерүү жөнүндө";

- 1992-жылдын 6-мартындагы N 872-ХII "Ишканалардан, бирикмелерден

жана уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";

- 1992-жылдын 30-июнундагы N 925-ХII "Ишканалардан, бирикмелерден

жана уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";

- 1992-жылдын 30-июнундагы N 924-ХII "Кыргызстан Республикасындагы

өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн фонд жөнүндө" Кыргызстан

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

- 1992-жылдын 17-декабрындагы N 1088-ХII "Ишканалардан, бирикме-

лерден жана уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө" Кыргызстан Республика-

сынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";

- 1993-жылдын 7-майындагы N 1213-ХII "Кыргыз Республикасындагы

өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн фонд жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

- 1993-жылдын 8-майындагы N 1237-ХII "Ишканалардан, бирикмелерден

жана уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";

- 1994-жылдын 12-январындагы N 1397-ХII "Калк менен акчалай эсеп-

тешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы контролдук-кассалык машиналарды колдонуу

жөнүндө";

- 1994-жылдын 13-январындагы N 1416-ХII "Ишканалардан, бирикмелер-

ден жана уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө" Кыргызстан Республикасы-

нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";

- 1994-жылдын 25-майындагы N 1525-ХII "Ишканалардан, бирикмелерден

жана уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";

- 1995-жылдын 27-июлундагы жана 26-сентябрындагы N 25-1 "Ишкана-

лардан, бирикмелерден жана уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө" Кыр-

гызстан Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-

гизүү тууралуу";

- 1995-жылдын 28-сентябрындагы жана 28-декабрындагы N 37-I "Кыр-

гызстан Республикасындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу

үчүн каражаттарды чегерүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

- 1996-жылдын 26-июнундагы N 24 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексин колдонууга киргизүү жөнүндө";

- 1996-жылдын 26-июнундагы N 25 Кыргыз Республикасынын Салык ко-

декси;

- 1996-жылдын 27-декабрындагы N 66 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 1996-жылдын 18-мартындагы N 15 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 1996-жылдын 15-апрелиндеги N 20 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 1997-жылдын 19-декабрындагы N 91 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 1998-жылдын 26-майындагы N 67 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 1998-жылдын 20-октябрындагы N 133 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексинин 60-статьясын чечмелөө жөнүндө";

- 1999-жылдын 16-январындагы N 5 "Ишканалардан, бирикмелерден жана

уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоо киргизүү тууралуу";

- 1999-жылдын 19-мартындагы N 29 "Ишканалардан, бирикмелерден жана

уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

32-статьясын чечмелөө тууралуу";

- 1999-жылдын 19-мартындагы N 30 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексинин 104-статьясын чечмелөө жөнүндө";

- 1999-жылдын 13-июлундагы N 71 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 1999-жылдын 16-июлундагы N 77 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

- 1999-жылдын 17-июлундагы N 80 "1993-1994-жылдарда Өзбекстан Рес-

публикасына этти клирингдик жөнөтүүлөрдү камсыз кылган эт комбинаттарын

кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн, ошондой эле жазапул жана каржы

санкцияларын, салыктар менен милдеттүү төлөмдөр жана камсыздандыруунун

мүчөлүк акыларына чегерүүлөр боюнча туумду төлөөдөн бошотуу жөнүндө";

- 1999-жылдын 27-ноябрындагы N 130 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 1999-жылдын 1-декабрындагы N 135 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө";

- 2000-жылдын 22-февралындагы N 44 "Калк менен акчалай эсеп-

тешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы контролдук-кассалык машиналарды колдонуу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туура-

луу";

- 2000-жылдын 17-июлундагы N 60 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2000-жылдын 20-сентябрындагы N 76 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2000-жылдын 20-сентябрындагы N 77 "Ош-3000" мааракесин майрамдоо

менен байланышкан объекттерди курууну жүзөгө ашырып жаткан чарбакер

субъекттерге жењилдиктер берүү жөнүндө";

- 2001-жылдын 2-мартындагы N 26 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2001-жылдын 12-мартындагы N 29 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө";

- 2001-жылдын 5-майындагы N 39 "Алтын Балалык" калыбына келтирүү

комплексин курууга чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жүзөгө ашыры-

луучу жөнөтүүлөрдү салыктарды жана төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу

жөнүндө";

- 2001-жылдын 26-июнундагы N 59 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2001-жылдын 14-июлундагы N 75 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2001-жылдын 7-декабрындагы N 102 "Чакан ишкердиктин субъекттери-

не салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму жөнүндө";

- 2001-жылдын 7-декабрындагы N 105 "2001-жылдын 14-июлундагы "Кыр-

гыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу";

- 2001-жылдын 7-декабрындагы N 106 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана то-

луктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Эркинтоо" гезити, 2001-жылдын 4-июлу, N

48);

- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү

жөнүндө" ("Эркинтоо" гезити, 2001-жылдын 3-октябры, N 72);

- 2002-жылдын 1-апрелиндеги N 46 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексинин 161-статьясын чечмелөө жөнүндө";

- 2002-жылдын 11-майындагы N 79 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2003-жылдын 10-январындагы N 3 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө";

- 2003-жылдын 8-мартындагы N 57 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2003-жылдын 14-апрелиндеги N 73 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

- 2003-жылдын 30-апрелиндеги N 90 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2003-жылдын 14-июнундагы N 107 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2003-жылдын 14-июлундагы N 155 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

- 2003-жылдын 28-июлундагы N 156 "Ишканалардан, бирикмелерден жана

уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүү киргизүү тууралуу";

- 2003-жылдын 28-июлундагы N 157 "Ишканалардан, бирикмелерден жана

уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүү киргизүү тууралуу";

- 2003-жылдын 28-августундагы N 200 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2003-жылдын 27-декабрындагы N 240 "Ишканалардан, бирикмелерден

жана уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мына толуктоо киргизүү тууралуу";

- 2003-жылдын 27-декабрындагы N 241 "Ишканалардан, бирикмелерден

жана уюмдардан алынуучу салыктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мынын 32-статьясын чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоо киргизүү жөнүндө";

- 2004-жылдын 5-январындагы N 1 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

- 2004-жылдын 5-январындагы N 2 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө";

- 2004-жылдын 5-январындагы N 4 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө";

- 2004-жылдын 11-мартындагы N 21 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексинин айрым статьяларын чечмелөө жөнүндө";

- 2004-жылдын 25-мартындагы N 48 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө";

- 2004-жылдын 25-мартындагы N 49 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө";

- 2004-жылдын 1-июлундагы N 82 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2004-жылдын 1-июлундагы N 83 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине толуктоо киргизүү жөнүндө";

- 2004-жылдын 17-сентябрындагы N 167 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2004-жылдын 17-сентябрындагы N 168 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө";

- 2004-жылдын 30-сентябрындагы N 171 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө";

- 2005-жылдын 4-февралындагы N 14 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө";

- 2005-жылдын 30-ноябрындагы N 156 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексинин 9-статьясынын отуз сегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндө";

- 2006-жылдын 1-февралындагы N 32 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2006-жылдын 3-июнундагы N 89 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

- 2006-жылдын 25-июлундагы N 128 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине толуктоо киргизүү жөнүндө";

- 2006-жылдын 16-августундагы N 172 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексинин 108-статьясын чечмелөө жөнүндө";

- 2006-жылдын 23-ноябрындагы N 186 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө";

- 2006-жылдын 28-декабрындагы N 209 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

- 2007-жылдын 25-апрелиндеги N 44 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө";

- 2007-жылдын 30-июлундагы N 101 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине толуктоо киргизүү жөнүндө";

- 2007-жылдын 9-августундагы N 138 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2007-жылдын 9-августундагы N 142 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

- 2008-жылдын 19-мартындагы N 27 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине толуктоо киргизүү жөнүндө";

- 2008-жылдын 19-мартындагы N 28 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө;

- 2008-жылдын 20-мартындагы N 33 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине толуктоо киргизүү жөнүндө";

- 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 66 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2008-жылдын 15-майындагы N 83 "Чакан ишкердик субъектеринен са-

лык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

- 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 66 "Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2008-жылдын 19-майындагы N 91 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине толуктоо киргизүү жөнүндө".

2. Күчүн жоготту деп табылсын:

- 1994-жылдын 16-апрелиндеги N 1501-ХII "Кыргыз Республикасынын

айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын IX бөлүмү;

- 1999-жылдын 13-июлундагы N 69 "Кыргыз Республикасынын айрым мый-

зам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 1-статьясы;

- 2002-жылдын 20-мартындагы N 41 "Кыргыз Республикасынын айрым

мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясы;

- 2003-жылдын 18-декабрындагы N 235 "Кыргыз Республикасынын айрым

мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы;

- 2004-жылдын 11-июнундагы N 73 "Кыргыз Республикасынын айрым мый-

зам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 5-статьясы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы

ПЖ N 468 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү

жөнүндө" мыйзам күчүнө ээ Жарлыгы;

- 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 69 "Кыргыз Республикасынын айрым

мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамынын 1-статьясы.

11-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- салык базасын аныктоо үчүн, 2009-жылдын ичинде:

тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруусун-

дагы жана тескөөсүндөгү Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун

жерлерине жана айылга жакын жайлоолорго инвентаризация жүргүзсүн;

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине инвентари-

зация жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча айыл чарба өндүрүшү үчүн жараксыз

жерлерди башка категориядагы жерлерге которууну ишке ашырсын.

- Негизги фонддордун жалпы мамлекеттик классификаторун бекитсин;

- салык төлөөчүлөр тарабынан чегерүүлөрдү аныктоо үчүн колдонулуу-

чу табигый кемүүнүн нормаларын бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине ылайык келтирүү боюнча сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизсин;

- ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Салык кодекси-

не ылайык келтирсин.

12-статья.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана салык маселелерин жөнгө са-

луучу башка ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексине карама каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулаары белгиленсин.

13-статья.

Бул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛЫК КОДЕКСИ

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

## I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

## 1-глава. Жалпы жоболор

## 2-глава. Кыргыз Республикасынын салык системасы

## II БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК УКУК МАМИЛЕЛЕРИНИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ

## 3-глава. Салык төлөөчү. Салык боюнча өкүл

## 4-глава. Салык кызматы

## III БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК МИЛДЕТТЕНМЕ ЖАНА САЛЫКТЫК КАРЫЗ

## 5-глава. Жалпы жоболор

## 6-глава. Салыктык милдеттенмелерди аткаруу. Салыктык

милдеттенмелердин токтотулушу

## 7-глава. Салыктык милдеттенмелерди аткарууну жана салыктык

карыздарды жоюуну камсыздоо

## 8-глава. Салыктык милдеттенмени аткаруу жана салыктык карызды

жоюу мөөнөттөрүн өзгөртүү

## 9-глава. Салыктарды эсепке алуу жана кайтарып берүү

## 10-глава. Салыктык милдеттенме жөнүндө кабарлоо

## 11-глава. Эсепке алуу документтери жана салыктык отчеттуулук

## IV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК КОНТРОЛЬ

## 12-глава. Салык органына каттоо

## 13-глава. Салыктык текшерүүлөр

## 14-глава. Фискалдык эске тутуусу менен контролдук-кассалык

машиналарды колдонуу. Салык посту

## 15-глава. Салык иш-аракеттерин жүргүзүүдө кирүү, текшерүү,

документтерди талап кылуу, экспертиза жүргүзүү,

протокол түзүү

## 16-глава. Айрым учурларда салыктык контроль жүргүзүүнүн

өзгөчөлүктөрү

## 17-глава. Салык кызматынын органдарынын башка субъекттер менен

өз ара аракети

## V БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК УКУК БУЗУУ ЖАНА АНЫ БУЗУУ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК

## 18-глава. Салыктык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик жөнүндө

жалпы жоболор

## 19-глава. Салыктык укук бузуулардын түрлөрү жана аларды жасоо

үчүн жоопкерчилик

## VI БӨЛҮМ. САЛЫК КЫЗМАТЫ ОРГАНДАРЫНЫН ЧЕЧИМДЕРИНЕ ДАТТАНУУ,

АЛАРДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН АРАКЕТТЕРИ ЖАНА/ЖЕ

АРАКЕТСИЗДИГИ

## 20-глава. Салык кызматы органдарынын чечимдерине даттануунун

тартиби

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

## 21-глава. Салыктык эсеп

## VII БӨЛҮМ. КИРЕШЕ САЛЫГЫ

## 22-глава. Жалпы жоболор

## 23-глава. Жылдык жыйынды киреше жана башка кирешелер

## 24-глава. Салыктык базаны аныктоо үчүн жыйынды кирешеден чыгарып

салуулар

## 25-глава. Киреше салыгынын ставкалары. Киреше салыгын эсептөө

тартиби

## 26-глава. Салык агенттери тарабынан киреше салыгы боюнча

салыктык милдеттенмелерди аткаруу

## 27-глава. Жеке жактардын айрым категорияларына салык салуунун

өзгөчөлүктөрү

## VIII бөлүм. Пайдага салык

## 28-глава. Жалпы жоболор

## 29-глава. Жылдык жыйынды киреше

## 30-глава. Чыгарып салууга тийиш болгон чыгымдар

## 31-глава. Салыктык жењилдиктер

## 32-глава. Салыктын ставкасы. Кирешеге салыкты эсептөөнүн,

декларациялоонун жана төлөөнүн тартиби

## 33-глава. Салык төлөөчүлөрдүн жана кирешелердин айрым

категорияларына салык салуунун өзгөчөлүктөрү

## 34-глава. Кыргыз Республикасындагы киреше булагында чет

өлкөлүк уюмдардын кирешелерине салык салуунун

өзгөчөлүктөрү

## IX БӨЛҮМ. КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ

## 35-глава. Жалпы жоболор

## 36-глава. Салык салынуучу субъект

## 37-глава. Салык салуу объектиси

## 38-глава. Бошотулган жөнөтүүлөр жана КНСтин ставкасы нөлгө

барабар болгон берүүлөр

## 39-глава. Салыктык база

## 40-глава. Салыктык мезгил. КНСти эсептөөнүн, төлөөнүн жана

ордун толтуруунун тартиби

## X БӨЛҮМ. АКЦИЗ САЛЫГЫ

## 41-глава. Жалпы жоболор

## 42-глава. Салык салуунун өзгөчөлүктөрү

## XI БӨЛҮМ. ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНГАНДЫК ҮЧҮН САЛЫКТАР

## 43-глава. Жалпы жоболор

## 44-глава. Бонус

## 45-глава. Роялти

## XII БӨЛҮМ. САТУУДАН АЛЫНЧУ САЛЫК

## 46-глава. Жалпы жоболор

## 47-глава. Сатуудан салыкты эсептөө

## XIII БӨЛҮМ. МҮЛК САЛЫГЫ

## XIV БӨЛҮМ. ЖЕР САЛЫГЫ

## 48-глава. Жалпы жоболор

## 49-глава. Жер салыгынын ставкалары

## 50-глава. Салыкты эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби

## 51-глава. Салык боюнча жењилдиктер

## XV БӨЛҮМ. МЕЙМАНКАНА САЛЫГЫ

## XVI БӨЛҮМ. АТАЙЫН САЛЫКТЫК РЕЖИМДЕР

## 52-глава. Салыктык милдеттенмелерди патенттин негизинде

аткаруунун шарттары

## 53-глава. Милдеттүү патенттин негизиндеги салык

## 54-глава. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык

## 55-глава. Бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөөчүлөргө

салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы

## 56-глава. Салыктык контракттын негизиндеги салыктар

## 57-глава. Эркин экономикалык зоналардагы салык режими

## 58-глава. Атайын каражаттарга салык

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

## I БӨЛҮМ

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

## 1-глава

Жалпы жоболор

1-статья. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен жөнгө

салынуучу мамилелер

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (мындан ары - Кодекс)

төмөнкүдөй мамилелерди жөнгө салат:

1) Кыргыз Республикасында салыктарды белгилөө, колдонууга киргизүү

жана алуу боюнча;

2) салык контролун ишке ашыруу процессинде келип чыгуучу;

3) ушул Салык кодексинин талаптары бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик-

ке тартуу боюнча;

4) салык кызматынын органдарынын чечимдерине, алардын кызматкерле-

ринин аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануу боюнча.

2. Бул Кодексте жөнгө салынуучу мамилелер салыктык укуктук мамиле-

лер болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товар-

ларга салык салуу боюнча мамилелерге бажы мыйзамдары Кыргыз Республика-

сынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жана ага карама-каршы

келбеген бөлүгүндө колдонулат.

2-статья. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары - бул салыктык укук ма-

милелерин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын системасы.

2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары төмөнкүдөй нормативдик

укуктук актылардан турат:

1) ушул Кодекстен;

2) ушул Кодекстин негизинде кабыл алынган нормативдик укуктук ак-

тылардан (мындан ары ушул Кодексте - Кыргыз Республикасынын салык мый-

замдарынын актылары).

3. Бул Кодекс төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) Кыргыз Республикасында салык салуунун принциптерин;

2) Кыргыз Республикасында салыктар системасын;

3) Кыргыз Республикасында алынуучу салыктардын түрлөрүн;

4) жергиликтүү салыктарды колдонууга киргизүүнүн тартибин жана

колдонууну токтотууну;

5) салык мыйзамдарынын келип чыгышынын, өзгөрүшүнүн, токтотулушу-

нун жана аткаруу тартиптеринин негиздерин;

6) салык төлөөчүлөрдүн, салык кызматы органдарынын жана башка са-

лыктык укук мамилелеринин катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин;

7) салык контролунун формаларын жана методдорун;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды бу-

зуу үчүн жоопкерчиликти;

9) салык кызматы органдарынын чечимдерине жана алардын кызматкер-

леринин аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануу тартибин.

3-статья. Эл аралык келишимдердин колдонулушу

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгилен-

ген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде Кыргыз Республикасы-

нын салык мыйзамдарында каралгандан башка нормалар белгиленсе, анда

ошол эл аралык келишимдин нормалары колдонулат.

4-статья. Бул Кодексте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар

1. Бул Кодексте колдонулуучу институттар, жарандык, үй-бүлөлүк,

бажы жана башка тармактардын терминдери жана аныктамалары, Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдары эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, бул

тармактардагы мыйзамдар кандай болсо ошондой мааниде колдонулат.

2. Бул Кодексте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

1) "Агент" - жарандык-укуктук келишимдердин, анын ичинде тапшыруу,

комиссиялардын, транспорттук экспедициянын келишимдеринин же болбосо

агенттик келишимдин негизинде ишке ашырылуучу иш-аракеттердин субъекти.

2) "Мүлк" - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык

мүлккө тиешелүү объекттер, ошондой эле мүлктүк жана мүлктүк эмес укук-

тар.

3) "Бюджет" - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети.

4) "Банк" - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары

ушул Кодексте - КРУБ) лицензиясы же күбөлүгү бар коммерциялык банк,

адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелер же уюмдар.

5) "Түшкөн акча" - бухгалтердик эсептин тандалып алынган методуна

жараша товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан салык

төлөөчү алган же алууга тийиш болгон акча каражаты.

6) "Субъект" - уюштуруу-укуктук формаларына, ишмердигинин түрүнө,

баш ийүүсүнө жана менчик формасына карабастан экономикалык ишмердик

жүргүзүүчү жана/же салык салуу объекттери бар жеке адамдар, жеке ишкер,

уюм, шарттуу подразделение, туруктуу мекеме.

7) "Эсеп" - банктагы эсептешүү жана башка эсеп, ага ишкердик

жүргүзгөн жактын акча каражаты кириштелет жана андан сарпталып турат.

8) "Негизги каражат" - мүлк, ал ушул Кодексте башкача каралбаса,

Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык

наркы 10000 сомдон ашкан негизги акча каражаты болуп саналат.

9) "Салыктык карыз" - недоимканын суммасы, ошондой эле проценттер-

дин, туума айыптардын жана салык санкциялардын төлөнбөгөн суммасы.

10) "Недоимка" - сумма налога, не уплаченная в срок, установленный

налоговым законодательством Кыргызской Республики.

11) "Салык төлөөчү мойнуна алган салыктык карыз" - салыктык отчет-

туулукта салык төлөөчү көрсөткөн салыктык карыздын төлөнбөгөн суммасы,

ошондой эле салык төлөөчү мойнуна алган же аны төлөө жөнүндө мыйзамдуу

күчүнө кирген соттун чечими бар, салыктык текшерүүнүн натыйжасында

эсептелген салыктын суммасы.

12) "Чакан ишкердик субъекти" - салык кызматынын органдарында бел-

гиленген тартипте катталган жана жылына кошумча наркка салык боюнча

каттоо чегинин өлчөмүнөн ашкан көлөмдөгү кирешеси бар ишкердик

жүргүзүүчү уюм же жеке адам.

13) "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" - салыктык укук мамилеле-

рин жөнгө салуу боюнча иш милдеттери жана ыйгарым укуктары бар Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик органы.

14) "Ыйгарым укуктуу салык органы" - Кыргыз Республикасынын салык

кызматынын борбордук мамлекеттик органы.

15) "Салык органдары" - Ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык

жана/же функционалдык подразделениелери.

3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын терминдери жана

аныктамалары ушул Кодекстин тиешелүү статьяларында аныкталган маанилер-

де колдонулат.

5-статья. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын принциптери

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын принциптери ушул Ко-

дексте аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары төмөнкүдөй принциптерге

негизделет:

1) салык салуунун мыйзамдуулугуна;

2) салык салуунун милдеттүүлүгүнө;

3) салык системасынын бирдиктүүлүгүнө;

4) салык мыйзамдарынын ачык-айкындыгына;

5) салык салуунун акыйкаттыгына;

6) салык төлөөчүнүн ак ниеттүүлүгүнүн презумпциясына;

7) салык салуунун аныкталгандыгына;

8) мыйзамдуулук презумпциясына;

9) салык мыйзамдарынын туруктуулугуна.

3. Салык мыйзамдарынын нормалары ушул Кодексте белгиленген прин-

циптерге карама-каршы келиши мүмкүн эмес.

4. Салыктар ушул мыйзам менен гана белгиленет же алып салынат.

5. Ушул Кодекс менен жергиликтүү кењешке берилген ыйгарым укуктар-

дын чектеринде жергиликтүү салыктар жергиликтүү кењештердин нормативдик

укуктук актылары менен колдонууга киргизилет.

6. Мыйзамдарга Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп са-

налбаган, ушул Кодексте каралган учурлардан тышкары салыктык укук мами-

лелерин жөнгө салуучу нормаларды киргизүүгө тыюу салынат.

7. Салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон норма-

лардын жоктугун салык төлөөчүгө, салыктык өкүлгө каршы колдонулууга

мүмкүн эмес.

6-статья. Салык салуунун мыйзамдуулук принциби

Ушул Кодексте каралбаган салыкты ошондой эле салыктык белгилери

бар ушул Кодексте белгиленгенден ашыкча, же болбосо ушул Кодексте анык-

талгандан башкача белгиленген же башка тартипте колдонууга киргизилген

взносту же төлөмдөрдү төлөөгө эч кимге милдет жүктөлбөйт.

7-статья. Салык салуунун милдеттүүлүк принциби

Ар бир адам ушул Кодексте каралган тартипте жана учурларда салык

салууга милдеттүү.

Салыктык укук мамилелеринин бардык катышуучулары Кыргыз Республи-

касынын салык мыйзамдарын сактоого милдеттүү.

8-статья. Салык системасынын бирдиктүүлүк принциби

Кыргыз Республикасынын салык системасы Кыргыз Республикасынын бар-

дык аймактарында бирдей болуп саналат.

9-статья. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын

ачык-айкындуулук принциби

Салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу нормативдик укуктук акты-

лар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү

түрдө жарыяланууга тийиш.

10-статья. Салык салуунун акыйкаттуулук принциби

1. Кыргыз Республикасында салык салуу жалпыга бирдей болуп сана-

лат.

2. Жеке мүнөздөгү салык жењилдиктерин берүүгө тыюу салынат.

3. Салыктар басмырлоочу мүнөздө жана гендердик, социалдык, раса-

лык, улуттук, диний критерийлерге жараша ар кандай түрдө колдонулбайт.

11-статья. Ак ниеттүүлүктүн презумпция принциби

Салык төлөөчү жана салык боюнча өкүл Кыргыз Республикасынын салык

мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык документ аркылуу тастыкталган

маалыматтардын негизинде бул факты четке кагылмайынча ак ниеттүү ара-

кеттенген катары таанылат.

12-статья. Мыйзамдуулуктун презумпция принциби

1. Салыктык укук мамилелери келип чыкканда салык төлөөчү же салык

боюнча өкүл Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында мындай аракет-

терге же аракетсиздикке тыюу салынган учурлардан тышкаркы бардык учур-

ларда мыйзамдуу аракеттенүүчү же аракеттенбөөчү катары таанылат, мында

ошол эле мезгилде төмөнкүдөй шарттар сакталышы керек:

1) аракеттенүү же аракетсиздик Кыргыз Республикасынын салык мый-

замдарында белгиленген принциптерде каршы келбеши; жана

2) аракеттенүү же аракетсиздик салык милдеттенмелерин тийиштүү

түрдө аткарууга жолтоо кылбашы.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, салык кызматынын органдары,

бажы органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

алардын аракети Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралса, са-

лыктык укуктук мамилелери пайда болгондо мыйзамдуу аракеттенген катары

таанылат.

Ушул пунктта каралган органдарга эгерде мындай аракеттер Кыргыз

Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаса, андай иштерди жүргүзүүгө

тыюу салынат.

13-статья. Салык салуунун аныкталгандык принциби

1. Салык салуу аныкталган болууга тийиш.

Салык салуунун аныкталгандыгы салыктык милдеттенмелердин келип чы-

гышынын, аткарылышынын жана токтотулушунун бардык негиздерин жана тар-

тибин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгилөө мүмкүндүгүн

билдирет.

2. Салыктарды белгилөөдө ушул Кодекстин XVI бөлүмүн кошпогондо са-

лыктардын ар бири боюнча салык салуунун бардык элементтери аныкталууга

тийиш.

14-статья. Мейкиндик, убакыт жана адамдардын чөйрөсү боюнча Кыргыз

Республикасынын салык мыйзамдарынын колдонулушу

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары тиешелүү аймакта колдо-

нулган жергиликтүү кењештердин нормативдик укуктук актыларын кошпогондо

Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында колдонулат.

2. Жањы салыктарды белгилөө, салыктардын ставкаларын жогорулатуу

бөлүгүндө ушул Кодекске өзгөртүү киргизилчү Кыргыз Республикасынын мый-

замдары кийинки салык мезгилинин биринчи числосунан тартып, алар расмий

жарыялангандан кийинки эки айдан эрте эмес күчүнө кирет.

3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары кайра күчүнөн тайышы

мүмкүн, эгерде алар:

1) салык жоюлса;

2) салыктын ставкаларынын өлчөмү төмөндөсө;

3) салыктык укуктук мамилелерин катышуучусу милдетинен бошотулса;

4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу

үчүн жоопкерчиликтен бошотулса же жоопкерчилик төмөндөсө;

5) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун укуктарын коргоонун

кошумча кепилдиктери белгиленсе;

6) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун абалы башкача түрдө

жакшырса.

4. Жањы салыктарды белгилөөчү; салыктардын ставкаларынын

өлчөмдөрүн жогорулатуучу; салыктык укуктарды бузуу үчүн жоопкерчилик

белгилөөчү же күчөтүүчү; салыктык укук мамилелеринин катышуучуларынын

жањы салык милдеттенмелерин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын норматив-

дик укуктук актылары кайра жангыз мүнөзгө ээ эмес.

15-статья. Нормативдик укуктук актылардын катнашы

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын актылары жана Кыргыз

Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары ушул Кодекске кара-

ма-каршы келүүгө тийиш эмес.

2. Ушул Кодекстин жана салыктык мыйзам актыларынын жана Кыргыз

Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынын ортосунда кара-

ма-каршылык болсо, салыктык укуктук мамилелерин жөнгө салуу үчүн ушул

Кодексте белгиленген нормалар колдонулат.

3. Ушул Кодекстин нормаларынын ортосунда карама-каршылык болсо же

салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон нормалар болбо-

со, салык кызматынын органдары жана/же сот органдары салык төлөөчүнүн

пайдасына чечим кабыл алат. Ушул пункттун максаттарында бул Кодекстин

нормаларынын ортосундагы карама-каршылык деп ушул Кодексте белгиленген,

мааниси жана мазмуну боюнча бири-бирине каршы келген эки же бир нече

нормалардын болушу түшүнүлөт.

4. Нормативдик укуктук акты төмөнкүдөй жагдайлардын бири болсо,

ушул Кодекске дал келбейт деп таанылат:

1) акты ушул Кодекске ылайык актылардын ушундай түрүн кабыл алууга

укугу жок орган тарабынан кабыл алынса же болбосо Кыргыз Республикасы-

нын мыйзамдарында белгиленген тартипти бузуу менен кабыл алынса;

2) акты ушул Кодексте белгиленген салыктык укук мамилелеринин ка-

тышуучусунун укуктарын же болбосо ыйгарым укуктарын жойсо же чектесе;

3) акты ушул Кодексте аныкталган милдеттердин мазмунун, негизин,

шарттарын, ырааттуулугун же салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун

аракеттеринин тартибин өзгөртсө же жойсо;

4) акты ушул Кодексте уруксат берилген же көрсөтүлгөн аракеттерге

тыюу салса;

5) акты ушул Кодексте тыюу салынган аракеттерге уруксат берсе же

жол берсе;

6) акты ушул Кодексте аныкталган терминдердин аныктамалардын маз-

мунун өзгөртсө же болбосо терминдер менен аныктамаларды ушул Кодексте

колдонулгандан башка мааниде колдонсо.

5. Ушул Кодекске дал келбеген нормативдик укуктук актыны кабыл ал-

ган орган мындай дал келбөөчүлүктү четтетүүгө милдеттүү.

16-статья. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген

мөөнөттөрдү эсептөөнүн тартиби

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөт

календардык дата менен же жылдар, айлар же күндөр менен эсептелүүчү

убакыттын мезгилинин бүтүшү менен аныкталат. Мөөнөт ошондой эле сөзсүз

келүүгө тийиш болгон окуяга көрсөтүү менен аныкталышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ар кандай

мөөнөттүн аралыгы тийиштүү дата келгенден, убакыт мезгили же окуя

бүткөндөн кийинки күндөн башталат.

3. Жылдар менен эсептелүүчү мөөнөт анын акыркы жылынын тиешелүү

айында же күнүндө бүтөт. Мында жыл катар келүүчү он эки календардык ай-

дан турган убакыт мезгили болуп саналат.

Календардык жыл ар бир жылдын биринчи январынан башталуучу жана

ошол жылдын отуз биринчи декабрында аяктоочу убакыт мезгили болуп сана-

лат.

4. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт тиешелүү айда жана мөөнөттүн

айынын акыркы күнүндө бүтөт. Мында ай деп календардык ай таанылат.

