# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы №258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы №258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 258
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12795/edition/595230/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы №258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (18.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59139

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт үйү 2008-жылдын 2-июну № 258

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен, ошондой эле Кыр- гыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген чет өлкөлүк грант- тардын жана кредиттердин каражаттарынын эсебинен берилген заемдук кара- жаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү жолу менен кредиттик тобокел- дерди башкаруу системасын өркүндөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджет-

тик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджет-

тик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредиттерди жайгаштыруу механизмин өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-ав- густундагы № 518 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредит- терди жайгаштыруу тартиби жөнүндө жобонун 7.1-7.5-пункттары күчүн жо- готту деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Фи-

нансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
