# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 267 " Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 267 " Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12803/edition/705680/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 267 " Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө" токтому (29.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59148

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 2-июну № 267

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Продукциянын шайкешти- гин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтү токтом кылат:

1. Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкеш-

тиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декла- рациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу Жобо бекитилсин.

2. "Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 ток- тому менен бекитилген Продукцияларды милдеттүү түрдө сертификациялоо жүргүзүү эрежелери жана тартиби жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4.6.6-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкешти- ги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган деклара- циялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү эрежелери жана тарти- би Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат".

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары өздөрүнүн нормативдик укук- тук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин

күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