5. Эгерде мөөнөттүн бүтүшү күнгө дал келбеген айга туура келсе,

жылдар же айлар менен эсептелчү мөөнөттөр ошол айдын акыркы күнүндө

бүтөт.

6. Мөөнөттүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туура келсе, мөөнөттүн

аяктоо күнү деп андан кийинки жумушчу күнү эсептелет.

7. Аткаруу үчүн мөөнөт белгиленген иштер мөөнөттүү акыркы күнүнүн

жумушчу убактысы аяктаганга чейин аткарылышы мүмкүн.

17-статья. Салыктык укук мамилелеринин катышуучулары

Салыктык укук мамилелеринин катышуучулары төмөнкүлөр болуп сана-

лат:

1) ушул Кодекске ылайык салык салуучу деп таанылган субъект;

2) ушул Кодекске ылайык салык салык боюнча өкүл деп таанылган

субъект;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

4) салык кызматынын органдары, бажы органдары;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

6) укуктары жана милдеттери салыктык укуктук мамилелеринин

чөйрөсүндө ушул Кодекс менен жөнгө салынуучу башка адамдар.

18-статья. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын нормаларын

колдонуу боюнча документтер

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана салык кызматынын орган-

дары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын нормаларын колдонуу бо-

юнча салык төлөөчүнүн суроо-талабына жазуу жүзүндө жооп берүүгө мил-

деттүү.

2. Салык саясатын жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган,

ыйгарым укуктуу салык органы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын

колдонуу боюнча эрежелерди, жоболорду, нускамаларды жана башка доку-

менттерди басып чыгарууга милдеттүү.

3. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтер салык

төлөөчү үчүн милдеттүү болуп саналбайт.

4. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтер ушул Кодекс-

те каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында кабыл алынган

учурда колдонуу үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

5. Ушул статьянын 2-пунктуна ылайык чыгарылган документтер ыйгарым

укуктуу мамлекеттик органдын жана/же ыйгарым укуктуу салык органынын

маалыматтык ачык веб-сайтына жайгаштырылууга тийиш.

19-статья. Салык түшүнүгү

Салык түшүнүгү деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ыла-

йык салык төлөөчүдөн милдеттүү түрдө, жекече кайтарымсыз алынуучу акча

төлөмү түшүнүлөт.

20-статья. Кыйыр салыктар

Кыйыр салыктар болуп товарларга, жумуштарга жана кызмат

көрсөтүүлөргө баасына үстөк же тариф түрүндө белгиленүүчү, кошумча

наркка салык, акциз же мейманканалык салык сыяктуу салык төлөөчүнүн ки-

решесине же мүлкүнө түздөн-түз байланышпаган салыктар эсептелет.

21-статья. Экономикалык ишмердик

1. Экономикалык ишмердик болуп ишкердик жана башка иш-аракеттер

саналат.

2. Ишмердик иш-аракет болуп Кыргыз Республикасынын Жарандык кодек-

сине ылайык аныкталган ишмердик саналат.

3. Башка ишмердик төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык иштерди

жүргүзүү;

2) банкка акча каражаттарын салуу;

3) баалуу кагаздарды сатып алуу, берүү же сатуу;

4) ишкердик иш-аракети болуп саналбаган башка иштер.

22-статья. Уюмдар. Обочолонгон подразделение

1. Бул Кодекстин максаттары үчүн уюмдар деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн

юридикалык жак (мындан ары ушул Кодексте - ата мекендик уюм);

2) өлкөнүн Мыйзамдарына ылайык түзүлгөн корпорация, компания, фир-

ма, фонд, мекеме же башка түзүлүш, эл аралык мекеме же уюм (мындан ары

ушул Кодексте - чет өлкөлүк уюм).

Эл аралык уюм эл аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде

түзүлгөн эл аралык укуктун субъекти болуп саналат.

2. Обочолонгон подразделение болуп жалпысынан төмөнкүдөй шарттарга

жооп берүүчү подразделениелер саналат:

1) экономикалык ишмердик жүргүзүү;

2) башкаруунун негизги жеринен аймактык жана мүлктүк обочолонуу;

3) мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө са-

луучу уюмдар менен байланышкан персоналы бар.

23-статья. Жеке жак

1. Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы

жок адам жеке жак болуп саналат.

2. Катар келүүчү 12 айдан турган ар кандай мезгилдин аралыгында

183 жана андан ашуун күнгө жана учурдагы салык мезгили аяктаган күнгө

Кыргыз Республикасынын аймагында болгон же болбосо чет өлкөлөрдө Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик кызматында жүргөн ар кандай жеке адам жеке

жак - резидент болуп саналат.

3. Ушул Кодекске ылайык резидент эмес - жеке жак деп таанылбаган

жеке жак резидент эмес - жеке жак болуп эсептелет.

24-статья. Жеке ишкер

Жеке ишкер деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) патенттин негизинде ишмердикти кошо алганда уюм түзбөстөн иш-

кердик жүргүзүүчү жана ага ушул Кодексте белгиленген милдеттерди атка-

руу жүктөлгөн резидент - жеке жак;

2) Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме аркылуу өз ишмердигин

жүргүзүүчү резидент эмес - жеке жак.

25-статья. Туруктуу мекеме

1. Туруктуу мекеме ишмердиктин туруктуу ордун билдирет, ал аркылуу

чет өлкөлүк уюмдун же резидент эмес - жеке жактын (мындан ары бул

статьяда - резидент эмес) толук же жарым-жартылай экономикалык ишмерди-

ги ишке ашырылат.

2. "Туруктуу мекеме" түшүнүгү атап айтканда төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) башкаруу ордун;

2) бөлүмдү;

3) контораны;

4) фабриканы;

5) мастерскойду;

6) шахтаны, нефти же газ скважинасын, карьерди же жаратылыш ре-

сурстарын алуунун башка ар кандай ордун;

7) жер участогун;

8) тиешелүү иштерди аткарууну көзөмөлдөөгө байланыштуу курулуш

аянтчасын же курулуш, монтаждоо же чогултуу объектисин же кызмат

көрсөтүүлөрдү, эгерде мындай аянт же объекти 183 жана андан ашуун ка-

лендардык күндүн ичинде иштесе же мындай кызматтар ар кандай 12 айлык

мезгилдин аралыгында 183 же андан ашуун календардык күндүн ичинде

көрсөтүлсө;

9) жаратылыш ресурстарын чалгындоо үчүн колдонулуучу түзүлүштөрдү

же курулмаларды же ушундай иштерди аткарууну көзөмөлдөөгө байланыштуу

кызматтарды же жаратылыш ресурстарын чалгындоо үчүн колдонулуучу бургу-

лоо түзүлүштөрүн же кемени, эгерде мындай пайдалануу 183 жана андан

ашуун календардык күндүн аралыгына созулса же мындай кызматтар ар кан-

дай 12 айлык мезгилдин аралыгында 183 жана андан ашуун календардык

күндүн ичинде көрсөтүлсө;

10) резидент эмес жалдаган персонал аркылуу резидент эместин кон-

сультациялык кызмат көрсөтүүлөрүн кошо алганда кызматтарды көрсөтүү,

эгерде персонал Кыргыз Республикасынын аймагында мындай ишмердикти ар

кандай 12 айлык мезгилдин аралыгында 183 жана андан ашуун календардык

күндүн ичинде жүргүзсө.

3. "Туруктуу мекеме" түшүнүгү төмөнкүлөрдү камтыбайт:

1) резидент эмеске таандык товарларды сактоо, көрсөтүү же жеткирүү

максатында гана курулмаларды пайдаланууну;

2) сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана резидент эмеске

таандык товарлардын запастарын кармоону;

3) башка уюмдар же жеке жактар тарабынан кайра иштетүү максатында

гана резидент эмеске таандык товарлардын запастарын кармоону;

4) резидент эмес үчүн товарларды сатып алуу же болбосо маалымат

чогултуу максатында гана иш-аракеттин туруктуу ордун күтүүнү;

5) даярдоо же көмөктөшүү мүнөзүндөгү ар кандай башка иштерди рези-

дент үчүн жүргүзүү максатында гана иш-аракеттин туруктуу ордун күтүүнү;

6) ушул статьянын 3-пунктунун 1) - 5) пунктчаларында саналган иш-

мердиктин түрлөрүн ар кандай комбинациялоону ишке ашыруу үчүн гана мын-

дай комбинациялоонун натыйжасында келип чыгуучу иш-аракеттин туруктуу

ордунун жалпы ишмердиги даярдоо жана көмөктөшүү мүнөзүндө болгон шартта

иш-аракеттин туруктуу ордун күтүүнү;

7) агент аркылуу Кыргыз Республикасында экономикалык иш

жүргүзүүнү, мындай жак өзүнүн адаттагы ишмердигинин чектеринде аракет-

тенген шартта.

26-статья. Товарды сатуу

Товар деп материалдык-буюмдук формага ээ ар кандай мүлк таанылат.

Кайтарылуучу же кайтарымсыз негизде товарга менчик укугун берүү,

анын ичинде товарларды алмашуу товарды сатуу болуп эсептелет.

27-статья. Жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү

Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе жумуш же кызмат көрсөтүү

деп товарларды сатуу болуп саналбаган ар кандай ишмердик саналат.

Жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү деп аткарылган иштердин

же көрсөтүлгөн кызматтардын натыйжаларын бир субъектини экинчи субъек-

тиге бериши деп саналат.

28-статья. Салык төлөөчүнүн электрондук документи жана цифралык

койгон колу

Салык төлөөчүнүн электрондук документи жана цифралык койгон колу

болуп электрондук цифралык койгон колу жөнүндө Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлгөн жана кол коюлган документ са-

налат.

29-статья. Жењилгис күч

Жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын же алдын ала

билүүгө же четтетүүгө же болбосо алдын ала билип, бирок четтетүүгө бол-

бой турган башка кырдаалдардын натыйжасында өзгөчө жана четтетилбеген

жагдайлардын келип чыгышы жењилгис күч болуп саналат. Көрсөтүлгөн жаг-

дайлар жалпыга белгилүү фактылардын, жалпыга маалымдоо каражаттарында

жарыялоолордун жана далилдөөнүн атайын каражаттарынан муктаж эмес башка

ыкмалардын болушу менен аныкталат.

30-статья. Өз ара байланыштуу субъекттер

1. Ортодогу мамиле алардын иш-аракеттеринин же аларга субъекттер

көрсөтүүчү иштердин шарттарына же экономикалык натыйжаларына таасир

этүүчү субъекттер өз ара байланыштуу субъекттер деп саналат, атап айт-

канда:

1) субъекти уюмга түздөн-түз же кыйыр түрдө катышат жана мындай

катышуунун суммалык үлүшү 20 проценттен ашуунду түзөт;

2) үчүнчү субъекти катышкан эки уюмдун аларга ар биринин катышуу-

сунун түздөн-түз жана/же кыйыр үлүшү 20 проценттен ашуунду түзөт же

ушундай субъект тарабынан контролдонот;

3) кызматтык абалы боюнча бир жеке жак экинчи жеке жакка баш ийет;

4) ортолорунда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө

салынуучу мамилелер келип чыккан субъекттер;

5) жакын туугандар;

6) башкармалыкты уюштуруучу жана ишеним берилген башкаруучу.

2. Сот эгерде ушундай субъекттердин ортосундагы мамиле алардын ор-

тосундагы бүтүмдөрдүн натыйжаларына таасир этиши мүмкүн болсо, ушул

статьянын 1-пунктунда каралбаган башка негиздер боюнча субъекттерди өз

ара көз карандысыз деп таанышы мүмкүн.

3. Ушул статьянын 1-пунктунун максаттары үчүн башка уюмдардын ыра-

аттуулугу аркылуу уюштурууга бир субъектинин кыйыр түрдө катышуусунун

үлүшү катышуунун тийиштүү үлүшүн жүргүзүү түрүндө аныкталат.

## 2-глава

Кыргыз Республикасынын салык системасы

31-статья. Салыктардын түрлөрү

1. Кыргыз Республикасында жалпы мамлекеттик салыктар жана жерги-

ликтүү салыктар белгиленет.

2. Жалпы мамлекеттик салыктар болуп ушул Кодексте белгиленген жана

Кыргыз Республикасынын бардык аймагында төлөөгө милдеттүү салыктар

эсептелет.

3. Жергиликтүү салыктар деп деп ушул Кодексте белгиленүүчү жана

жергиликтүү кењештердин нормативдик укуктук актылары менен колдонууга

киргизилүүчү, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин аймакта-

рында төлөнүүгө милдеттүү болгон салыктар түшүнүлөт.

4. Салыктардын жалпы мамлекеттик түрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) киреше салыгы;

2) пайдага салык;

3) кошумча наркка салык;

4) акциздик салык;

5) жер казынасын пайдаланууга салык;

6) сатууларга салык;

7) мүлккө салык;

5. Жергиликтүү салыктарга төмөнкүлөр кирет:

1) жер салыгы;

2) мейманкана салыгы.

32-статья. Салыктарды белгилөөнүн жалпы шарттары

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса салык ушул Кодекс менен

салык төлөөчүлөр жана салык салуу элементтери аныкталган учурда гана

белгиленди деп эсептелет, атап айтканда:

1) салык салуу объекти;

2) салыктык база;

3) салык ставкасы;

4) салыктык мезгил;

5) салыкты эсептөө тартиби;

6) салыкты төлөө тартиби;

7) салыкты төлөө мөөнөтү.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда Кыргыз Республикасынын салык

мыйзамдары менен салыкты белгилөөдө салыктык жењилдиктер жана салык

төлөөдөн бошотуу каралышы мүмкүн.

33-статья. Салык салуу объектиси

1. Салыктык милдеттенменин келип чыгышы менен укуктар жана/же ара-

кеттер салык салуу объекти болуп саналат.

2. Салыктын ар бир түрү боюнча салык салуу объекти ушул Кодекске

ылайык аныкталат.

34-статья. Салыктык база

Салыктык база салык салуу объектинин нарктык, физикалык же башка

мүнөздөмөсү болуп саналат, анын негизинде салыктын суммасы эсептелет.

35-статья. Салык ставкасы

1. Салык ставкасы салыктык базаны өлчөө бирдигине салыктык че-

герүүлөрдүн чоњдугу болуп саналат.

2. Салык ставкасы салыктык базаны өлчөө бирдигине проценттерде же

абсолюттук суммада белгиленет.

36-статья. Салыктык мезгил

1. Салыктык мезгил салыктык база аныкталган жана салык суммасы

эсептелген убакыттын мезгили болуп саналат. Эгерде мындай мезгил анык-

талбаса салыктык мезгил салык милдеттенмеси келип чыккан күн болуп

эсептелет.

2. Ушул Кодексте башкача каралбаса, салык боюнча салыктык мезгил

төмөнкүлөр болуп саналат:

1) ушул салыктык мезгил аяктаганга чейин ошол салык боюнча салык

төлөөчү катарында катталган күндөн тартып убакыт мезгили;

2) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн Мамлекеттик реест-

ринен салык төлөөчү чыгарылган күнгө чейин салык боюнча салык мезгили

башталган күндөн тартып убакыт мезгили;

3) эгерде каттоо же аны жоюу бир салыктык мезгилдин ичинде болсо,

бул салык боюнча салык төлөөчүнү каттоо жоюлган күнгө чейин салык боюн-

ча салык төлөөчү катары катталган күндөн тартып убакыт мезгили.

37-статья. Салыкты эсептөө тартиби

1. Салык төлөөчү салыктык жењилдиктерге жана бошотууларга жараша

салыктык базаны салыктык ставкага көбөйтүү аркылуу салыктык мезгил үчүн

төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасын өз алдынча эсептейт.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда салыктардын айрым түрлөрүнүн

суммасын эсептөө милдети салык кызматынын органдарына жүктөлөт.

38-статья. Салыкты төлөө мөөнөтү

1. Салыктарды төлөө мөөнөтү ушул Кодекстин талаптарына ылайык ар

бир салыкка колдонууга карата өзүнчө белгиленет.

2. Салык төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул Кодексте

каралган тартипте гана жол берилет.

3. Салык төлөө мөөнөттөрүн бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамда-

рында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.

39-статья. Салыктарды төлөө тартиби

1. Салык төмөнкүдөй төлөнөт:

1) салыктын бардык суммасы же бөлүктөрү боюнча;

2) кийинкиге жылдырылып же бөлүп төлөө менен;

3) салык милдеттенмелери келип чыкканга чейин же ошол датага кара-

та;

4) түздөн түз салык төлөөчү тарабынан же анын атынан;

5) түздөн-түз салык төлөөчү же обочолонгон подразделение турган

жер боюнча;

6) накталай же накталай эмес акчалай түрдө.

2. Салык төлөө тартиби ар бир салыкка карата өзүнчө белгиленет.

40-статья. Салыктык режимдер

1. Салык режими деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында

белгиленген учурларда жана тартипте колдонулуучу салыктарды эсептөө жа-

на төлөө тартиби түшүнүлөт.

2. Кыргыз Республикасында жалпы салыктык режим жана атайын салык-

тык режим белгиленет.

3. Жалпы салыктык режим болуп төмөнкүдөй атайын салыктык режимдер-

ди кошпогондо ушул Кодексте белгиленген режим саналат:

1) милдеттүү патенттин негизинде салыкты;

2) ыктыярдуу патенттин негизинде салыкты;

3) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн

системасын;

4) салыктык контракттын негизинде салыкты;

5) эркин экономикалык зоналардагы салыктык режимди;

6) атайын каражаттарга салыкты.

## II БӨЛҮМ

САЛЫКТЫК УКУК МАМИЛЕЛЕРИНИН

КАТЫШУУЧУЛАРЫ

## 3-глава

Салык төлөөчү. Салык боюнча өкүл

41-статья. Салык төлөөчү

Салык төлөөчү болуп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында

белгиленген милдеттенмелери болсо салык төлөө милдети жүктөлгөн субъек-

ти саналат.

42-статья. Салык төлөөчүнүн укуктары

1. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) салык кызматынын органдарынын кызмат адамынан Кыргыз Республи-

касынын салык мыйзамдарын сактоону талап кылууга;

2) салыктык укук мамилелеринде жеке өзү же өзүнүн салык боюнча

өкүлү аркылуу чыгууга;

3) тиешелүү мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын салык

мыйзамдары жөнүндө маалыматты, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик

орган, ыйгарым укуктуу салык органы иштеп чыккан эрежелерди, жоболорду

жана башка методикалык көрсөтмөлөрдү алууга;

4) расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланбаган салык от-

четтуулугунун формаларын колдонбоого;

5) жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын негизинде салык кызматынын ор-

гандарындагы өзүлөрү тууралуу ар кандай маалыматты акысыз алууга;

6) ашыкча төлөнгөн, ошондой эле ашыкча өндүрүлгөн салык суммасын

кириштөөгө же кайтарып берүүгө;

7) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте

жана негиздерде салыктык жењилдиктерди пайдаланууга;

8) салыктык жашыруун сырды сактоону талап кылууга;

9) салыктык контролдун натыйжалары жөнүндө маалымат алууга;

10) салыктык контролдун натыйжалары боюнча салык кызматынын орган-

дарына түшүндүрмө берүүгө;

11) салыктык милдеттенмени аткарууга тиешеси жок маалыматтарды жа-

на документтерди бербөөгө;

12) салыктык текшерүүнүн натыйжалары боюнча билдирүүгө, ошондой

эле салыктык кызматынын органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине

же аракетсиздигине даттанууга;

13) салыктык кызмат органынын мыйзамсыз чечими, анын кызмат адамы-

нын мыйзамсыз аракети же аракетсиздиги менен келтирилген чыгымдын жана

зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтуртуп алу-

уга.

2. Салык төлөөчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзам-

дарында белгиленген башка укуктарга ээ.

43-статья. Салык төлөөчүнүн укуктарын камсыздоо жана коргоо

1. Кыргыз Республикасы салык телеөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу

кызыкчылыктарын административдик жана соттук коргоону гарантиялайт.

2. Салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кор-

гоо тартиби ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамда-

рында аныкталат.

3. Салык төлөөчүнүн укуктары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын,

салык кызматынын органдарынын, бажы органдарынын, ошондой эле алардын

кызмат адамдарынын тийиштүү милдеттери менен камсыздалат.

4. Салык төлөөчүнүн укуктарын камсыздоо боюнча милдеттерди аткар-

боо же туура эмес аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган

жоопкерчиликке тартылат.

44-статья. Салык төлөөчүнүн милдеттери

1. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык кызматынын органында белгиленген тартипте катталууга;

2) салыктык милдеттенмени аткарууга;

3) ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык салыктык милдеттен-

мени эсепке алууну жүргүзүүгө;

4) ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттө салык отчетун

берүүгө;

5) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте

түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды жана документтерди берүүгө;

6) салыктык укук бузуулардын кесепеттерин четтетүү же салыктык

укук бузууларга алып келүүчү аракеттерди же аракетсиздикти токтотуу

жөнүндө салык кызматынын органдарынын мыйзамдуу көрсөтмөсүн аткарууга;

7) салык кызмат органдарынын кызмат адамдары ушул Кодекстин неги-

зинде кызматтык милдеттерин аткарууда алардын мыйзамдуу иш-аракетине

тоскоол болбоого;

8) көрсөтмөнүн негизинде көчмө салыктык текшерүү, рейддик салыктык

текшерүү жана салык постун белгилөө формасында салыктык контроль

жүргүзүүдө, ошондой эле хронометраждык текшерүүлөрдү өткөрүүдө салык

кызматынын органдарынын кызмат адамдарын салыктык милдеттенмелеринин

пайда алып келүүчү аймакка же жайга киргизүүгө;

9) салыктык милдеттенмелердин эсебин жана аткарылышын тастыктоочу

документтердин кеминде 6 жыл аралыгында сакталышын камсыздоого;

10) текшерүүнү же контролдоону каттоо үчүн текшерүү жүргүзүүчү са-

лык кызматынын органынын кызмат адамына инспектордук текшерүүлөр ките-

бин көрсөтүүгө;

11) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткаркы эсептер жөнүндө маа-

лыматты кошо алганда банктардагы эсептерди ачуу же жабуу тууралуу мын-

дай эсептер ачылган же жабылган күндөн тартып 15 күндүн аралыгында бил-

дирүүгө.

2. Салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген

башка милдеттерди да аткарат.

45-статья. Салык төлөөчүнүн кызмат адамы

Салык төлөөчүнүн кызмат адамы төмөнкүлөр болуп саналат:

1) салык төлөөчүнүн башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси;

2) туруктуу уюмдун, мекеменин жетекчиси;

3) эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишимдин же ишеним кат-

тын негизинде ушул Кодексте белгиленген милдеттерди аткаруу боюнча ый-

гарым укук берилген жеке адам;

4) ушул статьянын 1) - 3) пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдардын

милдеттерин убактылуу аткаруучу жеке адам.

46-статья. Салык боюнча өкүл, анын ыйгарым укуктары, милдеттери

жана жоопкерчилиги

1. Салык төлөөчү салыктык укук мамилелерине жеке өзү, ошондой эле

салык боюнча өкүлү аркылуу катышууга укуктуу.

2. Салык боюнча өкүл салыктык укук мамилелеринде салык төлөөчүнүн

атынан чыгууга укуктуу.

3. Салыктык укук мамилелерине салык төлөөчүнүн өзүнүн катышуусу

аны салык боюнча өкүл күтүү укугунан ажыратпайт, ошону менен бирге эле

салыктык өкүлдүн катышуусу салык төлөөчүнү салыктык укук мамилелерине

жеке өзү катышуу укугунан ажыратпайт.

4. Салык боюнча өкүлдүн ыйгарым укуктары, укуктары, милдеттери жа-

на жоопкерчилиги төмөнкүлөр тарабынан аныкталат:

1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары;

2) салык төлөөчүнүн жана салык боюнча өкүлдүн ортосунда түзүлүүчү

жарандык-укуктук келишим;

3) салык боюнча өкүлгө салык төлөөчү тарабынан берилген ишеним

кат.

5. Салыктык укук мамилелерине ушул салык төлөөчүнүн катышуусуна

байланышкан салык төлөөчүнүн салык боюнча өкүлүнүн аракети же аракет-

сиздиги салык төлөөчүнүн аракети же аракетсиздиги катары таанылат.

6. Салык төлөөчүнүн салык боюнча өкүлү мамлекеттик орган же мамле-

кеттик органдын кызмат адамы болуп саналбайт.

## 4-глава

Салык кызматы

47-статья. Салык кызматынын органдары

1. Салык кызматынын органдары төмөнкүлөрдөн турат:

1) Ыйгарым укуктуу салык органынан;

2) салык органдарынан.

Салык кызматынын органдары юридикалык жактын статусуна ээ жана

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциясынын чек-

теринде салыктык башкарууну ишке ашырат, ошондой эле Кыргыз Республика-

сынын салык саясатын ишке ашырууга катышат.

2. Салык органдары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына баш ийбейт.

3. Салык кызматынын органдарынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-

гандын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген өздөрүнүн

ыйгарым укуктарын ишке ашырууда алардын иштерине мамлекеттик органдар-

дын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишүүсүнө

тыюу салынат.

4. Салык кызматынын органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөө тар-

тиби, аларды укуктук жана социалдык коргоо, аларга атайын наамдарды ый-

гаруу тартиби атайын мыйзам менен аныкталат.

5. Салык кызматынын органдарынын чыгымдарын каржылоо иш жүзүндө

түшкөн салыктардын суммасынан проценттик чегерүүлөрдү жана максаттуу

бюджеттен тышкаркы каражаттарды кошо алганда мамлекеттик бюджеттин ка-

ражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

48-статья. Салык кызматынын органдарынын кызмат адамы

Салык кызматынын органдарынын кызмат адамы болуп ушул Кодексте

белгиленген ыйгарым укуктарга ээ салык кызмат органдарынын жетекчиси же

кызматкери саналат.

49-статья. Салык кызматынын органдарынын милдеттери

Салык кызматынын органдарына төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:

1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын сакталышын контрол-

доо;

2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талап-

тарга ылайык салык милдеттенмесин аткаруу боюнча салык төлөөчүгө же

анын салык боюнча өкүлүнө көмөк көрсөтүү.

50-статья. Салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат

адамдарынын укуктары

1. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары

төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган нормативдик

укуктук актыларды ушул Кодексте белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана

бекитүүгө;

2) ушул Кодексте белгиленген тартипте салык контролун жүргүзүүгө;

3) салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүдөн ыйгарым укуктуу са-

лык органы белгилеген форма боюнча бюджетке салыктарды эсептөө, кармоо

жана төлөө документтерин берүүнү талап кылууга;

4) салык төлөөчүдөн салыктарды эсептөө, кармоо жана төлөө доку-

менттерин, ошондой эле салыктарды эсептөөнүн жана өз учурунда кармоо-

нун, төлөөнүн тууралыгын тастыктоочу документтерди толтуруу боюнча

түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;

5) салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө ушул Кодексте аныкталган

тартипте салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

6) салык контролун толук жүргүзүү үчүн маанилүү ар кандай аймак-

тарды, жайларды, документтерди жана предметтерди ушул Кодекске ылайык

текшерүү жүргүзүүгө;

7) текшерилүүчү салык төлөөчүгө салык салууга байланыштуу маселе-

лер боюнча ушул Кодексте белгилеген тартипте банктардан салык

төлөөчүнүн банктык эсептеринин болушу жана номерлери жөнүндө, Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коммерциялык, банктык жана

башка корголуучу сырды түзүүчү маалыматтарды таратуу талаптарын сактоо

менен бул эсептердеги акчалардын калдыгы жана кыймылы жөнүндө маалымат-

тарды алууга;

8) ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте баалоонун кыйыр

методдорунун негизинде салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмесин аныкто-

ого;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маж-

бурлап жоюу жөнүндө арыз менен салык төлөөчүлөр катталган органдарга

кайрылууга.

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча

сотко уюмду жоюу жөнүндө доо коюуга;

11) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын аныкталган бузууларды

четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын конт-

ролдоого;

12) салык салуу объекттерине жана салыктык милдеттенмелерди

эсептөөгө байланыштуу ушул Кодекске ылайык башка мамлекеттик органдар-

дан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат талап

кылууга жана алууга;

13) салыктарды жыйноо боюнча контролдук жүргүзүүгө;

14) салыктык контракт түзүүгө.

2. Ушул Кодексте белгиленген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн

салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Кодексте

жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга

да ээ.

51-статья. Салык кызматынын органдарынын жана анын кызмат

адамдарынын милдеттери

1. Салык кызматынын органдары жана анын кызмат адамдары

төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сак-

тоого;

2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого жана салык

төлөөчүлөрдөн аны аткарууну талап кылууга;

3) салык төлөөчүлөргө салык милдеттенмелерин аткарууга көмөк

көрсөтүүгө;

4) салык төлөөчүгө расмий жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу

белгиленген салыктык отчеттуулуктун формаларын, аларды толтуруу ыкмала-

рын, салык кызматынын органына аларды берүү тартибин жана мөөнөтүн жет-

кирүүгө;

5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда

салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабына жооп берүүгө;

6) салык милдеттенмелерин аткарууга салыктык контроль жүргүзүүгө;

7) салык төлөөчүлөрдү, салык салуу объекттерин, чегерилген жана

төлөнгөн салыктарды эсепке алууну жүргүзүүгө;

8) ушул Жободо башкача каралбаса салык отчеттун салык кызматынын

органдарына берген учурда алардын белгиленген формадагы бланктары бюд-

жеттик каражаттардын эсебинен берүүгө;

9) белгиленген салык отчетунун формаларын толтуруу тартибин

түшүндүрүүгө;

10) көрсөтмөлөр боюнча гана салык текшерүүсүн жүргүзүүгө;

11) салыктык текшерүүлөрдү жана салыктык контролдун башка формала-

рын инспектордук текшерүүлөр китепчесинде каттоого;

12) кызматтык, коммерциялык, салыктык, банктык жана Кыргыз Респуб-

ликасынын мыйзамдары менен корголуучу башка сырды сактоого;

13) ушул Кодексте каралган мөөнөттөрдө жана учурларда салык мил-

деттенмелерин аткаруу боюнча кабарлоону салык төлөөчүгө тапшырууга;

14) салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү суроо талабы боюнча салык

милдеттенмелерин аткаруу жагында бюджет менен эсептешүүлөрдүн абалы

жөнүндө справканы 2 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен берүүгө;

15) салыктык милдеттенмелерди аткаруу фактысын тастыктоочу доку-

менттердин 6 жыл бою сакталышын камсыздоого;

16) ушул Кодексте белгиленген тартипте салык милдеттенмелерин ат-

карууну камсыздоо ыкмаларын колдонууга;

17) салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык

салык санкцияларын салууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Адми-

нистрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык санкцияларын колдо-

нууга;

18) ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүлөрдүн датта-

нууларын кароого.

