# "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008жылдын 2-июнундага № 265 Токтому

- Толук аталышы: "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008жылдын 2-июнундага № 265 Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 265
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12801/edition/328319/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008жылдын 2-июнундага № 265 Токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59146

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-июну № 265

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына ылайык мыйзам актыларындагы доо талаптары маселеле-

ринде ар түрдүү түшүнүүлөрдү болтурбоо максатында Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу

боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун

караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-

йындалсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-статья.

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,

1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

21-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац

менен толукталсын:

"Фонддун регрессивдүү талаптары боюнча суммалар;".

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
