# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 -жылдын 2-июунундагы №269 "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун жана "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана төртүнчү этабын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июлундагы № 2003-III токтомунун долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 -жылдын 2-июунундагы №269 "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун жана "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана төртүнчү этабын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июлундагы № 2003-III токтомунун долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12804/edition/1142290/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 -жылдын 2-июунундагы №269 "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун жана "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана төртүнчү этабын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июлундагы № 2003-III токтомунун долбоору жөнүндө"токтому (02.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59150

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-июну № 269

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана

менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомунун жана

"Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана

менчиктештирүү программасынын үчүнчү этабынын 2 жана

3-пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана төртүнчү этабын

бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

2007-жылдын 29-июлундагы № 2003-III токтомунун

долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана

менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомунун жана "Кыргызэнерго" акцио-

нердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын

үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана

төртүнчү этабын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 2003-III токтомунун долбоору жак-

тырылсын.

2. Көрсөтүлгөн токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитетинин төрагасы көрсөтүлгөн токтом долбоорун Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ

"Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу

жана менчиктештирүү программасына жана "Кыргызэнерго"

акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү

программасынын үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына

өзгөртүүлөрдү киргизүү жана төртүнчү этабын бекитүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

2007-жылдын 29-июнундагы № 2003-III токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун кам-

сыздоо үчүн зарыл шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын энергетика

тармагында реформаларды андан ары терењдетүү шарттарын түзүү аркылуу

электр энергетикасын реструктуралаштырууга жана өнүктүрүүгө ата мекен-

дик жана чет өлкөлүк инвестицияларды оперативдүү тартуу максатында Кыр-

гыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат:

1. "Кыргызэнергохолдинг" кыргыз мамлекеттик-акционердик холдинг

компаниясын мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасы

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 23-апрелиндеги №

239 токтому менен жактырылган "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамле-

кеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүү

киргизилсин:

## V бөлүмдүн "4-этап" бөлүмчөсүндө:

- 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Мында концессиялык макулдашуулар, акцияларды ишенимдүү башкаруу

же сатып алуу-сатуу келишимдери төмөнкүдөй негизги шарттарды камтууга

тийиш, инвестор:";

- 4-бөлүк алып салынсын.

2. "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана

менчиктештирүү программасынын үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына

өзгөртүүлөрдү киргизүү жана төртүнчү этабын бекитүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 2003-III

токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-пункт күчун жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Төрагасы