2. Салык кызматынын органдары алардын иштери тууралуу отчетту ый-

гарым укуктуу мамлекеттик органдын ачык маалыматтык веб-сайтында отчет-

тук календардык жылдан кийин жылдын биринчи мартына чейин жарыялоого

милдеттүү. Бул отчет отчеттук календардык жыл үчүн төмөнкүдөй маалымат-

тарды камтууга тийиш:

1) салык кызматынын органдары чогулткан салыктардын аталышын жана

суммасын;

2) салыктык карыздардын суммасын;

3) салыктарды жыйноо процессинде салык органдары тарткан чыгымдар-

ды;

4) салыктык карызды төлөө жагындагы берилген салыктык. жењилдик-

тер, кийинкиге жылдыруу мөөнөтү жана бөлүп төлөөлөр боюнча статистика-

лык маалыматтарды;

5) салык кызматынын органдарынын иштериндеги жетишкендиктерди жана

кемчиликтерди сүрөттөөнү;

6) салыктык карыздын өлчөмүн көрсөтүү менен 5000 расчеттук

көрсөткүчтөрдөн ашкан өлчөмдөгү салыктык карызы бар деп таанылган жеке

адамдардын фамилияларынын жана ысымдарынын, уюмдардын аталыштарынын

тизмеси.

3. Эгерде салыктык көчмө текшерүүнүн натыйжалары боюнча кылмыштык

жоопкерчиликке тартылуучу чектен ашкан эсептелбеген салыктын суммасы

аныкталса, салык кызматынын органдары салыктык текшерүү материалдарын

төмөнкүдөй учурларда укук коргоо органдарынын кароосуна жиберет:

1) эгерде тиешелүү билдирүү мыйзамдуу күчүнө кирип жана ушул Ко-

дексте белгиленген кабарлоого салык төлөөчү даттанууларды берүү

мөөнөтүнүн ичинде салык төлөөчү салык кызматынын жогоруда турган орга-

нына же сотко даттанбаса жана кабарлоодо көрсөтүлгөн салык суммасы бел-

гиленген билдирүүдөгү мөөнөттө салык төлөөчү тарабынан төлөнбөсө;

2) эгерде билдирүүдө салык төлөөчүнүн даттанууларына карата ыйга-

рым укуктуу салык органынын же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү

чечими болсо.

4. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары, ошон-

дой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган башка мил-

деттерди аткарышат.

52-статья. Салыктык укук мамилелеринин чөйрөсүндө бажы

органдарынын ыйгарым укуктары

Бажы органдары бажы жана салык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын бажы чегарасы аркылуу товарларды алып өтүүдө бюджетке салык-

тарды алууну ишке ашырат.

53-статья. Кызыкчылыктар кагылышы

1. Салык кызматынын органдарынын кызмат адамына салык төлөөчүгө

карата кызматтык милдеттерин ишке ашырууга төмөнкүдөй учурда тыюу салы-

нат, эгерде:

1) салык төлөөчү ошол кызмат адамына жакын тууган болуп саналса,

же

2) бул кызмат адамы же кызмат адамынын жакын тууганы салык

төлөөчүнүн экономикалык ишмердигине же анын салык милдеттенмелеринин

аткарылышына байланыштуу тике же кыйыр финансылык кызыкчылыгы болсо.

2. Салык кызматынын органынын кызмат адамы өз ишмердигинде кызык-

чылыктардын кагылышуусунун келип чыгышына жол бербөө чараларын керүүгө

милдеттүү.

54-статья. Салыктык сыр

1. Ушул Кодексте башкача каралбаса салык кызматынын органы же анын

кызматы салык төлөөчү жөнүндө алган ар кандай маалыматтар салыктык сыр-

ды түзөт, буга төмөнкүдөй маалыматтар кирбейт:

1) салык төлөөчүнүн реквизиттери (аталышы же салык төлөөчүнүн

аты-жөнү), ошондой эле салык төлөөчүнүн идентификациялык номери

жөнүндө;

2) салык төлөөчүнүн кошумча наркка салык төлөөчү катары каттоо

жөнүндө;

3) кошумча наркка салык боюнча эсеп-фактуралары жана акциздик жы-

йымдын маркалары жөнүндө;

4) салык төлөөчү мойнуна алган салыктык карыздын суммасы жөнүндө;

5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын салык төлөөчүнүн бузу-

улары жана мындай бузуулар үчүн соттун күчүнө кирген чечими менен бел-

гиленген же болбосо салык төлөөчү мойнуна алган жоопкерчилик чаралары

жөнүндө;

2. Салыктык сыр маалыматтарды төмөнкүлөргө берген учурларды кошпо-

гондо салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан

ачыкка чыгарылууга тийиш эмес:

1) ушул Кодексте же Бажы кодексинде каралган өздөрүнүн милдеттерин

аткаруунун жүрүшүндө же аткаруу максатында салык кызматынын органдары-

нын, бажы органдарынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын башка

кызмат адамдарына;

2) салыктык укук бузуулардын фактысы боюнча кылмыш иши козголгон

салык төлөөчүгө карата гана укук коргоо органдарына;

3) салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнүн жоопкерчилигин же

анын салыктык карыздарын белгилөө боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө

сотко;

4) банкроттук процесси козголгон же банкроттук процессин козгоо

жөнүндө чечим чыгарылган субъекттер боюнча гана банкроттук жөнүндө Кыр-

гыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды ишке ашы-

руу максатында банкроттук жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамле-

кеттик органга, администраторго (убактылуу администратор, атайын адми-

нистраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга);

5) мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына

ылайык мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларация берүүгө милдеттүү адам-

дарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча

ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда

алардын ишмердигин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз

Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматына;

7) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, салык жана укук

коргоо органдарынын ортосунда өз ара кызматташтык жөнүндө эл аралык ке-

лишимдерге ылайык башка мамлекеттердин салык жана укук коргоо органда-

рына.

3. Ушул статьянын 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо салык

төлөөчүгө карата салыктык сырды түзүүчү маалыматтарды салык төлөөчүнүн

жазуу жүзүндөгү макулдугу менен башка жакка ачууга мүмкүн.

4. Салыктык сырды ачыкка чыгарууга пайдаланууга же салык төлөөчү

жөнүндө ушул Кодексте каралган учурлардан тышкары мамлекеттик органдар-

дын кызмат адамдарына өз милдеттерин аткаруу учурунда белгилүү болгон

маалыматты пайдалануу же башка субъектке берүү кирет.

5. Салык кызматынын органына түшкөн, салыктык сырды түзүүчү маалы-

маттар сактоо жана жеткиликтүүлүктүн атайын режиминде болууга тийиш, ал

салык кызматынын органынын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечими менен

аныкталат.

6. Салыктык сырды түзүүчү маалыматтарга салык кызматынын органынын

жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталуучу кызмат адамы жет-

киликтүү болушу керек. Бул кызмат адамдарынын жеткиликтүүлүк укугу са-

лыктык текшерүү жүргүзүүдөгү көрсөтмөдө да көрсөтүлөт.

7. Салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары, ошондой

эле мурда салык кызмат органдарынын кызмат адамдары болуп саналган

адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда салык төлөөчүгө кара-

та алган ар кандай маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.

8. Салыктык сырды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгаруу Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарында каралгандай жоопкерчиликке тартылат.

9. Салыктык кызмат органдарынан салыктык сырды түзүүчү маалымат-

тарды жана документтерди ушул статьяда каралган учурлардан тышкары та-

лап кылууга мамлекеттик органдарга тыюу салынат.

10. Ушул статьянын 9-пунктунун талаптарын бузуучу мамлекеттик ор-

гандардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

жоопкерчилик тартат.

## III БӨЛҮМ

САЛЫКТЫК МИЛДЕТТЕНМЕ ЖАНА САЛЫКТЫК КАРЫЗ

## 5-глава

Жалпы жоболор

55-статья. Салыктык милдеттенме

1. Салыктык милдеттенме Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында

белгиленген жагдайлар болгондо салык төлөөчүнүн милдеттүүлүгү болуп са-

налат.

2. Салыктык милдеттенме акчалай милдеттенме болуп саналат.

3. Салык кызматынын органдары салык төлөөчүдөн салыктык милдеттен-

мелерди аткарууну талап кылууга милдеттүү.

4. Салык милдеттенмелерин аткарбаган же туура эмес аткарган учурда

салык кызматынын органдары аны камсыздоо боюнча ыкмаларды жана ушул Ко-

дексте белгиленген тартипте салыктык милдеттенмени мажбурлап аткартуу

чараларын колдонууга укуктуу.

56-статья. Салыктык милдеттенмелердин келип чыгышы, өзгөрүлүшү,

аткарылышы жана токтотулушу

1. Салыктык милдеттенме негиздер болгондо келип чыгат, өзгөрөт,

аткарылды же токтотулду деп эсептелет, алар Кыргыз Республикасынын са-

лык мыйзамдарында белгиленет.

2. Салыктык милдеттенме Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына

ылайык салык төлөөнү кароочу жагдайлар келип чыккан күндөн тартып салык

төлөөчүгө жүктөлөт.

57-статья. Салыктык милдеттенменин валютасы

1. Салыктык милдеттенме Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы -

сом менен аткарылат.

2. Салыктык милдеттенмени эсептөөдө салык милдеттенмесинин сумма-

сын сом бирдиктерине чейин тегеректөөгө жол берилет.

58-статья. Салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү

1. Салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү төмөнкү

күндөн тартып 6 жылга белгиленет:

1) салык боюнча салыктык мезгили бүткөн;

2) салыктык карыздын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнгөн сум-

масын төлөбөгөн учурда кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө иштери токто-

гон;

3) салыктык текшерүү жүргүзүүнүн натыйжасында келип чыккан салык-

тык милдеттенмелер боюнча салык төлөөчүгө билдирүүнү тапшырган.

2. Эгерде салык төлөөчү салыктык милдеттенмени туура эмес эсептесе

же аткарса, доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде:

1) салык төлөөчү өз демилгеси боюнча тиешелүү оњдоо киргизүүгө

укуктуу;

2) салык кызматынын органы салыктардын эсептелген суммасын

көбөйтүүгө же азайтууга, ошондой эле салыктын эсептелген суммасын

өндүрүүгө укуктуу.

3. Салык төлөөчү салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсеп кылууну же

тиешелүү салыктык мезгил бүткөндөн кийин доонун эскирүү мөөнөтүнүн

ичинде салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга

укуктуу.

4. Санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорун жүргүзүү мезгилинде

доонун салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү токтотулат.

5. Салык милдеттенмелери боюнча доонун эскирүү мөөнөтүн токтотуу

Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

## 6-глава

Салыктык милдеттенмелерди аткаруу. Салыктык

милдеттенмелердин токтотулушу

59-статья. Салыктык милдеттенмелерди аткаруу

1. Салыктык милдеттенме Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын

талаптарына ылайык тийиштүү түрдө аткарылышы керек.

2. Салыктык милдеттенмени аткаруу салык төлөөчү тарабынан өз ал-

дынча же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда

башка үчүнчү жак аркылуу ишке ашырылат.

3. Салыктык милдеттенмелерди аткаруу салыктын бардык эсептелген

суммасын төлөө эсебине накталай эмес тартипте банк аркылуу акча кара-

жаттарын которуу жана/же накталай акча каражаттарын төгүү болуп сана-

лат.

4. Салык төлөөчү салыктын бардык суммасын дароо же бөлүп төлөө ме-

нен салыктык милдеттенмени аткарууга укуктуу.

5. Салык төлөөчү салыктык милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарууга

укуктуу.

6. Салык милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууга же аны аткаруу

тартибин өзгөртүүгө эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса жол берил-

бейт.

7. Салык милдеттенмелерин аткаруу салыктык укук бузуу үчүн жооп-

керчиликке тартууга карабастан ишке ашырылат.

60-статья. Салык милдеттенмелерин аткаруу датасы

1. Салык милдеттенмелерин аткаруу датасы төмөнкүлөр болуп саналат:

1) акча каражаты бюджетке толук көлөмдө түшкөн учурда бул төлөм

тапшырмасын аткаруу үчүн салык төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражаттар

болгондо салыктын эсептелген суммасын которууга банкка төлөм тапшырма-

сын берген күн;

2) акча каражаты бюджетке түшкөн учурда толук көлөмүндө бул төлөм

тапшырмасын аткаруу үчүн салык төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражатынын

жоктугунун себеби боюнча мурда аткарылбаган салыктын эсептелген сумма-

сын которууга төлөм тапшырмасын банк аткарган күн;

3) банкка же салык кызматынын органына салыктын эсептелген сумма-

сын которуу үчүн накталай акча каражаттарын төлөгөн күн;

4) салыктык карыз эсебине жана/же алдыдагы салыктык милдеттенмени

аткаруу эсебине салыктардын ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн сумма-

ларын эсеп кылуу жөнүндө салык кызматынын органы чечим кабыл алган күн.

2. Салыктык милдеттенме төмөнкүдөй мөөнөттө аткарылган жок деп та-

былат:

1) эгерде акча каражаты ушул статьянын 1-пунктунда каралган учур-

лардан тышкары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген

мөөнөттө бюджетке түшпөсө;

2) салык төлөөчү салыктын суммасын которууга төлөм тапшырмасын

кайра сурап алса;

3) салыктын суммасын которууга төлөм каражатын банк салык

төлөөчүгө кайтарып берсе;

4) эгерде салык төлөөчү банкка салыктын суммасын которууга төлөм

каражатын көрсөткөн күндө бул салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын мый-

замдарына ылайык коюлган жана аткарылбаган башка акчалай талаптары бол-

со, кезексиз же болбосо биринчи кезектеги тартипте аткарылса жана салык

төлөөчүнүн эсебинде мындай бардык акчалай талаптарды канааттандыруу

үчүн жетиштүү акча каражаттары болбосо;

5) салыктын эсептелген суммаларын которуу үчүн төгүлгөн накталай

акча каражаттарын салык төлөөчү кайра сурап алса.

61-статья. Салыктык карыздарды жоюу тартиби

Ар бир салыкка карата салыктык карыздарды жоюу төмөнкүдөй тартипте

жүргүзүлөт:

1) салыктын суммасы;

2) мөөнөтүндө төлөнбөгөн салыктын суммасы боюнча проценттер;

3) мөөнөтүндө төлөнбөгөн салыктын суммасы боюнча эсептелген ту-

ум-айып;

4) чегерилген салык санкциялар.

Салыктык карызды жоюу анын пайда болуу кезегинин тартиби боюнча

жүргүзүлөт.

62-статья. Уюмдарды өзгөртүп кайра түзүүдө салык милдеттенмелерин

аткаруу жана салыктык карыздарды жоюу

1. Өзгөртүп кайра түзүүдө салык төлөөчү бул жөнүндө салык кызматы-

нын органына жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Өзгөртүп кайра түзүлгөн уюмдун салык милдеттенмеси укук уланту-

учуга өзгөртүп кайра түзүлгөн уюм салык милдеттенмесин аткарбаган же

туура эмес аткарган фактылары жана/же жагдайлар белгилүү болгондугуна

же болбогондугуна карабастан укугун улантуучу тарабынан аткарылат.

3. Бир нече уюмдар кошулганда алардын укугун улантуучу тарабынан

салыктык милдеттенмени аткаруу бөлүгүндө мындай кошулуунун натыйжасында

пайда болгон уюм таанылат.

4. Бир уюм экинчи уюмга кошулганда салыктык милдеттенмени аткаруу

бөлүгүндө бириккен уюмдун укугун улантуучу катары аны кошкон уюм тааны-

лат.

5. Уюмдар бөлүнгөн учурда мындай бөлүнүүнүн натыйжасында пайда

болгон жањы уюм бөлүштүрүү балансына ылайык салык милдеттенмесин атка-

руунун бөлүгүндө өзгөртүп кайра түзүлгөн уюмдун укугун улантуучу катары

таанылат.

6. Уюмдун составынан бир же бир нече уюмдарды бөлүүдө анын салык

милдеттенмелерин аткаруу бөлүгүндө өзгөртүп кайра түзүлгөн уюмга карата

эгерде өткөрүү актысында белгиленбесе укук улантуучу пайда болбойт.

7. Уюмду өзгөртүп кайра түзүүдө жањыдан пайда болгон уюм укук

улантуучу катары таанылат.

8. Өзгөртүп кайра түзүлгөн уюмдун салык милдеттенмелерин аткарууда

укук улантуучулардын катышуу үлүштөрүн белгилөө Кыргыз Республикасынын

жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

9. Эгерде өзгөртүп кайра түзүүнүн натыйжасында укук улантуучунун

катышуу үлүшүн аныктоого мүмкүн болбосо же салык милдеттенмесин толук

көлөмүндө аткаруу мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда укук улантуучулар

өзгөртүп кайра түзүлгөн уюмдун салыктык милдеттенмелерин аткаруу боюнча

тилектештик жоопкерчилигин тартат.

10. Уюмду өзгөртүп кайра түзүү укук улантуучулар тарабынан салык

милдеттенмелерин аткаруу мөөнөттөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп санал-

байт.

11. Уюм тарабынан ал өзгөртүп кайра түзүлгөнгө чейин ашыкча

төлөнгөн салыктардын суммасын салык кызматынын органы өзгөртүп кайра

түзүлгөн уюмдун салыктык карызын жоюу эсебине кириштөөгө тийиш.

12. Өзгөртүп кайра түзүлүүчү уюмдун салыктык карызы жок болсо са-

лыктардын ашыкча төлөнгөн суммасы анын укугун улантуучуга кайтарылып

берүүгө же аларды салыктык милдеттенмени аткаруу эсебине кириштелүүгө

тийиш.

63-статья. Төлөөгө жөндөмдүү уюмдун салык милдеттенмелерин аткаруу

жана салыктык карызын жоюу

1. Уюмду жоюуда салык төлөөчүнүн жоюу комиссиясы бул тууралуу са-

лык кызматынын органына жана бажы иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамле-

кеттик органга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Жоюлуучу төлөөгө жөндөмдүү уюмдун салык милдеттенмеси ошол уюм-

дун, анын ичинде уюмдун мүлкүн сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде белгиленген кезектүүлүк тар-

тибинде жоюу комиссиясы тарабынан аткарылат.

3. Жоюу мезгилинде келип чыккан салыктык милдеттенме эгерде ушул

Кодексте башкача каралбаса, бул Кодексте белгиленген жалпы тартипте

мындай милдеттенменин келип чыгышына жараша жоюу комиссиясы тарабынан

аткарылат.

4. Эгерде жоюлуучу ишкананын акча каражаттары болбосо же салыктык

карызды толук көлөмдө төлөө үчүн жетишсиз санда болсо, анда мындай

учурда:

1) уюм банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн. Мындай учурда салык кызматы-

нын органы бул уюмга банкроттук процессин козгой алат.

2) салыктык карыз Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында

белгиленген учурларда, чектерде жана тартипте көрсөтүлгөн уюмдун уюшту-

руучулары (катышуучулары) тарабынан жоюлууга тийиш.

5. Эгерде жоюлуучу уюмдун ашыкча төлөнгөн салыктар боюнча суммасы

болсо, көрсөтүлгөн сумма ушул Кодексте белгиленген тартипте жоюлуучу

уюмдун салыктык карызын аткаруу эсебине кириштелүүгө тийиш.

6. Жоюлуучу уюмдун салыктык карызы жок болсо, ашыкча төлөнгөн са-

лыктардын суммасы ушул Кодексте белгиленген тартипте ошол уюмга кайта-

рылып берилүүгө тийиш.

64-статья. Төлөөгө жөндөмсүз уюмдун же банкрот деп таанылган же

жарыяланган жеке ишкердин салыктык милдеттенмелерин

аткаруу жана салыктык карыздарын жоюу

1. Төлөөгө жөндөмсүз деп табылган же банкрот деп жарыяланган уюм-

дун салыктык милдеттенмелерин аткаруу ушул Кодексте белгиленген

өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасы-

нын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Салыктык милдеттенмени эсептөө төлөөгө жөндөмсүз уюмду банкрот

деп табуу же жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып токто-

тулат.

3. Жоюу жол-жоболорун колдонуу менен банкроттук процессинде, бул

жол-жоболорду ишке ашыруу процессинде турган төлөөгө жөндөмсүз уюмдарда

салыктык милдеттенме келип чыкпайт.

4. Эгерде төлөөгө жөндөмсүз уюм санациялоо же реабилитациялоо

жол-жоболорун колдонуу менен банкроттук процессинде турса, салык кызма-

тынын органынын салыктык карызды мажбурлап өндүрүү боюнча бардык иштери

токтотулат.

Мында бул уюмга карата ар кандай мүлктүк талаптар салык кызматынын

органы тарабынан санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорунун чекте-

ринде гана коюлушу мүмкүн.

5. Санациялоо же болбосо реабилитациялоо жол-жоболору башталганга

чейин төлөөгө жөндөмсүз уюмда түзүлгөн салыктык карыз уюмдун жогоруда

көрсөтүлгөн банкроттук жол-жоболору аяктагандан жана анын төлөө

жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилгенден кийин гана төлөнүүгө тийиш.

6. Банкрот деп табылган же жарыяланган жеке ишкердин салыктык мил-

деттенмесин, ошондой эле салыктык карыздарын аткаруу уюмдар үчүн ушул

статьяда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

65-статья. Өлгөн же өлдү деп жарыяланган жеке адамдын салыктык

милдеттенмелерин аткаруу жана салыктык карыздарын жоюу

1. Жеке адамдын өлүмүнөн же аны сот тарабынан өлдү деп жарыялоодон

улам анын мурасын ачуу жөнүндө нотариус мурасты ачкан күндөн тартып 6

айдын аралыгында мурасты ачкан жердеги салык кызматынын органына кабар-

лоого милдеттүү.

2. Мурасты ачуу жөнүндө кабарды алган күндөн тартып 5 күндүн ичин-

де салык кызматынын органы мурасты ачкан жердеги нотариуска жана мурас-

керге өлгөн жеке адамдын салыктык карызынын бар экендиги тууралуу бил-

дирүүгө милдеттүү.

3. Салык кызматынын органы өлгөн жеке адамдын салыктык карыздары-

нан келип чыгуучу өз талаптарын мурастын аткаруучусуна (мурастын башка-

руучусуна) же мураскерге коюуга укуктуу.

4. Өлгөн жеке адамдын салыктык милдеттенмеси өлгөн адамдан мүлктү

мураска алган анын мураскери тарабынан мураска алынган мүлктүн наркынын

чектеринде жана мурастаган үлүшкө пропорционалдуу түрдө мурасты алган

күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен аткарылат.

5. Мында укук улантуучуда салыктык укук бузууларды жасагандыгы

үчүн өлгөн жеке адамга мурда эсептелген салыктык санкцияларды төлөө бо-

юнча милдетти мураскердин аткарышы жагынан милдет келип чыкпайт.

6. Мураскер жок болсо же мураскер мурасты кабыл алуудан баш тарт-

са, ошондой эле өлгөн жеке адамдын салыктык карыздын өлчөмү мураска ка-

луучу мүлктүн наркынан жогору болсо, салыктык карыздын төлөнбөгөн сум-

масы үмүтсүз карыз катары таанылат.

7. Сот тарабынан өлдү деп жарыяланган жеке адамдын салыктык мил-

деттенмесин аткаруу өлгөн адам үчүн ушул статьяда белгиленген тартипте

жүргүзүлөт.

66-статья. Кабарсыз жок болгон же ишке жарамсыз жеке адамдын

салыктык милдеттенмелерин аткаруу жана салыктык

карыздарын жоюу

1. Кабарсыз жоголгон же ишке жарамсыз жеке адамдын салыктык мил-

деттенмеси анын камкорчусу, багуучусу же мүлктү ишенимдүү башкарууну

жүргүзүүчү башкаруучу тарабынан сот жеке адамдын кабарсыз жоголду же

ишке жарамсыз деп тапкан күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен жеке

адамдын мүлкүнүн эсебинен аткарылат.

2. Сот жеке адамды кабарсыз жоголду же ишке жарамсыз деп тапканды-

гы жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде

соттун чечимин көчүрмөсүн жиберүү аркылуу көрсөтүлгөн жеке адам каттал-

ган жердеги салык кызматынын органына билдирүүгө милдеттүү.

3. Кабарсыз жоголду же ишке жарамсыз деп таанылган жеке адам кат-

талган жердеги салык кызматынын органы камкорчуга, багуусундагы адамга

же мүлктү ишенимдүү башкарууну жүргүзүүчү башкаруучуга, ошондой эле

үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо боюнча органга кабарсыз жоголду же

ишке жарамсыз деп таанылган жеке адамдын аткарылбай калган салыктык

милдеттенмесинин бар экендиги жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

Көрсөтүлгөн кабарлоо жеке адамды кабарсыз жоголду же ишке жарамсыз

деп табуу жөнүндө үй-бүлөнү же балдарды коргоо боюнча органдан маалымат

алган күндөн тартып 5 күндүн ичинде берилет.

4. Кабарсыз жоголду же ишке жарамсыз деп табылган жеке адамдын са-

лыктык карызы анын салыктык карызын аткаруу үчүн ошол жеке адамдын

мүлкү болбогон же жетишсиз болгон учурда үмүтсүз карыз деп таанылат.

67-статья. Туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасында

ишмердик жүргүзүүдө салыктык милдеттенмелерди аткаруу

жана салыктык карыздарды жоюу

Туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердик

жүргүзүүдө салыктык милдеттенмелерди аткаруу, салыктык карыздарды жоюу

боюнча милдет ушундай иштерди жүргүзүүчү субъектиге жүктөлөт.

68-статья. Салыктык милдеттенмени токтотуу

Салыктык милдеттенме, ошондой эле салыктык карыз төмөнкүдөй учурда

токтотулду жана жоюлду деп эсептелет:

1) салыктык милдеттенмени тиешелүү түрдө аткарган жана недоимканы,

проценттерди, туума айыптарды жана салыктык санкцияларды төлөгөн;

2) ушул Кодексте белгиленген салыктык милдеттенме боюнча доонун

эскирүү мөөнөтү бүткөн;

3) салык төлөөчү банкрот деп таанылган;

4) жеке адам өлгөн, анын укугун улантуучу же мураскери болбогон

учурларда.

69-статья. Салыктык милдеттенме боюнча үмүтсүз карыздарды

эсептен чыгаруу

Салык төлөөчүнүн салыктык карызы ушул Кодекстин 68-статьясынын 2)

- 4) пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда үмүтсүз карыз деп таанылат

жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте эсептен чыгары-

лат.

## 7-глава

Салыктык милдеттенмелерди аткарууну жана

салыктык карыздарды жоюуну камсыздоо

70-статья. Салыктык милдеттенмелерди аткарууну жана салыктык

карыздарды жоюуну камсыздоо ыкмалары

1. Салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелерди аткарышы жана салык-

тык карыздарды жоюушу ушул Кодексте каралган ыкмалар менен камсыздалат.

2. Салыктык милдеттенмелерди аткаруу жана салыктык карыздарды жоюу

төмөнкүдөй ыкмалар менен камсыз кылышы мүмкүн:

1) туума айыптарды эсептөө;

2) банктык кепилдик;

3) салык төлөөчүнүн депозити;

4) салык төлөөчү моюнга алган салыктык карызды салык төлөөчүнүн

жана/же үчүнчү жактардын эсебиндеги акча каражаттарынан жана/же накта-

лай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүү.

3. Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу товарларды алып

өтүүдө пайда болгон салыктык милдеттенмелерди аткаруунун жана салыктык

карызды жоюунун ыкмалары Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен

аныкталат.

71-статья. Туум-айыптарды эсептөө

1. Туум-айып деп салыктык милдеттенмени аткарбаган же аткаруунун

мөөнөтү өтүп кеткен учурда салык төлөөчү төлөөгө тийиш болгон акчалай

сумма түшүнүлөт.

2. Туум-айыптын суммасы салык милдеттенмесин мажбурлап аткартуу

чараларын, ошондой эле салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликтин башка

чараларын колдонууга карабастан эсептелет жана төлөнөт.

3. Туум-айып салыктык милдеттенмени аткаруу үчүн ушул Кодексте

белгиленген күндөн кийинки күндөн тартып салыктык милдеттенмени аткару-

унун мөөнөтү өткөн ар бир календардык күн үчүн эсептелет.

4. Эсептелген туум-айып салык төлөөчүнүн недоимкасынын суммасынын

жүз процент өлчөмүнөн ашпашы керек.

5. Мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум-айып салык төлөөчүнүн недо-

имкасынын суммасынан проценттер менен аныкталат.

6. Туум-айыптын суммасы мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн недоимканын

өлчөмүнүн 0,09 процентине барабар өлчөмдө эсептелет.

7. Туум-айып төмөнкүлөргө эсептелбейт:

1) эсептелген проценттердин, туум-айыптардын жана салыктык санкци-

ялардын суммасына;

2) салык төлөөчүнү банкрот деп таануу же жарыялоо жөнүндө чечим

күчүнө кирген учурдан тартып банкрот деп таанылган салык төлөөчүнүн не-

доимкасынын суммасынан;

3) соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып бул чечим жоюлганга

чейин кабарсыз жоголду деп таанылган жеке адамдын недоимкасынын сумма-

сынан;

4) недоимканын пайда болушунун бирден бир себеби тейлөөчү банктын

жоюлушу болуп саналган учурда банкты мажбурлап жоюу жөнүнде чечим

күчүнө кирген учурдан тартып мажбурлап жоюлуучу банктын кредитору - са-

лык төлөөчүнүн недоимкасынын суммасынан;

5) мамлекеттик бюджетте төмөнкүдөй максаттарга каралган аасигнова-

ниелердин чектеринде салык төлөөчү тарабынан берилген товарлар, жумуш-

тар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз учурунда каржылабай калуунун натый-

жасында келип чыккан недоимканын суммасынан;

6) жењилбес күчтүн кесепетинен келип чыгуучу недоимканын суммасы;

7) кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү салыктык карыздын сум-

масына.

72-статья. Банктык кепилдик

1. Салыктык карыздын суммасын төлөө боюнча салык төлөөчүнүн мил-

деттенмесин аткаруу банктык кепилдик менен камсыздалышы мүмкүн.

2. Банктык кепилдик салык кызматынын органына банктык кепилдиктин

шарттарына ылайык салык төлөөчүнүн салыктык карызынын суммаларын төлөө

милдеттенмесин аткарууга банктын милдеттенмеси болуп саналат.

3. Банктык кепилдик Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ыла-

йык таризделет.

4. Салыктык карыздын суммасын төлөө боюнча салык төлөөчүнүн мил-

деттенмесин аткарууну банктык кепилдик менен камсыздоого байланыштуу

талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартип-

те каралат.

5. Салыктык карыздын суммасын төлөө боюнча милдеттерди аткарууну

камсыздоо жагындагы чаралар катарында банктык кепилдик берүүдө келип

чыгуучу укуктук мамилелерге Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары-

нын жоболору колдонулат.

