# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №257 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №257 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12794/edition/1184914/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №257 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому (29.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59138

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 30-майы № 257

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)

Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жаатындагы иштердин туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылууда жогорку квалификациялуу адистерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү, матери- алдык жактан дем берүү, кызыгууларын арттыруу максатында Кыргыз Респуб- ликасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238

"Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна төмөн- күдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун бешинчи абзацы алып салынсын;

- 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт:

- календардык жылдын аягында эмгек акы фондунун орточо айлык

өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;

- отпускага чыгууда ден соолугун чыњдоого эмгек акы фондунун эки

айлык өлчөмүндөгү пособие.";

- жогоруда аталган токтомго № 1 тиркеме ушул токтомго тиркемеге

ылайык редакцияга берилсин.

2. Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык

маяналарынын жогорулашына байланышкан чыгымдарды каржылоо 2008-жылга 2008-жылдын 1-январынан тартып бекитилген бюджеттин чегинде жүргүзүлсүн. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 257 токтомуна тиркеме

Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ

| № | Кызматтын аталышы | Кызматтык маяналары, |
| --- | --- | --- |
|  |  | сом |
| 1 | Директор | 16000 |
| 2 | Директордун орун басары | 12000 |
| 3 | Бөлүм башчы | 8000 |
| 4 | Башкы адис (башкы бухгалтер) | 6400 |
| 5 | Башкы адис | 5600 |
| 6 | Жетектөөчү адис | 4800 |
| 7 | 1-категориядагы адис | 4000 |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