73-статья. Салык төлөөчүнүн депозити

1. Ушул Кодексте белгиленген учурларда алдыдагы мезгилде салык

төлөөчүдө келип чыгышы мүмкүн болгон салык төлөөчүнүн салыктык милдет-

тенмесин аткаруу салык төлөөчү тарабынан салыктык милдеттенменин

өлчөмүндөгү акча каражаттарын салык кызматынын органынын атайын эсебине

салык төлөөчүнүн депозити аркылуу төлөө менен камсыздалышы мүмкүн.

2. Депозитти кабыл алган салык органы депозитти төлөгөндүгүн ырас-

тоочу маалымкатты салык төлөөчүгө берет.

3. Салык кызматынын органы салык төлөөчүнүн депозитин кабыл алган

салык кызматынын органынын чечиминде каралган учурларда, шарттарда жана

мөөнөттөрдө гана депозиттик эсепте сакталган суммаларды тескөөгө укук-

туу.

4. Салык депозитинин суммасына проценттер эсептелбейт.

5. Депозит менен камсыздоонун натыйжасында салык төлөөчүдө салык

милдеттенмеси пайда болгон окуялар болсо, салык төлөөчүнүн салыктык

милдеттенмесинин суммасы депозиттин суммасынан бюджетке которулат.

6. Салык төлөөчүдө салык милдеттенмелери келип чыкпаган окуя бол-

со, ошондой эле салыктык милдеттенме төлөнгөн депозиттин суммасынан аз

өлчөмдө болсо, төлөнгөн акча каражаты жана алардын калдыгы салык

төлөөчүгө же анын каалоосу боюнча алдыдагы мезгилдер үчүн салыктык мил-

деттерди аткарууну камсыздоо же башка салыктар боюнча милдеттенмелерди

аткаруу эсебине кириштелүүгө тийиш.

7. Төлөнгөн суммаларды кайтарып берүү же кириштөө салык төлөөчү

ушул Кодексте белгиленген документтерди берүү менен салык кызматынын

органдарына арыз тапшырган күндөн тартып жыйырма күндөн ашпаган

мөөнөттө жүргүзүлөт.

74-статья. Салык төлөөчү мойнуна алган салык милдеттенмелерин

аткаруу

1. Салык төлөөчү - уюм же жеке ишкер мойнуна алган салык карызда-

рынын суммасын төлөбөгөн же толук түрдө төлөбөгөн учурда салык органы

салык төлөөчү - уюмдун же жеке ишкердин мындай карыздын суммасын төлөө

эсебине каражаттарды өндүрүүгө жана өндүрүлгөн каражаттарды жиберүүгө

макулдугусуз акча каражаттарын талашсыз тартипте өндүрүүгө укуктуу.

2. Салык төлөөчү - уюм мойнуна алган салыктык карыздын суммасын

салык төлөөчүнүн эсептеринен төлөө эсебине акча каражаттарын өндүрүү

салыктык төлөм талабын (мындан ары бул статьяда - СТТ) банкка коюу ар-

кылуу жүргүзүлөт.

3. СТТ салык төлөөчүнүн эсебинен анын ичинде валюталык эсептен

анын салыктарын төлөө эсебине акча каражаттарын банкка СТТ түшкөн

күндөн кийинки бир операциялык күндөн кечиктирбестен эсептен чыгаруу

аркылуу банк тарабынан аткарылат.

4. СТТны банк алган күнгө карата салык төлөөчүнүн эсептеринде акча

каражаттары жетишсиз же жок болсо, мындай талап бул эсепке акча кара-

жаттарынын түшүшүнө жараша мындай ар бир каражат түшкөн күндөн кийинки

бир операциялык күндөн кечиктирбестен аткарылат.

5. Банктагы салык төлөөчүнүн эсептеринде акча каражаттары жетишсиз

же жок болсо, салык органы салык төлөөчү моюнга алган салык карызын ый-

гарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча накталай акча каражат-

тарын өндүрүү жөнүндө акт боюнча накталай акча каражаттарынын эсебинен

өндүрүүгө укуктуу.

Ушул пунктка ылайык өндүрүлгөн накталай акча каражатты кийин бюд-

жетке которуу менен салык төлөөчүнүн эсебине аларды кириштөө үчүн банк-

ка берилет.

6. Салык төлөөчүдө акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда

салык органы салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын чектеринде

үчүнчү жактардын эсебинен накталай акча каражатын өндүрүүгө укуктуу.

Үчүнчү жактардын эсебинен өндүрүү талашсыз тартипте салык

төлөөчүнүн жана үчүнчү жактардын ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү салыш-

тыруу актысынын негизинде салык төлөөчүгө үчүнчү жактын документалдык

тастыкталган карызы болгондо жүргүзүлөт.

7. Бул статья салык төлөөчү мойнуна алган, салыктык милдеттенмени

мөөнөтүндө аткарылбаган салыктык милдеттенмени салык төлөөчүнүн жана/же

үчүнчү жактардын накталай акча каражаттарынын жана/же эсептердеги акча

каражаттарынын эсебинен камсыздоо жөнүндө салык төлөөчүгө билдирүү тап-

шырылып, бирок тиешелүү билдирүү тапшырылган күндөн тартып 15 календар-

дык күндүн ичинде салык төлөөчү мындай билдирүүнү аткарбаса же мындай

билдирүүгө ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанбаса колдонулат.

75-статья. Салыктык карыздарды мажбурлап жоюу

1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, салык төлөөчүнүн салык-

тык карызы болсо жана ушул Кодекске ылайык ага кийинкиге жылдыруу жана

бөлүп төлөө мөөнөтү берилбесе, салык органы салыктык карызды төлөө

жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн сумманын чектеринде бул салык төлөөчүнүн

мүлкүнүн эсебинен мүлктү тескөөнү чектөө жана/же салыкты өндүрүү

жөнүндө сотко доо менен кайрылууга укуктуу.

Сотко кайрылуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык ко-

дексинде каралган тартипке ылайык жүргүзүлөт.

Мындай доо үчүнчү жактан, анын ичинде дебитордун, жумуш

берүүчүнүн, банктын же болбосо башка уюмдун каражаттарынын эсебинен са-

лыктык карызды өндүрүүнү карашы мүмкүн.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн доону берүүгө салык ор-

ганы салык төлөөчүнүн үчүнчү тарабына, анын ичинде дебиторго, жумуш

берүүчүгө, банкка же болбосо башка уюмга салыктык карызы бар салык

төлөөчүнүн дарегине же анын тапшырмасы боюнча акча төлөмдөрүн токтотуу

талабы менен билдирүү жиберүүгө укуктуу.

Соттун чечими чыкканга чейин билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптарды

үчүнчү жак аткарбаган учурда бул төлөмгө барабар, бирок салыктык карыз-

дын суммасынан ашпаган өлчөмдөгү сумма өндүрүлөт. Ушул пунктта каралган

сумманы өндүрүү соттун чечими боюнча ишке ашырылат.

3. Салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салыкты өндүрүү жөнүндөгү

доо боюнча ишти кароо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ыла-

йык жүргүзүлөт.

4. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде салык

төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салыкты өндүрүү Кыргыз Республикасынын Жа-

рандык кодексине ылайык жүргүзүлөт.

5. Салык төлөөчү - жеке адамдын мүлкүнүн эсебинен салыкты өндүрүү

төмөнкүлөргө карата жүргүзүлбөйт:

1) 100000 сомго чейинки өлчөмдөгү негизги каражаттарга;

2) экономикалык ишмердикке тиешеси жок жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү аныктаган тизме боюнча жеке жактын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн

ар күндүк өздүк пайдалануусу үчүн арналган мүлккө.

Салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салык өндүрүүдө ушул пунктун 1)

пунктчасында көрсөтүлгөн мүлктү бөлүштүрүүгө мүмкүн болбосо, бул мүлк

белгиленген чекке чейин мүлктүн суммасын кийин кайтарып берүү менен

ушул статьянын шарттары боюнча сатылууга тийиш.

6. Салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салыкты өндүргөн учурда аны

саткан жана түшкөн суммалардын эсебинен салыктык карыздарды жойгон

күндөн тартып салыкты төлөө боюнча милдеттенме аткарылды деп эсептелет.

Мурда камакта турган мүлктү саткан учурда салыкты жана салыктык санкци-

яларды ез учурунда которбоо үчүн туум-айып мүлктү камакка алган күндөн

тартып жана түшкөн суммаларды бюджетке которгонго чейин эсептелбейт.

7. Салык органынын кызмат адамы, ошондой эле алар менен өз ара

байланыштуу адамдар салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салык өндүрүү

жөнүндө соттун чечимин аткаруу тартибинде салык төлөөчүнүн сатылуучу

мүлкүн сатып алууга укугу жок.

8. Бул статья салыктык текшерүүнүн жана даттануунун натыйжасында

келип чыгуучу салыктык милдеттенмеге карата даттануу боюнча чечим кабыл

алынганга чейин колдонулбайт.

## 8-глава

Салыктык милдеттенмени аткаруу жана салыктык

карызды жоюу мөөнөттөрүн өзгөртүү

76-статья. Салыктык милдеттенмени аткаруу жана салыктык карызды

жоюу мөөнөттөрүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары

1. Салыктык милдеттенмелерди аткаруунун, ошондой эле салыктык ка-

рыздарды жоюунун мөөнөтүн өзгөртүү (мындан ары ушул главада - салыктык

карыздын суммасы) деп салыктык карыздын суммасын төлөөнүн белгиленген

мөөнөтүн кыйла кийинки мөөнөткө которуу түшүнүлөт.

2. Салыктык карыздын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул гла-

вада каралган тартипте гана жол берилет.

Төлөө мөөнөтү ушул главада башкача каралбаса салыктык карыздын

төлөнбөгөн суммасына проценттерди эсептөө менен салыктык карыздын

төлөнүүгө тийиш болгон бардык суммасына же болбосо анын бөлүктөрүнө ка-

рата өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Салыктык карыздын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү кийинкиге

жылдыруу жана/же бөлүп төлөө формасында ишке ашырылат.

4. Салыктык карыздын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү аны төлөө

боюнча колдонуудагы милдеттерди жойбойт жана жањыларын түзбөйт.

5. Салыктык карыздын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү банктык ке-

пилдик менен гана жүргүзүлөт.

6. Бул статьянын жоболору акциздик салык боюнча салыктык карыздын

суммасына колдонулбайт.

77-статья. Салыктык карыздын суммасын төлөө мөөнөтүн жокко

чыгаруучу жагдайлар

1. Салыктык карыздын суммасын төлөө мөөнөтү эгерде мындай

өзгөртүүгө талапкер болгон салык төлөөчүгө карата ал өзүнүн акча кара-

жаттарын же салык алууга тийиш болгон башка мүлкүн жашыруу үчүн ушундай

өзгөртүүнү пайдаланат дегенге документтик негиздер болсо же болбосо бул

салык төлөөчү туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырт-

кары чыгып кетүүгө камданса, мындай өзгөртүү болушу мүмкүн эмес.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар пайда болсо,

салыктык карыздын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө чыгарылган

чечим жоюлууга тийиш.

Чыгарылган чечимди жоюуда салыктык кызмат органы ушул Кодексте

белгиленген тартипте салык төлөөчүгө үч күндүк мөөнөттө жазуу жүзүндө

билдирет.

78-статья. Салыктык карыздын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү

жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу органдар

Компетенциясына салыктык карыздын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү

жөнүндө чечим кабыл алуу кирген органдар (мындан ары ушул главада - ый-

гарым укуктуу органдар) төмөнкүлөр болуп саналат:

1) салык органы - 100000 сомдон ашпаган суммада;

2) Ыйгарым укуктуу орган - 100000 сом жана андан ашкан суммада.

79-статья. Салыктык карыздын суммасын төлөө боюнча кийинки

жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү тартиби жана

шарттары

1. Салыктык карыздын суммасын төлөө боюнча кийинки жылдыруу же

бөлүп төлөө мөөнөтү ушул статьяда каралган негиздер болсо аны төлөө

мөөнөтүн салык төлөөчү салыктык карыздын суммасын бир жолку төлөө менен

(мындан ары бул главада - кийинкиге жылдыруу) жана/же салыктык карыздын

суммасын этап-этабы менен төлөө (мындан ары бул главада - бөлүп төлөө)

аркылуу бир айдан үч жылга чейинки мөөнөткө өзгөртүүнү камтыйт.

2. Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү пайда болгон же салык

төлөөчү тарабынан төмөнкүдөй себептердин биринен улам төгүлбөгөн салык-

тык карыздын суммасына карата анын арызы боюнча берилиши мүмкүн.

1) жењилбес күчтүн жагдайларынын натыйжасында салык төлөөчүгө кел-

тирилген зыяндын;

2) берилген товарлар, аткарылган жумуштар жана көрсөтүлгөн кызмат-

тар үчүн бул салык төлөөчүгө бюджеттен каржылоо же алар үчүн акы төлөө

кечиктирилген;

3) эгерде салык төлөөчүнүн финансылык же мүлктүк абалы салыктык

карыздын суммасын бир жолку төлөөгө мүмкүндүк бербесе жана берилген ки-

йинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө мөөнөтү салыктык милдеттенмени ат-

карууга көмөктөшө турган болсо.

3. Кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө мөөнөтү бир же бир нече

салыктар боюнча берилиши мүмкүн.

4. Эгерде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү ушул статьянын

2-пунктунун 3) пунктчасында көрсөтүлгөн негиздери боюнча берилсе салык-

тык карыз суммасына анын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнгөн сумма-

сынан КРУБдун эки эсе эсептик ставкасына жараша проценттер эсептелет.

Проценттер кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө берилген мезгилдеги ар

бир күн үчүн эсептелет.

Эгерде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү ушул статьянын

2-пунктунун 1) жана 2) пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча бе-

рилсе бул салыктык карыз суммасына проценттер эсептелбейт.

5. Салыктык карыздын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү сум-

масына туум-айыптар жана салыктык санкциялар эсептелбейт.

6. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө арыз

негиздерин көрсөтүү менен тиешелүү ыйгарым укуктуу органга берилет. Бул

арызга ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн негиздердин жана салыктык

карыздын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасын төлөөнүн

банктык кепилдиктери жөнүндө документтердин болушун тастыктоочу доку-

менттер тиркелет. Көрсөтүлгөн арыздын көчүрмөсү салык төлөөчү эсепте

турган жердеги салык органына арыз берген күндөн тартып 10 күндүк

мөөнөттө салык төлөөчү тарабынан жиберилет.

7. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү же аларды

берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим салык төлөөчүнүн арызын алган күндөн

тартып 30 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан ка-

был алынат.

Салык төлөөчүнүн арызын караган мезгилде салык органдары салык ка-

рызын мажбурлап өндүрүү чараларын токтотуп турат.

8. Ушул главада белгиленген талаптарды аткарууда салык карызынын

суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүүнү четке кагуучу жагдайлар болбосо, ый-

гарым укуктуу орган ушул статьянын 2-пунктунун 1) жана 2) пунктчаларда

көрсөтүлгөн негиздер боюнча салык төлөөчүгө келтирилген зыяндын ти-

йиштүү суммасынын же болбосо берилген товарлар, аткарылган иштер жана

көрсөтүлгөн кызматтар үчүн салык төлөөчүгө бюджеттен сумманы кем каржы-

лаган же төлөбөгөн учурларда салык төлөөчүгө кийинкиге жылдыруу же

бөлүп төлөө мөөнөтүн берүүдөн баш тартууга укугу жок.

9. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө че-

чим салыкты төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн

көрсөтмөнү, салыктык карыздын суммасын жана эсептелүүчү проценттерди

төлөө мөөнөтүн жана тартибин, ошондой эле салыктык карыздын кийинкиге

жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасын төлөөнүн банктык кепилдиги

жөнүндө документтерди көрсөтүүнү камтууга тийиш.

Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө чечим

ушул чечимде аныкталган күндөн тартып күчүнө кирет. Мында салык карызын

төлөө үчүн белгиленген күндөн тартып бул чечим күчүнө кирген күнгө че-

йинки бардык мезгил үчүн эсептелген туум-айыптар жана салыктык санкция-

лар карыз суммасына кошулат.

10. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүүдөн баш тар-

туу жөнүндө чечим негизделүүгө тийиш.

11. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү же аны

берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдин көчүрмөсү ыйгарым укуктуу орган

тарабынан мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө

салык төлөөчүгө жана салык төлөөчүнү эсепке алган жердеги салык органы-

на жиберилет.

12. Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу товарларды алып

өтүүгө байланыштуу салыктык карызды төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу жа-

на бөлүп төлөө мөөнөтүн берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республи-

касынын бажы мыйзамдары менен аныкталат.

80-статья. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн

колдонулушун токтотуу

1. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу тие-

шелүү чечимдин же келишимдин колдонулуш мөөнөтү бүткөндө токтотулат же

болбосо ушул статьяда каралган учурларда мындай мөөнөт бүткөнгө чейин

токтотулушу мүмкүн.

2. Кийинкигеё жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу са-

лык төлөөчү салыктык карыздын бардык эсептелген суммасын жана тиешелүү

проценттерди белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин төлөгөн учурда

мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

3. Жењилгис күчтүн жагдайларынын келип чыгыш себеби боюнча бузуу-

ларды кошпогондо кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүүнүн

шарттарын салык төлөөчү бузган учурда салык кызматынын органы салык

төлөөчү талапты алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде тартип бузууларды

четтетүү жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндөгү талапты жиберет. Салык

төлөөчү көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаса, кийинкиге жылдыруу жана бөлүп

төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу салык төлөөчү кийинкиге жылдыруу жана

бөлүп төлөө мөөнөтүнүн шарттарын бузган күндөн тартып мөөнөтүнөн мурда

токтотулат.

4. Ушул статьянын 3-пунктуна ылайык Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп

төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулганда, салык

төлөөчү тиешелүү чечимди алгандан кийин 30 календардык күндүн ичинде

салыктык карыздын төлөнбөгөн суммасын, ошондой эле ушул чечим кабыл

алынган күндөн тартып ушул сумма төлөнгөн күнгө чейинки ар бир күн үчүн

салык калдыгынын суммасына туум-айыптарды жана салыктык санкцияларды

төлөөгө тийиш.

Мында салыктык карыздын калган төлөнбөгөн суммасы кийинкиге жылды-

руу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө чечимде аныкталган карыз-

дын, кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулуш мезгили

үчүн Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнөн колдонулуш жөнүндө

чечимге ылайык эсептелген проценттердин суммасына көбөйтүлгөн жана са-

лыктык карыздар менен проценттердин иш жүзүндө төлөнгөн суммалардын ор-

тосундагы айырма катары.

5. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтү жөнүндө чечимди жо-

юу тууралуу кабарлоо салык төлөөчүгө мындай чечимди кабыл алган ыйгарым

укуктуу орган тарабынан ушул Кодексте белгиленген тартипте чечим кабыл

алынган күндөн тартып 3 жумушчу күнүнөн кечиктирбестен жиберилет. Ки-

йинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтү жөнүндө чечимди жоюу тууралуу

кабар заказдык катты тапшыруу же аны алуудан баш тартуу жөнүндө квитан-

цияда көрсөтүлгөн күндө алынды деп эсептелет.

## 9-глава

Салыктарды эсепке алуу жана кайтарып берүү

81-статья. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алуу, кайтарып

берүү

1. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы деп ушул Кодекстин 278 жана

279-статьяларында аныкталган кошумча наркка салык боюнча (мындан ары

ушул Кодексте - КНС) сумманын ашып кетишин кошпогондо, салык төлөөчү

бюджетке төлөгөн жана бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммала-

рынын ортосундагы оњ айырма түшүнүлөт.

2. Салык төлөөчүнүн салыктык карызын жоюу эсебине салыктын ашыкча

төлөнгөн суммасы төмөнкүдөй тартипте кириштелет:

1) салыктын бул түрү боюнча проценттерди, туум-айыптарды жана са-

лык санкцияларын төлөө эсебине;

2) салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык калдыктарды төлөө

эсебине;

3) салыктардын башка түрлөрү боюнча туум-айыптарды, проценттерди

жана салык санкцияларын жоюу эсебине.

3. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсеп кылуу салыктык милдет-

тенмени аткарбаган салык төлөөчүгө эсептөө жүргүзүлгөн күндөн тартып 10

календардык күндүн ичинде салык төлөөчүгө кабарлоо менен салык органы

тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт.

4. Ушул статьянын 2-пунктунда каралган шарттар аткарылбаган учурда

салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы

боюнча салыкты алдын ала төлөө суммасынын эсебине кириштелүүгө же бол-

босо салык төлөөчүгө кайтарылып берилүүгө тийиш.

5. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүү салык төлөөчү

катталган жердеги же салык төлөгөн жердеги салык органы тарабынан кай-

тарып берүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн тартып 40 календардык күндүн

ичинде жүргүзүлөт.

6. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке киргизүү же кайтарып

берүү жөнүндө арыз салык төлөөчү тарабынан ашыкча төлөнгөн сумма пайда

болгон күндөн тартып алты жылдан кечиктирилбеген мөөнөттө берилиши

мүмкүн.

7. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы башка салык төлөөчүнүн салык-

тык карыздарын төлөө эсебине кириштелүүгө тийиш эмес.

8. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүдө салыктык ка-

рыздарды аткарбай коюу учурлары болбосо анын жазуу жүзүндөгү суроо-та-

лабы боюнча ага кайтарып берилүүгө тийиш.

9. Ушул статьянын 5-пунктунда белгиленген мөөнөт бузулса, кайтарып

берүү мөөнөтү бузулган ар бир күн үчүн 0,09 процент өлчөмүндө бюджеттин

каражаттарынын эсебинен туум-айып төлөнөт.

## 10-глава

Салыктык милдеттенме жөнүндө кабарлоо

82-статья. Салыктык кабарлоо жана анын мазмуну

1. Салыктык кабарлоо деп салык төлөөчү салыктык милдеттенмелерин

аткарышы тууралуу салык кызмат органынын жазуу жүзүндөгү талабы

түшүнүлөт.

2. Кабарлоонун түрүнө жараша анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) салык төлөөчүнүн аты-жөнү же толук аталышы;

2) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;

3) билдирүү толтурулган дата;

4) билдирүү түзүлгөн күнгө карата эсептелген салыктар, проценттер,

туум-айыптар жана салык санкциялары боюнча карыздын суммасы;

5) тиешелүү салыктардын, туум-айыптардын жана салык санкцияларынын

реквизиттери;

6) эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса билдирүү тапшырылган

күндөн тартып 30 күндүн ичинде салыктык милдеттенмени аткаруу жөнүндө

талап;

7) салык төлөөчү билдирүүнү аткарбаган учурда колдонула турган са-

лыктык милдеттенмени аткарууну камсыз кылуу боюнча чаралар;

8) билдирүүнү жиберүү үчүн негиз;

9) даттануу тартиби;

10) төлөм жүргүзүлгөн жер жана анын ыкмасы;

11) башка зарыл маалыматтар.

3. Кабар салык төлөөчүгө анын экономикалык иш жүргүзгөн акыркы да-

регине же Кыргыз Республикасындагы акыркы катталган дарегине же салык

төлөөчүнүн салык боюнча өкүлүнө бул кабарды алгандыгынын фактысын жана

күнүн тастыктоочу жекече кол койдуруу же башкача ыкма менен жеткирил-

генде туура тапшырылды деп эсептелет.

4. Кабар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилсе, аны тапшыруу

жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн датада же заказдык катты алуудан баш

тартуу датасы менен алынды деп эсептелет.

5. Салыктык кабарлоо ушул Кодекске карама-каршы келбеген, ушул Ко-

декстин талаптарына жооп берген учурда гана күчкө ээ жана ушул Кодексте

белгиленген тартипте салык төлөөчүгө тапшырылат.

6. Салыктык кабарлоо ушул Кодексте көрсөтүлгөн талаптарды сактаба-

ган учурда, ал тургай салык төлөөчүгө бул кабар жана анын мааниси бел-

гилүү болсо да анык же күчкө ээ деп эсептелбейт. Салык төлөөчүгө кабар-

ды тиешелүү тапшыруу фактысын далилдөө салык кызматынын органынын мил-

дети болуп саналат.

7. Билдирүүлөрдүн формасы Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан

белгиленет.

83-статья. Салык милдеттенмеси жөнүндө кабарлоонун түрлөрү жана

аны жөнөтүүнүн негиздери

Салык төлөөчүгө төмөнкүдөй билдирүүлөр тапшырылат:

1) салык органы эсептеген салык милдеттенмесинин суммасы жөнүндө;

2) ушул Кодексте каралган салык милдеттенмесинин, проценттердин,

туум-айыптардын жана салык санкциялардын эсептелген же азайтылган сум-

масы жөнүндө;

3) мөөнөтүндө аткарылбаган салык милдеттенмесин аткарууну камсыз-

доо жөнүндө.

## 11-глава

Эсепке алуу документтери жана салыктык отчеттуулук

84-статья. Эсепке алуу документтерин түзүү жана сактоо

1. Эсепке алуу документтери салыктык милдеттенмени аныктоо үчүн

негиз болуп саналуучу баштапкы документтерди, бухгалтердик эсептин ре-

гистрлерин жана башка документтерди камтыйт.

2. Эсепке алуу документтери кагаз түрүндө жана/же электрондук бу-

лактарда түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган

учурларды кошпогондо, бирок ушул Кодексте белгиленген доонун эскирүү

мөөнөтүнөн кем эмес учурга ушул Кодексте белгиленген тиешелүү салыктык

милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнгө чейин сакталат.

3. Баштапкы документтер жана бухгалтердик эсептин регистрлери са-

лык төлөөчү тарабынан мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлөт.

4. Чет тилде түзүлгөн башка эсепке алуу документтери болсо салык

органынын талабы боюнча салык төлөөчү мындай документтерди мамлекеттик

же расмий тилге которууну камсыз кылууга милдеттүү.

5. Салык төлөөчү өзгөртүп кайра түзүлгөн учурда кайра түзүлгөн

уюмдун эсепке алуу документтерин сактоо боюнча милдеттенме анын укугун

улантуучуга жүктөлөт.

6. Уюмду жоюуда, ошондой эле жеке ишкердин ишмердиги токтогон

учурда мамлекеттик реестрден чыгарылгандан кийин эсепке алуу документ-

тери мамлекеттик архивге тапшырууга тийиш болгон документтерден башкасы

жок кылынышы мүмкүн.

Салык төлөөчү эсепке алуу документтерин жок кылуу датасына чейин

кеминде 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен эсепке алуу документтерин жок

кылуу орду жана убактысы жөнүндө салык кызматынын органына кабарлоого

милдеттүү.

85-статья. Салыктык отчеттуулук

1. Салыктык отчеттуулук ушул Кодексте белгиленген тартипке ылайык

салык органына берилген салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү жана/же элект-

рондук документи болуп саналат, ал салыктык милдеттенменин өлчөмү

жөнүндө, ошондой эле салыктык милдеттенмени эсептөө үчүн зарыл маалы-

маттарды камтыйт.

2. Салыктык отчеттуулуктун формалары Ыйгарым укуктуу салык органы

тарабынан бекитилет.

86-статья. Салыктык отчеттуулукту түзүүнүн жана берүүнүн тартиби

1. Эгерде ушул Жободо башкача белгиленбесе салыктык отчеттуулугу

ушул Кодекстин талаптарына ылайык өз алдынча салык төлөөчү же болбосо

салык боюнча өкүл тарабынан түзүлөт.

2. Салык отчеттуулугу мамлекеттик же расмий тилде кагаз түрүндө

жана/же электрондук булактарда түзүлөт. Электрондук булактарда салык

отчеттуулугун түзүүдө салык төлөөчү салык органдарынын талабы боюнча

кагаз түрүндө салык отчеттуулугунун көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

3. Кагаз түрүндөгү салык отчеттуулугуна салык төлөөчү же салык

төлөөчүнүн кызмат адамы жана/же салык боюнча өкүл кол коюуга тийиш, са-

лык төлөөчүнүн жана салык төлөөчүнүн кызмат адамынын, салык боюнча

өкүлдүн койгон колу эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

салык төлөөчүгө мөөр колдонуу боюнча талаптар коюлса, мөөр менен

күбөлөндүрүлөт.

4. Электрондук салык отчеттуулугун түзүүдө түрдө электрондук доку-

мент салык төлөөчүнүн электрондук цифралык койгон колу менен

күбөлөндүрүүгө тийиш.

5. Салык отчеттуулугун түзүүдө анда көрсөтүлгөн маалыматтардын ту-

уралыгы үчүн жоопкерчилик салык төлөөчүгө жүктөлөт.

6. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында башкача белгиленбе-

се, салык отчеттуулугу салык төлөөчү катталган жердеги салык органына

берилет.

7. Салык төлөөчү, салык боюнча өкүл салык отчетун төмөнкүдөй тан-

доо боюнча берүүгө укуктуу:

1) өзүлөрү барып;

2) кабарлоо менен заказдык кат аркылуу почта менен;

3) ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген учурларда маалыматты

компьютердик иштеп чыгууга жол берүүчү электрондук түрдө.

8. Салык отчеттуулугу салык төлөөчүнүн каалоосу боюнча алдын ала

текшерүүсүз, анын мазмунун талкуулабастан кабыл алынат.

9. Салык Отчеттуулугун толтуруунун жана берүүнүн тартиби Ыйгарым

укуктуу салык органы тарабынан берилет.

87-статья. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөтү

1. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөтү ушул Кодекстин талаптарына

ылайык ар бир салыкка карата өзүнчө белгиленет.

2. Салык отчеттуулугун берүүнүн белгиленген мөөнөтүн өзгөртүүгө

ушул Кодексте каралган тартипте гана жол берилет.

3. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөттөрүн бузуу ушул Кодексте жана

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде

каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.

4. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында башкача белгиленбе-

се, салык отчеттуулугу төмөнкүдөй мөөнөттөрдө берилет:

1) ай сайын төлөнүүчү салыктын алдын ала суммасы боюнча салык от-

четтуулугун түзүү учурунда - отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан ке-

чиктирбестен;

2) бир календардык жылга барабар болгон салык мезгили үчүн салык

отчеттуулугун түзүүдө - отчеттук жылдан кийинки календардык жылдын

1-мартынан кечиктирбестен;

3) бир айга барабар болгон салык мезгили үчүн салык отчеттуулугун

түзүүдө - отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен;

4) бир кварталга барабар болгон салык мезгили үчүн салык отчеттуу-

лугун түзүүдө - отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбес-

тен;

5) ушул статьянын 4-пунктунун 1), 2) жана 3) пунктчаларда каралба-

ган учурда салыктык милдеттенме келип чыккан айдан кийинки айдын 20сы-

нан кечиктирбестен.

5. Салык төлөөчү өзгөртүлүп кайра түзүлгөн же жоюлган учурда салык

отчеттуулугу өзгөртүп кайра түзүү же жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган

күндөн тартып 15 күндүн аралыгында берилет.

88-статья. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөтүн узартуу

1. Ушул Кодексте белгиленген салык отчеттуулугун берүү мөөнөтүнө

чейин салык төлөөчүдөн жазуу жүзүндө арызды алганда салык отчеттуулугун

берүү мөөнөтү 30 күнгө узартылат.

2. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөтүн узартуу салык төлөө мөөнөтүн

өзгөртпөйт.

89-статья. Салык отчеттуулугун берүү боюнча милдеттенмелерди

аткаруу датасы

1. Салык отчеттуулугун берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу дата-

сы салык органы тарабынан отчетту кабыл алган дата же электрондук почта

боюнча отчеттуулукту жибергендиги жөнүндө кабарлаган дата же кайра ка-

барлоо менен отчетту почта аркылуу заказдык кат менен жиберүү датасы

эсептелет.

2. Салык отчеттуулугун берүү боюнча милдеттенме эгерде документ

салыктык отчет берүү үчүн ушул Кодексте белгиленген мөөнөттүн акыркы

күнүнүн жумушчу мезгили бүткөнгө чейин отчет байланыш уюмуна берилген-

дигин тастыктаган байланыш уюмунун отчетту кабыл алуу убактысы жана да-

тасы жөнүндө белгиси бар документ болгондо мөөнөтүндө аткарылды деп

эсептелет.

3. Салык төлөөчүнүн салык отчеттуулугуна карата милдеттүү талаптар

төмөнкүлөр болуп саналат:

1) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин, юридикалык жа-

на иш жүзүндөгү дарегин көрсөтүү;

2) салык милдеттенмесин жана салык мезгилин көрсөтүү;

3) салык отчеттуулугуна кол коюуга карата ушул Кодексте белгилен-

ген талаптар;

4) отчеттуулукту белгиленген формада түзүү.

4. Ушул статьянын 3-пунктунда каралган талаптарды салык төлөөчү

бузган учурда салык кызматынын органы салык төлөөчүгө ал талаптарды ал-

ган күндөн тартып он күндүн аралыгында мындай бузууларды четтетүү

жөнүндө талапты жиберет. Салык төлөөчү көрсөтүлгөн талаптарды аткарган

учурда салык отчеттуулугун берүү боюнча милдеттенме аткарылды деп эсеп-

телет.

90-статья. Салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү

1. Салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-

гизүүгө ушул Кодексте белгиленген салыктык милдеттенме боюнча доонун

эскирүү мөөнөтүнүн ичинде жол берилет.

2. Салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

салык мезгили үчүн такталган салык отчеттуулугун түзүү аркылуу салык

төлөөчү же салык боюнча өкүл тарабынан жүргүзүлөт, ага ушул Кодексте

башкача каралбаса, ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор ошондой эле са-

лык милдеттенмесинин Өлчөмүн өзгөртүүнүн себептери жөнүндө тиешелүү

маалыматтарды берүү кирет.

3. Такталган салык отчеттуулугу эгерде ушул Кодексте башкача ка-

ралбаса берилген салык отчеттуулугунда операцияларды чагылдырбоо же то-

лук эмес чагылдыруу фактысы, ошондой эле салыктын суммасынын өзгөрүшүнө

алып келүүчү каталар аныкталган учурда берилет.

4. Документалдык салыктык текшерүү жүргүзүү мезгилинин ичинде тек-

шерилүүчү мезгилдин түзүлгөн салык отчеттуулугуна өзгөртүү жана толук-

тоо киргизүүгө жол берилбейт.

91-статья. Салык отчеттуулугун сактоо мөөнөтү

1. Салык төлөөчү же салык боюнча өкүл, ошондой эле тиешелүү салык

органы ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эс-

кирүү мөөнөтүнүн ичинде салык отчеттуулугун сактоого милдеттүү.

2. Салык төлөөчү өзгөртүлүп кайра түзүлгөндө кайра түзүлгөн жактын

ишмердигинин мезгили үчүн салык отчеттуулугун сактоо боюнча милдеттенме

анын укугун улантуучуга жүктөлөт.

Уюм жоюлганда салык отчеттуулугу мамлекеттик архивге тапшырылууга

тийиш болгон документтерди кошпогондо салык төлөөчү тарабынан жок кылы-

нышы мүмкүн.

92-статья. Бирдиктүү салык декларациясы

1. Бирдиктүү салык декларациясы салыктык отчеттуулук болуп сана-

лат, анын максаты субъекттин экономикалык ишмердиги жөнүндө финансылык

жана башка маалымат берүү болуп эсептелет.

2. Бирдиктүү салык декларациясын төмөнкүлөр түзүүгө жана берүүгө

милдеттүү:

1) ата мекендик уюмдар;

2) туруктуу мекеме түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында

ишмердигин жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюмдар;

3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жеке адамдар;

4) Кыргыз Республикасынын резидент - жеке адамы;

5) туруктуу мекеме түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында

ишмердик жүргүзүүчү резидент эмес - жеке адамдар.

3. Жеке адамдар бирдиктүү салык декларациясынын төмөнкүдөй

түрлөрүнүн бирин беришет:

1) жеке;

2) үй-бүлөлүк.

4. Бирдиктүү салык декларациясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) салык салуу объекттери жөнүндө маалымат;

2) субъектинин, анын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн жана башка

обочолонгон подразделениелеринин мүлктүк жана финансылык абалы.

5. Бирдиктүү салык декларациясына салык салуу объекттери жөнүндө

маалымат киргизилет.

6. Субъектинин финансылык абалы жөнүндө маалымат ушул Кодекске жа-

на бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

түзүлөт.

7. Бирдиктүү салык декларациясы календардык жыл үчүн түзүлөт жана

төмөнкүлөр тарабынан берилет:

1) уюмдар - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейин;

2) жеке адамдар - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин.

8. Бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана берүү формасы, тар-

тиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

## IV БӨЛҮМ

САЛЫКТЫК КОНТРОЛЬ

93-статья. Салыктык контролдоо түшүнүгү жана формалары

1. Салыктык контроль Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын

аткарылышына салыктык кызмат органдарынын контролдугу болуп саналат.

2. Салыктык контроль төмөнкүдөй формаларды ишке ашырат:

1) салык төлөөчүнү салыктык каттоо жана эсепке алуу каттоосу;

2) бюджетке салыктын түшүүлөрүн эсепке алуу;

3) салыктык текшерүүлөр;

4) рейддик салык контролу;

5) фискалдык эске тутуу менен контролдук-кассалык машиналарды кол-

донуу контролу;

6) акциздик товарлардын айрым түрлөрүн маркировкалоо;

7) салык постун белгилөө.

## 12-глава

Салык органына каттоо

94-статья. Бул главада колдонулуучу терминдер жана аныктамалар

Бул главада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

1) "Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реест-

ри" - салык төлөөчүлөрдү эсепке алуу боюнча маалыматтардын мамлекеттик

базасы.

2) "Салыктык каттоо" - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн

Мамлекеттик реестрине салык төлөөчү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.

3) "Салык органына каттоо" - салык төлөөчүнү салыктык же эсепке

алуу каттоосу;

4) "Салык төлөөчүнүн каттоо маалыматтары" - салык төлөөчү салыктык

каттоодон өткөндө ал салык органына билдирген маалыматтар.

5) "Салык төлөөчүнү каттоо картасы" - бекем отчеттуулуктагы бланк

болуп саналган жана аны салыктык каттоо учурунда толтурган идентифика-

цияланган салык номерин ыйгаруу жөнүндө документ.

6) "Салык төлөөчүнү эсепке алуу каттоосу" - обочолонгон подразде-

лениелерди, салык салуу объекттеринин курамын, ишмердикти жүргүзүү ор-

дун кошо алганда анын ишмердигинин параметрлерин өзгөртүүдө салык ор-

гандары тарабынан көрүлүүчү чаралардын системасы.

95-статья. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо

1. Кыргыз Республикасында салыктык каттоодон бардык субъекттер

өтүүгө тийиш, ал Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык

төлөөчүлөр болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн Мамлекеттик реест-

рин (мындан ары - Мамлекеттик реестр) Ыйгарым укуктуу салык органы

жүргүзөт.

3. Мамлекеттик реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби, салык

төлөөчүнү каттоо картасынын формасы жана аны берүү тартиби Ыйгарым

укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

96-статья. Салык төлөөчүнү салыктык каттоонун негизи, мөөнөтү жана

тартиби

1. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо төмөнкүдөй негиздерде

жүргүзүлөт:

1) каттоо жөнүндө субъектинин жазуу жүзүндөгү арызынын;

2) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн органдарга берилген,

субъектиде салык төлөө милдеттенмесинин пайда болушун күбөлөндүрүүчү

маалыматтын негизинде.

2. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо төмөнкүдөй мөөнөттөрдө

жүргүзүлөт:

1) ата мекендик уюмдарды - юридикалык жак катарында Мамлекеттик

каттоодон өткөн күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен;

2) Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзүү менен ишмердик

жүргүзүүчү, чет мамлекетте катталган чет өлкөлүк уюмдарды же жеке иш-

керлерди - туруктуу мекеме түзгөн күндөн тартып 15 календардык күндөн

кечиктирбестен;

3) Кыргыз Республикасынын жараны болгон жеке адамдарды - Кыргыз

Республикасынын жаранынын статусун алган күндөн тартып 15 календардык

күндөн кечиктирбестен;

4) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке адамдарды -

жеке ишкер катары Кыргыз Республикасынын статистика органдарында кат-

талган же патент алган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбес-

тен;

5) Кыргыз Республикасында кирешелерди төлөө булагынан салык алыну-

учу кирешелери гана бар же Кыргыз Республикасында салык алууга тийиш

болбогон адамдарды кошпогондо туруктуу мекеменин пайда болушуна алып

келбеген иш-аракетти Кыргыз Республикасында жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюм-

дарды же резидент эмес жеке адамдарды - Кыргыз Республикасынын аймагын-

да ишмердигин баштаган күндөн кечиктирбестен;

6) Кыргыз Республикасында салык салуу объектиси бар чет өлкөлүк

уюмдарды же резидент эмес жеке адамдарды - Кыргыз Республикасында салык

салуу объектисине ээ болгон күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде.

3. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо орду төмөнкүлөр болуп саналат:

1) ата мекендик уюмдар үчүн - юридикалык жак катары мамлекеттик

каттоо жүргүзүүчү жер;

2) жеке ишкердин статусуна ээ болбогон жеке адамдар үчүн - Кыргыз

Республикасында паспорт маалыматтарына ылайык жашаган/катталган жер;

3) жеке ишкер үчүн - жеке ишкердин паспортунун маалыматына ылайык

жашаган/катталган жер.

4. Ишмердиги Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзүүгө туура

келген, чет мамлекетте катталган чет өлкөлүк уюм же резидент эмес жеке

адам үчүн салыктык каттоо орду төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасында ишмердик жүргүзгөн жер;

2) Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында өкүлчүлүктү же фи-

лиалды мамлекеттик эсепке алып каттоо жери;

3) чет мамлекетте катталган, чет өлкөлүк уюмдун кызыкчылыгын

көрсөтүүчү ата мекендик уюм же жеке ишкер турган жер;

4) чет мамлекетте катталган, чет өлкөлүк уюмдун кызыкчылыгын

көрсөтүүчү жеке адам же жеке ишкер жашоочу жер.

5. Ишмердиги Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзүүгө алып

келбеген чет өлкөлүк уюм үчүн салыктык каттоо орду ишмердик жүргүзүүчү

жер болуп саналат.

6. Кыргыз Республикасында салык салуу объектиси бар чет өлкөлүк

уюмдар же резидент эмес жеке адамдар үчүн салыктык каттоо орду салык

салуу объектисинин турган же катталган жери болуп саналат.

7. Эгерде ушул статьяда салык төлөөчү үчүн бирден ашуун каттоо же-

ри каралса, салык төлөөчү ушул статьяда каралган каттоочу жерлердин

тизмесинен өз алдынча каттоо ордун тандап алууга укуктуу.

8. Эгерде салык төлөөчү өзүнүн турган жерин же жашаган жерин

өзгөртсө жана башка салык кызмат органында катталууга тийиш болсо эсеп-

тен чыгуу ал эсепте турган салык кызматынын органы тарабынан салык

төлөөчү турган же жашаган жерин өзгөртүү жөнүндө арыз бергенден кийин

15 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

9. Салык төлөөчүнү жањы турган жери же жањы жашаган жери боюнча

эсепке коюу салык төлөөчүнүн мурда турган жери же мурда жашаган жери

боюнча салык кызматынын органынан алынган документтердин негизинде са-

лык кызматынын органы тарабынан жүргүзүлөт.

10. Салыктык каттоо жөнүндө арыздын формасы, тиркелүүчү документ-

тердин тизмеси жана салык төлөөчүнү салыктык каттоо тартиби ыйгарым

укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

97-статья. Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери

1. Салыктык каттоо салык кызматынын органы тарабынан 5 жумушчу

күнүнүн ичинде жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчү салык кызматынын органына арыз бергенден кийин;

2) салык салуу объектине салык төлөөчүнүн менчик укугун

жүргүзүлгөн каттоо жөнүндө мамлекеттик органдан маалымат алгандан ки-

йин;

3) жарандык абалынын актысын жазууну ишке ашыруу жөнүндө мамлекет-

тик органдан билдирүү алгандан кийин.

2. Салыктык каттоо бирдиктүү идентификациялык салык номерин салык

төлөөчүгө ыйгаруу аркылуу жүргүзүлөт.

3. Жеке адамдарда Кыргыз Республикасынын салык фондунун идентифи-

кациялык номери болсо мындай номер салык төлөөчүнүн идентификациялык

салык номери катарында колдонулат.

4. Салык төлөөчүгө идентификациялык салык номери ыйгарылгандан ки-

йин ага каттоо картасы тапшырылат же жиберилет.

5. Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери салык төлөөчү

тарабынан салык кызматынын органына берилүүчү документтерде, ошондой

эле салык төлөөчүнүн салык отчеттуулугунда көрсөтүлүүгө тийиш.

6. Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери салык төлөөчүгө

жиберилүүчү анын салык милдеттенмелерине жана салыктык карыздарына тие-

шеси бар бардык документтерде салык органы тарабынан көрсөтүлүшү керек.

7. Салык төлөөчүгө идентификациялык салык номерин ыйгаруу

(өзгөрүү), эсептен чыгаруу, кайра каттоо жана тиешелүү документтерди

берүү үчүн акы каттоо картасынын наркын кошпогондо алынбайт.

98-статья. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо

1. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо субъекти салыктык каттоо жол-жо-

болорунан өткөндөн кийин төмөнкүдөй учурларда ишке ашырылат:

1) уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн:

а) обочолонгон подразделение турган жер боюнча - обочолонгон под-

разделение пайда болгондо, жоюлганда же турган жери өзгөргөндө;

б) салык салуу объектиси турган жер боюнча - салык салуу объектте-

ринин курамы өзгөргөндө;

2) ушул статьянын 1-пунктунун 1) пунктчасында каралган учурларга

кошумча ишмердигин патенттин негизинде жүргүзүүчү жеке ишкерлер үчүн -

эгерде ал салыктык каттоочу жерден тышкары турса ишмердигин жүргүзгөн

жер боюнча;

3) жеке адамдар үчүн - салык салуу объекттери турган жана/же кат-

талган жер боюнча;

2. Дипломатиялык жана аларга тењештирилген өкүлчүлүктөргө КНСти

кайтарып берүү максатында салык кызматынын органдары Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар

берген маалыматтарга ылайык аларды эсептик каттоону жүргүзөт.

3. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык салуу объектисин эсепке

алууну жана/же каттоону жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдар берген маа-

лыматтардын жана/же арыздардын негизинде салык органы тарабынан

жүргүзүлөт.

4. Бул статьянын максаттарында салык салуу объектиси турган жер

деп төмөнкүлөр таанылат:

1) жерлерди кошо алганда кыймылсыз мүлк үчүн - алардын иш жүзүндө

турган жери;

2) транспорт каражаттары үчүн - транспорт каражаттарын мамлекеттик

каттоочу жер, мындай жок болсо - мүлктүн менчик ээси турган (жашаган)

жер.

5. Обочолонгон подразделениени эсептик каттоого коюуда эсепке алуу

жөнүндө арызда мындай обочолонгон подразделение түзгөн уюмдун - салык

төлөөчүнүн идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.

6. Салык төлөөчү эсептик катталган жери боюнча салык органына кат-

тоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү:

1) эсептик каттоого коюу үчүн салык төлөөчүдө салык салуу объекти-

си пайда болгон күндөн тартып ишмердиги башталганга чейин жана/же 15

календардык күндүн ичинде;

2) каттоо маалыматтарына өзгөртүү киргизүү үчүн - 15 календардык

күндүн ичинде.

7. Эсептик каттоо салык төлөөчүнүн мурда ыйгарылган идентификация-

лык салык номерин өзгөртпөстөн жүргүзүлөт.

8. Салык органы эсептик каттоого коюуну салык төлөөчү арыз берген

күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде ишке ашырат.

9. Салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык органы белгиленген форма

боюнча эсептик каттоо фактысын тастыктоону 3 жумушчу күнүнүн ичинде бе-

рет.

10. Салык төлөөчүнүн каттоо картасында көрсөтүлгөн каттоо маалы-

маттары өзгөргөн учурда салык органы мурда берилген каттоо картасынын

ордуна салык төлөөчүнүн мурдагы идентификациялык салык номерин сактоо

менен жањысын берет.

11. Жеке ишкер же уюм турган жерин, иш жүргүзгөн ордун, жашаган

жерин, барган же турган жерин жана/же салык салуу объекттерин каттаган

жерин өзгөрткөн учурда салык төлөөчү 15 календардык күндүн ичинде жањы

турган жери, иш жүргүзгөн жери, жашаган жери, барган жери же салык са-

луу объекттери турган жана/же каттаган жер боюнча салык төлөөчүнүн мур-

да ыйгарылган идентификациялык салык номерин көрсөтүү менен эсептик

каттоодон өтүүгө милдеттүү.

12. Каттоо формасы жана эсептик каттоо жүргүзүү тартиби Ыйгарым

укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

99-статья. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн Мамлекеттик

реестрден чыгаруу

1. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн Мамлекеттик реестрден

чыгаруу ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтар жана/же салык

төлөөчүнүн же анын өкүлүнүн эсептен чыгаруу жөнүндө арызы боюнча салык-

тык милдеттенмелер топтолгондугуна байланыштуу жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн Мамлекеттик реестрден

чыгаруу.

1) резидент эместерге менчик укугу, жерди пайдалануу, чарба

жүргүзүү же оперативдүү башкаруу жана Кыргыз Республикасында салык мил-

деттенмелерин аткаруу сыяктуу салык салуу объекттерине карата ушул Ко-

дексте каралган укуктар токтогон учурда;

2) ушул пункттун 1) пунктчасында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары салык-

тык катталууга тийиш болгон башка субъекттерге алар Кыргыз Республика-

сынан кеткенде жана Кыргыз Республикасындагы салык милдеттенмелерин ат-

карылганда жүргүзүлөт.

3. Салык төлөөчүлөрдү Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн

Мамлекеттик реестрден шарттуу чыгаруу салык төлөөчү ыйгарым укуктуу са-

лык органы белгилеген иштебеген уюмдун жана жеке ишкердин белгилерине

дал келген жана салыктык карызы бар учурларда идентификациялык салык

номерин сактоо менен жүргүзүлөт.

## 13-глава

Салыктык текшерүүлөр

100-статья. Салыктык текшерүүлөр түшүнүгү жана түрлөрү

1. Салыктык текшерүү салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзү-

лөт.

Салыктык текшерүүнүн катышуучулары болуп тапшырмада көрсөтүлгөн

салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары жана салык төлөөчү, ошон-

дой эле салык боюнча өкүл саналат.

2. Зарыл учурларда салык кызматынын органдары атайын билимдерди

жана тажрыйбаларды талап кылуучу айрым маселелерди изилдөө жана кон-

сультацияларды алуу үчүн салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкпаган

эксперттерди ишке тартышы мүмкүн.

3. Салыктык текшерүүнүн максаты салык төлөөчү Кыргыз Республикасы-

нын салык мыйзамдарынын талаптарын өз учурунда жана толук аткарышына

контролдук жүргүзүү жана көмөк көрсөтүү болуп саналат.

4. Салыктык текшерүүлөр төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) көчмө текшерүү;

2) камералык текшерүү.

5. Көчмө текшерүү төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) пландуу текшерүү - салыктардын бардык түрлөрү боюнча салыктык

милдеттенменин аткарылышын текшерүү;

2) пландан тышкаркы текшерүү болуп төмөнкүдөй учурларда

жүргүзүлүүчү текшерүү саналат:

а) кайра түзүү аркылуу өзгөртүп уюштурууну кошпогондо уюмду

өзгөртүп кайра түзүүдө;

б) уюмду жоюуда;

в) жеке ишкердин ишмердиги токтогондо;

г) ушул Кодексте каралган учурларда салык төлөөчүнүн арызын алган-

да;

д) салык төлөөчүдө салыкты туура эмес эсептөө фактылары орун ал-

гандыгын күбөлөндүрүүчү документ жактан тастыкталган маалыматтары салык

кызматынын органдары алганда;

3) утурлама текшерүү салык текшерүүсүн жүргүзүү учурунда салык

кызматынын органдарында зарылдык келип чыкса, анын ичинде башка мамле-

кеттердин салык органдарынын суроо-талаптары боюнча, көрсөтүлгөн адам-

дар менен салык төлөөчү ишке ашыруучу операцияларга түздөн-түз байла-

нышкан айрым документтерди текшерүүдө үчүнчү адамдарга карата салык

кызматынын органдары жүргүзүүчү текшерүү саналат;

4) кайра текшерүү деп мурда текшерилген салык төлөөчү жөнүндө

пландуу текшерүүдө аныкталбаган салыктарды туура эмес эсептөө фактылары

жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтик жактан тастыкталган маалыматтарды

жана документтер мурда текшерилбегендигинин себептерин көрсөтүү менен

салык кызматынын органынын кызмат адамынын негизделген арызын алганда

салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүү түшүнүлөт.

Кайра текшерүү көрсөтүлгөн мезгил үчүн документтик маалыматтар бо-

юнча гана жүргүзүлөт. Мында кайра текшерүү натыйжалар кайра текшерилип

жаткан салыктык текшерүүгө катышпаган салык кызмат органынын кызмат

адамы тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.

Көчмө текшерүү аяктаган мезгилден кийин алынган суроо-талаптын,

экспертизанын, утурлама текшерүүнүн натыйжалары боюнча дайындалган кай-

ра текшерүү ошол көчмө текшерүүнү жүргүзгөн салык кызматынын органынын

кызмат, адамы тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн.

6. Салыкты туура эсептөө маселелери боюнча камералык текшерүү баш-

ка булактардан салык органдарына түшкөн маалыматтар жана салык

төлөөчүнүн отчеттук документтери боюнча түздөн-түз салык кызматынын ор-

гандары турган жерде жүргүзүлөт.

7. Салык текшерүүлөрүн жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамда-

рында белгиленген учурларды кошпогондо салык төлөөчүнүн ишмердигин ток-

тотуп коюуга тийиш эмес.

101-статья. Көчмө текшерүү жүргүзүүнү пландаштыруу

1. Пландуу текшерүү ага ылайык салык кызматынын органдарынын бири

акыркы текшерүүнү бүткөн күндөн тартып 12 айдан кийин бир жолудан ашпа-

гандай иргеп алуу ыкмасы менен жүргүзүлөт.

2. Текшерүүлөрдүн планы учурдагы кварталга салык кызматы органдары

тарабынан түзүлүп, текшерүүлөргө тийиш болгон салык төлөөчүлөрдүн тиз-

месин камтыйт жана квартал башталганга чейин 15 күн кечикпеген мөөнөттө

салык кызматы органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.

3. Текшерүүлөрдүн планы Ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат-

тык ачык веб-сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш же тиешелүү

салык кызматынын органы турган жайда ачык жеткиликтүү жерлерде кагазга

жазылып жайгаштырылат.

4. Салык төлөөчү салыкты төлөбөй коюу тобокелдигинин факторлоруна

баа берүүнү талдоо натыйжаларынын негизинде көчмө текшерүүлөрдүн планы-

на киргизилет.

5. Салыкты төлөбөй коюу тобокелдигинин факторлоруна төмөнкүлөр ки-

рет:

1) төмөнкүлөр боюнча маалыматтардын дал келбеши:

а) салык төлөөчү тарабынан декларациялангандан тышкары салык салуу

объекттеринин болушу жана аларды каттоо боюнча мамлекеттик органдардын

маалыматтары;

б) салыктардын декларацияланган (төлөнгөн) жана эсептик суммалары;

в) Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун органдарынан алынган

маалыматтагы кирешелер;

2) чыгымдардын салык отчеттуулугунда чагылдырылышы;

3) салык төлөөчүнүн салыктык оорчулугу региондо экономикалык иш-

мердиктин ушундай түрлөрүн жүргүзүүчү салык төлөөчүлөр боюнча эсептел-

ген орточо дењгээлинен 25%ке төмөн болушу;

4) эсеп-фактураларды талдоонун натыйжалары боюнча салык кызматынын

органдары алган маалыматтар жана башка салык төлөөчүлөр берген бөлөк

маалыматтар боюнча кирешелердин декларацияланган суммасынан жана салык-

тык милдеттенмелерден четтеп кетүү;

5) камералык текшерүүлөрдүн натыйжасы боюнча салык төлөөчүлөрдүн

ишмердигинин көрсөткүчтөрү дал келбегендигинин аныкталгандыгы тууралуу

салык органынын билдирүүсү боюнча негизделген түшүндүрмөлөрдү жана/же

оњдолгон салык отчеттуулугун салык төлөөчүнүн бербегендиги;

6) Ыйгарым укуктуу салык органы бекитүүчү көчмө текшерүүлөрдү

пландаштыруу методикасына ылайык башка тобокелдиктер.

6. Пландан тышкаркы текшерүү, утурлама текшерүү жана кайра тек-

шерүү ушул Кодексте белгиленген негиздер болгон учурда салык кызматынын

органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

102-статья. Көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүү мезгили жана мөөнөттөрү

1. Пландык текшерүү мындай пландуу текшерүү жүргүзүүнүн башталышы-

на карата бүткөн мурдагы 3 календарлык жылдан ашпаган мезгилди камтыйт.

2. Текшерүүлөрдүн калган түрлөрү ушул Кодексте белгиленген салык-

тык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки ар кан-

дай мезгил үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Берилген тапшырмада көрсөтүлүүчү пландуу текшерүү жүргүзүү

мөөнөтү салык төлөөчүгө көрсөтмөнү тапшырган күндөн тартып 30 календар-

лык күндөн, ал эми ири салык төлөөчү үчүн - эгерде ушул статьяда башка-

ча белгиленбесе 50 календарлык күндөн ашпоого тийиш.

4. Кыргыз Республикасынын ар кайсы региондорунда филиалдары бар

уюмдарды пландуу текшерүү жүргүзүүдө салык текшерүүлөрүн жүргүзүү

мөөнөтү ар бир филиалга 30 календарлык күндөн ашпашы керек.

5. Көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтүнүн мезгили, ошондой эле

көчмө текшерүүнүн өзүн жүргүзүү төмөнкүдөй учурда токтотула турат:

1) салык төлөөчүгө салык кызматынын органынын документтерин берүү

жөнүндө талаптарын тапшырган күндөн тартып көчмө текшерүү жүргүзүүдө

суралуучу документтерди салык төлөөчү берген күнгө чейинки мезгилге,

буга аларды берген күн кирет;

2) салыктык текшерүүнүн катышуучуларынын ооруп калуу, жакын тууга-

нынын өлүү себеби боюнча, бирок 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө;

3) жењилгис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурга.

6. Көчмө текшерүүнүн мөөнөтүнүн мезгили, ошондой эле көчмө тек-

шерүүнүн өзүн жүргүзүү маалымат берүү жөнүндө чет мамлекетке суроо-та-

лапка жооп алуу жана эл аралык макулдашууларга ылайык ал боюнча салык

кызматынын органдары маалыматтарды алуу үчүн зарыл болгон убакыттын

мезгилине, ошондой эле утурлама текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүү

мезгилине токтотулбайт.

7. Чет мамлекетке суроо-талапты ишке ашыруу, экспертиза жүргүзүү,

утурлама текшерүүнү дайындоо жана көчмө текшерүү бүткөн күнгө чейин

алардан натыйжаларды албоо учурларында көчмө текшерүү жүргүзүлгөн су-

роо-талаптар, экспертиза өткөрүү, утурлама текшерүүлөрдү дайындоо

жөнүндө текшерүү актысындагы жазууларды көрсөтүү менен аяктайт.

8. Суроо-талапка жоопторду, экспертизалардын же утурлама тек-

шерүүлөрдүн натыйжаларын алуу кайра текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз

болуп саналат.

9. Пландан тышкаркы текшерүү пландуу текшерүү үчүн аныкталган

мөөнөттө жүргүзүлөт.

10. Утурлама текшерүү 10 календарлык күндөн ашпаган мөөнөткө

жүргүзүлөт.

11. Кайра текшерүү 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө

жүргүзүлөт.

103-статья. Көчмө текшерүүгө көрсөтмө

1. Көчмө текшерүү жүргүзүү үчүн салык органынын жетекчиси

төмөнкүдөй реквизитти камтыган белгиленген формадагы көрсөтмөгө кол ко-

ет:

1) салык органында көрсөтмөнү каттоо датасы жана номери;

2) текшерүү жүргүзө турган салык органынын аталышы;

3) салык төлөөчүнүн толук аталышы;

4) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;

5) текшерүүнүн (контролдун) түрү;

6) текшерүүнүн негизи;

7) текшерүүнүн предмети;

8) ушул Кодекске ылайык текшерүү жүргүзүүгө тартылган текшерүүчү

адамдардын кызматы, аты-жөнү;

9) текшерүү жүргүзүү мөөнөтү;

10) текшерилүүчү салыктык мезгил.

2. Көрсөтмөнүн формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бел-

гиленет.

3. Көрсөтмөгө салык органынын жетекчиси же салык органынын жетек-

чиси ыйгарым укук берген адам кол коюп, гербдүү мөөр менен

күбөлөндүрүлүп жана Ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген тартипке

ылайык атайын журналга катталууга тийиш.

4. Көчмө текшерүүнүн мөөнөтүн узарткан учурда кошумча көрсөтмө та-

ризделип, анда мурдагы көрсөтмөнүн каттоо номери жана датасы

көрсөтүлөт.

104-статья. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышы

1. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышы болуп салык төлөөчүгө

жазма буйрукту тапшырган күн эсептелет.

2. Жазма буйрук салык төлөөчүгө аны эсепке алган жердеги салык

кызматынын органы тарабынан берилет же жиберилет.

3. Жазма буйрук төмөнкүлөргө берилиши мүмкүн:

1) уюмдун жетекчисине, анын салык боюнча өкүлүнө, же

2) жеке адамга, анын салык боюнча өкүлүнө,

жеке кол койдуруу же бул жазма буйрукту алуу фактысын жана датасын

ырастаган башка ыкма менен.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн адам жазма буйрукту алуудан качса,

көрсөтүлгөн жазма буйрук заказдык кат менен почта аркылуу жиберилет.

Мында жазма буйрук аны тапшыруу жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн заказ-

дык катты алган күнгө карата алынды деп эсептелет.

4. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат

адамы салык төлөөчүгө кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

5. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат

адамы салык төлөөчүгө жазма буйруктун биринчи нускасын тапшырат. Жазма

буйруктун экинчи нускасына аны алгандыгы жана таанышкандыгы жөнүндө са-

лык төлөөчүнүн же анын салык боюнча өкүлүнүн белгиси коюлат.

105-статья. Көчмө текшерүүнүн бүтүшү

1. Көчмө текшерүү бүткөндө салык кызматынын органынын кызмат адамы

төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен отчет түзөт:

1) көчмө текшерүү жүргүзгөн жерди, отчетту түзгөн күндү;

2) текшерүүнүн түрүн;

3) көчмө текшерүү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызматкери-

нин же кызматкерлеринин кызматын, аты-жөнүн;

4) салык төлөөчүнүн аты-жөнүн же болбосо толук аталышын;

5) салык төлөөчүнүн турган жерин, банктык реквизиттерин, ошондой

эле анын идентификациялык салык номерин;

6) салык жана бухгалтердик отчеттуулуктарды жүргүзүүгө жана бюд-

жетке салыктарды төлөөгө жооптуу жетекчинин жана салык төлөөчүнүн кыз-

мат адамдарынын аты-жөнү;

7) мурдагы текшерүү жөнүндө маалыматтарды жана Кыргыз Республика-

сынын салык мыйзамдарын мурда аныкталган бузууларды четтетүү боюнча

көрүлгөн чараларды;

8) текшерилүүчү салык мезгилин жана текшерүү жүргүзүү үчүн салык

төлөөчү берген документтер жөнүндө жалпы маалыматтарды;

9) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын тиешелүү нормасына

таянуу менен текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген салык милдеттенмесин

эсептөөнүн кењири негиздемесин.

2. Көчмө текшерүү мөөнөтүнүн бүтүшү салык төлөөчүгө текшерүү

жөнүндө отчетту тапшырган күн болуп эсептелет.

3. Көчмө текшерүү боюнча отчетко салык кызмат органынын кызмат

адамы жүргүзгөн эсептөөлөр, керектүү документтердин көчүрмөлөрү жана

текшерүүнүн жүрүшүдө алынган башка материалдар тиркелет.

4. Көчмө текшерүү боюнча отчет кеминде эки нускада түзүлөт жана

ага текшерүү жүргүзгөн салык кызматынын органдарынын кызмат адамы жана

текшерилүүчү уюмдун жетекчиси же жеке ишкер же алардын салык боюнча

өкүлдөрү кол коюшат. Көрсөтүлгөн адамдар отчетко кол коюудан баш тар-

тышса бул тууралуу отчетто тийиштүү белги коюлат.

5. Көчмө текшерүү боюнча отчеттун бир нускасы салык төлөөчүгө бе-

рилет. Көчмө текшерүү боюнча отчетту алганда салык төлөөчү аны алганды-

гы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.

106-статья. Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун натыйжалары

боюнча чечим чыгаруу

1. Көчмө текшерүүнүн материалдары салык органынын жетекчиси же же-

текчисинин орун басары тарабынан каралат.

Салык төлөөчү көчмө текшерүүнүн отчету боюнча жазуу жүзүндөгү

түшүндүрмөлөрдү же каршы пикирлерин берсе, текшерүүнүн материалдары са-

лык төлөөчүнүн же анын салык боюнча анын өкүлүнүн катышуусунда каралат.

Салык органы текшерүү материалдарын кароо убактысы жана орду

жөнүндө салык төлөөчүгө мындай кароого чейин 5 жумушчу күн мурда кабар-

лайт.

Эгерде салык төлөөчү билдирүүгө карабастан келбей койсо, анда са-

лык төлөөчү берген түшүндүрмөлөргө, анын каршы пикирине, башка доку-

менттерге жана материалдарга карата текшерүү материалдары анын катышуу-

суз каралат.

2. Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун натыйжалары боюнча са-

лык органынын жетекчиси же жетекчинин орун басары төмөнкүдөй чечим чы-

гарат:

1) салыкты, туум-айыпты эсептөө жана/же азайтуу жөнүндө;

2) салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тар-

туу жөнүндө;

3) салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартпоо жөнүндө;

4) көчмө текшерүү жүргүзүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө.

3. Салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тар-

туу жөнүндө чечимде төмөнкүлөр жазылат:

1) укук бузуулардын жагдайы, алар жүргүзүлгөн текшерүүдө кандайча

аныкталгандыгы жана көрсөтүлгөн жагдайды ырастаган башка маалыматтар;

2) салык төлөөчүнүн өзүн коргоого карата негиздери жана мындай не-

гиздерди текшерүүнүн натыйжалары;

3) ушул Кодекстин нормаларын бузууларды көрсөтүү менен салыктык

укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартуу негиздери жана

көрүлүүчү жоопкерчилик чаралары.

4. Чыгарылган чечимдин негизинде салык төлөөчүгө ушул Кодексте

белгиленген тартипте эсептелген салыктардын, туум-айыптардын жана салык

санкцияларынын суммалары жөнүндө кабар жиберилет.

Эсептелген салыктардын, туум-айыптардын жана салык санкцияларынын

суммалары жөнүндө билдирүүнү алган салык төлөөчү эгерде ал ушул Кодекс-

те белгиленген тартипте көчмө текшерүүнүн натыйжаларына даттанбаса ка-

барды алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде аны аткарууга милдеттүү.

5. Салык кызматынын чечими жана кабарлоо салык төлөөчүгө ушул Ко-

дексте белгиленген тартипте тапшырылат.

6. Ушул статьянын талаптарын салык кызматы органдарынын кызмат

адамы сактабаса салык кызматы органдарынын чечимин жоюу үчүн негиз бо-

луп саналат.

7. Аныкталган укук бузуулар боюнча салык төлөөчү, жеке адам же са-

лык төлөөчү - уюмдун кызмат адамы администрациялык жоопкерчиликке тар-

тылууга тийиш, көчмө текшерүү жүргүзгөн салык кызматы органдарынын кыз-

мат адамы Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө

кодексине ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө протокол түзөт.

107-статья. Камералык текшерүү жүргүзүү

1. Камералык текшерүү салыктарды эсептөө жана төлөө үчүн негиз

болгон, салык төлөөчү берген салык отчеттуулугунун, ошондой эле салык

органында болгон иштер тууралуу салык төлөөчүнүн документтеринин неги-

зинде салык органы турган жер боюнча салык төлөөчүнү тартпастан

жүргүзүлөт.

2. Камералык текшерүү салык органынын жетекчисинин кандайдыр бир

атайын чечимисиз кызматтык милдеттерге ылайык салык органынын кызмат

адамы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Камералык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Ыйгарым укуктуу салык

органдары тарабынан белгиленет.

4. Салык органы камералык текшерүүнүн натыйжалары боюнча салыктын

суммасын азайтуу же жогорулатуу фактысын, ошондой эле салык отчеттуулу-

гун толтурууда жол берилген башка каталарды аныктаса, салык органы

аныкталган катачылыктарды 15 календардык күндүн ичинде четтетүү талабы

жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт.

5. Салык төлөөчү камералык текшерүүдө аныкталган катачылыктарды

белгиленген мөөнөттө четтетпесе, салык органы ушул Кодекстин 83 жана

84-статьяларынын талаптарына ылайык билдирүү жиберүүгө укуктуу.

108-статья. Рейддик салык контролу

1. Салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзам-

дарынын төмөнкүдөй талаптарын сактоого рейддик салык контролун

жүргүзөт:

1) салык төлөөчүнүн салык органына салыктык жана эсептик катталуу

фактысын;

2) контролдук-кассалык машиналарды колдонуу тартибин;

3) салык төлөөчүнүн салык төлөө жана патенттин негизинде салыктын

физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү;

4) бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына

ылайык эсеп жүргүзүүчү адамдарды кошпогондо кирешелердин жана чыгаша-

лардын эсеби боюнча журналга жеке ишкердин сатып алууларынын жана сату-

уларын каттоо;

5) акциздик товарларды акциздик жыйымдын маркалары менен бел-

гилөөнү жана алардын накталыгын;

2. Контролдук сатып алууну кошпогондо рейддик контроль өзүнчө са-

лык төлөөчүгө карата жылына 12ден ашык эмес жүргүзүлөт.

3. Рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн 3), 4) жана 10) пунктча-

ларын кошпогондо ушул Кодекстин 103-статьясынын 1-пунктунда белгиленген

талаптарга ылайык жазылган буйрук таризделет. Жазма буйрукта текше-

рилүүчү аймактын участогу же мүлк, контролдун жүрүшүндө аныкталууга ти-

йиш болгон маселелер көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Рейддик салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүгө жазма буй-

руктун түп нускасын таанышуу үчүн берилет жана/же ага көчүрмөсү тапшы-

рылат. Түп нускага салык төлөөчү тарабынан жазма буйрук менен тааныш-

кандыгы же анын көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө белги коюлат.

5. Рейддик текшерүүнүн материалдары ыйгарым укуктуу салык органы

белгилеген тартипке ылайык таризделет.

## 14-глава

Фискалдык эске тутуусу менен контролдук-кассалык

машиналарды колдонуу. Салык посту

109-статья. Фискалдык эске тутуусу менен контролдук-кассалык

машиналарды колдонуу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларында

жүргүзүлүүчү акчалай эсептешүүлөр же накталай акча, банктык төлөм кар-

точкалары, чектер аркылуу кызматтарды көрсөтүү фискалдык эске тутуусу

менен контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары бул главада - ККМ)

милдеттүү колдонуу жана контролдук чек берүү менен жүргүзүлөт.

Ушул пунктта белгиленген нормалар өз ишмердигинин спецификасынан

же болбосо турган жеринин өзгөчөлүктөрүнөн улам Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык ККМди колдонбостон акчалай эсеп-

тешүүлөрдү жүргүзө турган уюмдарга же жеке адамдарга колдонулбайт.

2. ККМди колдонуу, каттоо жана пломбалоо тартиби Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. ККМ товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды

көрсөтүүдө акчалай эсептешүүлөрдү каттоо үчүн колдонулуучу фискалдык

эске тутуу блогу бар, оњдолбогон ар бир сменалык каттоону жана күч та-

лап кылбастан узак убакытка маалыматты сактоону камсыз кылуучу элект-

рондук түзүлүш жана/же компьютердик система болуп саналат.

Фискалдык эске тутуу - салыктарды туура эсептөө максатында конт-

ролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен ишке ашырылуучу акчалай

эсептешүүлөрдүн толук эсебин алуу үчүн керектүү жыйынтык маалыматты

оњдолбостон ар бир суткалык (ар бир сменалык) каттоону жана күч талап

кылбастан узак убакытка сактоону камсыз кылуучу контролдук-кассалык ма-

шиналардын составындагы программалык-аппараттык каражаттардын комплек-

си.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын айма-

гында колдонууга уруксат берилген ККМдин мамлекеттик реестрин (мындан

ары бул статьяда - Мамлекеттик реестр) жана аны түзүү эрежесин бекитет.

5. Компьютердик байланыш жана маалыматташтыруу тармагында ыйгарым

укуктуу мамлекеттик орган берген корутундунун негизинде Мамлекеттик ре-

естрге кошулат жана Мамлекеттик реестрден чыгарылат.

Корутунду ушул статьяда белгиленген техникалык талаптарга компь-

ютердик системанын ылайык келишин тастыктоочу документ болуп саналат.

Корутунду берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу салык органы менен макулда-

шуу боюнча байланыш жана маалыматташтыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

110-статья. ККМди колдонуу боюнча талаптар

ККМди колдонууда төмөнкүдөй талаптар коюлат:

1) ККМди техникалык тейлөөгө коюу жүргүзүлөт;

2) ККМдин каттоо карточкасын берүү менен ишмердик жүргүзгөн жерде-

ги салык органдарына ККМди каттоо (эсепке алуу, каттоо маалыматтарын

өзгөртүү) жана пломбалоо, ошондой эле эсептен чыгаруу жүргүзүлөт.

ККМди салык органында эсепке алуу ишмердикти баштаганга чейин ушул

Кодексти ишке ашырууда ага ККМди колдонуу жөнүндө талап коюлат;

3) белгиленген тартипте пломба коюлган, салык органдарында каттал-

ган жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө (контролдук лентадагы жана фискалдык

эске тутуудагы эсептешүү операцияларын жазуу) акча каражаттарын ти-

йиштүү түрдө эсептөөнү камсыздоочу оњ абалдагы контролдук-кассалык ма-

шиналар калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө колдонулат.

4) ККМ чек берүүнү жүргүзөт;

5) контролдук-кассалык машиналарды сатып алууга жана каттоого,

эксплуатациялоого жана колдонууга киргизүүгө байланыштуу документтерди

Кургыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүүнү

жана сактоону камсыздайт;

6) ККМге салык органдарынын жеткиликтүүлүгү камсыздалат;

7) контролдук-кассалык машиналарды баштапкы каттоодо же кайра кат-

тоодо маалыматтарды контролдук-кассалык машиналардын фискалдык эске ту-

туусуна кошуу жана салык органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен фис-

калдык эске тутууну топтоочуларды алмаштыруу жүргүзүлөт.

8) сатып алуучуга (кардарга) жеткиликтүү жерге сатылуучу товардын

баалары (көрсөтүлүүчү кызматтарга прейскуранттар) илинет, алар жарыя-

ланган бааларды жана тарифтерди тастыктоочу документтерге дал келүүгө

тийиш.

9) контролдук-кассалык машиналардын ички механизмдерине техникалык

тейлөө борборлорунун кызматкерлеринин кириши салык органдарынын кызмат-

керлеринин катышуусунда гана камсыздалат.

111-статья. Фискалдык эске тутуусу менен контролдук-кассалык

машиналарды колдонуу жана пайдалануу тартибин сактоого

салык контролу

1. Салык кызматынын органдары фискалдык эске тутуусу менен конт-

ролдук-кассалык машиналарды колдонуу жана пайдалануу тартибин сактоого

контроль жүргүзөт.

2. Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр текше-

рилүүгө тийиш:

1) ККМди каттоо жана колдонуу тартиби;

2) ККМдин оњ абалы;

3) сатып алуучуларга чектерди берүү;

4) сатылуучу товарлардын, аткарылуучу иштердин, көрсөтүлүүчү кыз-

маттардын бааларынын (прейскуранттарынын) болушу;

5) ККМдин эске тутуусунун фискалдык блогунда реквизиттерин жана

мурда берилген чектин суммасынын болушу.

3. Контролдук сатып алуу сатып алуучуларга чектерди берүү үчүн га-

на салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлөт жана мезгилдүүлүгүн

чектебестен ишке ашырылат.

Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби Ыйгарым укуктуу салык ор-

ганы тарабынан белгиленет.

4. Салык кызматынын органдары көчмө текшерүүнү жүргүзүүдө ККМдин

эске тутуусунун фискалдык блокторунда сакталган маалыматтарды пайдала-

нууга укуктуу.

112-статья. Салык посту

1. Товарларды жүгүртүүнүн жана акча каражаттарынын толук эсебин

алуу максатында салык органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген

тартипте салык төлөөчүнүн аймагына салык постун орнотууга укуктуу.

2. Салык посту орнотулган субъекттердин тизмеси Ыйгарым укуктуу

салык органы тарабынан аныкталат.

## 15-глава

Салык иш-аракеттерин жүргүзүүдө кирүү,

текшерүү, документтерди талап кылуу,

экспертиза жүргүзүү, протокол түзүү

113-статья. Көчмө текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жүргүзүү,

салык постун орнотуу үчүн аймактарга жана жайларга

салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын кириши

1. Салык төлөөчү көчмө текшерүүнү, рейддик салык контролун

түздөн-түз жүргүзүүчү же салык постун орнотуучу (мындан ары бул главада

- текшерүү) салык кызматы органдарынын кызмат адамдары салык төлөөчүнү

текшерүү жүргүзүү жөнүндө салык органынын жазма буйругун жана өзүнүн

кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн учурда аларды аймактарга же жайларга кир-

гизүүгө милдеттүү.

2. Түздөн-түз текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органдарынын кыз-

мат адамы салык төлөөчүнүн ишкердик жүргүзүү үчүн колдонулуучу аймакта-

рын же жайларын же болбосо салык төлөөчүгө берилген документтик маалы-

маттарда көрсөтүлгөн объекттер жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматка ылайык

келишин аныктоо үчүн салык салуу объекттерин текшерүү жүргүзүүгө укук-

туу.

3. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органдарынын кызмат адамы са-

лык төлөөчүнүн аймагына же жайларына киришине мыйзамсыз тоскоолдук кы-

лынса, ал адам өзү жана салык төлөөчү кол койгон протокол түзөт, анын

негизинде салык кызматынын органы салыктык милдеттенменин суммасын баа-

лоонун кыйыр методдорунун негизинде өз алдынча аныктоого укуктуу.

Салык төлөөчү көрсөтүлгөн протоколго кол коюудан баш тартса, ага

тийиштүү жазуу жазылат.

4. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органдарынын кызмат адамы са-

лык төлөөчүнүн аймагына же жайларына киришине мыйзамсыз тоскоолдук кы-

луу салык укуктарын бузуу деп табылат жана Кыргыз Республикасынын мый-

замдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.

5. Салык кызматы органдарынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн айма-

гына же жайларына кирүү үчүн эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына

ылайык мындай уруксат керек болсо, аны өзү менен ала жүрүүгө милдеттүү.

6. Салык төлөөчү текшерүү жүргүзүү үчүн аймактарга же жайларга са-

лык кызматы органынын кызмат адамын төмөнкүдөй учурларда киргизбей ко-

юуга укуктуу, эгерде:

1) жазма буйрук көрсөтүлбөсө же берилбесе же болбосо белгиленген

тартипте таризделбесе;

2) жазма буйрукта көрсөтүлгөн текшерүү мөөнөтү келе элек болсо же

бүтүп калса;

3) бул адам жазма буйрукта көрсөтүлбөсө;

4) текшерилүүчү салыктык мезгилге тиешеси жок документтерди сура-

са.

7. Текшерүү жүргүзүүчү салыктык кызмат органдарынын кызмат адамда-

рын турак жайларда жашоочу жеке адамдардын эркинен тышкары киргизүүгө

эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе жол

берилбейт.

114-статья. Текшерүү

1. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органынын кызмат адамы тек-

шерүүнүн толуктугу үчүн мааниси бар жагдайларды аныктоо максатында до-

кументтерди же мүлктү текшерүү жүргүзүүгө карата салык төлөөчүнүн ай-

мактарын же жайларын карап чыгууга укуктуу.

2. Текшерүү жүргүзүүгө салык төлөөчү же анын салык боюнча өкүлү

кошо катышууга укуктуу.

3. Текшерип кароого зарыл учурларда фото жана кино тартуу, видео

жазуу колдонулуп, документтердин көчүрмөлөрү алынат же башка иштер

жүргүзүлөт.

4. Текшерип кароонун натыйжалары текшерип кароо актысы менен та-

ризделет же текшерүү материалдарында чагылдырылат.

115-статья. Документтерди талап кылуу

1. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органынын кызмат адамы текше-

рилүүчү салык төлөөчүдөн текшерүү үчүн керектүү документти талап кылуу-

га укуктуу.

Документтерди берүү талап кылынган салык төлөөчү аларды мындай та-

лап тапшырылган күндөн тартып 5 жумушчу күнүнүн ичинде салык кызматы

органдарына жиберүүгө же берүүгө милдеттүү.

Айрым учурларда документтер салык төлөөчү күбөлөндүргөн көчүрмөлөр

түрүндө берилет.

2. Текшерүү жүргүзүүдө суралган документтерди берүүдөн салык

төлөөчүнүн баш тартышы же аларды белгиленген мөөнөттө бербей коюу са-

лыктык укук бузуу катары таанылат жана ушул Кодексте каралган жоопкер-

чиликке тартылат.

116-статья. Экспертиза

1. Зарыл учурларда салыктык контроль жүргүзүү боюнча иштерге каты-

шуу үчүн бюджеттин каражаттарынын эсебинен келишимдик негизде эксперт

ишке тартылышы мүмкүн.

Экспертиза салык төлөөчүнүн ишмердигинин айрым жактарын изилдөөдө

жана баалоодо атайын илимди талап кылуучу маселелерди түшүндүрүү үчүн

дайындалат.

2. Бул статьяда эксперт деп атайын билимдерге ээ жана экспертиза

жүргүзүү үчүн салык кызматы органдары тарабынан ишке тартылган адам

түшүнүлөт.

3. Эксперттин алдына коюлган маселелер жана анын корутундусу экс-

перттин атайын билимдеринин чегинен чыкпоого тийиш.

4. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган учурларда экспертиза

жүргүзүү жөнүндө чечим салык төлөөчүнүн же текшерүү жүргүзүүчү салык

кызматы органынын кызмат адамынын арызы боюнча салык органынын жетекчи-

си тарабынан кабыл алынат.

Чечимде экспертиза дайындоо үчүн негиздер, эксперттин аты-жөнү жа-

на экспертиза жүргүзүүгө тийиш болгон уюмдун аталышы, экспертке коюлган

маселелер жана эксперттин карамагына берилүүчү материалдар көрсөтүлөт.

5. Эксперт экспертизалоо предметине таандык текшерүү материалдары

менен таанышууга, ага кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч кат

тапшырууга укуктуу.

6. Эксперт ага берилген материалдар жетишсиз болсо же ал эксперти-

за жүргүзүү үчүн зарыл билимдерге ээ болбосо корутунду берүүдөн баш

тарта алат.

7. Салыктык текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органынын кызмат

адамы текшерилүүчү салык төлөөчүнү ушул статьянын 4-пунктуна ылайык ка-

был алынган чечим менен тааныштырууга жана ушул статьянын 9-пунктунда

каралган анын укуктарын түшүндүрүүгө милдеттүү, бул тууралуу протокол

түзүлөт.

8. Эксперт өзүнүн анын жазуу жүзүндө корутунду берет. Эксперттин

корутундусунда ал жүргүзгөн изилдөөлөр, коюлган маселелерге негиздүү

жооптор жана жыйынтыктар жазылат. Эгерде эксперт экспертиза жүргүзүүдө

ага коюлган маселелерден тышкаркы иштин жагдайы үчүн мааниси бар себеп-

терди аныктаса, ал мындай жагдайлар тууралуу жыйынтыкты өзүнүн корутун-

дусуна киргизүүгө укуктуу.

9. Эксперттин корутундусу же корутунду берүүгө мүмкүн эместиги

жөнүндө анын билдирүүсү текшерилүүчү адамга берилет. Ал өзүнүн

түшүндүрмөлөрүн берүүгө же каршылык билдирүүгө, ошондой эле экспертке

кошумча маселелерди коюу жана кошумча же кайталап экспертиза дайында

жөнүндө суранууга укуктуу.

10. Кошумча экспертиза корутунду жетиштүү түрдө ачык-айкын же то-

лук болбогон учурда дайындалат жана ошол же башка экспертке тапшырылат.

Кайталап экспертиза жүргүзүү эксперттин корутундусунун негиздүү

эместигинин же анын тууралыгына шектенген учурда дайындалат жана башка

экспертке тапшырылат.

Кошумча жана кайрадан экспертиза жүргүзүү ушул статьяда каралган

талаптарды сактоо менен дайындалат.

117-статья. Салыктык иш-аракеттерди жүргүзүүдө түзүлгөн протоколго

коюлуучу жалпы талаптар

1. Ушул Кодексте каралган учурларда текшерүүнү ишке ашыруу боюнча

иш-аракеттерди жүргүзүүдө протокол түзүлөт.

2. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) анын аталышы;

2) конкреттүү иштер жүргүзүлгөн жер жана күн;

3) иш-аракеттердин башталуу жана аяктоо мезгили;

4) протокол түзгөн адамдын кызматы, аты-жөнү;

5) иш-аракеттерге же аны жүргүзүүгө катышкан ар бир адамдын

аты-жөнү, ал эми зарыл учурларда - анын дареги, жарандыгы, мамлекеттик

же расмий тилдерди биле тургандыгы тууралуу маалымат;

6) иш-аракеттердин мазмуну, аны жүргүзүү ырааттуулугу;

7) иш-аракеттерди жүргүзүүдө аныкталган, иш үчүн олуттуу фактылар

жана жагдайлар.

3. Протокол иш-аракеттердин өндүрүшүнө же аны жүргүзүүгө катышкан

бардык адамдарга окулат. Көрсөтүлгөн адамдар протоколго киргизилүүгө же

ишке тиркелүүгө тийиш болгон сын-пикирлерин айтууга укуктуу.

4. Протоколго аны түзгөн салык кызматы органынын кызмат адамы,

ошондой эле иш өндүрүшүнө катышкан же аны жүргүзүүгө катышкан бардык

адамдар кол коюшат.

5. Протоколго фотографиялык сүрөттөр жана негативдер, кинолента-

лар, видеожазуулар жана аткарылган өндүрүштөгү башка материалдар тирке-

лиши мүмкүн.

## 16-глава

Айрым учурларда салыктык контроль жүргүзүүнүн

өзгөчөлүктөрү

118-статья. Бул главада колдонулуучу терминдер жана аныктамалар

Бул главада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

1. "Окшош товарлар" - алардын негизги белгилери үчүн бирдей

мүнөздөгү товарлар. Товарлардын окшоштугун аныктоодо алардын физикалык

мүнөздөмөлөрү, сапаты жана рыноктогу репутациясы, чыккан өлкө жана

өндүрүүчү эске алынат. Товарлардын окшоштугун аныктоодо алардын тышкы

түрүндөгү анча эмес айырмачылыктар эске алынбайт.

2. "Бирдей түрдөгү товарлар" - окшош эмес, бирок мүнөздөмөлөрү ок-

шошкон жана окшош компоненттерден турган товарлар, булар эгерде мындай

товарлардын бааларында олуттуу айырмачылык болбосо же болбосо

түзөтүүлөрдүн жардамы менен эске алынышы мүмкүн болсо бир же ошол эле

функцияны аткарууга жана/же коммерциялык жактан бири-бирин алмаштырууга

мүмкүндүк түзүлөт.

3. "Товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр рыногу" - Кыргыз Рес-

публикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары сатып

алуучуга же сатуучуга карата жакын товарды, жумушту, кызмат көрсөтүүнү

реалдуу же кыйла кошумча чыгымдарсыз сатып алууга же сатууга сатуучунун

же сатып алуучунун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аныкталуучу ушул товарлар-

ды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүү чөйрөсү.

4. "Товардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы" -

рыноктогу суроо-талаптын жана сунуштун биргелешкен аракетинде окшош то-

варларга, ал эми мындайлар жок болсо - салыштырмалуу экономикалык шарт-

тардагы бир түрдүү товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө

түзүлгөн баа.

119-статья. Баалоонун кыйыр методдорун колдонуу

Калк менен накталай эсептешүү операцияларын эсепке алуу тартиби

бузулганда, баштапкы эсепке алуу документтери болбогондо, эсепке алуу

документтери жоголгондо же жок кылынганда салык кызматынын органдары

активдер, милдеттенмелер, жүгүртүү, сарптоо, чыгымдар жана/же Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте орнотулган салык постунун на-

тыйжасында алынган маалыматтар сыяктуу кыйыр методдордун негизинде са-

лыктык милдеттенмени аныктайт.

120-статья. Салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын

же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын колдонуу

1. Эгерде ушул статьяда башкача каралбаса, салык салуунун максат-

тары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары та-

раптар иш жүзүндө колдонгон бүтүмдөр эске алынат. Эгерде тескерисинче

далилденбесе бул баалардын рынок бааларынын дењгээлине ылайык келиши

болжолдонот.

2. Салык кызматынын органдары контроль жүргүзүүдө салыктарды толук

эсептөө үчүн бүтүмдөр боюнча бааларды колдонуунун тууралыгын төмөнкүдөй

учурларда гана текшерүүгө укуктуу.

1) өз ара көз каранды адамдардын ортосунда бүтүмдөр түзүлгөндө;

2) товар алмашуу (бартердик) операциялар боюнча;

3) тышкы соода бүтүмдөрү түзүлгөндө;

4) КНС боюнча каттоо жокко чыгарылганда жана/же салык төлөөчү жо-

юлганда;

5) товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жөнүндө

ырастоочу документтер болбогондо;

6) аракеттенбеген жактын белгилери бар субъекттер менен бүтүмдөрдү

түзүүдө.

3. Ушул статьяда каралган, товарлардын, жумуштардын же кызмат

көрсөтүүлөрдүн баалары, тараптар колдонгон бүтүмдөр, рыноктук баадан

төмөн болгон учурларда салык кызматынын органы ушундай бүтүмдүн натый-

жасында тиешелүү товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө рынок-

тук бааны колдонууга жараша бааланса, салыкты, туум-айыптарды жана са-

лыктык санкцияларды толук эсептөө жөнүндө себеби көрсөтүлгөн.

Бүтүмдүн рыноктук баасы эгерде салык төлөөчү бүтүм иш жүзүндө до-

кументтерде көрсөтүлгөн баа боюнча түзүлгөндүгүн далилдебесе жана эко-

номикалык жактан негизделген рынок баасынан четтеп кетсе, колдонулат.

4. Рыноктук баа ушул Кодекстин 121-статьясында каралган салык са-

луу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн

рыноктук баасын аныктоо принцибине ылайык белгиленет, алардын ар бири

мурдагыларды колдонуу үчүн жетиштүү маалымат жок учурда колдонулат.

5. Рыноктук бааны аныктоодо баага же төмөндөтүлгөн баага карата өз

ара көз карандысыз болуп саналган адамдардын ортосунда бүтүмдөрдү

түзүүдө белгиленүүчү кадимкидей үстөктөр эске алынат. Атап айтканда

төмөнкүлөрдөн улам арзандатуулар эсепке алынат:

1) товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө керектөө суроо-та-

лабынын сезондук же башкача өйдө-төмөндүгү;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте товарлардын

сапатын же башка керектөө түзүлүштөрүн жоготушу;

3) товарлардын жарактуулук же аларды сатуу мөөнөттөрүнүн бүтүшү же

ошол күнгө жакындашы;

4) маркетингдик саясат, анын ичинде окшош эмес жањы товарларды ры-

нокко чыгарууда, ошондой эле товарларды, жумуштарды, кызмат

көрсөтүүлөрдү жањы рынокторго чыгаруу;

5) керектөөчүлөрдү тааныштыруу максатында тажрыйба моделдерин жана

үлгүлөрүн сатуу.

6. Товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баа-

ларын аныктоодо өз ара көз карандысыз болуп саналбаган адамдардын орто-

сундагы бүтүмдөр көњүлгө алынат. Өз ара көз каранды адамдардын ортосун-

дагы бүтүмдөр өз ара көз каранды мындай адамдар ушул сыяктуу

бүтүмдөрдүн натыйжаларына таасир этпеген учурларда гана көњүлгө алынышы

мүмкүн.

7. Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө рынок баасын анык-

тоодо жана таанууда товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана

биржалык котировкаларга рыноктук баалар жөнүндө маалыматтын расмий бу-

лактары, мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын

маалыматтар базасы, салык төлөөчү салык органдарына берген маалыматтар,

ошондой эле башка тиешелүү маалыматтар колдонулат.

121-статья. Салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын

же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоо

принциптери

1. Товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баа-

сы катарында товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө рынокто

түзүлгөн баалардын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

квартал сайын басып чыгаруучу бюллетенинин маалыматтары колдонулат.

Салык салуу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына

ылайык белгиленген мамлекеттик жөнгө салынуучу баалар (тарифтер) боюнча

товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда көрсөтүлгөн баа-

лар (тарифтер) кабыл алынат.

2. Товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баа-

сы бул товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу учурунда

окшош жана/же бирдей товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр менен са-

лыштырмалуу шарттарда түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматтын негизинде

аныкталат. Атап айтканда берилүүчү товарлардын саны жана көлөмү (миса-

лы, товардык партиянын көлөмү), милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү мындай

түрдөгү бүтүмдөрдө адатта колдонулуучу төлөмдөрдүн шарттары сыяктуу

бүтүмдөрдүн шарттары, ошондой эле бааларга таасир тийгизиши мүмкүн бол-

гон башка акылга сыярлык шарттар эске алынат.

Мында окшош, андай болбосо - бир түрдүү товарлардын, жумуштардын

же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда бүтүмдөрдүн шарттары эгерде мындай

шарттардын ортосундагы айырмачылык болсо же болбосо мындай товарлардын,

жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына олуттуу таасир тийгизсе,

салыштырмалуу түрдө таанылат же болбосо түзөтүүлөрдүн жардамы менен эс-

ке алынышы мүмкүн.

3. Рыноктук бааны аныктоо үчүн кийинки сатуу бааларынын методу

колдонулат, мында сатуучу тарабынан сатылган товарлардын, жумуштардын

жеё кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы аларды кийинки кайра сатуудагы

баалардын ар түрдүүлүгү катары жана ушундай учурларга мүнөздүү товар-

ларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү кайра сатууда жана сатып

алынгандарды рынокко чыгарууда баалардын айырмачылыгы, ошондой эле

иш-аракеттин бул чөйрөсү үчүн сатып алуучунун кадимки пайдасы катары

аныкталат.

4. Кийинки сатуу бааларынын методун колдонуу мүмкүн болбогондо

наркты кошуунун негизиндеги ыкма колдонулат, мында сатуучу саткан То-

варлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы кеткен

сарптоолордун жана иш-аракеттин бул чөйрөсү үчүн адаттагыдай пайдасынын

суммасы катары аныкталат. Мында ушундай учурлардагы товарларды, жумуш-

тарды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө жана/же сатып алууга жана/же

сатууга кеткен түз же кыйыр чыгымдар, ушундай учурларда ташууга, сакто-

ого, камсыздандырууга жана башка ушундай сарптоолорго кеткен чыгымдар

эске алынат.

5. Салык салуу максаттарында бүтүмдөрдүн баасын аныктоо жөнүндө

салык кызматынын органынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусу туура-

луу ишти кароодо сот ушул главада саналган жагдайларды чектебестен

бүтүмдүн натыйжаларын аныктоо үчүн мааниси бар бардык кырдаалдарды эске

алууга укуктуу.

## 17-глава

Салык кызматынын органдарынын башка субъекттер

менен өз ара аракети

122-статья. Салык кызматы органдарынын бажы органдары жана финансы

полиция органдары менен биргелешкен аракети

1. Салык кызматы органдарынын бажы органдары жана финансы полиция

органдары менен биргелешкен аракети ушул Кодексте, Кыргыз Республикасы-

нын Бажы кодексинде, "Оперативдүү-издөө ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамында, эки тараптуу (көп тараптуу) түзүлгөн макулда-

шууларда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде ишке ашырылат.

2. Салык кызматынын органдары ушул статьяда көрсөтүлгөн маалымат-

тарды жана материалдарды алмашуу, алуу жана берүү аркылуу салык кызма-

тынын органдарынын бажы органдары жана финансы полиция органдары менен

биргелешкен аракетин ишке ашырат.

3. Салык кызматынын органдары:

1) салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелерин аткарууга байланыш-

туу финансы полиция органдары жана бажы органдары аныктаган жана жибер-

ген документ менен тастыкталган маалыматтарды жана материалдарды карайт

жана ушул Кодексте белгиленген тартипте алар боюнча салык төлөөчүгө

көчмө текшерүүсүн дайындоо же аны жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим

кабыл алат;

2) финансы полиция органдарынын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптары

боюнча салык төлөөчү салыктык каттоо жөнүндө болгон маалыматты: анын

идентификациялык салык номерин, аты-жөнүн же аталышын, жашаган же тур-

ган жерин, ошондой эле КНС боюнча каттоо маалыматын берет;

3) ушул Кодекстин талаптарына ылайык финансы полиция органына са-

лыктын азайтылган суммасы белгиленген чектен ашып кеткендиги, ал боюнча

кылмыш жоопкерчилиги карала тургандыгы боюнча көчмө текшерүүнүн матери-

алдарын жиберет;

4) финансы полиция органына салык органдарында салыктык каттоодон

өтпөгөн, салык отчеттуулугун бербеген КНСтин эсеп-фактураларын алган

бланктары боюнча эсептешпеген, салыктарды төлөөден качып жүргөн, ошон-

дой эле салык төлөөчүлөр КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарын жогот-

кон, КНСтин жасалма эсеп-фактураларын жана акциз маркаларын колдонгон

адамдарды издөө боюнча арыздар менен кайрылышат жана алар боюнча белги-

ленген мөөнөттөрдө арыздардын мааниси боюнча негиздүү жоопторду алышат;

5) финансы полиция органдары салык кызматы органдарынын кызмат

адамдарынын укук бузуулар боюнча кызматтык териштирүүлөрүнүн материал-

дарын карап чыккандан кийин кылмыш составы болбосо, бул адамдарга тар-

типтик жана администрациялык чараларды көрүшөт;

6) бажы органдарынан экспорттук-импорттук операциялар боюнча,

ошондой эле КНСти шарттуу эсептөө менен импорттолуучу негизги каражат-

тар боюнча толук маалыматтар базасын алат;

7) бажы органдарына тийиштүү материалдарды жиберүү аркылуу бажылык

укук бузуулардын фактыларын көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган маа-

лыматтарды берет.

123-статья. Салык кызматы органдарынын юстиция органдары менен

биргелешкен аракети

Салык кызматы органдарынын юстиция органдары менен биргелешкен

аракети каттоодон, кайра каттоодон өткөн жана юридикалык жактардын Мам-

лекеттик реестринен чыгарылган субъекттер жөнүндө маалыматтар базасын

алмашуу аркылуу ишке ашырылат.

124-статья. Салык кызматы органдарынын мамлекеттик статистика

органдары менен биргелешкен аракети

1. Салык кызматы органдарынын мамлекеттик статистика органдары ме-

нен биргелешкен аракети ушул Кодексте жана "Мамлекеттик статистика

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ыйгарым укуктар-

дын чектеринде ишке ашырылат.

2. Салык кызматынын органдары мамлекеттик статистика органдары ме-

нен өз ара аракеттенүүнү төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырат:

1) ушул статьяда көрсөтүлгөн маалыматтарды жана материалдарды ал-

машуу, алуу же берүү;

2) статистикалык отчеттуулукту чогултуу, эсептерди жүргүзүү, кат

алышуу, сурамжылоолорду, иргеме жана башка текшерип кароолорду жүргүзүү

боюнча салык салуу чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүүгө, мамлекеттик ста-

тистикалык байкоолордун формаларын иштеп чыгууга жана натыйжаларын чы-

гарууга катышуу;

3) мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөрдүн статистикалык

методологиясын жана отчеттук-статистикалык документтерин, ошондой эле

эсептик документтердин типтүү формаларын иштеп чыгууга катышуу;

4) маалыматтык фонддорду жүргүзүүнүн бирдиктүү принциптеринин, ме-

тоддорунун жана формаларын негизинде Кыргыз Республикасынын салык

төлөөчүсүнүн Мамлекеттик реестрин жана статистикалык бирдиктердин Бир-

диктүү мамлекеттик регистринин айкалышуусун актуалдуу абалда кармоо жа-

на маалыматтык камсыздоо.

3. Салык кызматынын органынын мамлекеттик статистика органы менен

өз ара аракети, ошондой эле төмөнкүдөй ишке ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн Мамлекеттик реест-

рине жана статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик регистрине

жањы салык төлөөчүнү каттоодо жана киргизүүдө;

2) салык төлөөчүнү кайра каттоодо;

3) белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде салык төлөөчүнүн иш-

мердигинде контролдук жүргүзүүдө;

4) салык төлөөчү өз ишмердигин токтоткондо.

4. Салык кызматынын органдары мамлекеттик статистикалык органдары-

на төмөнкүлөрдү берет:

1) катталган салык төлөөчүлөрдүн саны жөнүндө маалыматты;

2) патенттик негизде иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдүн саны жана

категориялары жөнүндө маалыматты.

5. Мамлекеттик статистика органдары салык кызматынын органдарына

төмөнкүлөрдү берет:

1) ай сайын мамлекеттик каттоодон өткөн субъекттер жөнүндө маалы-

маттар базасын;

2) мамлекеттик статистика органдары чыгаруучу маалымдамаларды,

бюллетендерди үзгүлтүксүз негизде;

3) тийиштүү суроо-талаптын негизинде кагаздагы жана/же электрондук

булактардагы статистикалык бирдиктер жөнүндө керектүү маалыматты (маа-

лыматтар базасын).

125-статья. Салык кызматынын органдарынын салык салуу объекттерин

каттоочу органдар менен биргелешкен аракети

1. Салык кызматынын органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекет-

тик каттоонун бирдиктүү системасынын органдары, тракторлорду, моторлуу

кайыктарды (суу мотоциклдери ж.б.), өзү жүрүүчү технологиялык машина-

ларды, ошондой эле аларга чиркегичтерди каттоо жүргүзгөн органдар менен

төмөнкүлөр жөнүндө жазуу жүзүндө маалымат алуу аркылуу биргелешип ара-

кеттенет:

1) ошол органдарда катталган же каттоодон чыгарылган салык салуу

объекттеринин мүлкү жөнүндө;

2) бул мүлктүн менчик ээси болуп саналган субъекттер жөнүндө;

3) салык салуу объектиси болуп саналган мүлктүн параметрлери

жөнүндө.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн органдар мурдагы айдан

кийинки айдын 20сына чейин ай сайын өзү турган жердеги салык органына

менчик укугун мамлекеттик каттоо же салык салуу объектиси тууралуу маа-

лымат берип турууга милдеттүү.

3. Автотранспорт каражаттарын же тракторлорду, өзү жүрүүчү техно-

логиялык машиналарды, ошондой эле аларга чиркегичтерди каттоо

жүргүзүүчү органдар каттоодо, кайра каттоодо, маалымкаттарды берүүдө

жана техникалык кароолорду жүргүзүүдө мүлккө салык төлөө жөнүндө доку-

ментти көрсөтүүнү талап кылууга милдеттүү.

Көрсөтүлгөн документ жок болсо, каттоону, кайра каттоону, маалым-

каттарды берүүнү жана техникалык кароону жүргүзүүгө болбойт.

4. Салык кызматынын органдары нотариалдык бүтүмдөрдү жана фондулук

биржага бүтүмдөрдү кошо алганда салык салуу объекттерине укуктардын

өтүшүнө байланыштуу бүтүмдөрдү каттоо жүргүзүүчү башка органдар менен

өз ара кызматташат. Ушул пунктта көрсөтүлгөн органдар отчеттук квартал-

дан мурдагы айдан кийинки айдын 20сына чейин квартал сайын өзү турган

жердеги салык органына бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө маалымат берип турууга

милдеттүү.

126-статья. Салык кызматы органдарынын банк менен биргелешкен

аракети

Салык кызматы органдары менен биргелешип аракеттенүү максатында

банктар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык төлөөчүнүн эсебин ачуу же жабуу жөнүндө маалыматтарды

берүүгө, ал банк катталган жердеги салык органына эсеп ачылган же жа-

былган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө берүүгө;

2) текшерилүүчү салык төлөөчүнүн эсептеринде жүргүзүлүүчү операци-

ялар жөнүндө маалыматты, ошондой эле анын эсебинин учурдагы абалы

жөнүндө маалыматты салык органынын жазуу жүзүндөгү талабынын негизинде

берүүгө;

3) салык төлөөчү салыктык каттоодо тургандыгы жана салыктык кары-

зынын жоктугу жөнүндө салыктык кызмат органынын маалымкатын көрсөткөндө

гана уюмдар менен жеке ишкерлерге эсеп ачууга;

4) салык төлөөчүлөр салыктык милдеттенмелерин аткаруу эсебине бюд-

жетке акча каражаттарын которуу жөнүндө тапшырманы сөзсүз жана биринчи

тартипте аткарууга;

5) салык төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарды алуу боюнча опера-

ция жүргүзүлгөн күндө салыктын суммасын бюджетке жөнөтүүгө;

6) банктын заемчусунан төлөнбөгөн карызды эсептен чыгаруу жөнүндө

маалыматты 30 календардык күндүн ичинде берүүгө;

7) салык төлөөчү мойнуна алган салыктык карызын жоюу үчүн салык

кызматынын органдары койгон салыктык төлөм талаптарын сөзсүз жана би-

ринчи кезектеги тартипте аткарууга.

127-статья. Салык кызматы органдарынын жарандык абалдын актыларын

мамлекеттик каттоо жүргүзүүчү органдар менен

биргелешкен аракети

Салык кызматынын органдары жарандык актыларын жазуу органы менен,

жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укуктар берил-

ген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен, Кыргыз Республикасы-

нын аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү

жана консулдук мекемеси менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик

каттоо: төрөлүү, өлүү, никеге туруу, никени бузуу, фамилиясын, атын,

атасынын атын өзгөртүү жөнүндө маалымат алуу аркылуу өз ара кызматта-

шат.

128-статья. Салык кызматы органдарынын чет өлкөлүк жарандарга жана

жарандыгы жок адамдарга карата ыйгарым укуктар

бөлүнгөн органдар менен биргелешкен аракети

Салык кызматы органдары чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок

адамдарга карата ыйгарым укук бөлүнгөн органдар менен төмөнкүлөр

жөнүндө маалымат алуу аркылуу биргелешип аракеттенет:

1) чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Рес-

публикасына келишине, алардын Кыргыз Республикасында болушуна жана Кыр-

гыз Республикасынан кетишине берилген уруксаттар жөнүндө;

2) эмгек ишмердигин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына ке-

лишкен чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө.

129-статья. Салык кызматы органдарынын салык төлөөчүлөрдүн уюмдары

менен биргелешкен аракети

Кыргыз Республикасында натыйжалуу салык саясатын түзүү жана ишке

ашыруу, өз ара аракеттенүү дењгээлин жогорулатуу жана салык төлөөчүлөр

менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын балансына жетишүү максатында салык

кызматынын органдары салык төлөөчүлөрдүн уюмдарын, анын ичинде биз-

нес-ассоциациялары кесиптик бирикмелер менен биргелешип аракеттенүүнү

ишке ашырат.

130-статья. Салык кызматы органдарынын чет мамлекеттердеги

дипломатиялык, консулдук жана башка өкүлчүлүктөр же эл

аралык уюмдар менен биргелешкен аракети

Салык кызматынын органдары чет мамлекеттердеги дипломатиялык, кон-

сулдук жана башка өкүлчүлүктөр же эл аралык уюмдар менен биргелешкен

аракетти бул субъекттер ушул Кодекстин жоболоруна ылайык ар кандай маа-

лыматтарды берүү жана ар кандай иштерди аткаруу боюнча салык кызматынын

органдарынын талабына карата иммунитеттен пайдалана тургандыгын эске

алуу менен ишке ашырат.

131-статья. Салык кызматы органдарынын жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдары менен биргелешкен аракети

1. Салык кызматынын органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-

гандары менен (мындан ары - ЖӨБ) өз ара аракеттенүүнү төмөнкүлөр аркы-

луу ишке ашырат:

1) ЖӨБ органдарынан төмөнкүлөрдү алуу:

а) жергиликтүү салыктарды киргизүү боюнча чечимдерди;

б) экономикалык ишмердикти жүргүзүүгө жана жеке турак үйлөрдү ку-

рууга юридикалык жактарга жана жеке адамдарга бөлүнгөн жер участоктору

боюнча чечимдерди (токтомдорду);

в) мамлекеттик жана муниципалдык менчик жерлерди жана жайыттарды

пайдаланууга түзүлгөн ижара келишимдери жөнүндө маалыматты;

г) калктуу конуштардын экономикалык-пландаштыруу зоналарынын

өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленген калктуу конуштардын жерлерин пайда-

лануу үчүн жер салыгынын базалык ставкасын дифференциялоочу кабыл алын-

ган коэффициенттердин өлчөмдөрү жөнүндө чечимдерди;

д) жер салыгы жана мүлккө салык боюнча бошотуулар жөнүндө чечим-

дерди;

2) ушул Кодексте каралган комиссиялардын иштерине биргелешип каты-

шуу;

3) салык салуу максатында биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары салык төлөөчүлөрдү

эсепке алууда жана салыктарды чогултууда салык кызматынын органдарына

көмөк көрсөтүшөт.

132-статья. Салык кызматы органдарынын уюмдар менен жеке жактарга

лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү жүргүзүүчү

органдар менен биргелешкен аракети

Салык кызматынын органдары лицензия жана уруксат алышкан субъект-

тер жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле салык органдарынын суроо-талап-

тары боюнча башка маалыматтарды алуу аркылуу лицензияларды жана урук-

саттарды берүүчү органдар менен өз ара аракеттенет.

133-статья. Ушул главанын жоболорун бузуу үчүн жоопкерчилик

Ушул главанын талаптарын тиешелүү органдардын кызмат адамдарынын

аткарбашы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тар-

тат.

## V БӨЛҮМ

САЛЫКТЫК УКУК БУЗУУ ЖАНА АНЫ БУЗУУ

ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК

## 18-глава

Салыктык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик

жөнүндө жалпы жоболор

134-статья. Салыктык укук бузуулар түшүнүгү

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуулар же салыктык

укук бузуулар администрациялык жана/же кылмыштык укук бузуу белгилерин

камтыбаган салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун күнөөсү менен жа-

салган укукка жат иштер (аракеттер же аракетсиздик) болуп саналат.

2. Кылмыш же администрациялык укук бузуулардын белгилерин камты-

ган, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде

же Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленет.

135-статья. Салыктык укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик

1. Салыктык укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик салыктык

укук бузууларга күнөөлүү салыктык укук мамилелеринин катышуучусуна сот

же болбосо компетенттүү орган (кызмат адамы) тарабынан жаза чараларын

колдонуудан көрүнгөн салыктык укук бузууларды жасоонун укуктук кесепети

болуп саналат.

2. Салыктык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик ушул Кодексте белгиле-

нет.

3. Салыктык укук бузууларды жасоо үчүн жоопкерчиликти караган нор-

маны ушул Кодексти кошпогондо башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салы-

нат.

136-статья. Салыктык укук бузууларды жасоо үчүн жоопкерчиликке

тартылууга тийиш болгон салыктык укук мамилелеринин

катышуучулары

Ушул Кодексте каралган учурларда төмөнкүлөр салыктык укук бузуулар

үчүн жоопкерчилик тартат.

1) салык төлөөчү, анын кызмат адамдары жана/же мыйзамдуу өкүлдөрү

(ата-энелер, багуусундагылар, камкорчу);

2) салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары;

3) салыктык укук мамилелеринин башка катышуучусу.

137-статья. Салыктык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуунун

жалпы принциптери

1. Ушул Кодексте каралган негиздерден жана тартиптен тышкары са-

лыктык укук бузуулар үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.

2. Эч ким бир же ошол эле салыктык укук бузуулар үчүн жоопкерчи-

ликке кайрадан тартылбайт.

3. Салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун салыктык укук бузуу-

лар үчүн жоопкерчиликке тартуу анын кызмат адамдарын тийиштүү негиздер

болсо, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинде, Кыргыз Республикасынын

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчилик-

тен бошотпойт.

4. Салыктык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу салык

төлөөчүнү салыктык милдеттенмесин аткаруу, ошондой эле эсептелген ту-

ум-айыптын жана салык санкцияларынын суммасын төлөө милдетинен бошот-

пойт.

5. Салыктык укук мамилелеринин катышуучусу анын күнөөсү Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте далилденмейинче салык-

тык укук бузууну жасоого күнөөлүү деп эсептелбейт.

6. Жоопкерчиликке тартылуучу салык төлөөчү жана анын кызмат адамы

салыктык укук бузууну жасоодо өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө мил-

деттүү эмес.

7. Салыктык укук бузуу фактысы жана аны жасоого адамдын күнөөлүү

экендиги тууралуу күбөлөндүрүүчү жагдайды далилдөө милдети салык кызма-

тынын органдарына жүктөлөт.

138-статья. Салыктык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуунун

эскириши

1. Субъект эгерде салыктык укук бузууну жасаган күндөн тартып 6

жыл өтсө (эскирүү мөөнөтү) жана ага тиешелүү билдирүү тапшырылбаса са-

лыктык укук бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

2. Салыктык отчетто көрсөтүлгөн салыктын суммасын азайтууга байла-

ныштуу салыктык укук бузууларды жасоо учурунда эскирүү мөөнөтүн эсептөө

билдирүү тапшырылган күндөн тартып башталат.

139-статья. Салыктык укук бузууларды жасоо үчүн салык санкциясы

1. Салык санкциясы салыктык укук бузууларды жасоо үчүн жоопкерчи-

лик чарасы болуп саналат.

2. Салык санкциясы ушул Кодексте каралган өлчөмдө акчалай жаза

түрүндө белгиленет жана колдонулат.

3. Бир эле субъекти эки же андан ашуун салыктык укук бузууларды

жасаса, ушул Кодексте каралган салык санкциялары ар бир укук бузуу үчүн

өзүнчө өндүрүлөт.

140-статья. Салык санкциясын өндүрүүнүн эскириши

1. Салык кызматынын органдары салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчи-

ликке тартуу жөнүндө билдирүүнү салык төлөөчүгө тапшырган күндөн тартып

6 жылдан кечиктирбестен салык санкциясын өндүрүү жөнүндө сотко доо ме-

нен кайрыла алат.

2. Салыктык укук бузуулар болсо, бирок кылмыш ишин козгоодон же

токтотуудан баш тартса доо арызын берүү мөөнөтү кылмыш ишин козгоодон

баш тартуу же токтотуу жөнүндө токтомду салык кызматы органдары алган

күндөн тартып эсептелет.

## 19-глава

Салыктык укук бузуулардын түрлөрү жана аларды

жасоо үчүн жоопкерчилик

141-статья. Салык органында салыктык жана/же эсептик каттоодон

четтөө

Салык төлөөчү салыксыз жана/же салык органында эсептик каттоосуз

иш жүргүзгөндө мындай ишмердиктин бүткүл мезгили үчүн эсептелген жа-

на/же эсептелүүгө тийиш болгон салыктардын суммасынын бир эсе

өлчөмүндө, бирок 50 эсептик көрсөткүчтөрдөн кем эмес өлчөмдө салык

санкциясы колдонулат.

142-статья. Салыктын суммаларын азайтуу

Эгерде салыктык отчеттуулукта көрсөтүлгөн салыктын суммасы салык-

тык отчетто көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына салыштырмалуу

азайтылса, салык төлөөчүгө:

1) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жалпы жылдык кирешеге карата

салыктын суммасы 2 процентке чейинки өлчөмдө азайтылса - салык санкция-

сы колдонулбайт;

2) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жалпы жылдык кирешеге карата

салыктын суммасы 2ден 5 процентке чейинки өлчөмдө азайтылса - салыкты

азайтуу суммасынын 50 процент өлчөмүндө салыктык санкция колдонулат;

3) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жалпы жылдык кирешеге карата

салыктын суммасы 5 проценттен ашуун өлчөмдө азайтылса - салыкты азайтуу

суммасынын 100 процент өлчөмүндө салыктык санкция колдонулат.

143-статья. Салыктык агент тарабынан салыктарды төлөө боюнча

милдетти аткарбоо

Кармалуучу же төлөөгө тийиш болгон салыктын суммасын төлөбөй коюу

же толук эмес төлөө учурунда салык агентине төлөнүүгө тийиш болгон са-

лыктын төлөнбөгөн суммасынын 10 процент өлчөмүндө салык санкциясы жа-

на/же аны төлөө үчүн белгиленген күндөн тартып ар бир толук же толук

эмес ай үчүн кошумча төлөө колдонулат, бирок бул көрсөтүлгөн сумманын

50 процентинен ашпашы керек.

144-статья. Банктын жоопкерчилиги

Ушул Кодекстин 126-статьясында белгиленген милдеттерди аткарбаган-

дыгы үчүн банкка 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө салык санкциясы колдо-

нулат.

145-статья. Салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын

жоопкерчилиги

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын күнөөлүү салык кызматы

органдарынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-

ленген тартипте жоопкерчилик тартат.

2. Салык кызматы органдарынын кызмат адамынын аракеттери жана/же

аракетсиздиги менен салык төлөөчүгө келтирилген зыяндар Кыргыз Респуб-

ликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга тийиш.

## VI БӨЛҮМ

САЛЫК КЫЗМАТЫ ОРГАНДАРЫНЫН ЧЕЧИМДЕРИНЕ

ДАТТАНУУ, АЛАРДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН АРАКЕТТЕРИ

ЖАНА/ЖЕ АРАКЕТСИЗДИГИ

## 20-глава

Салык кызматы органдарынын чечимдерине

даттануунун тартиби

146-статья. Салык кызматы органдарынын чечимине салык төлөөчүнүн

даттануусун кароочу органдар

Ушул бөлүмгө ылайык билдирүүнү тапшыруу менен салык кызматынын ор-

гандарынын чечимине салык төлөөчүлөрүнүн даттанууларын кароо ыйгарым

укуктуу салык органында жүргүзүлөт.

147-статья. Салык төлөөчүнүн даттанууларын берүү тартиби жана

мөөнөттөрү

1. Салык кызматы органдарынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусу

тиешелүү чечим боюнча салык төлөөчүгө билдирүү тапшырылган күндөн тар-

тып 30 календарлык күндүн ичинде Ыйгарым укуктуу салык органына бери-

лет.

2. Эгерде салык төлөөчү ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген

мөөнөт бүткөндөн кийин салык кызматынын органдарынын чечимине даттануу-

ну берсе, бул даттануу каралбайт.

3. Даттануунун көчүрмөсү салык төлөөчү тарабынан чечимине датта-

нылган салык кызматынын органына жиберилет.

4. Ыйгарым укуктуу салык органына даттануу берген салык төлөөчү

бул даттануу боюнча жазуу жүзүндө жооп алганга чейин өзүнүн жазуу

жүзүндөгү арызынын негизинде аны кайра сурап ала алат.

5. Даттанууну кайра сурап алуу салык төлөөчүнү ушул статьянын

1-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдү сактаган шартта кайрадан даттануу

берүү укугунан ажыратпайт.

6. Ушул бөлүмдүн жоболорун бузуу менен берилген даттануу Ыйгарым

укуктуу салык органы тарабынан анын себептерин көрсөтүү менен арыз ээ-

сине кайтарылып берилет.

148-статья. Салык төлөөчүнүн даттануусунун формасы жана мазмуну

1. Салык төлөөчү даттанууну кагаз жүзүндө берет.

2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) даттанууну берүү датасы;

2) даттануу берилген Ыйгарым укуктуу салык органынын аталышы;

3) даттанууну берген адамдын аты-жөнү же болбосо толук аталышы,

анын жашаган жери (турган жери);

4) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;

5) чечимине даттануу берилген салыктык кызмат органынын аталышы;

6) даттануу берүүчү салык төлөөчү өзүнүн талабын негиздеген жаг-

дайлар жана бул жагдайларды тастыктоочу далилдер;

7) тиркелүүчү документтердин тизмеси.

3. Даттанууда талаш-тартышты чечүү үчүн мааниси бар башка маалы-

маттарда көрсөтүлүшү мүмкүн.

4. Даттанууга салык төлөөчү кол коет.

5. Даттанууга төмөнкүлөр тиркелет:

1) салыктык контролдун натыйжалары боюнча материалдардын жана от-

четтун көчүрмөлөрү;

2) алар боюнча чечимдердин жана билдирүүлөрдүн көчүрмөлөрү;

3) салык төлөөчү өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайларды ырастоо-

чу, салык төлөөчү жана башка органдар күбөлөндүргөн документтер;

4) ишке тиешеси бар башка документтер.

149-статья. Салык төлөөчүнүн даттанууларын кароонун тартиби

1. Салык төлөөчүнүн даттануусуна 30 календарлык күндөн кечиктирбе-

ген мөөнөттө даттануунун маанисине карата жазуу жүзүндө жооп жиберилет.

Даттанууну кароо мөөнөтү Ыйгарым укуктуу салык органына даттануу

катталган күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет жана салык төлөөчүгө

жазуу жүзүндө жооп жиберилген күндө бүтөт.

2. Эгерде даттанууну кароо мезгилинде салык төлөөчүдөн өз ара бай-

ланыштуу салыктар жана төлөмдөр боюнча баштапкы даттанууга толуктоо

түшсө, негизги жана кошумча даттануулар боюнча кароо мөөнөтү толуктоо

түшкөн күндөн тартып башталат.

Даттанууну кароо мөөнөтү эл аралык келишимдерге ылайык башка мам-

лекеттердин ыйгарым укуктарына салык маселелери боюнча жоболорду колдо-

нуунун тартибин түшүндүрүү үчүн тийиштүү органдарга суроо-талаптарды

жиберүү, утурлама текшерүүлөрдү, кайра текшерүүлөрдү дайындоо учурла-

рында токтотулуп турат.

Салык төлөөчүгө даттануу боюнча акыркы чечим ушул пунктта каралган

жол-жоболорду аткаргандан кийин кабыл алына тургандыгы тууралуу аралык

жооп жиберилет.

3. Салык төлөөчүнүн даттануусу эгерде ыйгарым укуктуу салык органы

ушул статьянын 1-пунктунда каралган мөөнөттө жазуу жүзүндө жооп жибер-

бесе, канааттандырылды деп эсептелет.

4. Даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу салык

органы төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандырат;

2) салык төлөөчүнүн даттануусун жарым-жартылай канааттандырат;

3) салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандыруудан баш тартат.

5. Даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу салык

органы салык кызматынын органына жана салык төлөөчүгө жол берилген укук

бузууларды четтетүү максатында жасалууга тийиш болгон иш-аракеттердин

чөйрөсүн аныктоо менен даттанууга жазуу жүзүндө жооп жиберет.

6. Эгерде даттанууда мурда жиберилген датганууларга мааниси боюнча

байланыштуу жазуу жүзүндөгү жооптор арыз ээсине бир нече ирет берилген

маселелерди камтыса жана даттанууда жањы негиздер же жагдайлар келти-

рилбесе Ыйгарым укуктуу салык органы кезектеги даттануунун негиздиги

жана көрсөтүлгөн даттануу, мурда жиберилген даттануулар бир же ошол эле

органга жиберилген шартта бул маселе боюнча салык төлөөчү менен кат жа-

зышууларды токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Бул чечим

жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө кабарланат.

7. Берилген даттануу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечи-

мине макул болбогон салык төлөөчү бул чечимге сот тартибинде даттанууга

укуктуу.

150-статья. Салык төлөөчүнүн даттануусуна жазуу жүзүндөгү жооптун

мазмуну

Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча жазуу жүзүндөгү жоопто

төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) чечим кабыл алынган күн жана жер;

2) даттанууну караган Ыйгарым укуктуу салык органынын аталышы;

3) салык төлөөчүнүн фамилиясы жана аты же болбосо толук аталышы,

арыз берүүчүнүн дареги;

4) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;

5) чечимге даттануу берилген салык кызматынын органынын аталышы;

6) даттанылуучу чечимдин кыскача мазмуну;

7) даттануунун мааниси;

8) чечимдин негизине коюлган себептердин жана фактылардын баянда-

лышы;

9) ушул Кодекстин нормаларына, мыйзамга же нормативдик укуктук ак-

тыларга шилтемелер;

10) кабыл алынган чечим;

11) чечимине даттанылган салык органына тиешелүү тапшырма.

151-статья. Даттануу берүүнүн натыйжалары

1. Салык төлөөчүнүн даттанууну бериши ушул Кодексте белгиленген

тартипте даттанылуучу чечимдин аткарылышын токтотуп турат.

2. Чечимдин аткарылышы жазуу жүзүндө жооп жиберилгенге чейин ток-

тотулат.

3. Салык төлөөчүнүн даттануусун толук же айрым канааттандыруу учу-

рунда салык кызматынын органынын чечимине даттанууга жазуу жүзүндөгү

жооптун негизинде тиешелүү өзгөртүү жана толуктоо киргизилет.

4. Салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандыруу же айрым канааттан-

дыруу учурунда даттанууну кароонун бүткүл мезгили үчүн салык санкцияла-

ры жана туум-айыптар негиздүү эсептелген деп табылган суммага гана

эсептелет.

5. Эгерде салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча чечим кабыл алынган-

дан кийин ыйгарым укуктуу салык органы чечим чыгаруу учурунда эске

алынбаган документтик маалыматтар алынса жана салык төлөөчүнүн салыктык

милдеттенмеси өзгөртүүгө дуушар болсо Ыйгарым укуктуу салык органы бул

чечимди өзгөртүүгө укуктуу.

152-статья. Салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын

аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануу тартиби

Кызмат адамынын аракеттерине жана/же аракетсиздигине Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылат.

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

153-статья. Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө колдонулуучу терминдер

жана аныктамалар

Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө төмөнкүдөй терминдер жана аныкта-

малар колдонулат:

1) "Кайрымдуулук ишмердиги" - жарандарга жана юридикалык жактарга

активдерди берүү акысыз негизде же жењилдетилген шарттарда же болбосо

аларды сатууга кеткен чыгымдардан ашпаган акыга кызматтарды көрсөтүү

жана жумуштарды аткаруу боюнча кайрымдуулук ишмердик жөнүндө Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында каралган кайрымдуулук максаттарын ишке

ашырууга багытталган жеке жана/же юридикалык жактардын ыктыярдуу

иш-аракети.

2) "Кайрымдуулук уюму" - коммерциялык эмес уюм:

а) коммерциялык эмес уюмдар жана кайрымдуулук ишмердиги жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кайрымдуулук

иш-аракетин жүзөгө ашыруучу;

б) акциздик товарларды өндүрүү жана/же сатуу жана оюн-зоок бизне-

син жүргүзүү боюнча иш-аракетти жүргүзүү менен алектенбеген;

в) саясий партияларды же шайлоо кампанияларын колдоого катышпаган;

3) "Кайтарылуучу камсыздандыруу сыйлыгы" - камсыздандыруучу тара-

бынан камсыздандырылуучу төлөгөн камсыздандыруу сыйлыгын келишимди

мөөнөтүнөн мурда бузган учурда камсыздандырылуучунун дарегине толук

көлөмүндө же айрым төлөө менен кайтарып берүү.

4) "Кирүү взностору" - бул уюмдун уюштуруу документтеринде карал-

ган өлчөмдө жана тартипте мүчөлүккө негизделген коммерциялык уюмга

кирүүдө адамдар тарабынан берилүүчү активдер, мында берүүлөр өздүк нар-

кынан төмөн баа боюнча же болбосо бул уюмга акысыз мүчөлүккө утурлап

кызмат көрсөтүү менен шартталбайт.

5) "Өмүрдү узак мөөнөттүү камсыздандырууда сатып алуу суммасы" -

камсыздандыруучу менен келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган күндө камсыз-

дандырылуучу төлөнүүгө тийиш болгон взностордун резервдик бөлүгү. Сатып

алуу суммасынын өлчөмү камсыздандыруучу тарабынан түзүлгөн атайын таб-

лицалар боюнча жана камсыздандыруунун бүтүүчү мезгилинин узактыгына жа-

на келишим түзүлгөн мөөнөткө жараша аныкталат.

6) "Грант" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз ал-

дынча башкаруу органдарына, мамлекеттик, саясий максатты көздөбөгөн

коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттер, эл аралык, чет өлкөлүк жана ата

мекендик уюмдар тарабынан акысыз берилүүчү активдер.

7) "Гуманитардык жардам" - калктын турмуш-тиричилик шарттарын жак-

шыртуу, ошондой эле аскердик, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү

өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн аларды андан ары ке-

ректөө жана/же акысыз бөлүштүрүү шарттарында азык-түлүк, техника, шай-

ман, жабдуу, медициналык каражаттар жана медикаменттер, башка мүлк

түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз алдынча башка-

руу органдарына, мамлекеттик, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле

муктаж адамдарга мамлекеттер, уюмдар тарабынан акысыз берилүүчү актив-

дер.

8) "Дивиденд" - салык төлөөчүнүн төмөнкүлөрдү кошо алганда пайда-

сынын бөлүгү:

а) ага таандык акциялардан киреше түрүндө ошол адам алган уюмду

жоюудагы нарктын өсүшү;

б) пайдага салыкты төлөгөндөн кийин жеке ишкердин карамагында кал-

ган пайда;

в) капиталдагы адамдын үлүшүнө ылайык ар кандай төлөмдөр;

г) айыл чарбалык товардык-сервистик кооперативдердин мүчөлөрүнө

кооперативдик төлөмдөр;

д) инвестициялык фонддогу пайга ылайык төлөмдөр.

9) "Документ менен тастыкталган сарптоолор" - Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, бүтүмдөрдүн өлчөмүн, бүтүмдөрдүн

мүнөзүн аныктоого жана анын катышуучуларын идентификациялоого мүмкүндүк

берүүчү документтик түрдө тастыкталган чыгымдар, тизме, форма жана рек-

визиттер.

10) "Лотереялык ишмердик" - топтук же массалык оюндарды уюштуруу

боюнча субъекттик ишмердик, анын ичинде лотереяны уюштуруучу лотереянын

катышуучуларын - лотереялык билеттердин менчик ээлеринин ортосунда Кыр-

гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу лотереянын бай-

ге фондунун утушун өткөрөт. Мында утуш лотереялык ишмердик субъектинин

эркине жана иш-аракеттерине жараша болбойт. Лотереялык ишмердикке,

ошондой эле тотализаторду уюштуруу иштери кирет.

11) "Коммерциялык эмес уюм" - төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүчү

уюм:

а) бул уюм коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында

каралган уюштуруу-укуктук формада катталган;

б) бул уюм өз ишмердигинин негизги максаты катары пайда табууну

көздөбөйт жана тапкан пайданы анын мүчөлөрүнүн, уюштуруучулардын жана

кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрөт.

12) "Маданият жана спорт уюмдары" - менчигинин түрүнө карабастан

коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, алардын ишмердигинин негиз-

ги түрү маданий дөөлөттөрдү сактоо, түзүү, өнүктүрүү, жайылтуу жана

өздөштүрүү, маданият жана спорт тармагында маданий жыргалчылыктарды,

ошондой эле кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.

13) "Акы төлөө" - дүњүнөн жана акчалай түрдө толук көлөмдө же жа-

рым-жартылай төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон берүүлөр үчүн ке-

ректөөчү же башка адам тарабынан берүүчүгө түз же кыйыр түрдө төлөнүүчү

төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн камтыйт.

14) "Пайдалуу кендер" - жер казынасында камтылган жаратылыштык ми-

нералдык түзүлүштөр, көмүртек жана жер алдындагы суулар алардын химия-

лык составы жана физикалык түзүлүшү материалдык өндүрүш жана керектөө

чөйрөсүндө колдонууга мүмкүндүк берет.

15) "Товардын бузулушу" - товардын бардык же айрым түзүлүштөрүнүн

начарлашы, анын натыйжасында бул товар берүүлөрдөн салык алуу максаттар

үчүн колдонулбай калышы мүмкүн;

16) "Проценттик киреше" - ар кандай түрдөгү карыздык талаптардан

киреше, анын ичинде облигациялар, векселдер жана башка карыздардын

түрлөрү боюнча, ошондой эле финансылык ижаралоо (лизинг) келишиминин

чектеринде алынган киреше.

17) "Пайдалуу кен байлыктарын иштетүү" - пайдалуу кен байлыктарын

ачуу, даярдоо жана алуу боюнча кен иштеринин комплекси.

18) "Роялти" - төмөнкүлөр үчүн сыйлык катарында алынган ар кандай

түрдөгү төлөмдөр:

а) компьютердик программаларды, кино-, теле-, видеофильмдерди же

радио жана теле үчүн жазууларды кошо алганда ар кандай адабият, искусс-

тво же илимдин чыгармаларына автордук укукту пайдалануу же пайдалануу

укугун берүү үчүн;

б) өнөр жайлык менчик объектине, соода маркасына, дизайнге же мо-

делге, өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбаларга тиешелүү план-

га, жашыруун формулага же процесске же маалыматка (ноу-хау) укукту

ырастоочу ар кандай патент.

Ушул Кодекстин XI бөлүмүнүн максаттарында "роялти" деп кен байлык-

тарын пайдалануу үчүн төлөм салык төлөөчү тарабынан төлөнүүчү роялти

түшүнүлөт.

19) "Айыл чарба өндүрүшчүлөрү" - айыл чарба продукциясын, ошондой

эле акциздик товарлардан тышкары өз өндүрүшүндөгү айыл чарба продукция-

сын кайра иштетүү продуктуларын өндүрүүчү уюмдар же жеке адамдар, мында

бул продукцияны сатуудан түшкөн каражат салыктык жылдын ичинде товар-

ларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун жалпы көлөмүн 75 про-

центинен кем болбошу керек.

20) "Айыл чарбалык товардык-сервистик кооператив" - кооператив,

анын мүчөлөрүнүн кеминде жетимиш беш проценти айыл чарба өндүрүшчүлөрү

жана бул кооператив өндүргөн товарларды, жумуштарды, кызмат

көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражаттын кеминде жетимиш беш проценти

кооперативдин мүчөлөрү үчүн болуп саналат.

21) "Камсыздандыруу сыйлыгы (взнос)" - келишимде шартталган кам-

сыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммасын төлөөгө (ордун тол-

турууга) алган милдеттенмелери үчүн камсыздандырылуучуга камсыздандыру-

учу тарабынан төлөнүүчү сумма, ал камсыздандыруучу тарабынан бир жолку

төлөө (камсыздандыруу сыйлыгы) же ай сайын, квартал сайын ж.б.у.с. кам-

сыздандыруу келишиминин колдонулуш мөөнөтүнүн ичинде бөлүп төлөө (кам-

сыздандыруу взностору) аркылуу төлөнөт.

22) "Камсыздандыруу учуру" - мыйзам же келишим күчүнө киргенде

камсыздандыруучу камсыздандыруу суммасын төлөөгө (ордун толтурууга)

милдеттүү болгон окуя.

23) "Камсыздандыруу суммасы (ордун толтуруу)" камсыздандырылуучу,

үчүнчү жактар же алардын мүлкү тарабынан камсыздандыруу учуру келгенде

камсыздандыруу уюму тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу суммасынын чек-

теринде зыяндын ордун айрым же толугу менен толтуруу.

24) "Камсыздандыруучу" - камсыздандыруунун ушул түрүн ишке ашыруу-

га Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиясы бар ата мекен-

дик уюм, ал камсыздандыруу сыйлыгы (взнос) үчүн камсыздандырылуучу ме-

нен түзүлгөн камсыздандыруу келишимине (камсыздандыруу полиси) ылайык

камсыздандыруу келишиминде аныкталган камсыздандыруу учуру келгенде

камсыздандырылуучу же үчүнчү жак тарткан зыяндын ордун толтуруу милде-

тин алат.

25) "Камсыздандырылуучу" - өзүнүн же үчүнчү жактын (пайда табуучу)

кызыкчылыгын камсыздоо максатында камсыздандыруучу менен келишим түзгөн

жана камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полиси) аныкталган кам-

сыздандыруу учуру келгенде зыяндын ордун толтуруу милдеттенмеси үчүн

камсыздандыруучуга камсыздандыруу сыйлыгын (взнос) төлөгөн, камсыздан-

дыруу объектисине кызыкчылыгы бар жеке адам же уюм.

26) "Субсидия" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республика-

сынын Жогорку Кењеши жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кењештери

тарабынан салык төлөөчүнүн экономикалык ишмердигине байланыштуу бел-

гилүү бир шарттарды мурда же келечекте аткаруунун ордуна аларга актив-

дерди берүү түрүндө көрсөтүлүүчү жардам.

27) "Товарды жоготуу" - товарды жок кылуу жана/же жоготуудан улам

болуучу окуя. Товар Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыла-

рында белгиленген табигый эскирүүнүн нормаларынын чектеринде салык са-

лынуучу субъект тарабынан болсо, товар жоготуу деп эсептелбейт.

28) "Финансылык ижара (лизинг)" - Кыргыз Республикасынын мыйзамда-

рында белгиленген тартипте түзүлгөн финансылык ижара (лизинг) келишими-

нин негизинде ишке ашырылуучу негизги каражаттарды өткөрүп берүү

бөлүгүндөгү ижаралык мамилелердин өзгөчө түрү.

29) "Мүчөлүк взностор" - коммерциялык уюмдун уюштуруу документте-

ринде каралган өлчөмдө жана тартипте алардын мүчөлөрүнө берилүүчү ак-

тивдер, мындай берүү товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү ошол

уюмдун мүчөсүнө акысыз же болбосо өздүк наркынан төмөнкү баада утурлама

берүү менен шартталбайт.

30) "Экономикалык (баланстык) запастар" - Кыргыз Республикасынын

балансына коюлган жер казынасындагы минералдык сырьенун запастары алар-

ды жер казынасынан алуу жана товардык продукцияга кайра иштетүү баалар-

дын жана өнөр жайлык технологиялардын ушул дењгээлинде инвестор жактан

кабыл алгылыктуу болуп саналат.

## 21-глава

Салыктык эсеп

154-статья. Салыктык эсептин эрежелери

1. Салыктык эсеп - бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасы-

нын мыйзамдарына жана ушул Кодекске ылайык каралган тартипте топтошту-

рулга баштапкы документтердин маалыматтарынын негизинде салык боюнча

салык базасын аныктоо үчүн маалыматтарды жалпылоо системасы.

2. Салыктык эсеп отчеттук (салыктык) мезгилдин ичинде салык

төлөөчү тарабынан ишке ашырылган чарбалык операцияларга салык салуу

максаты үчүн эсепке алуунун тартиби жөнүндө толук жана туура маалымат

түзүү, ошондой эле бюджетке салыкты туура эсептөөнү, толук жана өз учу-

рунда эсептөө жана төлөөнү контролдоо үчүн ички жана тышкы пайдалануу-

чуларды маалымат менен камсыздоо максатында ишке ашырылат.

3. Салыктык эсептин системасы салыктык эсептин нормаларын жана

эрежелерин ырааттуу колдонуу принцибине жараша салык төлөөчү тарабына

өз алдынча уюштурулат, башкача айтканда бир салыктык мезгилден экинчи-

сине ырааттуу колдонулат. Салыктык эсепти жүргүзүү тартиби жетекчинин

тийиштүү приказы (буйругу) менен бекитилүүчү салык максаттары үчүн

эсепке алуу саясатында салык төлөөчү тарабынан белгиленет. Салык жана

башка органдар салык төлөөчүлөр үчүн салыкты эсепке алуу документтери-

нин формаларын сунуш кылууга укуктуу.

4. Эсепке алуунун колдонулуучу методдору өзгөргөндө салык салуу

максаттары үчүн эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

чечим календарлык жылдын башталышынан, ал эми Кыргыз Республикасынын

салык мыйзамдары өзгөрсө - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына

өзгөртүү күчүнө кирген күндөн кийин колдонулат.

155-статья. Салыктык эсепке алуу методу

1. Салык төлөөчү эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепте колдонулуучу

методдор жана эрежелер боюнча салык салуу максатында активдердин наркын

милдеттенмелердин өлчөмүн, кирешелерди жана чыгашаларды аныктайт.

Эсепке алуунун башка методуна өтүү салык органына кабарлоо менен

1-январдан тартып салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлөт.

2. Салык төлөөчү колдонуучу эсепке алуу методдору, кирешелерди,

чыгашаларды жана салыктын суммасына таасир этүүчү башка элементтерди

оњдоолор өзгөргөндө жогоруда көрсөтүлгөн элементтердин бири да көз жаз-

дымда калбашы же эки жолу эсептелбеши үчүн жылына эсепке алуу методун

өзгөртүү киргизилүүгө тийиш.

3. Чет өлкөлүк валютадагы операцияларды Кыргыз Республикасынын

улуттук валютасына кайра эсептөө бухгалтердик эсептин эрежелерине ыла-

йык ишке ашырылат.

4. Бардык салыктарга карата бартердик операциялар мындай операция-

ларды эсеп фактуралар менен милдеттүү тариздөө аркылуу колдонулуучу баа

боюнча товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу деп таанылат.

156-статья. Эсепке алуу документтери жана салыктык эсепти каттоо

1. Кирешелерди аныктоо жана чыгарып салуулар үчүн баштапкы салык-

тык документ деп бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мый-

замдарына ылайык таризделген кирешенин чоњдугун, ошондой эле эсеп-фак-

тураны, кассалык жана товардык чекти, сатып алуу актысын жана регист-

рлерди кошо алганда чыгашанын чоњдугун жана мүнөзүн тастыктоочу доку-

мент түшүнүлөт.

Эгерде бухгалтердик эсептин регистрлеринде бухгалтердик эсеп

жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул главанын талап-

тарына ылайык салык базасын аныктоо үчүн маалыматтар жетишсиз болсо,

салык төлөөчү бухгалтердик эсептин колдонулуучу регистрлерин кошумча

реквизиттер менен өз алдынча толуктоого укуктуу. Муну менен салыктык

эсептин регистрлерин түзөт же болбосо салыктык эсептин өз алдынча ре-

гистрлерин жүргүзөт.

2. Салыктык эсепке алуу маалыматтары кирешелер менен чыгышалардын

суммаларын түзүү тартибин, учурдагы салыктык (отчеттук) мезгилге салык

салуу максаттары үчүн эске алынуучу чыгымдардын үлүшүн, кийинки салык-

тык мезгилдерге сарптоого тийиш болгон чыгымдардын (зыяндардын) калды-

гынын суммасын аныктоо тартибин, түзүлүүчү резервдердин суммасын түзүү

тартибин, ошондой эле бюджеттер менен эсептешүү тартибин чагылдырууга

тийиш.

Бул салыктык эсепке алууну тастыктоо төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1) баштапкы эсепке алуу документтери (бухгалтердин маалымкатын ко-

шо алганда);

2) салыктык эсепке алуунун аналитикалык регистрлери;

3) салыктык базаны эсептөө.

3. Салыктык эсепке алуунун аналитикалык регистрлери салыктык база-

ны эсептөөдө чагылдыруу үчүн эсепке алынган баштапкы документтерде, са-

лыктык эсепке алуунун аналитикалык маалыматтарында камтылуучу маалымат-

тарды системалаштыруу жана топтоо үчүн арналган.

Салыктык эсепке алуу регистрлери кагазда, электрондук түрдө жа-

на/же аркандай башка булактарда атайын формалар түрүндө жүргүзүлөт.

Салыктык эсепке алуу регистрлеринин формасы жана аларда салыктык

эсепке алуунун аналитикалык маалыматтарын, баштапкы эсептик документ-

тердин маалыматтарын чагылдыруу тартиби салык төлөөчү тарабынан өз ал-

дынча иштелип чыгат жана салык салуу максаты үчүн уюштуруунун эсептик

саясатына тиркемелер менен белгиленет.

Мында салыктык эсептин маалыматтарынын аналитикалык эсеби салык

төлөөчү тарабынан ал салыктык базаны түзүү тартибин ачып бергендей уюш-

турулууга тийиш.

4. Салыктык эсепке алуу үчүн документтер болуп саналган салыктык

базаны аныктоо үчүн салыктык эсептин аналитикалык регистрлеринин форма-

лары милдеттүү түрдө төмөнкүдөй реквизиттерди камтууга тийиш:

1) регистрдин аталышы;

2) түзүү мезгили (датасы);

3) натуралай (эгерде мүмкүн болсо) жана акчалай түрдөгү операция-

ларды өлчөгүчтөр;

4) чарбалык операциялардын аталышы;

5) көрсөтүлгөн регистрлерди түзүүгө жооптуу адамдын койгон колу

(койгон колду чечмелөө).

5. Салыктык эсеп регистрлериндеги чарбалык операцияларды чагылды-

руунун тууралыгын аларды түзгөн жана кол койгон адам камсыз кылат.

Салыктык эсептин регистрлериндеги каталарды оњдоо киргизүү датасын

жана анын негизин көрсөтүү менен оњдоо киргизген жооптуу адам тарабынан

негизделүүгө жана кол коюу аркылуу тастыкталууга тийиш.

157-статья. Чакан ишкердик субъекттерин салыктык эсепке алуунун

жөнөкөйлөтүлгөн методу

1. КНС төлөөчү катары катталбаган жана жалпы салыктык режимди тан-

даган чакан ишкердик субъекти салыкты эсептөөнү жана төлөөнү салыктык

эсептин жөнөкөйлөтүлгөн методунун негизинде жүргүзүүгө укуктуу.

2. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, салыктын эсептин

жөнөкөйлөтүлгөн методу жана аны колдонуунун тартиби Ыйгарым укуктуу са-

лык органы тарабынан аныкталат.

158-статья. Өзүнчө эсепке алуу жана аны жүргүзүү эрежеси

1. Ишмердиктин түрлөрүн жүргүзүүчү салык төлөөчүлөр үчүн ушул Ко-

дексте салык салуунун ар кандай шарттары каралган, алар салык салуу

объекттерин өзүнчө эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Өзүнчө эсепке алуу бухгалтердик эсептин маалыматтарынын неги-

зинде салык төлөөчүлөр тарабынан жүргүзүлөт.

Ишмердиктин белгилүү бир түрүнө кирүүчү бардык кирешелер жана чы-

гашалар тиешелүү эсептик документтер менен ырасталууга тийиш.

3. Тигил же бул ишмердиктин түрүнө тигил же бул чыгымдарды кир-

гизүү мүмкүн болбогондо, мындай чыгымдарды ишмердиктин конкреттүү

түрүнө киргизүү Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.

159-статья. Финансылык лизинг

1. Финансылык ижарага (лизингге) берилген жана алынган негизги ка-

ражаттардын наркы финансылык ижара (лизинг) келишимин түзүү учуруна

аныкталат.

2. Салык салуу максатында финансылык ижара (лизинг) ижарачы (ли-

зинг алуучу) тарабынан негизги каражаттарды сатып алуу болуп саналат.

3. Ижарачы (лизинг алуучу) негизги каражаттардын менчик ээси, ал

эми лизингдик төлөмдөр ижарачыга (лизинг алуучуга) берилген кредит бо-

юнча төлөм катары каралат.

## VII БӨЛҮМ

КИРЕШЕ САЛЫГЫ

## 22-глава

Жалпы жоболор

160-статья. Бул бөлүмдө колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер

Бул бөлүмдүн максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер

колдонулат:

1) "Утуштар" - оюндарга, лотереяларга, утуштарга, оюн-зоок жайла-

рына, конкурстарга, мелдештерге, олимпиадаларга, фестивалдарга жана

башка ушундай иш-чараларга катышуудан салык төлөөчү алуучу натуралай

жана акчалай түрдөгү төлөмдөрдүн, байгелердин жана башка кирешелердин

ар кандай түрлөрү.

2) "Киреше" - акча каражаттарынын ар кандай агымы, акча наркына ээ

болгон материалдык баалуулуктарды алуу жана/же материалдык пайда көрүү,

ошондой эле салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин азайтуу.

3) "Багуудагы адам" - кирешеси жок салык төлөөчүнүн кирешесинин

эсебинен жашаган анын жакын тууганы.

4) "Салык агенти" - жеке ишкер болуп эсептелбеген жеке адамга ки-

реше төлөөчү уюм же жеке ишкер.

161-статья. Кирешеге салык төлөөчү

1. Кирешеге салыгын төлөөчүлөр болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген киреше алган же-

ке адам;

2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген киреше алган

жеке адам - резидент;

3) Кыргыз Республикасындагы булактан кирише алган Кыргыз Республи-

касынын жараны болуп эсептелбеген жеке адам - резидент эмес;

4) Кыргыз Республикасындагы булактан жеке адамга киреше төлөөчү

салык агенти.

2. Жеке ишкер салык агенти болуп эсептелген учурдан тышкары, бул

жеке ишкер кирешеге салыгын төлөөчү болуп эсептелбейт.

162-статья. Салык салынуучу объект

Киреше салыгы салынуучу объекттер төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1) киреше бере турган жеке ишмердикти кошпогондо, экономикалык иш-

мердикти жүргүзүүчү;

а) Кыргыз Республикасындагы булактан жана/же Кыргыз Республикасы-

нын чегинен сырттагы булактан - Кыргыз Республикасынын жараны жана Кыр-

гыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жеке адамы - резиденти

үчүн;

б) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасынын жеке

адамы - резиденти эмес үчүн.

2) ар кандай башка киреше алуучу.

163-статья. Салыктык базасы

1. Киреше салыгы боюнча салыктык база болуп, эгер бул статьяда

башкача каралбаса салык төлөөчү тарабынан салык мезгили үчүн алынган

жылдык жыйынды кирешенин жана ушул бөлүмдө каралган чыгарып салуулардын

ортосундагы айырма катары эсептелген киреше.

2. Салыктык, базасы киреше салыгы боюнча салыктык мезгил үчүн ми-

нималдуу эсептик кирешенин суммасынан кем болбошу керек.

3. Минималдуу эсептик кирешенин бир айдагы өлчөмү ушул Кодекстин

170-статьясынын 1) жана 3) пунктчаларында каралган стандарттуу чыгарып

салууларды эске алуу менен өткөн жылдын 1-октябрындагы абалына карата

кызматкерлердин орто эмгек акылары боюнча Кыргыз Республикасынын ста-

тистикалык органдарынын маалыматтарынын негизинде Ыйгарым укуктуу салык

органы тарабынан жыл сайын белгиленет.

4. Минималдуу эсептик киреше Кыргыз Республикасынын жеке адамдары-

нын - жарандарынын төмөнкү категориялары үчүн колдонулбайт:

1) бюджеттик каражаттардын эсебинен эмгек акы алуучуларга;

2) кенже тейлөөчү персоналга кирген жалданма кызматкерлерге;

3) айкалыштыруу боюнча жумушту аткаруучуларга.

5. Салык салуу максатында кенже тейлөөчү персонал болуп вахтерлор,

уборщицалар, дворниктер таанылат.

164-статья. Салыктык мезгил

Киреше салыгы боюнча салыктык мезгил календардык жыл болуп эсепте-

лет.

## 23-глава

Жылдык жыйынды киреше жана башка кирешелер

165-статья. Жылдык жыйынды кирешенин курамы

1. Бул статьянын максатында салык төлөөчү алган бүткүл сумма кире-

ше катары болуп эсептелет.

Салык мезгилинин жылдык жалпы кирешесине ушул салыктык мезгилде

салык төлөөчү акчалай, ошондой эле натуралай формада, жумуштардын, кыз-

маттардын формасында алган бардык түрлөрү кирет, анын ичинде:

1) кызматкердин кирешелери, анын ичинен:

а) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган эмгек акы,

анын ичинде сый акы, кепилдик, компенсациялык жана башка төлөмдөр;

б) кызматкер тарабынан эмгек компенсациясы катары алган:

- товарлар;

- кызматкердин кызыкчылыгында аткарылган иштер;

- кызматкерге көрсөтүлгөн кызматтар;

в) кызматкер тарабынан үчүнчү жактардан алынган товарлардын, иш-

тердин, кызматтардын наркын жалдоочунун төлөөсү;

г) уюмду башкарууга катышуу үчүн алган сыйлык жана компенсация

түрүндөгү кирешелер;

д) өзүнүн кызматкерлеринин камсыздандыруу келишимдери боюнча жал-

доочу тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу сыйлыктардын суммасы;

2) материалдык пайда түрүндө алынган кирешелер;

3) акысыз алынган активдердин наркы;

4) Кыргыз Республикасындагы төлөө булагынын алдында мурда салынган

салыктардан тышкары, проценттик киреше, анын ичинде камсыздандыруу ке-

лишимдери боюнча;

5) дивиденддер;

6) жеке менчик укугунда таандык автомототранспорт каражатын сатып

алган күндөн тартып бир жылга жетпеген мезгилдин ичинде кайра сатууда

нарктын өсүшү;

7) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бир-

диктүү системасынын органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна

таандык жана ушул кыймылсыз мүлк сатып алынган күнүнөн тартып биринен

кийин бири кеткен эки жылга жетпеген мезгилде жеке менчик укугунда тур-

ган кыймылсыз мүлкү сатууда нарктын өсүшү;

8) баалуу кагаздарды сатуудан же сатып алуу наркын кемитүү менен

уюмдагы катышуунун үлүшүн сатуудан түшкөн киреше;

9) субсидия;

10) моралдык зыянды компенсациялоо түрүндө алынган кирешелер;

11) пенсиялар;

12) стипендиялар;

13) пособиелер;

---

> Текст кыскартылды: бул жерде документтин 505616 белгисинин алгачкы 249979 белгиси гана. Толук тексти - https://aqlex.ai/kg/doc/59151 барагында
